Аракечтерди мыйзамсыз дарылаган деп медборбордун ээси кармалды

№1214

Бишкекте “Дем-Нур” медициналык борборунун 70 жаштагы ээси психотроптук заттарды мыйзамсыз сактаган жана саткан деген шек менен кармалганын 26-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал баңгизаттарга жана алкоголдук ичимдиктерге көз каранды бейтаптарга тиешелүү уруксат берүүчү лицензиясы жок эле дарылоо жүргүзүп, психотроптук заттарды мыйзамсыз сактап, колдонуп жана сатып келген. Клиникага жүргүзүлгөн тинтүүдө 18 ампуладагы психотроптук заттар, 600 ампуладагы жана 16 таңгактагы ар кандай дары-дармектер табылган.

Мындан тышкары шектүүнүн үйүнөн да психотроптук зат табылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг   

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо