Кайыргүл: «МЕНИ МЕНЕН СҮЙЛӨШ, МАГА ЧАЛ...»

№437 18-24-март, 2011-жыл

“Супер-Инфонун” тандоосу боюнча “2010-жылдын сахна ажары” наамын жеңип алган ырчы Кайыргүл биздин “Бойдоктор бурчунда”.

АНКЕТАСЫ
Туулган жери – Талас облусу, Арал айылы
Аты-жөнү – Кайыргүл Өскөнбаева
Туулган жылы – 1987-жылы 14-январь
Хоббиси – Китеп окуу
Фобиясы – Жалгыздык
Ким болгусу келчү – Ырчы
Ким болду – Ырчы
Материалдык байлыгы – Машинасы, «Дордойдо» контейнери бар

– Кайыргүл, жазды көпчүлүк сүйүүнүн башаты деп күтүшөт. Сен да күтөсүңбү же күткөн адамың жаныңдабы?
– Күткөн адамым жок. Мен адамды бат жактырып, кайра бат эле жаман көрүп калам. Бирок сүйүү жөнүндөгү ырларымда менин сүйүүм камтылган. Жоопсуз сүйүүгө кабылып, бул сезимди ырларымда чагылдырып келем. Сүйүүнү каалайм, бирок эркиндигимди жоготуп аламбы деп чочулайм. Ал адамдын да ою менен эсептешип, ага көңүл, убакыт бөлүш керек да. Ал эми тоок сүйүүлөр болгон, мектеп жашында.
– Курбу кыздар жолуккан жерде сырларын ортого салышат эмеспи, сырыңды жашырчу курбуларың барбы?
– Ичиме сыр ката албаган адаммын, эмнени жашырбайын, ал сырымды көздөрүм эле айтып коёт. Эң жакын курбум деп мектепте чогуу окуган Саиданы айтам.
– “Периштем” аттуу ырын орусча акцент менен ырдап койгон...”, “Кайыргүл келбетин карап, арыктап, бийлегенди үйрөнүшү керек” сыяктуу сындарга кошуласыңбы же чычалайсыңбы?
– Сын чындыкка жакын болсо, туура эле кабыл алам, чычалабайм. Анан кээ бирлер жөн эле айта беришет, аларга көңүл бөлбөгөнгө аракет кылам. Жогорудагы сындар туура, негизи, канчалык бийди мыкты үйрөнбө клип тартуу учурунда өзүңдү бош таштап, бир гана ыр жана сен калышың керек. Бирок мен өзүмдү эркин сезе албай, сүрдөп, өзүмдү карманып жатып клиптеги кемчиликтер ошондон улам болууда. Акцент боюнча айтсам, көптөрдөн угам “орусча акцентиң бар” деп, демек, чын эле бар окшойт. Буюрса, бул кемчилигимдин үстүнөн иштейм, жоём.
– Телеканалдан “шаардык телефондон чалып, мени менен сүйлөш, мыкты баарлашкан адам мени менен клипке тартылат” деп жатасың. Мындай “чал” деген жарнамаларды башка нукта түшүнүп жүрүп, алгач чочуп кеттим, бу кандай деп?
– Өлкөбүздөгү бир интернет сайттын ээси мен эле эмес, бир канча ырчыга “биз менен иштешкиле” деп кайрылышыптыр. Ошондуктан алардын келишимин окуп, чынын айтсам, өзүмө эле пиар болот экен деп сиз айткандай, “мени менен сүйлөш, мага чал, клипке тартам” деген жарнамага макул болдум. Мен да эл алдына чыгып таанылышым керек да.
– Кыздардын көбү жигиттин акыл-эсине карап тандайбыз дешкени менен, байлык биринчи орунга чыгып кетет. Сенин тандооң?..
– Мен биринчи орунга адам­гер­чиликти коёт элем. Эгер адамгерчилик болсо, ал адамда акыл да, байлык да бар болот.
– Сени арбаш үчүн кыргыздын эле жигиттери ат салышышы керекпи же Вася, Жек, Ли боло береби?
– Кыргыз деген баары бир жакын да. Биздин өз түшүнүгүбүз, ойлорубуз бар дегендей. Башка улуттун жигиттери менен дос катары жүрсөк да, сүйүү жаатында баары бир тил табыша албайм.
– Кайыргүлгө жагыш үчүн жигит кандай сапаттарга ээ болушу керек?
– Ата-энесине карамдуу, дос-тууганына күйүмдүү, боорукер, көптү үмүттөндүргөн, көп изденген жигит болсо, эх, чиркин!
– Кайсы тамакты катыра жасайсың, уй саап, айран уютуп, нан жапкан сыяктуу жумуштарга кандайсың?
– Камыр тамактарды жакшы жасайм, анткени апам камыр тамактарды жакшы көрөт. Күлчөтай, манты, бешбармак, лагман баарын эле даамдуу жасаганга аракет кылам. Уй саап, нан жапканга эртерээк го, эрте картаясың, оорукчан да болуп каласың. Анын ордуна ошол жумуштарды жакшы жасаган адамга акча берип жасатып алсаң деле болсо керек.
– Эгер айылга турмушка чыгып калсаңчы?
– Анда мен жолдошумду көндүрөт элем да “жаным, жүрү, шаарга барып иштейли, кичинекей болсо да бизнес ачып, акча топтойлу” деп. Эгер кичүү бала болуп ата-энесин караш керек болсо, мен да адаммын, мен да ата-энемди сүйөм, кадырлайм. Демек, жолдошумдун ата-энесин сыйлап алганга кудуретим жетет.
– “Ий-ий, ушул сапат менде жок эле болсо болмок” деген сапаттарың барбы?
– Ой, мен абдан жалкоомун, уйкучумун. Бир нерсе жасаарда “Кайыргүл, муну жасашың керек, сага эле пайда алып келет” деп өзүмдү кыйнап жасайм. Ийгиликке жетиш үчүн эмгек керек.
– Балдардан көбүнчө кайсы комплиментти көп угасың?
– Көбүнчө бетимдеги уячам тууралуу комплименттерди угам. Мына бүгүн эле бир бала эки күнгө уячамды «прокатка» сурады.

24 жаштагы Кайыргүл менен таанышкыңыз келсе,
ырчы айым биздин WWW.SUPER.KG сайтыбыздагы
«Атактуулар Супер-Форумда» бөлүмүнө катталган,
мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз.

Асыл Орозбекова
star@super.kg


Маек-Кайыргүл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
21.03.2011. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Кайыргул жагат,бирок нукура кыргыздын тарыхын чагылдырып,жузун тааныткан салттарын негедир чангансыйт.Анан дагы ар бир кыргыздын кызы билууго милдеттуу болгон жумуштарга кимдидир жалдап иш теткиси келгени мени иреенжитип койгонсуду.
21.03.2011. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнүңдү баалайм, чынында үнү жогору кыз,бирок ички дуйнонсу бир аз тар экен. канчалаган адамдар т.а апалар,эжелер,чоң энелер оорушпай жакшына эле жашап жүрүшпөйбү уй саап башканы кылып деле,
А байлыгын айтып мактанды дегендерге айтаар элем,менеин оюмча супердин журналистери мактанып айтканга туура келе тургандай кылып суроо беришет экен.....
21.03.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozun dersko sezet go kartayam dep tim ele
21.03.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыздын башка улуттагы жигитерди суйбогону мага оло жакты....
21.03.2011. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо! “жаным, жүрү, шаарга барып иштейли, кичинекей болсо да бизнес ачып, акча топтойлу” дегенине караганда, куйоондун озун да, ата-энесин да сыйлап жарытпайсын го. Байлыкты биринчи орунга коюп алыпсын, артынан кууп отот окшойсун бул дуйнодон, чиркин!

Алхамду лиллах - десен болот ушул тулку-бойду бергенине. Канчалаган пенделер, дуйнону 1 мунот оз козум менен корсом, элге окшоп бутум м-н бассам, элге окшоп телефондо суйлошсом деп арман кылат.
Алтын башын аман болс
21.03.2011. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайыргул сага кенешим: кыз баланын колунан баардык иш келиш керек, уй саап нан жапсан картайбайсын, озун айткандай копту билген болосун, эртеге эле турмушка чыксан кайын энен нан жап десе мен картайам десен жакшы соз укпайсын, ата-энен кыйынсыбай ушуну уйротсо болмок деген соз угасын, эркек киши убада бере берет сага оор жумуш кылдырбайм дегенине тийип алып кийин бушайман болуп калба, алгыча алтыным, алгандан кийин катыным деп коет, анын сени иштетишке укугу бар,туурабы ким кошулат мага?Ийгилик!
22.03.2011. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул видеону алып таштаныздарчы сураныч...Болбосо аябай жаман создор чыгып кетпесин-деп озумду кармап олтурам...
27.02.2012. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRDJAMELL, Козунду эки колун менен жаап ал.
22.03.2011. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы тамакты катыра жасайсың, уй саап, айран уютуп, нан жапкан сыяктуу жумуштарга кандайсың?
Уй саап, нан жапканга эртерээк го, эрте картаясың, оорукчан да болуп каласың. Анын ордуна ошол жумуштарды жакшы жасаган адамга акча берип жасатып алсаң деле болсо керек.
22.03.2011. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Кайыргул!...эмне аял уй сааганга жаралдыбы беле, жон эле дооруй бересинер...саабаса саабаганын жакпаса жакпаганын айтат да...........
22.03.2011. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ушул кыз такыр жакпайт.Жасалмалуулук манерасы коп. Деги кайсы ыры менен ЫРЧЫ катары таанып атасынар. Газетадан мактанып атканын коп кором, ырын болсо уга элекмин. Нормальный ыры барбы?
23.03.2011. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОпераЛедиге кошулам. Бул ырчыбыз айылдыктардын баарын картайтып коюптур.
23.03.2011. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу кыйшык болсо да,байдын уулу суйлосун-деген жакшы кеп бар Кыргызымда,ошол сыяктуу бул кызыбыз да 2 эски ырдап чыгып "ЫРЧЫ"-аталып атпайбы...
23.03.2011. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Кайыргулдун коздору жагат
23.03.2011. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таластык тура...
SUPER.KG видео
24.03.2011. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaiyr jurgon kyzdardan eken talantyn tawkyndai bersin...
SUPER.KG видео
25.03.2011. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уячасы сонун экен!
SUPER.KG видео
25.03.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар бол Кайыргүл!
25.03.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushu kyrgyzdar biri biribizdi koro albaibyz da(((
SUPER.KG видео
27.03.2011. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwynakai kyz eken!!!!
SUPER.KG видео
29.03.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайыргулдун ырларын баалайм. Бирок чыныгы жашоодо кыз деген оз кызматы менен болгону жакшы нянька албастан.
SUPER.KG видео
08.04.2011. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииииий бетим озу деле ыры деле абдан жакшы анан сулогону кантет 15 жаштагы кыздардай болуп еркелейт го кыргыз сайтка кыргызча еле сулобойбу!
SUPER.KG видео
28.04.2011. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lmakenovna
ииииий бетим озу деле ыры деле абдан жакшы анан сулогону кантет 15 жаштагы кыздардай болуп еркелейт го кыргыз сайтка кыргызча еле сулобойбу

сулогону деп, туура эле жазбайсынбы.
SUPER.KG видео
28.04.2011. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бара бара толуп кетчу адамдардан экен. Бирди торогондондон кийин 75кг болуп калатко.
11.06.2011. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaiyrgul ejebizge bir az onugush kerek eken,ayrik4a kirgiz tilin ozunun ene tilin jakshi bilbegeni oto uyat! birok 4igarma4ilik iygilikterdi kaalaim! alga!
SUPER.KG видео
23.06.2011. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммммммммм жакшынакай кыз экен бирок, легче нянять людей деген созу кичине адамды ирээнжитип койду!
SUPER.KG видео
14.07.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshynakay kyz eken <
SUPER.KG видео
20.09.2011. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты эн сонун
SUPER.KG видео
13.11.2011. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арыкта бетинди табактай кылбай
SUPER.KG видео
15.02.2012. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай кыз экен
10.06.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы деле суйом бул кызды
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо