Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№438 25-31-март, 2011-жыл

Ливия

КАДДАФИГЕ ДҮЙНӨ КАРШЫ ЧЫКТЫБЫ?
19-март күнү Франциянын аба күчтөрү Муаммар Каддафинин көзөмөлүндө болгон Ливиянын бөлүгүнө ок жаадырып, анда 50гө чукул киши өлгөнү кабарланды.
Ливияда жарандык согуш башталгандан бери дүйнөлүк коомчулук дүрбөлөңгө түшүп, аны токтотуунун чараларын издей баштады. Ошентип, БУУ “Ливиядагы тынчтыкта жашаган карапайым калкты бийликтин запкысынан куткаруу зарыл” деген бүтүмүн чыгарары менен Каддафинин режимине каршы болгон өлкөлөрдүн армиясы “Одиссея. Таң” операциясына киришти. Анын жыйынтыгында Ливиядагы аскердик мекемелер жана лидердин хан сарайы бомбаланды. Айрым маалыматтарга ылайык, операциянын жүрүшүндө 50гө жакын киши каза болсо, 100дөн ашуун адам жаракат алган.
Учурда бул операция боюнча дүйнө эки топко бөлүндү. Каддафинин режимине каршы Франция, АКШ, Улуу Британия, Канада өңдүү мамлекеттер күрөшүп жатса, ал эми көп калктуу Кытай, Индия жана Бразилия бул кадамды колдободу. Каддафинин өзү операцияны “кресттүүлөрдүн варвардык басып алуусу” деп атады. Алардын максаты – Ливиянын нефть запастарына кожоюндук кылуу деп эсептейт. “Силер жок десеңер да, биз чоң согушка даярбыз”,- дейт Каддафи.

Гватемала

ПРЕЗИДЕНТТИН ЖУБАЙЫ ШАЙЛОО ҮЧҮН АЖЫРАШАТ
Гватемаланын биринчи айымы Сандра Торрес күйөөсү президент Альваро Колом менен ажырашууга документтерди тапшырды. Буга экөө тең макул экендигин билдиришкен. Анын мындай кадамына алдыдагы 2011-жылдын сентябрында өтүүчү президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтө тургандыгы себеп болгон. Анткени мыйзамга ылайык, өлкө башчысынын туугандары президенттик шайлоого катыша алышпайт. Ошондой эле Коломдун экинчи ирет ажолукка ат салышуусуна да Конституция жол бербейт.

Йемен

“КЕТСИН” ТАЛАБЫ КОЮЛДУ
Йемендин борбору Санада абал кайрадан курч маанайга өттү. Буга 18-мартта президент Али Абдулла Салехти колдогон тарап менен ага каршы жактын кагылуушусу учурунда 30дан ашык адамдын набыт болушу себеп. Мындан улам өлкө башчы өзгөчө кырдаал режимин киргизип, өкмөттү таркаткан. Бирок бул чечим көтөрүлгөн элди токтотууга жардам берген жок. Учурда оппозиция Салехтин кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

АКШ

ПИНГВИН УЧАКТЫН ЖҮРГҮНЧҮСҮ БОЛДУ
Пит аттуу Магеллан пингвини Сан-Францискодон Сан-Диего шаарына сапар алган учактын жүргүнчүсү болду. Канаттууну “Деңиз дүйнөсү” уюмунун адистери илимий конференцияга ала келишип, кайра кайтканда ага учактын адамдар отуруучу салонунан орун алып беришкен.
90 мүнөттүк сапарда адистер пингвиндердин жашоосу жөнүндө жүргүнчүлөргө лекция окушту. Ошол учурда учактын салонун аралай баскан Пит жүргүнчүлөргө эрмек болуп берди.
Эреже боюнча, жаныбарларды салонго киргизүүгө болбойт. Аларды жүк коюлуучу бөлүмдө ташууга гана уруксат.

Өзбекстан

ЖУМУШ УБАКТЫСЫНДА НАМАЗ ОКУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ
Коңшу Өзбекстандын бийлиги Араб дүйнөсүндөгү окуялардан улам баш аламандыктын алдын алуу иштерин баштады. Алсак, кызматкерлерге күндүз иш орундарын таштап намазга барууга катуу тыюу салды. Ошондой эле 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн мечиттерге баруусун чектеди. Өз учурунда диний мекемелерге камераларды орнотуу менен атайын кызматтын өкүлдөрү байкоо жүргүзүп турушмакчы. Буга чейин бийлик кызматкерлердин жума намазга баруусуна да чек койгон.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
25.03.2011. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобооо... ааламда болуп жаткан нерселерди окуп зээнийн кейисе, арадан эле пингвин чыга калып, адамды кулдуруп конулун ачат экен.
25.03.2011. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каддафиге АКШ каршы болбой эле. Каддафи коркутуп атпайбы менде уулуу газдар бар. Жардырып жиберем деп. НАТОдогу бут олколор каршы болуп,Америка каршы эмес болсо да,Американын айтканы боло берет. Колубузда ошондой коркуткуч заттардан болсо,биз деле кыйын суйлоп калмакпыз Иранга окшоп. Озоктук куралы болбогон мамлекет кааласа дуйнонун эн бай олкосу болсун,баары бир эч ким тоготпойт. Бизде болсо же акчадан,же куралдан жок,орусия эмне берсе ошонун ырын ырдап калышты.Бир кун мусулмандар башкарат Дуйн
26.03.2011. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекстанда жакшы ишти башташыптыр
26.03.2011. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекстандыкындай кылып бизде да жумуш убактысында намаз окууга тыюу салып койсо болот эле
26.03.2011. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба дуйно астын устун болуп кыямат жакындыгынын белгиси болуп атса chopa menen Anarbek кандай кудайга ишенбеген жансынар кыргызстанда иш убактысында ким эле намазга кетип жатат.кайра элдер намазга барса мамлекетибиз онолот болчу.Силерди ушул оюнар учун Алла Таалам кечирсин
26.03.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
онолсо башка мусулман олколору онолот эле го таджикистан онолуп атабы? мен динге каршы эмесмин болгону аша чаап кеткен болбойт ко.. баса бизде да толук жетиле элек 14-16 жашка чейинки балдардын мечитке баруусуна тыюу салып койсо...
26.03.2011. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
япония кырсыктан кутула албай жатса ливияда америка бир нерсе баштай албай убара буу ливияны бомбалоого руксат бергеничи..америка озунун политикасын кандай жол мн болсода чечетко дейм
27.03.2011. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каддафинин оппозицияга онойлук менен бийликти откоруп бербегендигинде, жана анын оз элинде жактоочуларынын коптугуно караганда, демек анын да создорундо чындык бар.
27.03.2011. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнодо эмнелер гана болбой жатат, акыры заман жакындап баратат эл - журт!!! адамдын написи бузулду го. Бир кезде Аристотель айткандай "бесприкосновенная" учунчу дуйнолук согуш башталганы жатат. Эмне гана болуп кетээр экенбиз... :-((((
27.03.2011. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ниетибизди ондойлучу туугандар.
28.03.2011. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каддафини мен колдоймун...
28.03.2011. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jerde politika oinop jatat
29.03.2011. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Barinardin sozunorgo kowulam.
29.03.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учунчу дуйнолук согуш болбойт коркпой эле кой.Ал согуш болсо жашоонун буткону ошол."3-чу дуйнолук согушта кайсыл куралдар колдонулушун билбейм.Бирок,4-дуйнолук согушта союлдар менен таштар колдонулушу анык(Сократ)"
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо