Лилия Абдыбаитова: «ЧЫҢГЫЗ ЭКӨӨБҮЗДҮН СЫРЫБЫЗДЫ АЧАМ»

№438 25-31-март, 2011-жыл

Лилия дегенде эле назик гүлдү элестетсеңиз, анда гүлгө окшош айым көз алдыңызга тартылат. Чынында, Лилия Абдыбаитованын үнүн радио, теледен гана укпастан, уюлдук телефондон да эшиткенге болот. Биздин мейманыбыз атына заты жарашкан Нарындын кызы ди-джей Лилия болмокчу.

ЛИЛИЯ АБДЫБАИТОВА

  • 1979-жылы 5-мартта жарык дүйнөгө келген.
  • Казакстанда төрөлүп, Нарын шаарында өсүп-чоңойгон. Нарындагы №2-Чкалов атындагы мектепти аяктаган. БГУнун орус филологиясы факультетин бүтүргөн, кесиби филолог.
  • Саясатка кызыгат, Путинди мыкты саясатчы деп билет. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү.
  • Сыймыктанганы – карьерасындагы жетишкендиктери.
  • Спорт менен машыгып көргөн эмес. Бирок футболдун ашынган күйөрманы.
  • Ырчылардан Гүлнур Сатылганова, Роза Шакирова, “Кыз-Бурак” тобунун мурунку курамын жана Мирбек Атабековду баалайт.
  • Студент кезде китепканадан башы чыкпагандардын катарында эмес, сессия жакындаганда чуркап калгандардын тизмесинде болчу. Бирок алардан кем калышпай “4”, “5” деген баалар менен окууну аяктаган.
  • Тойлордо тамадалык кылчу, азыр убакыттын жоктугуна байланыштуу бул ишти таштаган. 

– Лилия, үй-бүлөдө жалгыз кыз болсоңуз, эрке мүнөз окшойсуз?..
– Апамдын улуту орус, аты Галина. Баары таң кала беришет, кандайча деп. Апам казакстандык. Бишкекке келип окуп жүрүп атам экөө табышып, үйлөнүп калышкан экен. Апамдын ден соолугуна байланыштуу менден кийин бала төрөгөн эмес. Кыйынчылыктар болуп, мен Нарында чоң ата, чоң апамдын колунда өстүм. Атам 8 бир тууган болгондуктан, алар менен бирге чоңойгом. Чоң атам эркелетип, мен үчүн күйүп-бышып жүрдү. Студент болгондо деле менден мурда туруп чай коюп калчу, ошондо ага болгон мээримимди кайда жашырарымды билбей калар элем. Мен үчүн чоң жоготуу – чоң атамдын каза болгону. Бирок кишиге кылган мамилесин, боорукерлик мүнөзүн мага таштап кетти.
– Сизди радио аркылуу билишчү эле, эми эмне менен алексиз?
– Орус тилдүү студент кыз 1999-жылы ноябрь айында “Кыргыз­стан Обондоруна” ди-джей болуп орношкон. Ошондон бери ди-джейликти аркалаганына 10 жылдан ашыптыр. Бул жылдар ичинде ди-джейден директорлукка чейин жетип, өзүмдү көрсөтө алдым. “Обондорунан” мурунку жылы өз каалоом менен эле кеттим. Азыр “Мегаком” уюлдук компаниясында супервайзермин. Кол алдымда 17 кишиден турган командам бар. Жакындан бери Коомдук каналдын “Арноо концерти” берүүсүн алпара баштадым. Мен үчүн легендага айланган инсандар Бактыбек Мамытов, Гүлшан Молдоева менен чогуу иштешүү сыймык.
– Күчүңүздү сынайын деген экен­сиз да, жүрөккө теле жакынбы же радиобу?
– Мени адам кылган радио жааты. Чыгармачыл адамдар бир жерде токтоп калбашы керек, теледен өзүмдү сынап көрүүнү чечтим. Ушул жерден Чыңгыз Мырзаев экөөбүздүн сырыбызды ачайын. Тамашалап айтканда, ал экөөбүз маймыл болуп көнүп калбадыкпы. Ошондуктан көңүл ачуучу теледолбоор чыгармакчы болуп турабыз. Буюрса, продюсерлерге көрсөтүп, жакшы бир программаны алпаруу максатыбыз бар.
– Баса, сизди “Назира менен Чыңгызды байкабай эфирден кан кууруган” дешет.
– Анда 1-апрель болчу. Менден кийин эфирди Чыңгыз менен Назира улантмак. Чыңгыз кечигип жатканынан шашып үйгө келе бергем. Бир убакта Назира чалат “Лилия эже, Чыңгыз эфирге жаңы эле келип, кайра кетем деп жатат, отур деп айтып коюңузчу” деп. Мен болсо жиним келип орусча, кыргызча аралаштырып Чыңгызды аябай эле урушуп салдым. “Биз сага жарнама үчүн керекпизби, эфирде отур” деп кыйкырып, Чыңгызга бир да сөз сүйлөтпөй койдум. Ал болсо “эже, эже” деп эле сүйлөй албайт. Аягында Назира “биз түз эфирдебиз” дегенде токтоп калып жатпайымбы. Алар “көрдүңөрбү, ушундай урушат” дешет каткырып. Мына сага, телефонду коёрум менен тааныштарымдан “ушунча тажаалсыңбы?” деген чалуулар келе баштады. Ыраматылык Медер болсо “Лилия, ит эле болдуң” деген эле.
– Кой оозунан чөп албаган момунсузбу же өтө “стерва” боло аласызбы?
– Керектүү учурда мындай да, андай да боло алам. Эфирде көрсөтпөгөн кыялдарыбыз бар, бирок жалпылап алганда ди-джейлер өтө шайырбыз.
– Уулуңуз канчага чыкты?
– Эмир азыр алты жарым жашта. “Апа, сиз отура бериңиз, мен өзүм” десе эзилип кетем. Жаш кезде улуулар “турмушуң жакшы болбосо да, өзүң үчүн төрөп ал” деп айтышса, түшүнчү эмесмин. Аялзаты балалуу болгондо гана турмушта бир нерсеге жеттим дейт тура. Бала сени көп жерден колдоп, дем-күч берет жана балаң үчүн жашап, максат кылат турбайсыңбы.
– Куудул Тынар Курбаналиев ме­нен эки ажырым жолго түш­кө­нү­ңүздүн себебин сурасам болобу?
– Бул тууралуу гезитке Тынар аябай жылдыз болуп “эч нерсе болбой эле, чай ичип отуруп ушул чечимге келгенбиз, балам менен жакшы катышам” деп өзүн жакшы көрсөтүп интервью берген эле. Тынар ал маалда “билбейм, менин көңүлүм жок” деп туруп алды. Кийинчерээк билгениме караганда мурунку сүйлөшүп жүргөн кызынын турмушу болбой калыппы же ал өзү каалабайбы, айтор, Тынар экөө кайра табышып алган экен.
– Эмирге каралашып турабы, балаңыздын атасын тартып куудул болушун каалайт белеңиз?
– Кез-кезде. Боорго даба жок да, миң алыстатканды кааласам деле таланты болсо тартып кетиши мүмкүн. Уулумдун Тынардын жолун жолдошун кааламак эмесмин. Артисттик турмуштун көйгөйү бар. Күйөрмандардын мамилесин, атак-даңкка жетишип турган маалда баарын көтөрө билүү көпчүлүктүн колунан келбейт болуш керек. Талантын да, жеке жашоосун да бирдей алып кеткен адамдарга мен таң берем. Мисалы, Тынарга турмушка чыгып жатканда ал мени, мен аны түшүнөм, экөөбүз чыгармачыл союзда жашайбыз деп ойлогом. Жок, Тынар ошол маалда келген ооматты көтөрө албады.
– Куудулдар концерттерде “аяшкабыз” деп макташчу эле, алар менен дагы да жак­шы мамиледесизби?
– Эми чыгармачыл чөйрөбүз бир болгон үчүн карым-кат­на­шы­быз бар. Жолукканда сүйлөшүп, ал-жайды сурашып калабыз, бирок мурункудай эмес.
– “Келинге тарткан көшөгө, кө­гөрө бербейт өзү эле” дешет, келиндик доорду кандай сүр­дү­­ңүз?
– Нарындык кыздын Жалал-Абадга келин болуп барганынын өзү чоң сөз жаратат. Апам (мурунку кайненем) акылдуу адам. Тынар “сени менен бирге болбойм” деп кеткен күндө да “сен үчүн келбесе да, мен үчүн келер” деп мени менен чогуу жашап жүрдү. Бирок баласынын көңүлү жок болсо, уулу башка бирөө менен жашап кеткенин көрүп аргасы түгөндү. Баарына турмуш тараза экен, азыр уулумдун чоң энеси менен байланышып турабыз.
– Жеке жашооңуз кантти, колуңузду сурагандар барбы?
– Ооба, бирок мен балам үчүн чыныгы ата боло алчу мырзаны көрө алган жокмун, ошон үчүн колумду сурагандарга жок дегенге туура келди.
– Бардык айымдарды жагымдуу, сулуу кылган эркектин сүйүүсү экен, сиз ким үчүн сулууланасыз?
– Азыр болочок бакытым үчүн сулууланам. Анткени эч ким билбейт да бактысына кай жерден жолугарын. Сыртка чыга калсаң бакытың жолугуп калса, саксайып, кебетең келишип турбай, дароо мен башында ушундай болчумун дегенге жакшы деп койбоймбу. Жалгыз калам деп коркпойм, бир күнү өзүм каалаган мырзага жолугуп, аны менен туруктуу үй-бүлө курганга үмүт бар.
– Биздин сайтыбызда бир форумчу “Лилия мага жакчу, күндө “Кыргызстан Обондоруна” кат жазчумун, бирок бир да жооп алган жокмун. Азыр деле үнүн уксам эстейм” деген таризде жазган экен. 
– Ушундай күйөрмандардан таппайсызбы дейсиңби. Күйөрмандарым мени унутпай айтып жүргөнү жагымдуу.
– Өмүрүңүздө кубанычка толгон күн жана капа болгон кез...
– Уулум “Апама” деген ырды жаттап айтып бергенде кубандым. Ал эми капа болгон кезди 2007-жылы балам ооруканада жатып, өзүм жумушумдан четтеп калган учурда жолдошум той берип жатканын айтам. Ошондо үчөө тең бир келип, жашоомо катуу сокку болгон.
– “Аялзаты алсыз, бирок тили, дили менен ачуу, катуу боло алат” дегенге кошуласызбы?
– Алсыз дегенге кошулбайм.Мага чоң апам минтип үйрөткөн “акылдуу айым эч убакта кишиге жамандык кылбайт. Адам бирөөнүн көз жашы менен бакыт кура албайт” деп. Эгерде сен жолдошуң менен жакшы болом десең, анда кайындарыңды колго алышың зарыл. Ар бир айым өзүнчө генерал болуш керек.
– Эркектеги сулуулук деп эмнени түшүнөсүз, сизге жаккан актёр ким?
– Мага жаккан адам өтө сулуу эмес болсо да, жылдыздуу келип, сөзү менен өзүн алып жүргөнүнөн айырмаланышы керек. Көзү күлмүңдөгөн мырзаларды жактырам.
– Көзү тегерек эмеспи?
– Тынарга салыштырып айтып жатасың, ээ? Көзү тегерек болобу, бүтүк болобу, сүйкүмдүү болуп күлмүңдөп, ачык-айрым, орду менен сүйлөсө. Анан бала менен тил табыша билген мырзаларды баалайм, себеби балага жакын адам мээримдүү, баласаак келет. Карс-курс болгон, тымпыйып ичинен сызган мырзалардан чочулайм. Актёрлордон Талгат Нигматулин, анан Жейсон Стэтхэм жагат.
– Эртең менен ойгонсоңуз эле Стэтхэм жаныңызда турат дейли...
– Чачы жок бирөө турат деп кой, ха-ха-ха!.. Эми көрө калып эле чуркап барбайсың да. Ар нерсе жагдайга байланыштуу.
– Устатыңыз ким жана шакиртим деп кимди айтасыз?
– “Обондорунун” мурдагы редактору Разия Сыдырбаева. Анан да эфирге биринчи жолу чыгып Роза Аманованы Бек Борбиев деп адашып айткан учурларда Элмара Турсуналиева жанымда отуруп оңдоп турчу, ушул эжелер устаттарым. Шакиртим Азамат Эркинбаев. Менден тарбия алган ушул жигит, ал эми башкаларга үйрөтүү, сындоо менин милдетим эле. Чыңгыз Мырзаевдин сөзмөрлүгүнө баа берем, Нурзада менен Назира болсо карышкыр болуп калышпадыбы такшалып.
– Кызыктуу маектештик окшойт, эже, рахмат сизге.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Маек - Лилия Абдыбаитова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
25.03.2011. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жакчу эле,Кыргызстан Обондорунун легендасы Лилия Абдыбаитова болуп калды го менимче.
SUPER.KG видео
26.03.2011. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну аябай жагымдуу да Лилия эженин,озу татынакай.Кыргызстан обондорунун эн супер диджейи болчу убагында.
26.03.2011. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СИЗГЕ бакыт каалайм!
SUPER.KG видео
26.03.2011. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир убактарда бирден бир радио болуп эсептелинип калган кыргызстан обондорун, Лилия эжесиз элестетуу мумкун эместир чиркин
26.03.2011. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат жаман эркекке кор болгуча жалгыз жургон жакшы.
SUPER.KG видео
26.03.2011. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Profisionalduu alparuuchu bolgonu bilinip turat,erkin suilogonunon, sizge bakyt jana alban iyilikterdi kaalaim!!!!!!
26.03.2011. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagy sizdin ukkuluktuu ununuzdu jakshy korom... Jashoonuzda jalan baktyluu kundor bolsun, den-soolukta bolup, baktyluu ene bolushunuzdu kaalaym, al emi tatynakay (tfu-tfu koz tiybesin) balanyzga baktyluu balalyk kaalaym.
26.03.2011. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен видеонун унун уга албадым негедир...Эмнеге шум?Бактыгул микрофон деген бар эле сенде...Шамалдын унунон башкасын уга албадым...эххх радиодогудай элестетсем,андай болбой калды.
26.03.2011. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да лилия эжемдин аябай жакшы корчу лем...каап мнеге кетип калды кен...а насчет личного сиз тиги тынардан да жакшысына татыктуусуз....
26.03.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен "Обондорун" укканга убактым жок эле.Бирок, Лилия Абдубаитова деген ысымды коп укчумун.Аябай акылдуу аял экен, суйлогону жакты эстественный.
26.03.2011. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурул Исмаилованын унун укпадымго видеосунда (
27.03.2011. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azmatsyz Lili9! iygilikter!!! Kiyinki sanynda Tynar 4ygyp kalbasyn anan :))))
27.03.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обондорунун коркү болчу!Азаматсыз!Эч качан чокпонүз!Бактылуу болушунузга тилектешмин!
27.03.2011. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынардын кийинки алганы Лилия эжеден эмнеси артык болду экен.
28.03.2011. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лилия эже сизди келечекте дуйнодогу эн бактылуу аял болот деп элестетем. Сизге чексиз бакыт каалайм. Уулунуздун татыктуу сыймыктанган, бактылуу апасы болунуз ылайым. Сиз суперсиз! Жараткан озу колдосун.
28.03.2011. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лилия Эже менин сыйлаган адамдардын бири. Ушул кучунуздон тайбаныз.
28.03.2011. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жагымдуу добушунуз бар...
28.03.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле Кыргызстан обондорунун жузу болчу бир кезде, талантуу айым. Ишине, жашоосуна ак жол каалайм.
SUPER.KG видео
28.03.2011. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул эжэни суйлойт дэсе болот создору маанилуу уну таза,кыскасы баары жакшы
SUPER.KG видео
29.03.2011. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga bul eje a9abai jagat jakshy korom ushul ejeni .Ishinizge uigilik den soolukta bolunuz balanyzga merimduu ene bolup juro beriniz.
30.03.2011. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
үнү керемет да)))
30.03.2011. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири кем дуйно.... Эч капа болбонуз,сизге ийгилик каалайм. Баланыздын сыйын корунуз.
30.03.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabai ichim achyshyp ketti sizdin turmushunuzdu ugup.birok kelechek bugundon bashtalat deit
31.03.2011. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лилия эже алга!!!!!!
31.03.2011. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лилия эже алга!!!!!!
SUPER.KG видео
04.04.2011. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жакшы адамдардын баркын билбей турмушун бузуп койгон Тынар начар адам.ЛИЛИЯ Тынар сенин тенин эмес аны коп киши жактыра бербейт калганын озун тушуносун да...кыскасы сен дагы жакшы адамга жолугуп бактылуу болооруна ишенем. Буюрса ошол адам сенин баркынды билет.
SUPER.KG видео
27.09.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лилия эженин чыгармачылыгын абдан баалайм тынар болсо шрек лилия эжени элге таанылыш учун гана алган тынар байлыкты жакшы корот ушул куудул жакпайт тантык
SUPER.KG видео
14.10.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынар эски суйуусу деп Эмирди атап кетсе да канча убак кайын энеси менен чогу жашап кайниси Маратка да камкордук кылып жургонун оз козум менен коруп айколдугуно там бердим. Лиля эже бактылуу болунуз эмгегиниз акталсын Эмир элдин керегине жараган инсан болсун!!!
SUPER.KG видео
08.10.2012. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лиля эже мага ото жагат мага
SUPER.KG видео
26.02.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
лилия эже мага ото жагат мен ага жолукум келет
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо