Аталышы – “Менин жерим”
Башталышы – 18:15 (15 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Филармониянын 90 пайызы (21-март күнү)
Мыкты номер – Съездбек Искеналиевдин аткаруусундагы «Саратан» ыры
Алпаруучулар – Сакиш менен Камчы Сарыбаев
Билет баасы – 300-400 сом
Съездбек Искеналиев жеке концертин залды аластатып, анан КРнын гимни менен ачты. Ырчы мурда айткандай эле, сахна кафе сыяктуу жасалгаланыптыр. Оң жакта эки стол, ал эми сол тарапта музыканттар менен музыкалык аппараттар орун алган.
Концертти «официанттык кызматты» аркалаган "Агама" бий тобунун кыздары бийлеп ачып беришти. Ал эми «бармендик кызматка» бекиген Камчы Сарыбаев алып баруучулук тизгинди да колго алды. «Администраторлукка» бекиген Сакиш экинчи алып баруучу болду.
Съезд сахнага чыга келгенде эл кол чабуулар менен тосуп алды. Ырчынын ырлары сахнанын ортосуна орнотулган чоң экрандагы клиптер менен коштолуп жатты. Чынында, биз клипти карап отуруп, чийилген дискти көргөндөй болдук. Анткени көп учурда кадрлар катып калып жатты.
Конок болуп келген Аида Кулуева, Айжан Газиева, Силима Абдылдаева жана башка ырчылар Съездбектин обонуна таандык ырларды аткарышты. «Боз салкын» тасмасынан кийин менден «эмнеге Асеманы «кидать» эттиң эле?» деп көп сурашат. Ошого жооп катары «Мурат менен Асеманын арманы» деген ыр жаздым» деп Съезд сахнага Асеманы чакырды. Бирок чынын айтсам, экөө эмне жөнүндө ырдап жатышканын түшүнө албай койдук. Сөздөрү угулбайт, сыягы бул музыканын катуу коюлганынан болду окшойт.
Концертке келген элдин жарымынан көбүн улуу муундун өкүлдөрү түздү. Анан кочкорлуктар көп болду окшобойбу, Сакиш "нарындыктар, барбызбы?" дегенде кол чаап, ышкырып, кыйкырып эле болбой калышты. Айтор, башында суз башталган концерт ортолоп калганда гана кызыды. Айрыкча элдин жандуу отурушуна "Селкиге" аттуу ыры түрткү болду. Съездбектин аткаруусундагы Эрнест Абдыжапаровдун "Саратан" деген ырын да эл аябай жакшы кабыл алды.
Съездбек концертинде жалаң жаңы ырларга басым жасаптыр. Албетте, жаңы ырларды жаздырып жатканы жакшы дечи, бирок ал ырлары элди уктатып койгондой болду. Бул жаңы ырлардын элге сиңе элегинен болдубу же кызыктуу чыкпай калганбы, айырмалай албадык.
Урмат Усенов ырчынын обонуна жазылган ырды аткарып, каалоосун айтып өттү. Жарнамаларда айтылгандай, концерт чын эле жандуу үн менен коштолдубу, жокпу, бир аз күмөн санап калдым.
Толик сынчы