Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

УУРДАЛГАН АКЧА ӨЛҮМ АЛЫП КЕЛДИ ЖЕ «ӨЛСӨК, СӨӨГҮБҮЗДҮ ЧОГУУ КОЙГУЛА...»

№439 1-7-апрель, 2011-жыл

Төмөндө мамлекеттин пенсияга бериле турган 4 миллион сом акчасын жашырган эне менен кыздын азапка кабылып, аягында жашоо менен кош айтышканы тууралуу аянычтуу окуя баяндалат. Баарынан да он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыздын ак жеринен азгырылып, курмандыкка айлангандыгы зээнди кейитет. Барымтада жатып “биздин дайыныбыз чыкпай кетсек өлүгүбүздү тапканга аракет кылгыла... Экөөбүз силерди кечке ойлоп жатабыз, мен апамдан ажырай албай койдум...” деп жазганычы.

ПЕНСИЯГА ДЕГЕН АКЧАНЫ АЛЫП КЕТКЕН БОЙДОН ЖОК
2010-жылдын 11-майында Сокулук райондук ИИБине “Кыргыз Почтасы” ишканасынын Сокулук райондук филиалынын директору Абрамановдонаталган ишкананын кассири 1964-жылы туулган Кызкараева Майрамкүл Ашыбековна Сокулук райондук “РСК Банкынан” пенсияга деген 4 миллион сомду алып кеткен боюнча дайынсыз” деген арыз түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталат. Иликтөөнүн жүрүшүндө Кызкараева менен кошо кызы Нургүл да дайынсыз жоголгону билинет. Нургүлдүн сүйлөшкөн жигити Мирланга 10-майдан 11-майга караган түнү аны менен коштошкон маанидеги СМС жөнөткөнү аныкталат. Эне менен кыздын туугандарынан бери бүт текшерилип, сүрөттөрү Чүй облусунун бардык ИИБдерине, Бишкек ШИИБине жана чек ара кызматынын бөлүмдөрүнө жиберилет. Чет өлкөгө качып кетүүсүнүн алдын алуу максатында “Манас” аэропорту, темир жол жана автобекеттер көзөмөлгө алынат. Аракеттердин акыбети кайтып, Нурлан кызы Нургүл ысымдуу адамга 31-майда жолго чыгуучу Бишкек-Москва маршруту боюнча поездге билет алынганы аныкталат. Бирок аталган багыт боюнча жүргүнчүлөрдүн арасынан Нургүл табылбайт. 2010-жылдын 2-июнунда милиция кызматкерлерине Кызкараева Майрамдын кичүү кызы Жаңыл эртең менен эжеси телефон чалгандыгын айтат. Анда Нургүл сиңдисине барымтада кармалып турушкандыгын жана аларды Чынара аттуу аял балдары менен чогуу коркутуп жаткандыгын айткан боюнча дайыны билинбей кеткен. Оперлер Нургүл чалган номерди текшеришкенде, Бишкектеги борбордук телеграф болуп чыккан.

КЫЛМЫШКА ЭМНЕ СЕБЕПТЕН БАРГАН?
Кылмыш иликтөөчүлөрдүн тергөө-иликтөө иштерине таянып берген маалыматы боюнча окуя мындай болгон: Сокулук районуна караштуу “Кыргыз Почтасы” ишканасында кассир болуп иштеген Кызкараева Майрамкүл аталган районго караштуу почта түйүндөрүндө иштеген почточуларга 500 000 сом карыз болуп калат. Анын кыйналып жүргөнүн билген чогуу иштешкен Р.Ч. аттуу айым пенсияга деп келген акчаны уурдоону айтат. Майрамкүл көнгөндөн кийин кантип уурдоонун планын түзүшүп, даярдана башташат. Ошентип, 2010-жылдын 11-майында план боюнча саат 9:30дарда Майрамкүл кызы Нургүл менен Р.Чнын уулу Б.Анын автоунаасында банктын алдына келишет. Нургүл менен Б.А. машинада калышат. Майрамкүл банкка кирип 4 миллион сомду алып келип отургандан кийин Р.Чнын үйүнө келишет да, бөлүп алышат. Майрамкүл “бул почточуга мынча, тиги почточуга түкүнчө карыз элем, берип кой” деп Р.Чга 500 000 сом эсептеп берет. Майрамкүл сурангандай эле Р.Ч. карыз болгон кишилеринин баарына акчаны таратып берет.

ӨЛТҮРҮП, СУУГА ЫРГЫТЫП ЖИБЕРИШКЕН
Майрамкүл кызы Нургүл менен эми кантип Кыргызстандан чыгып кетүүнүн айласын издей башташат. Р.Чнын улуу уулу Б.Т. Майрамкүлгө жана кызы Нургүлгө паспорт жасатып берем деп алардан 8000 доллар алат да, жарандык никедеги аялы Т.Анын Ысык-Атадагы Гидростроитель айылындагы таанышынын үйүнө алдап алып барып камап коёт. Ошентип, мыйзамсыз миллионерлер барымтадагыларга айланат. Нургүл үйдөн качып чыгып, сиңдиси Жаңыл менен телефон аркылуу сүйлөшөт да, милицияга кайрылуудан коркуп, апасын ошондой оор абалда жалгыз таштап кете албай “өлсөм, апам менен чогуу өлөйүн” деп азаптуу үйгө кайрылып барат. Ал жерден апасы курбусуна, кызы жигитине жана эжелерине аппликация барагына кат жазып, дивандын бурчуна бекитип коюшат. 3-июнь күнү кечинде бир туугандар Б.Т. жана Б.А. келишип экөөнү электрошок менен токко урдуруп, муунтуп өлтүрүп коюшат. Анан аларды машина менен Ысык-Ата районундагы Кең-Булуң айылына алпарып, айылды жандап өткөн ЧЧКга чөктүрүп жиберишет. Алардын сөөгү кийинчерээк ар башка жерлерден табылып, буга чейин ким экендиктери белгисиз бойдон калып келген.

КЫҢЫР ИШ КЫРК ЖЫЛДА ДА БИЛИНЕТ
Кылмышкерлерди кармаган топтун мүчөсү ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мүлк кылмыштарын ачуу бөлүмүнүн улуу оперкызматкери Алмаз Мусаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул кылмыш боюнча ар кайсы версиялар менен иш жүргүзүп жаттык. Бизге Майрамкүл жана анын кызы камалып жаткан үй тууралуу маалыматтар келип түштү. Ал үйгө барып, үйдүн ээсин суракка алганыбызда маалымат тастыкталды. Үйдүн ээсинин аялы эне менен кызынын өлөр алдында жазып, дивандын бурчуна бекитип коюшкан жеринен таап, бекитип койгон каттарды берди. Анда “Чынара аттуу аял балдары менен чогуу бизди өлтүргөнү жатат...” деп жазылган. Атайын оперативдүү изилдөө иштеринин натыйжасында Б.Тнын аялы Т.А. Кант шаарынан, Р.Ч. жана Б.А. Бишкек шаарындагы кичирайондордун биринде жашырынып жүргөн жеринен, ал эми Б.Тнын өзү Чүй облусундагы тоолордун биринде жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Сурак учурунда бир туугандар Кызкараеваны жана кызы Нургүлдү өлтүрүшкөнүн, алардын сөөгүн автоунаага салып барып Чоң Чүй каналына таштап салышканын моюнга алышты. Ал эми ушундай кандуу окуяларга алып келген, азгырган акча каякта экенинен дайын жок. Аял жана анын балдары акча кантип сарпталганын айтпай жатышат.
Замандашыбыз Майрамкүлдү кыйынчылык мезгилде курбусу кылмыш кылууга түртүп, кайра курбусунун балдарынан ажал тааптыр. Мына, окурман, акча деп напсисин тыя албагандар курмандыкка айланып, эң кымбат деген өмүрү менен коштошушту. Ал эми кылмыш жасагандар темир тор артында “жашаганы” турат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
01.04.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш пенсионер-н акчасын оной жол м-н кымырып коем деп кызынын убалына калды. 500 мин карызына 4 миллиондун эмне кереги, ач коздонуп козуно топурак толду.
01.04.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juroktu oorutat eken,kiz degen kiz da baikuw.
01.04.2011. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо жараткан озун сактай кор...
01.04.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
..эч нерсе айталбайм бирок козумо жаш келди..кызга боорум оруду..кыз ошондо коркпой милицияга кабар бергенде балким тируу калар беле деген менен кудайдын айтканындай болотда..
01.04.2011. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azyr but ele ak4a 4e4ip kaldy...

SUPER-INFO, "Б.Т" "Б.А" dep jazgandan kiin katyn emne 4ygaryp koidunar attary toluk jazylyp tursa katta???
kyzyksynar...
02.04.2011. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пенсионерлерге кыйын болуптур,бир жылсыз пенсия алышпайт эми. Акча азгырык,колдун кир деген ушу да.
02.04.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tan kaltyrgany emnege oshoncho akchany kolgo beret bank obychno inkassator menen jetkiret emespi.
ekinchisi oshol akchany uurdap alabyz deshkende oilonushkan jokpu ushintip ele kalyp kalbasyn barybir izdelmek,4000 min som emes go akyry million bolup jatpaiby.....
02.04.2011. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кылмышкерлерге атуу окумун кана чыгарыш керек. Боштондука чыкса дагы канчасын жок кылат, ким буга кепилдик бере алат.Кыргызстанга атуу окумун чыгармайынча Кыргыздар уурдаганы уурдаган. Катуу темирдей тартип керек. Тартип, тартип, тартип!!!
03.04.2011. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар Таалайбек негизи катуу тартип керек, зордуктаган кылмышкерлердин бир жерин кесип салыш керек!
03.04.2011. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошондо кыз зордукто токтоп калат.
03.04.2011. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тартип тартип жана тартип керек бизге
03.04.2011. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх, жапжаш кызга кейидим, тагдыр да, тагдыр! Анда эмне куноо??? Акчаны уурдаптырсынар, а секелек кызды эмнеге аралаштырасынар???
03.04.2011. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин дагы ыйлагым келип жатат бул кыз бир убактарда менин суйлошкон кызым эле...
03.04.2011. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iyiman ber jaratkan!
04.04.2011. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ...кудай. жаш кызда эмне куноо десен.........тиги канкорлордун жазасын бериш керек..но бул жерде аял да озу куноолу
04.04.2011. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дейбиз бейиши болсун........
04.04.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурдаганга да, олтургонго да, Кудай ынсап бербесе кыйын да.Бул баарыбызга сабак болсун!Эй мусулмандар Алла баарыбызга ыйман берсин!
04.04.2011. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар каякка бара атабыз!!!!!!!
04.04.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай атаң көрү Кыргызстанда өлүм жазасы бар болгондо карачы????
04.04.2011. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу момун мусулмандар тобо кылып журууну унутпайлычы.
05.04.2011. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча кандай жолдорго гана алып барбайт эээ......тообо кылайлы......1 сом болсо дагы пешене терибиз менен тапкан акчабыздын берекесин берсин....!
06.04.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам иш аш болбойт. Орто жолдон акча табам деп өмүрүнөн айрылды тиги айым, жалгыз дагы эмес кызын да көргө алып кетти. Жаткан жери жайлуу болсун. Ал эми адам өмүрүнө кол салгандар калган өмүрүн темир тор артында соолуп өткөрүшсүн.
08.04.2011. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жеринер жайлуу болсун!я очень хорошо знал этих людей кого убили и кто убил.хочу сказать на счет Нургули девушка была очень хорошая и очень красивая,мало кто знает что 2005году 25декабря она стала мисс Сокулука.
08.04.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizdar,kirgizdarday bololuk..!ozbekterdin a4kozdugun koldoboi..oww jaktiktar kirgiz emes taza ele ozbekterdey bolup ketkenin uwundan bilsen bolotda,anan aytsan taariniwat! mina uwintip biri birin satip jiberiwet ak4a degende..ak4a dep olup,emi ak4ani dagi tigil duynogo alip kete albaribizdi uwundan tuwunsok bolotgo dep oiloim! menim4e ak4ani oz kolun menen,taza iwtep algan jakwi..kilteygen uydo korkup jawagi4a,ki4ine walawta dostukta jawagan jakwigo deym! devo4ku jalko!
17.04.2011. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул адамдар Ош эмес тундук эле жактан окшойт! Бизде Бишкекте мындай кылмыштар болбойт дейсинерби????
05.07.2011. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги олтургон кишилердин аттарын, суротторун ачык коюш керек!!! Аларды жашырганда емне??? Ууурубу, адам олтургучбу суротторун кочого чон кылып илип коюуу керек!!!Алар кочодо баса албай турган болушат. Башка адамдын тагдырын чечкен АЙБАНДАР!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!1
15.07.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pearle туура айтат. алардын суроту менен чыгарсанар жакшы болмок. Ошол мыкаачылардын коздорун тиктеп карагым келип жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо