Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ТААТАНДАГЫ» КЫЛМЫШТЫ ТИЛ КАТ АЧТЫ

№438 25-31-март, 2011-жыл

“Кан узатпайт” деп элибиз бекеринен айтпаган чыгар. Эки адамдын өмүрүнө балта чаап, кумга сиңген суудай жок болуп кетүүнү ойлогон жапжаш эки жигит алыска узабастан, из кубарлардын кылтагына илиништи. Төмөндө жакында эле Бишкектеги “Таатан” соода борборунда болгон киши өлтүрүү фактысы кантип ачылганы тууралуу маалымат.

БАКЫТТЫН ОРДУНА АЖАЛ ТААП...
Үстүбүздөгү жылдын 12-мартында түш ченде Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө коңгуроо кагылып, “Таатан-2” соода борборунда каза болгон адамдын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген оперативдүү тергөө тобу дүкөндөрдүн биринде канга боёлуп каршы-терши суналган эки адамдын сөөгүнүн үстүнөн чыгышат. Бул адамдардын өз ажалынан эмес, бирөөнүн колунан мерт болгонун сезген кызматкерлер ошол замат тийиштүү текшерүүлөрдү жүргүзүшүп, сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизага жөнөтүшөт. Ал эми окуя болгон жерден кан болгон бычак, балка, автоунаанын ачкычы жана бир нече кара күрөң түстөгү кебездин үзүмдөрү, эки паспорт жана кийимдер табылган.
Дүйнө салган адамдар соода борборундагы дүкөндөрдүн ээлери, Кытайдын жарандары 42 жаштагы Лиу Вей жана 48 жаштагы Чоу Фахай болуп чыккан. Ошондой эле алар товарларын сатууга адам жалдап, өздөрү товар ташып келүү менен алектенишкендиги аныкталган.

КҮБӨЛӨР КЫЙКЫРЫК-ЧУУНУ ГАНА УГУШКАН
Окуя тууралуу уккан-билген адамдар да табылды. Соода борборунда иштеген Р.М. аттуу аял саат 14төр чамасында эң четки дүкөн жактан сынган айнектин үнүн жана адамдардын кыйкырыктарын угуп өтмөккө чыкканын, бирок эч кимди көрө албай кайра жумуш ордуна келгендигин айткан. Так ошол учурда дагы түшүнүксүз тилде кыйкырыктар угулуп, анан тынчып калган. Аял кайрадан көңүлү тынчыбай чыгып карайын дегенде соода борборунда жүк түшүрүүчү болуп иштеген И.С. аттуу жигит келип калат. Өтмөктө келе жатып адамдардын онтогонун, кандайдыр бир үндөрдү уккан жигит аялдын сөзүнөн улам дароо коопсуздук кызматкерлерине кабарлаган. Алар өз кезегинде милицияга байланышка чыгышкан.

БААРЫН ЧӨНТӨККӨ КАТЫЛГАН ТИЛ КАТ АЧЫП БЕРГЕН
Окуя болгон жерди текшерүү убагында оперлер каза болгон Чоу Фахайдын ички чөнтөгүнөн тил кат таап алышкан. Дал ушул тил кат көп нерсенин такталышына салым кошкон. Анткени тил катта Чоу Фахайдын дүкөнүндө жалданып иштеген 20 жаштагы И.Б. товар ээсине, башкача айтканда, Чоу Фахайга 131 040 сом карыз экендиги, ал сумманы дал ошол 12-март күнү кайрып бере тургандыгы жазылган. Көрсө, ажалы жеткен Ч.Фахай кытайлардын Жаңы жыл майрамын тосуу үчүн өз мекенине жөнөп жатып товарынын баарын сатуучу И.Бга ишенип тапшырып кеткен экен. Мындан пайдаланган жаш жигит ар бири 1000 долларды чапчыган чоң айнектердин 3 даанасын сатып, түшкөн акчаны жымырып коёт. “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дегендей, бул тууралуу кабардар болгон Ч.Фахай И.Бдан карызы тууралуу тил кат алып, ички чөнтөгүнө бекем катат. Ал эми карызынан кутулуунун жолун издеген жигит ошол жерде иштеген өз айылдашы, 22 жаштагы Ш.Кга 30 000 сом карызы бар экенин айтып, оюндагысын бөлүшөт. Айылдаш досуна боору ачыган Ш.К. да эч нерседен баш тартпай, “көз тазалоо” операциясына даяр экенин билдирет.

ДАЯРДАЛГАН БЫЧАК ЖАНА БЕЙКҮНӨӨ ЖОЛООЧУ
Ошентип, коюнуна котур ташын каткан экөө эки жакты каранып, четки дүкөнгө келишкенде Ч.Фахай ордунда жок болуп чыгат. Аңгыча Ч.Фахай «Таатан-1де» иштеген Лиу Вей аттуу таанышы менен чогуу келип калат. Карызга байланышкан сүйлөшүү эч кандай жыйынтык бербей, аягында И.Б. даярдап келген балка менен Ч.Фахайды башка бир нече жолу чабат, так ушул эле учурда Ш.К. колундагы бычагы менен Л.Вейди сайгылап кирет. Жан соогалап кыйкырган үндөр тээ алыска угулуп, чак түштө кызыл жаян болгон эки адам эки жакка кулашат. Эки жигит акырын сыртка чыгышат да “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанынан жолугушууну белгилешет. Ал жерден Ш.К. колуна кийген кол кабын чечип, таштанды салынган контейнерге ыргытып кетет. Андан ары кафеге киришип, иштин оң жагына чечилгенин «майлаган» экөө эмне кылуу керек экендигин сүйлөшүп, эки-үч күн эч жакка чыкпай бекинип жатууну чечишет. Бирок профессионал кызматкерлер оперативдүү иликтөө иштерин жүргүзүшүп, кылмышка шектүү И.Б. менен Ш.Кны кылтакка илишти. 

ТАНА АЛГЫС ДАЛИЛ БУЮМДАР
“Сиздер үчүн эң негизги “улика” тил кат болгон турбайбы?..” деген суроо менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Жыргалбек Шабралиевге кайрылып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык:
– Бир гана тил кат эмес, И.Бнын жанынан табылган акча жана эки дос кылмыш ишин моюнуна алып көрсөтмө беришкени да негизги далил болуп эсептелди. И.Б. окуя болгон жерден кетип баратып, өлгөн эки адамдын үстү-башын тинтип
18 000 сом акчаны да алып кеткен. Так мына ошол суммадагы акчаны, Ш.К. ыргытып кеткен кол капты да таптык. Белгилей кетчү нерсе, каза болгон эки адам бул сатуучуларга аябай ишенишкен. Бул ишеним үчүн минтип өз өмүрлөрүн берип отурушат.

Ырысбүбү Сагымбаева, Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(27)
26.03.2011. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai sakta!!!
26.03.2011. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздан ыйман кетти го, адам олтуруу ит олтургондой эле болуп калды. Кудайым балдарга ыйман берсе экен.
26.03.2011. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздан ыйман кетти го, адам олтуруу ит олтургондой эле болуп калды. Кудайым балдарга ыйман берсе экен.
26.03.2011. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адамдык сапаттан айрылгандар деп коюш керек буларды
26.03.2011. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman boluptur..:(
26.03.2011. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казакстанда олгон кыргыздар жокпу орусяда олгон кыргыздар жокпу
эки адамдын айынан кыргыздар деп суйлогон кандай адамсынар
26.03.2011. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa chet jerde olgon kyrgysdar uchun ushundai ishter jurup atat boldu beken?baarynan da kazakstanda zordolgon kyz uchunchu?
26.03.2011. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча учун олтургону окунучтуу...ал баланын акыл эси ордунда болду бекен...
26.03.2011. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jokton kelip chygyp jatpaiby :( Negizi kop akcha korbogon kishi akchany kandai korotkonun bilbei kalat anan karyz bolup kalat. Doochu dolady karyzyn anan balanyn ailasy ketti akyry olturoiun dep chechiptir :( Jaman, jaman, jaman :(
26.03.2011. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men Kytaidan kyrgyz oluptur degen uga elekmin.Al emi Moskvada, Kazakstanda bizdikilerdi oiunchuktai ele olturup jatyshat :(
26.03.2011. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olgon adamdyn uibulosuno borum orup jatat bir cheti olturgon adamga borum orup jatat jashtaiynda akchanyn aiynan turmogo tushot, kishi olturguch degen at menen.Bizde Kytailar kop olup jatat sebebi bular oroiurak suilop betke aityp ishtetishet. Emne uchun Kazak,Turktor olushpoit anynda sebebi bar alar akyryn suilop az akcha berip kulup ishtetet oshon uchun alar onoi menen olushpoit :(
26.03.2011. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким айты кытайларды кыргыздар алтурду деп аларды дунган эки бала олтурушкон так что кыргыздарга шек келтирбегиле бир деме болсо эле кыргыздар ушундайбыз анан мындайбыз дей бересинер да
26.03.2011. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала болот кытайларга оздору жалан дунган уйгурларды реализатор кылып алышкан мне не жалко
26.03.2011. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmattuu super infonun jamaty emkide ushul okuia turaluu sosuz jazynyzdarchy suranabyz!!!
27.03.2011. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтургон кылмышкерлер Дунган улутундагы жигиттер. Кыргыздар эмес.
27.03.2011. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oba kyrgyzdar olturgondon bashka ech teke kolunan kelbeit yuat ele :(
27.03.2011. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koomdun buzulushubu deim?
27.03.2011. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтургон адамдар кыргыздар эмес болсо дагы,кытайлар укса кыргыздар кылды,дешет да,олтургон адамдарды каттуу жазалаш керек
27.03.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуштар ай, всему виной простая неграмотность (наших парней), и вообще все беды
28.03.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайлар оздору да оолугуп кетишкендей го менимче
28.03.2011. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SherhaN siz kitaydagi kirgizdardi korbopsuz,baarin oiundagiday kiliwip,biznes a4am desen biznesine jardam berip iwenip,mina tigil baldarga dele iweniptir,balada kunooda,keleso bolboy ele taza iwtep berse dele a4ka kalbayt elego,an4a ak4ani aldi makul,anan..andan bayip kettibi?omur boyu izgoi bolup,iwinen iw jok,jawodon jawoo jok bolup kaldida emi 4indigin aytsak!prosto,birdemkeni kilardin aldinda oilonup turup jasaw kerekda,tupo azgirilbay!soguwtan e4kim utpayt,olgonu da,jengeni dagi!oilongula.
28.03.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундан кийин бироого ишенгин да келбейт, деги эле бизде эмне болуп бара жатканын тушунбойсун, акча учун, ал адамдын уй булоосу жетим сиреп отуруп калды да ......
29.03.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өлтүргөндөр кыргыз эмес, дунган жигиттер
30.03.2011. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Biz Kytaidan Taksige oturganda je basyp baratyp "kayaktan bolosunar dep. Jakshy ele suraganda...biz tigi kotorulushton kiin, ushundai okuyalardan son Kyrgyzstandan byz dep aituudan keede uyalabyz chynynda aityp kelgende...birok oshogo karabastan keede but baardygyn tushundurup(Kyrgyzstandagy abaldy) anan ketip kalabyz....
01.04.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwul karyz dep uwun4aby? Degi namys barby bizdin erkekterde....
05.04.2011. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канкорлор да булар.Кытай болобу, негр болобу адам олтуруп атпайбы. Ушул иштин бети ачылбай калганда эгер,булар эртен кыргызды да соо коймок эмес.Кандуу акчага конуп алмак бул мыкаачылар.А жанагы айтып аткан Казакстандагы,Россиядагы адам адам олтуруулор да дал ушуга окшогон карын майды чиритчу кумалактардан чыгат!
17.04.2011. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар кай жака кетип баратабыз! Кудайым ынсап берсин ар бир адамга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо