Аалы Туткучев: «КАЗАКТАР БИЗДИ КУЛ ДЕШТИ, ТУУГАНДЫК ЖОЛУ БАР ТУРУП...»

№437 18-24-март, 2011-жыл

Акыркы мезгилде кыргыздарды батышты коё тур, береги эле кошуна өлкөлөр шылдыңдап, шыбап, ал гана эмес, ырчы, акын болумушуна чейин ырдап бүтө албай коюшту. Улутка тийишкен ырларды угуп “теңелбейбиз” деген менен, каныбыз кайнаары анык. Эми казак акындарынын айтышында биздин элди эрмек кылып жатканын айтып, айтылуу акын Аалы Туткучев кейип отурду.

– Аалы акын, “Казак акындарына Аалыдан жооп” деген терменин чыгышына эмне себеп болду?
– Казакстанда айтыш качан өткөнүн билбейм, бирок жакында эле алардын Хабар телеканалынан айтышты көрүп калдым. 30 акын чыкса, баары тең кыргыздарды эрмектеп айтышышты. Бир эркек акыны кыз менен минтип айтышып жатат. “Ой, кыргыздан Отунбаева тың чыгып, эркек президенттерди кубалап жүрөт. Сиз да ошондой болуп тың чыгып, эркек акындардын баарын кубалап, кырып салбаңыз” десе, тиги казак кыз ырдап жатат. “Казактын кыз-келиндерин кайдагы бир Отунбаевага теңебе, кыргыздар биздин душманыбыз. Алар Кененсары, Ноорузбайдын башын алып, тарыхта биздин мекенибизди канга боёду эле, эми өздөрүнүн мекени канга боёлуп жатат. Биринчи президентин кубалады, экинчиси өздөрүн атты, чала болот” деп. Муну бир гана айтышкан ал экөө эмес, ар бир акыны айтып өттү. Угуп алып кейидим, муну мен эле эмес, кыргыздын кээ бир интеллигенция өкүлдөрү да угуптур, көрүптүр, кейиптир. Бул ырым 11 мүнөткө созулат. Муну менен мен казак элин эмес, казак акындарына жооп демиш болуп, кыргыздын улуттук сезимин, духун көтөргүм келди. Башыңды көтөр, биз азиялык арстанбыз, тийишкендерди ийинине киргизип келгенбиз, Манастын тукумубуз, ат жалында төрөлүп, ат жалында ойногон элбиз. Ойгонгула, казак ээн талаада жашаса, биз бийик тоонун башында турабыз, бийиктебиз, бийик бололу дегенди айткым келди.
– Казак-кыргыз акындары мурдатан бири-бирин колдоп, тамашалап айтышчу эмес беле?
– 2006-жылы Урал калаасына айтышка барганда Уралдын губернатору: “Айланайын акындар, абайлап ырдасаңыздар экен, сиздер сын айта берип мен 7-орун басарымды алмаштырдым”,- деген эле. Көрсө, Назарбаевдин сөзү бар экен. “Кайсы акимдин кандай иштеп жатканын акындардын оозу аркылуу угам” деген. Президент ошенткенден кийин башкалары акындарын сыйлабаска айла жок да. Казактын акындары көөдөнүн керип алган. Биз аларга барсак “тамак ичип көрбөгөн туздун баркын билеби, кыз көрбөгөн кыргыздар кыздын баркын билеби, жерин саткан кыргыздар жердин баркын билеби, элин аткан кыргыздар элдин баркын билеби?..” дешкенде, өздөрүнө жараша жооп бергенбиз. Анан да бизди басынтып ырдашат. “Казакстанда ар бир казактын үйүндө 10дон кыргыз малай болуп жүрөт, ал-акыбалын сурай кеткиле” деп. Бул жакка келсе башка. Тим эле кыргыздарды мактап жатып калышат, анан кыргызбыз да, алакан чаап жыргай беребиз.
– Демек, биз акындарды сыйлай албайбыз...
– Тарыхтан бери эле казактын хандары баш болуп акындарына баа берип, сыйлап келишет. Мисалы, Абылай хандын жанында Бухар Жырау деген акыны болгон. Боз үйгө кирерде хан акынды төргө өткөрүп жиберет. “Сиз хан болсоңуз, бул акын болсо, эмнеге төргө өткөрүп жибердиңиз?” десе, хандын жообу: “Ооба, мен ханмын, мени эл шайлаган. А акынды Кудай шайлаган, ошон үчүн бул жогору турат” деген экен. А биздики, тескерисинче, бийликти же башканы сындап ырдап койдуңбу, дароо телеканалдарда ал жерин кыркып салышат же таптакыр көргөзбөй коёт. А казактардын мамлекеттик деген телеканалы болсо, минтип кыргыздарды шыбаган айтышты чыгарып жиберишет. Тарыхта акындар туура эмес ырдап, эки элди чабыштырып жиберген учурлар болгон. Ошон үчүн акындар кастыкты эмес, достукту ырдашсын дээр элем.

Анда Аалы акындын термесинен үзүндү келтирели:

Казактын телеканалдан,
Кадимки эле Хабардан.
Айтышка байге сайышып,
Акындар чыкты чабарман.
“Кыргыздар бизге душман- деп,
Кененсарыны чаап алган.
Чала болду кыргызга,
Элди атар ажо таап алган”.
Деп ырдап жатса эфирден,
Сабырым түттү араңдан.
Жакуттан үйгө баксаң да,
Жаман сөз чыгат жамандан.
Уу сөздөр чыкты биз жайлуу,
Эркегинен да, аялдан.
“Бок сөздү токтот, болду!” деп,
Чыккан жок эч ким алардан.

Айылына кирип барбасак,
Аялын тартып албасак.
Достукту айтпай акыны,
Домбырасын кучактап,
Долудай неге каргашат?
Жолоочу болуп келгенге,
Кымызы даяр кыргыздын.
Тоноочу болуп келгенге,
Кылычы даяр кыргыздын...

Ош окуя башталып,
Элибиз толкуп-ташканда.
Конок пейил кыргыздын,
Койнунан жылан чакканда.
Энелердин көз жашы,
Ээгинен ылдый акканда.
Дүйнөнүн эли кол сунуп,
Жардамын берип жатканда.
Кайышып кетти кабыргам,
Каны бир деген казагым,
Чек арасын жапканда...

Кыргызды кул деп эч улут,
Айтпаган көңүл калтырып.
Казактар бизди кул дешти,
Туугандык жолу бар туруп...

Айтуучу сөзүң аныкта,
Ар ишке бергин калыс баа.
“Манасты” Чокан жазган” деп,
Баурым, ай, пейлиң тарытпа.
“Манас” бар үчүн Чокандын,
Аты өчпөй калган тарыхта.

Казагым, менин асылым,
Кардешим, боорум, жакыным.
Казакты жаман дей албайм,
Акынын айтып жатырым.
Барк алам десе элинен,
Байытыш керек акылын.
Бөрүнү баксаң бир күнү,
Тиш салат тура баары бир...

Бул ырды толугу менен Медиа-порталдын "Аудио" бөлүмүнөн угууга болот.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(46)
19.03.2011. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шашпа казак бир куну биздин кыргыздарга да кун тиер
20.03.2011. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечегибиз жакшы болуш үчүн бири бирибизди колдоп ынтымактуу болуш керек, ынтымак жок болсо, өзүбүздүн өлкөнүн ичинде эле кор кылып кетишет. Тилди барктагыла, орусча сүйлөгөндү токтотуп тилди байыткыла, башкаларды да үйрөткүлө, сүйлөткүлө. Казактарда, эгер казакча сүйлөбөсөң адам катары көрбөйт, жооп да алалбайт экенсиң т&#
20.03.2011. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка адамды,элди жамандагандар биринчиден оз элин дагы барктай албайт.Алардын КЫРГЫЗ элинин намысына тийип жатканы окунучтуу,журогум ооруп жатат.Кымбаттуу элим оз элибизди,оз тилибизди барктай алсак бизге эч ким баш которо албас беле...
20.03.2011. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kazak mahkalar kyzchu jeriherdi kyzkylachy!
20.03.2011. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечек жакшы болуш учун патриоттоор кобойуш керек!!!
20.03.2011. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аалыкеге окшогон патриоттор кобойсо биз тарапты карап эч ким суйлоор албас эле... жаман адамдын оозунан жаман соз чыгат, ал казак акындары бизге тен эмес.
20.03.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Аалыке, бар бол биздин бактыбызга!
20.03.2011. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кененсарынын озунон кеткен косяк, аны уккусу да келбейт Туугандар. Ким тарыхты жакшы билет айткылачы кенири баардык жаштар в курсе болсунчу
20.03.2011. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurogum ooruitta akmaktardan uschundai sozdordu ukkanda,KYRGYZ elime aitaarym namystuu bololuchu!!!!
21.03.2011. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казактарга Наалат!!! табаа эмес тобаа...Кыргыздарга кул болуп, босогобузду сагаалап калаарын унутпашсын...Кыргыз эли баары бир касиеттуу эл...Кудайым бар экени чын болсо бат эле казактарга тенеп бобосо ашырып коет...бир кезде казактарга кул болсон...казактарга кыргыздарга кул болооорун эч унутпагыла...
21.03.2011. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тили таТТуу боору каТуу акмактар казактар...ненавижу...жараткан Аллах эч качан казак озбектерге кунубузду тушурбосун....
21.03.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошентип кыргызды жамандап тамак тапкандан уялышса болот эле.Кызыл тилди башкаруу кыйын,бирок ошол ооздон чыккан создоруно кийин Аллахтын алдында жооп беришти унутушпасын!Элдин алдына чыгып ушактап ырдаганга кантип бети чыдашты экен,Ошончо кыргыз элинин куноосун которуп ,кылган сообу кыргыз элине отту,оздорунон корушсун!
21.03.2011. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхка коз чаптырсак, Кененсары бизди багынтып алайын дегенде биздин мыкты эр жигиттерибиз акылдуулук менен алдап, тескерисинче озуно кол салган. Бироого ор казба, ор казсан да терен казба дешет го, анын сынарындай казактар оздорунун оруна оздору тушкон эле убагында, андыктан арданбай деле коюушса болот. Ал эми азыркы учурдагы айткан ушактары балким оздорунун башына келип тушпосо эле болду, кантсе да ойноп суйлосо да ойлонуп суйло деген кеп бар эмеспи!!!
22.03.2011. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакстандагы Кыргыздарды аларга КРОТ кылып жибергенбиз Казактарды багындырыш учун. Жакында аларда баш аламандык болсо КЫРГЫЗдар кылды деп эсептей бергиле (аны КЫРГЫЗдар жасашат!!!) :))
22.03.2011. 05:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар бул жолду 10 жыл мурун эле тандап, ошондон бери Кыргыздарды кемсинтип келатат. Тууганбыз дегендерге - "жабышпагылачы" казака деп да айтып келди. Негизи булардын комплекси - Казак деген эл жок, алар Кыргыздын эле "жаман болгону учун болунуп калган" уруусу - деген чындыктан алыс турушу учун Кыргызым менен душмандашып келет.
22.03.2011. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табаа дебей, тобо деш керек, оозуна алы келбеген тобону билбегендерди кудай коруп тургандыр.....
22.03.2011. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1847 ж. Кененсары кыргыздарды чапкан. Кары-жашына карабай кырган. Ал кыргызга да хан болгусу келген. Ормонхан айткан, андай болсо эки мен хан болоюн, сен калганын чеч. Ал болбой кыргын салып, бишкектин тундугунон Мыканда Ноорузбай бир тууганы менен колго тушкон. Ормонхан экоонун тен башын кестирген.Бул жерден кыргыздар оз элин, жерин сактап согушкан жана жообун берген. Кыргыздар казактарга согуш ачкан эмес, ошондуктан кыргыздар биздин ханыбызды олтургон деп казактардын дооматы суу кечпеген нерсе
22.03.2011. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхта кыргыздар казактарды эки жолу ачарчылыктан алып калган. 1."Кыргыздар Гиссарга киргенде, казактар кайын сааганда". 2. Кечээ 30 жылдарда казактар ачкадан кырылып, кыргыздар сактап калган. Кыргыздар алардан эч нерсесин аябай, ичкенге аш, мингенге колук берген. Ошондон калган казактар азыр Чуйдо, Таласта, Ысык-Колдо, ал эмес Нарында дагы жашап жатышат. "Жутунбай ичсен, ачка казктай болбой" деген соз ошондон кыргызда айтылып калган. Казак бугун кооп, акесин тааныбай, козу тумандап турат.
22.03.2011. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Желтоксанда биз казактарга жардамга барганбыз. Д. Садырбаев "казактын каны акса, козумон жашым агат" деген.Кыргыздар Айкол экенбиз, анткени улуу элбиз. Башкалар кеменгерликке, даанышмандыкка бара алышпайт, алардын руху-духу жетишпейт. Казактар коп болгону менен алар кечээки эле эл. Абай айтчу экен - биздин тубубуз кыргыз, бир эле элбиз деп. Кечээ Жамбул кок эшегин минип алып Чуйдо эле журчу экен нан сурап. Биз аны эмне тентиген кул, кет дедикпи, жок, ага нан-чай бердик. А булар эмне кылып атат??
23.03.2011. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurogum oorup ketti
23.03.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir mezgilde kazaktar dele bizdin ayakybyzdan suu ichip,jandaryn bakpady bele.Kaira ichken ashyna tukurboi.
23.03.2011. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантелик, боор туткан казак туугандар ушинтсе жаның кашаят экенсиң, Акыры биздин кочодо да майрам болоор, биз да онолчу күн келет. Жаманга теңелбей коё туралык.Андан коро, озубуздогу чыр-чатакты токтотуп, кошоро иштеп оноллолу.Ошондо бизге эч ким үн ката албай калат.
23.03.2011. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат аттуу жигит минтип айтат:

Казак акын кыр башынан кылайба, "кул деди" деп Аалы акын мунайба. Керек болсо билип ал баурдасым, Казак да кул, кыргыз да кул Кудайга. Кул деп айтып кыргызды жан кашайтпа, кыргыз эркин каалагандай жашайт да. Эмгек кылып жургон элди тушунбой, жаман казак "кул болду" деп атайт да...
23.03.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыны кемсинтип шагыбызды сындырышты...Душманды алыстан издебе дегендей...Бир боорум дейбиз тыпылдап биз дагы...Жаштар эртенки куну да ушундай созду укпаш учун кыргыздын кыпкызыл желегин желбиретчу адис,адам болууга тырышалычы...Биз Манас ата тукумдарыбыз!Келечекте казактар "Баурым"дей турган кунго жетебиз!!!Дайым бийикте болобуз!
23.03.2011. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактардын шиши кооп калыптыр оздорун европеец сезише берет. Чумоосун чыгарыбыз го бир куну
23.03.2011. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми казактар калыптыр да бизге тийишпеген. Ошто да озбектерди бир жерде жашайбыз, тууган болуп калдык деп журуп, эмне кылды бизге 90-жылы да 2010-жылы да. Ошондо да кечиребиз биз. Аалыке сизге рахмат. Юлдузга да жооп бергенсиз эми казактарга. Азаматсыз! Бар болунуз кыргыз элинин мандайына. Сизге окшогондор бар кыргыздын келечеги алдыда.
24.03.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кыргыздарды эч ким коро албайт,себеби кыргыздар аябай кыйын калкпыз.
24.03.2011. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош окуясынан кийин озбектерди кайра кабыл алдык,биздин ордудубузда орустар же казактар болгондо,озбектердин баардыгын кырып жибермек,кыргыздар эмнеге мынча ак конулбуз???Все пользуются нами
25.03.2011. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамзат, айрыкча түшүнүгү орто деңгээлдеги, эч качан өткөн чак менен жашабайт, алар (элдин массивдүү бөлүгү) учур чак менен жашашат. Ал качиет бизде да бар, баарында бар. Учурда эмнен бар колунда, эмнеге жетиштин деген суроо бар! ар даым көрсөткөн жыйынтыгына карап мамиле кылынат, биз андай элек мындай элек деген менен (арстан элек, тийишкенди ийнине киргизчүбүз)анын кереги барбы? биздин ата баб
25.03.2011. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абыз ошондой эр жүрөк болуптур, алардын эр жүрөк болгондугу биздин жалкоолонуп жатып алышыбызды түшүндүрбөйт..Биз кыргыздар дайыма кең пейил(көп учурда анын пайдасы менен зыяны тең болуп келет) болгонубуз менен, ынтымагыбыз жок, ичибиз тар жана ким кыйын болсо ошого кошомат кылчулар да арабызда көп, болуп да келген. Муну моюнга алышыбыз керек. Тарыхта да эр жүрөк болгон жана азыркыжай шылдындуу абалда калган учур
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо