Чыңгыз Мырзаев: «ЖЕҢЕЛЕРИМЕ ТИЙИШКЕНДИ САГЫНДЫМ»

№437 18-24-март, 2011-жыл

Биз “Калп тапкыч” рубрикасын улантып, ди-джей, ырчы Чыңгыз Мырзаевди чакырдык. Эмесе, калп тапкыч менен Чыңгыздын эрөөлү кандай өткөнүн өзүңүз байкаңыз.

– Мектепте таяк жеп, ата-энеңе арыздандың беле?

Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.

Чыңгыздын комментарийи:
– Эрке болгондуктанбы, кичинемде балдардан таяк жеп калчумун. 3-класска чейин ошондой болду. Ата-энеме арызданып келчү элем. Атам “сени бирөө урса, сен да ур” деп урушкандан кийин арызданбай калганмын.

– 7 жашыңда упчуну таштаганың чынбы?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.

– “2” алып, күндөлүктүн барагын айрыгансыңбы?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Ооба.

Чыңгыздын комментарийи:
– “2” алганда ата-энемден жашырып, аларга көрсөтпөй жүргөн күндөрүм болгон. Бирок “2” коюлган барагын жыртып салуу акылыма келбептир. Бир жолу өзүм эле “5” коюп алганым эсимде.

– Сүйдүрүп туруп, таштап кеткен кыздар болгонбу?

Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.

Чыңгыздын комментарийи:
“Болгон эмес” деп айтып коёюн десем, компьютер баары бир билип коёт турбайбы. Ошондуктан чынын айттым. Андай нерсе болгон.

– Сүйүүдө туруктуусуңбу?

Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.

– Данияр Көбөнов менен жекеме-жеке күрөшөт белең?

Чыңгыз: – Жок!
Детектор: – Жок.

Чыңгыздын комментарийи:
– Эми Данияр менен кантип чыкмак элем. Мындай булчуңдарым менен чыкпай эле койгонум эң туура чечим деп эсептейм. Палоо басып, баарлашып отуралы десе, макулмун.

– “Ош базарында” айна-самын саткан кыз менен сүйлөшүп жүргөнүң чынбы?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.

– Ичимдик ичкенде ызы-чуу салбай­сыңбы?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.

Чыңгыздын комментарийи:
– Андай тескери адатым жок. Өзүм деле ичимдикти чанда ичем. Анда да ууртап эле коём.

– “Ырчылар тозокко түшөт” дегенге ишенесиңби?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.

– Бирөөнүн оор кылмышын жашырган учур болгонбу?

Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.

Чыңгыздын комментарийи:
– Достордун кылмыштарын жашырып койгон мезгилдер болгон. Анын баарын айта берсем, көп нерсе ачыкка чыгып кетет го. Мурда андай кездер болбой койгон эмес.

– Сүйгөн кызың барбы?

Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Жок.

Чыңгыздын комментарийи:
– Ар дайым эле “талапкерлер бар” деп айтып келчүмүн. Бул жерде “ооба” же “жок” деп айтышым керек экен, “ооба” деп жооп бердим. “Жаман сөзгө да, жакшы сөзгө да периште “оомийин” дейт” деп айтышат го. Ошондуктан жакшылык болсун деп, силердин батаңар тийип кетсин деп да ойлодум.

– Тамадалык боюнча тойго чакыргандар менен соода­лашасыңбы?

Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.

Чыңгыздын комментарийи:
– Менин жумушум болгондон кийин, албетте, соодалашам. Өзүм татыктуу эмгек акыны алышым керек да.

– Алмазбек Атамбаевди президенттикке татыктуу деп ойлойсуңбу?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.

Чыңгыздын комментарийи:
– Сын тагып коюп отура бериш оңой. Ошентсе да аны татыктуу деп эсептебейм. Өлкөнү чындап алдыга өнүктүрө ала турган, кыргыз эли үчүн жанын сайган адам келсе деп ойлойм. Алмазбек Атамбаевге адам катары эч кандай жаман оюм жок. Андан дагы күчтүү адам келсе деп тилейм.

– Сахнага ичимдик ичип чыккан­сыңбы?

Чыңгыз: – Жок
Детектор: – Жок.

– Сүйгөн адамың талап кылса, мурут коёт белең?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.

Чыңгыздын комментарийи:
– Бирөөнүн талабы менен өзүмө жакпаган нерсени жасай албайм го. Жашымдан эле бардык чечимдерди өзүм кабыл алууну үйрөнгөм.

– Азыр да жеңелериңе тийишип каласыңбы?

Чыңгыз: – Жок.
Детектор: – Жок.

Чыңгыздын комментарийи:
– Ал күндөр артта калбадыбы... Азыр алар алыста болгондуктан, тийише албайм да. Жеңелериме тийишкен күндөрдү сагынып, азыр да тийишким келип жүрөт, албетте.

– Жети атаңды билесиңби?

Чыңгыз: – Ооба.
Детектор: – Ооба.

Чыңгыздын комментарийи:
– Кыргыздын баласы болгондон кийин жети атамды билишим керек да. Мен 10 муунга чейинки ата-бабамды билем.

Залкарбек Карабалаев
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
18.03.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy suiloshot eken adam menen akylduu jigit korunot.Suroolorgo jakshy joop beriptir ishine uigilik kaalaim Chyngyz.
19.03.2011. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ech, menin da jigitim ushunday bolso...
19.03.2011. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik sizge!!! en jonokoy jigit da kyrgyz shou duynosundo!!!
19.03.2011. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага Чынгыз. Ушул калыбынан жазба.
19.03.2011. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga da jakty bul jigit ex kyrgyzymdyn jigitterine ech kim jetbeit ozu .Korunushu da jonokoi bashkalardai emes.Chyngyz ishine uigilik kaalaim.
19.03.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озумун тойума Чынгызды тамадалыкка чакырсам дей берем.Создору да ото орундуу.Кыргыздын макал лакаптары менен. Азаматсын. Той жакындаса издеп табамго...
20.03.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйууго туруктуу экени жакшы экен. Ийгилик!!!
20.03.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле тойду эн жакшы денгээлде алып барат экен!!! Кордум эле да тойдон!!!
20.03.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик Чынгыз! Дайыма ушул калыбынан жазбагын,элине, жерине пайдасы тийген жигиттерден бол журо бер. Бар бол игит!
20.03.2011. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз сен суперсин! Айнура. Оштун юго-востогунан!
22.03.2011. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Чыке Чыке азаматсың.
Тилиңен чаң чыгатго тимеле.
22.03.2011. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ti supeeer obajayu t9=)))
23.03.2011. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз тойду жакшы алып барат,менин байкемдин тоюнда тамада болгон,кечке куло берип ичим ооруп калган,аябай кулдурот
25.03.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайдагы бир кореец балдарды суйо бербей ушундай жакшынакай эле кыргыздын балдарын суйгуло кыздар!!!
18.06.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун жигит да..))) Бактылуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо