Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТАМАШОУДО» РЕВОЛЮЦИЯ!!!

№438 25-31-март, 2011-жыл

Жадыраган жаздын 18-19-март күндөрү “Тамашоунун” Жогорку Лигасынын эң мыкты 10 командасынын арасында кубок үчүн болуп көрбөгөндөй таймашуу өттү. Оюнчулар 4 тапшырманын: “Саламдашуу”, “Үн коштоо”, “Ким тапан?” жана “Музыкалык үй тапшырманын” негизинде күч сынашты. Жыйынтыгында 5 команда “Тамашоунун” финалында ат салышмай болду.

Оюндун биринчи күнү “Жигиттер”, “No name”, “Ак кеме”, “Чез”, “Достук”, ал эми экинчи күнү “Юристтер”, “KG 77”, “IUK”, “Тергөө”, “Ак-Өргө city” командалары күч сынашты. Оюнчулардын даярдыктарына токтолсок, бул жолу ар бир команда жарым финалга мыкты даярдыктар менен келиптир. Бул алардын аткарган интермедияларынын мазмунуна жараша костюмдарды тиктирип, өзгөчө гримденип алгандарынан да билинип турду. Мындан сырткары айрым командалар атактуулардын, бийчилердин да жардамын пайдаланганга жетишишти. Мисалы, “Жигиттер” командасы Айпери Кубик кызы, ал эми “IUK” командасы шоу-бизнестин алпы Бек мырза менен биргеликте элге тамаша сунушту.
Жыйынтыгында “Чез”, “Достук”, “IUK”, “Тергөө” жана “Ак-Өргө city” финалга жолдомо алышты. “Эмнеге 5 команда?” деп таң калып жатасызбы? Ооба, оюндун биринчи күнү “Чез” менен “Достук” чыкса, ал эми экинчи күнү
3 команданын топтогон упайлары тең болуп калган. Оюн эрежеси боюнча, “Ким тапан?” суроо-жооп тапшырмасынан эң көп упай топтогон команда алдыга озуп чыкмак. Бирок калыстар тобунун оюнчуларга боору оорудубу же “Тергөөнүн” күйөрмандарынын сүрөөнүнөн уламбы, айтор, 3 команданы тең финалга өткөрүштү.


МЫКТЫ ТАМАШАЛАР

– Менин атым – Революция. Египет, Судан, Ливияга концерт коюп, гастролдоп келатам. Чоң уулумдун аты – Мародёр, анын аялынын аты – Беспорядок. Кичинекей кызым бар, аты – Паника. Байкемдин аты – Кризис. Акыркы учурда көп колдонгон сөзүбүз: “Кетсин, кетсин, кетсин!”

“IUK”

– Болду, мени унут! Телефонумду, агентимди, дарегимди өчүр!
– Токтосоң, Санжар...
– Жок, унут мени! Мен кеттим.
– Эй, акмак, Лысый! Карызды качан бересиң?!

“Достук”

– Кыргыздын “жети өлчөп, бир кес” деген макалы учурда сүннөт тойдо айтылат.

“Юристтер”

– Эркектер, силерди жаздын келиши, гамаштын чечилиши менен куттуктайм!

“Жигиттер”

– Алас, алас, алас, пока бийликте Талас!

“No name”

Кафеде. Кардар официантка:
– Официант, эмнеге кафеңер “Эжекем” деп аталат?
– Сиз апаңыздан “кафеге барып келейинчи...” десеңиз жибербейт да, чынбы? Ал эми “эжекеме барып келейинчи...” десеңиз жиберет, туурабы?
– Ысык эмнеңиз бар?
– Печка, отопление...

“КG 77”

– Кыргыз милициясынан Нооруз майрамына карата акция! Эки кылмышты моюнуңа алсаң, үчүнчүсү бекер эле илинет!

“Тергөө”

– Кыргызстандын бийлиги маршруткадай. Жаштарга такыр орун жок.

“KG-77”

– Эмне үчүн кыргыздын калпагынын алдында тилиги бар?
– Жамгыр жааганда ортосунан агып кетсин деп тилип койгон да.

“Жигиттер”

“Титаник” кинотасмасынан. Жек чөгүп баратып сүйлөп жатат:
– Роуз, оо, Роуз?
– Оу...
– Оо, Роуз, Кыргызстан сенин колуңда!
– Ишениңиз мага, Курманбек Салиевич.

“No name”

– Сен жалгызсыңбы, сени көптөп тепкилештиби? Анда, 102ге чалбай эле кой. Сени бирөө Кызыл-Аскерге бар дептирби?!.

“Тергөө”

– Кыргыздар космоско качан учушат?
– Космосто митинг башталганда.

“Чез”

– Чемпион болуу үчүн эмнеге даярсыңар?
– «Эробекетке» сүрөткө түшүүгө.

“Достук”

– Гламурдун кыргызчасы кандай болот?
– Мерген Турган болот.

“Чез”

Балыкчы балык уулап жатат.
– Байке...
– Чүш! Чочутасың!
– Байке...
– Чүш деп жатам!
– Байке, бул жер бассейн го?..
– Чүш! Ай, чоң кыз, убакыт бүттү, чыкпайсыңбы?!

“Жигиттер”

(«Тамашоунун» 3-сезонунун жарым финалындагы тамашаларды
www.super.kg cайтындагы Медиа-порталдан көрө аласыздар)

Лунара Бекиева
tamasha@super.kg


"Тамашоу" жарым финалы - "Достук" командасы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(20)
SUPER.KG видео
26.03.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тунук эмес го
26.03.2011. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тамашоу негизи жакшы кызыктуу болуп жатат. Азаматтар!
26.03.2011. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ха-ха-ха!Боорду эзишет да:) Чындыгында жакшы даярданышкан го. Тамашалар кайталанма эмес. Ак Орго чемпион!
SUPER.KG видео
26.03.2011. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун экен азаматсынар
SUPER.KG видео
26.03.2011. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай тамаша коро албадым
26.03.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЫКТЫ ТАМАШАЛАР аябай жакты, муну КЫРГЫЗ улутунан башкасы укбасын деле, ачуу чындыкты келекелеп айткан тура.
26.03.2011. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой боорум, ай боорум!!!!
SUPER.KG видео
26.03.2011. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ex kyrgyzym kyrgyzym sozu ele sonun kyrgyzymdyn .Sonun boluptur maga jakty.Uigilik silerge .
26.03.2011. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodzi
SUPER.KG видео
27.03.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлегендери сонун. Бирок эч эле куло албай койдум. Башаламан.
SUPER.KG видео
28.03.2011. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))menim4e bawkalarga karaganda uwulardiki kulkumuwturook boluptur,emi tuwunbogondorgo soz jok birok))!
29.03.2011. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negizi maga Ak orgoonun baldari abdan jagat.
SUPER.KG видео
28.04.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигиттер. Достук командасы АЛГА!!! абдан жакты.Акырындагы ырды жигиттерден бироо ырдаса жакшы болмок.Бийкечтин уну жок экен.Калгандары эн жакшы.Алдынкы командалардан деп эсептейм.ИЙГИЛИК силерге.
SUPER.KG видео
01.05.2011. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достук командасы мыктылардан!Айрыкчы капитаны зор !
SUPER.KG видео
01.05.2011. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санжар,Азамат!
SUPER.KG видео
24.05.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uuuujaaasss osobenno v konce kiz strawwno irdaitko je bir unu bar bolso4u jaman ankildagango
SUPER.KG видео
14.07.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен нигерлер м-н таанышпайм ха ха :))))))
15.07.2011. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы тамашлары коп экен. Азаматсынар элибизге жакшы маанай тартуулай бергиле. Тамашоунун мындан да осуп онугушун каалайм.
SUPER.KG видео
28.12.2011. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гап жок
SUPER.KG видео
19.01.2012. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо