Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МОСКВАНЫН АЛДЫНДАГЫ САЛГЫЛАШУУ

№439 1-7-апрель, 2011-жыл

Кикбокс

22-26-март күндөрү Москва облусунун Чехов районунда Дүйнө кубогу өт­кө­рүлдү. Кубандырганы, ага ата ме­кен­дик мушкерлерибиздин ий­ги­ликтүү ка­тышып келиши. Баш-аягы 15 мушкер аттанып, 9у байгелүү орундарга или­нип кайтышты. Арасынан Рашит Аманкулов менен Сталбек Дарканбаев өзгөчө ийгилик жаратып, чемпион аталышты. Бул акыркы мезгилде көрүнбөй кеткен кикбоксчуларыбыздын чоң жеңиши. Ошол жеңишке шыктандырып, даярдаган машыктыруучуларды атап кетпесек болбос. Москвага азаматтарыбызды Александр Воинов, Жанбулат Амантаев жана Маралбек Давлеткуловдор алып барып келди.
Намысты төмөнкү мушкерлер коргошту. “Гермес-профи” (Бишкек) – Айбек Аилчиев (54 килограмм), Айбек Дүйшөнбиев (63 килограмм, 2-орунду ээледи), Алексей Федосеев (63, 2-орун), Мирлан Ибраимов (67), Сталбек Дарканбаев (71, 1-орун), Кумар Жалиев (75, 2-орун).
“Маралбек” (Бишкек) – Нурсултан Токтосунов (51, 2-орун), Авазбек Аманбеков (54, 2-орун), Шамиль Тагиров (57, 2-орун), Рустам Ибрагимов (60, 3-орун), Калыбек Жолдошев (63), Руслан Чекиров (63), Адылбек Болотбеков (81).
“Мухаммед-Умар” (Ош) – Рашит Аманкулов (91, 1-орун).


Футбол

КЫРГЫЗСТАН ӨЗБЕКСТАН МЕНЕН БЕТТЕШЕТ

Айдын башында олимпиадалык курама командабыз ирандыктарды жеңе албай «Лондон-2012ге» катышуу укугунан ажыраган. Өткөн аптада болсо Кыргызстандын Азия кубогуна катышуу кыялынын ойрону чыкты. Мальдив аралдарында өткөн тандап алуу оюндарында футболчуларыбыз Тажикстан (1:0) менен Мальдив Республикасына (2:1) утулуп, мелдештен учуп кетти (акыркы оюнда Камбоджаны 4:3 эсебинде жеңишкен). Бирок муну менен футболдук жашообуз токтоп калбайт. 31-мартта Куала-Лумпурдагы АФКнын штаб-квартирасында 2014-жылы Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын чүчү кулак таштоо аземи өттү. Тагдырдын буйругу экен, 2-баскычтан күрөшкө кошула турган футболчуларыбыз Бразилияга карай сапарында коңшу Өзбекстанга конокко бармай болду. Чүчү кулак биз үчүн ийгиликтүүбү же жокпу? Муну өз ара оюндардын натыйжалары айтып берет. Буга чейин Кыргызстан Өзбекстан менен 4 жолу кез келген жана баары атаандаштарыбыздын пайдасына чечилген. Өзбекстан АФКнын рейтингинде 9-орунда турса, биз 25-катардабыз. Январда Катарда өткөн Азия кубогунда коңшуларыбыз жарым финалга чейин жеткени белгилүү. Биринчи оюн 23-июлда Ташкентте өтсө, Бишкекке чоң майрам 28-июлда келет. Ошентсе да азырынча бул тирешүүнүн бир жакшы жагы бар. Башкача айтканда, узакка баруунун кажети жок (Австралия туш келип калса кантмекпиз?). Үнөм болот...


Футбол

МУНДИАЛДЫН БААТЫРЛАРЫНАН 100 ПАЙЫЗ НАТЫЙЖА

25-мартта Европада 2012-жылы Украина менен Польшада өтүүчү континенттин биринчилигинин тандап алуу оюндары уланды. Өткөн жылы ЮАРда өткөн мундиалдын байгелүү 3 орунунун жеңүүчүлөрү Испания, Голландия жана Германия өз тайпаларында үстөмдүгүн орнотуп алышкан. Ошондой эле Орусиянын өз тайпасында лидерлик позициясын жоготконун да марттагы тандап алуу оюндарынын башкы окуяларынын катарына кошсок болот. Ал эми кийинки тур оюндары 3-июнда болмокчу.

«А» тайпасы

25-мартта. Австрия – Бельгия - 0:2
26-мартта. Германия – Казакстан - 4:0
29-мартта. Түркия – Австрия – 2:0
29-мартта. Бельгия – Азербайжан – 4:1

«В» тайпасы

26-мартта. Армения – Орусия - 0:0
26-мартта. Ирландия – Македония - 2:1
26-мартта. Андорра – Словакия - 0:1

«С» тайпасы

25-мартта. Словения – Италия - 0:1
25-мартта. Сербия – Түндүк Ирландия - 2:1
29-мартта. Эстония – Сербия – 1:1
29-мартта. Түндүк Ирландия – Словения – 0:0

«D» тайпасы

25-мартта. Люксембург - Франция - 0:2
26-мартта. Босния - Румыния - 2:1
26-мартта. Албания - Беларусь - 1:0
29-мартта. Румыния – Люксембург – 3:1

«Е» тайпасы

25-мартта. Венгрия - Голландия - 0:4
29-мартта. Голландия – Венгрия – 5:3
29-мартта. Швеция – Молдова – 2:1

«F» тайпасы

26-мартта. Грузия - Хорватия - 1:0
26-мартта. Израиль - Латвия - 2:1
26-мартта. Мальта - Греция - 0:1
29-мартта. Израиль – Грузия – 1:0

«G» тайпасы

26-мартта. Уэльс - Англия - 0:2
26-мартта. Болгария - Швейцария - 0:0

«Н» тайпасы

26-мартта. Норвегия - Дания - 1:1
26-мартта. Кипр - Исландия - 0:0

«I» тайпасы

25-мартта. Испания - Чехия - 2:1
29-мартта. Литва – Испания – 1:3
29-мартта. Чехия – Лихтенштейн – 2:0


Формула-1

АВСТРАЛИЯ БАШТАДЫ,
НЕМИС МАШИНАСЫ ЖЕҢДИ

27-мартта автоспорт сүйүүчүлөр үчүн көптөн күткөн күн келип, Формула-1 жарыштарынын сезону старт алды. Алгачкы жарышты Мельбурндун Альберт-парк трассасы кабыл алды. Австралиянын Гран-Присинде жеңүүчү деп учурдагы чемпион германиялык Себастьян Феттель (“Ред Булл” командасы) аталса, орусиялык Виталий Петровдун 3-орунга илиниши сенсация жаратты. Финиш сызыгын 2-болуп «МкЛарен» командасынын өкүлү англиялык Льюис Хэмилтон кесип өттү.
Жарыштан кийин Феттелдин биринчи аракети “Кумардуу Кайлини” эркелетип сылаганы болду. Тактап айтсак, анын болиди дал ушинтип аталат. Буга чейин ал “Таттуу Лиз”, “Азгыруучу Мэнди” менен көңүл ачкан. Андыктан ал: “Кайли экөөбүздүн мамилебиз жакшы башталды”,- деп тамашалады. Ал эми көпчүлүктү таң калтырган Петров: “Ийгиликке жетишиме мыкты старт алганым себеп болду”,- деп билдирүү жасады. Эмки жарыш 10-апрелде Малайзияда өтөт.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg


Сталбек Дарканбаев, Нурсултан Токтосунов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
02.04.2011. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Кыргызстан!Озбектерди женгиле!
SUPER.KG видео
05.04.2011. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сталбек красавчик го)))
SUPER.KG видео
05.04.2011. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a emnege Rashit Amankulovdon maekteshpedinizder??? al dele 1 orundu algango
SUPER.KG видео
07.09.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сталбек молодец, вперед
SUPER.KG видео
07.09.2011. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stal menin solnishkom molodets, ya gorjus s toboi!!!!!!!!!!T|
25.10.2011. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stalbek alga!!!!!!!!!!!!!!
04.02.2014. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Нурсултан, Сталбек! Алга кыргызымдын жигиттери!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо