Азамат & Бегимай: «ОРТОБУЗДА АЗЫРЫНЧА ДОСТУК ГАНА БАР»

№439 1-7-апрель, 2011-жыл

Азамат менен Бегимай биздин гезиттеги фотоновеллага тартылгандан кийин “ушулар тууралуу жазыңыздарчы” алтургай “10 миң сом берем, телефон номурун бериңиздерчи” деп келген окурмандар да болду. Кезек мыкты роль жаратып кыргыз киносуна салым кошсок деп дегдеп турушкан Азамат менен Бегимайда.

АРЫКОВ АЗАМАТ КЫЛЫЧБЕКОВИЧ
Туулган жылы, жери – 1985-жыл, Жумгалдын Чаек айылы
Билими – Көркөм сүрөт академиясы, дизайнер
Жакшы көргөн киносу – Тарантинонун бардык тасмалары
Сүйүктүү актриса, актёру – Брэд Питт, Мукамбет Токтобаев, Анжелина Жоли
Катыра жасаганы – Палоо
Жетишкендиктери – 2010-жылы “Эркектин мыкты ролу” (“Өлүүлөр жана тирүүлөр”)
Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы

ТУРАТБЕКОВА БЕГИМАЙ НУРЛАНОВНА
Туулган жылы, жери – 1990-жыл, Түп району
Кесиби – Эсепчи
Жакшы көргөн тасмасы – “Побег”
Сүйүктүү актриса, актёру – Таттыбүбү Турсунбаева, Советбек Жумадылов
Жетишкендиги – 2011-жылы “Аялдын эң мыкты ролу” (“Талас-Бишкек”)
Учурда актриса, модель, бойдок

– Азамат, Бегимай, редакцияга куш келипсиңер. Элге силер актёр, актриса катары таанымалсыңар. Бул тармакка кандай баш багып калдыңар эле?
Азамат: – Менин бул тармакка келишим өзүнчө эле чынжырча. Көркөм сүрөт академиясында окуп жүргөнүмдө агайым Замир Илипов талантымды байкап, “Оймо” студиясына чакырган. Ал ошол кезде бул студиянын мүчөсү экен. Мына ошол жерден багым ачылды десем болот. Жаңы жылдык кечеде режиссёр Айбек Дайырбеков Аяз ата болуп, ага “мени клибиңиздин же киноңуздун бир эле жеринен чуркатып өткөрүп коюңузчу?..” деген таризде кат жаздым. Туура кылган экенмин. Аяз ата менин каалоомду орундатып, Съездбектин “Селкиге” деген ырынын клибине тартты. Бул клипти монтаждаган Мырзабек Айдаралиев шыгымды байкап, “Шайтан араба” тасмасына чакырды. Анан “Уурунун махабатына”, “Стоп трафикке”, “Аятка”, баш-аягы 20дай тасмага тартылууга жетиштим. Кээ бирөөлөр ойлойт экен, «Эрнест Абдыжапаров жердешчилик кылып алып келди» деп. “Уурунун махабатына” тартылып жатканымда гана билдим, жердеш экенибизди. Ошондо агай “сен да чаектиксиңби?” деп аябай таң калган.
Бегимай: – Мен элге “Талас-Бишкек” тасмасындагы Аселдин ролу аркылуу таанылдым. Режиссёр Бакыт Карагуловдун чакыруусу менен “Кыргызфильмге” келип, ал жерден фотопробадан, андан кийин Чыңгыз Мырзаев экөөбүз видеопробадан өттүк. Жаксак керек, эртеси эле тасмага тартылууга Таласка жөнөп кеттик. Мындан сырткары бир нече клипте роль жараткам.
– Келечектин таланттарын эрезеге жеткирген адам­дар тууралуу да билгибиз келет?
А: – Ата-энем жумушчулар. 4 бир туугандын улуусумун, сулуусумун дебейминби. Кичинекейимде түшүнбөстүктөн атамды жаман көрө берчү экенмин. Анткени аябай катуу болчу. Эки жакка чыгарчу эмес. Азыркы тил менен айтканда, лимит коюп койчу, «сабактан мынчада келесиң, мынчада спорт залга барасың» деп. Эгер атам катуу болбосо, мен чындап эле бузулуп кетмекмин. Азыр сүйүнөм, дин жолуна да түштүм. Кандай отуруш болбосун, ичимдиксиз өткөрөм.
Б: – Менин ата-энем да катуу кишилер. Киного тартыларда сурана албай бир топ кыйналгам. Апам экөө тең “болбойт!” деп туруп алышканда аргасыздан режиссёрду ортого салып, уруксат алгам. Тартылуу учурунда саат сайын телефон чалып турушту. Кызыгы, тасманы көргөндөн кийин апам “кечирип кой, кызым. Биз сенде мындай талант катылып жатканын билбептирбиз” деп жашыды. Азыр ата-энем, бир туугандарым мени ар тараптан колдоп, сыймыктанып калышты.
– Азамат, www.super.kg сайтында сен тууралуу “Алини ойногон актёр «укмуш аткарып жатам» деп ойлогон окшойт, бирок ага караганда терс каармандын ролундагы Аскар жакшы аткарыптыр” деп комментарий калтырышыптыр. Сынды кандай кабыл аласыңар?
А: – Чынын айтсам, сындар мени күчтөнтөт, бирок көңүлүмө катуу тиет. Ал эми жакшы пикир көңүлүмдү жибитет, 3 эсе күч кошот. Эми ар кимдин ою ар кандай болот да. Кудайга шүгүр, бул тасмага тартылгандан кийин кадыр-баркым өсүп, конокко чакыруу ала баштадым, бекер байпак кийдим дегендей.
– Бекер байпак?
А: – Ооба, базардан байпак алайын десем, сатуучу мени дароо таанып, «сага бекер эле» деп берди.
– Жакшы экен. Бегимай, сага биринчи сынды ким айтат?
Б: – Таежем, апам. Мен жаңыдан эле бул тармакка баш бакпадымбы, азырынча катуу сын уга элекмин.
– Мүмкүнчүлүк берилсе кайсы актёрлор менен киного тартыл­максыңар?
А: – Мен алыс кетпей эле коёюн, орустардын Сергей Безруков, Евгений Миронов өңдүү актёрлору менен тартылмакмын. Ушулар менен тартылып алайын, анан Голливуд жылдыздарына чабуул коём. Бирок менин кыялым сөзсүз орундалат. Себеби Мукамет Токтобаев, Табылды Актанов менен тартылсам деп кыялданчу элем. Алар менен бир тасмада тартылганга жетиштим, бири атам, экинчиси кайнатам болуп аткарышты. Ошондуктан кыялдана берейин жыргап.
Б: – Алгач Кыргызстанда эле кеңири таанылып алайынчы. Азыр жашмын, турмуш алдыда дегендей.
– “Кемчиликсиз адам болбойт” деп коюшат эмеспи. Арыла албай жүргөн адаттарыңар барбы?
А: – Ой, көп эле. Ишенчээктигимдин запкысын көп тартам. Көптөр эмгегимди пайдаланып, төлөбөй кетишет. Эми менин деле береселерим бар. Кээде Кудай мени жазалап жатат го деп ойлоп коём. Анан анча-мынча сөгүнүп коймоюм бар. Аракет кылып жатам, азайтканга. Дагы бир кемчилигим, кыздарга жакынмын. Муну турмуштун белеги деп кабыл алам.
Б: – Адамды көп күттүргөнүм өзүмө деле жакпайт. Азыр 5 мүнөттө жетем дейм, күзгүнү тиктеп отуруп...
А: – Ооба, мунун азыр дегени алты саат, эми дегени эки саат. Эми так жүргөнгө үйрөнүп жатат. Кечиксе кадимкидей урушам, бөйрөккө койгулайм, тамаша. Мага деле так жүргөндү Айбек Дайырбеков үйрөткөн. Учурдан пайдаланып ага рахмат деп коёюнчу.
– Экөөңөрдү фотоновелла табыштырдыбы же ага чейин тааныш белеңер?
А: Эрнест агайдын мастер-клас­сы­нан таанышкан­быз.
– Азамат, Бегимай менен сен аркылуу гана байланышып калдык. Эмне, продюсерисиңби же...
А: – Же жигитисиңби дегени турасызбы? Мен чыгармачылыкта көп жерден чалындым, жыгылдым. Мына ошолорду көрбөсүн деген ниетте гана багыт көрсөтүп, кеңешимди айтып келем.
Б: – Мен да айта кетпесем болбос. Азамат байкени дос катары гана эмес, бир тууган агамдай көрөм. Кеңешчим, сынчым. Аябай ишенем.
А: – Минтип айтсак эл бизге ишенбеши мүмкүн.Ортобузда азырынча достук гана бар. Ким билет, балким, мамилебиз өзгөрүп кететтир. Өзгөртүү азырынча планда жок.
– Достук жөнүндө сөз болуп кетти, достукка туруктуусу­ңарбы?
А: – Менин спорт, кино, дин жолундагы, бардык тармактан досторум бар. Алардын ичинен Элдияр, Руслан, дагы бир Элдияр аттуу досторум менен тыгыз байланыштамын. Бири үйлөнүү тоюмда күйөө жолдош болгон. Кайнене-кайнатамдар менден да, аны жакшы көрүшөт.
Б: – Эки классташ кызым менен гана жакшы сүйлөшпөсөм, өтө жакын деле курбум жок.
– Актёр менен актриса бош убактыларында эмне кылышат болду экен?
А: – Спорт залга барам. Биринчиден, ден соолугуң чың болот. Экинчиден, келбеттүү болуп, Бегимайга окшогон сулууларга жагасың. Анан да компьютерди тытам, мыкты ашпозмун.
Б: – Мурда сууда сүзүүгө барчу элем. Азыр ата-энемдин алдына жеткенче шашам. Мындан сырткары салатты түрлөп жасаганды, тандырга кыпкызыл кылып нан жапканды жакшы көрөм. Өзүм тоок бастырып, балапан багам.
– Келип кызыктуу маек куруп бергениңер үчүн рахмат. Чыгармачылык эргүү каалайм.

(Маектин видеоверсиясын www.super.kg сайтынын
"Супер ТВ" бөлүмүнөн көрө аласыздар)


Жылмайып коюңуз!

Ресторанда. Азамат менен Бегимай тамактанып отурушат. Бир убакта Бегимай:
– Азамат байке, режиссёрлук жагыңыз да бар эмеспи. Качан кино тартасыз?
– Эми кино тартпайм го.
– Эмнеге?
– Мемуар жазганы жатам.
– Чын элеби?! Анда колуңузду тиземден алып коюңузчу?!

Дамира Арстанова
star@super.kg


Азамат, Бегимай: "Ортобузда азырынча достук гана бар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(58)
04.04.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura men Azamat Arykovdu jakshy taanyim al baardygyna birdey mamile jasait jana erkekche jurot. Anan talanttuu jana adamkerchiliktuulugun bir kinosuna tartkan rejisser ekinchi kinosuna kaira cakyrgany aitat. Iygilik kaalaim!
04.04.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭЭЭййй! Туугандар!!! Бироого сын таккандан качан токтотобуз!? Ошолордун каталарын коруп озунорду ондобойсунарбы?! Алар ээми осуп келе жаткан жаш актерлорго! же коралбастыкпы? Мен ойлойм келечектеги чыгаан жаштар деп! Азаматсынар АЛГА!!! Экоо тен жылдыздуу адамдар!!!
04.04.2011. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козун чукуп ала жаздады го )))
04.04.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tatynakai kyz eken, birok suilogondu bilbeit eken, dolduroit go jon ele, oshentse da baleenin baaryn bilgen, balta chotu janynda bul kyzdyn
05.04.2011. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'azirin4a dostordonbuz'-eto uje govorit o mnogom. Kajets9 u nih lubov'-morkov' budet, potomu 4to mejdu muj4inoy i jenwinoy drujbi ne bivaet. A 4e tut takogo to, krasiva9 paro4ka, ya za nih)))
05.04.2011. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой кантип эле Бегимай интернетке кызыкпасын? Жана Азамат спорт менен машыгаарын кудай билет, оз козун менен корбогондон кийин, кыргызда жакшы лакап бар: "Мин уккучакты бир коргон жакшы" деегндей.А негизи айта салсам,биздин ортобузда достук, анан балким кийин эмне болот деген дей айтып жатпайбы, мен айтарым Азамат кары го Бегимайга эгерде ушунча эле кийин суйууго айланып кэтсе,демек болбойт Азаматка, мына мен болсом болот :-)
05.04.2011. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А негизи Талас -Бишкек тасмасы жакшы тартылыптыр,баарынарга корууго чакырам.
05.04.2011. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээх достор достор Кино деп Толомуш Океевдин кинолорун айткыла,Леонид Гайдайдын кинолору унутулгус,очпос мурастардын бири.Суймонкул агабыз кандай ролдорду жараткан,а кишиге эч бири тенеле албайт.
05.04.2011. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еу эл журт,айрыкча коз айнекчендер. Азаматын башындагы гулду корбой, булганып калган бут кийимин коруп жатасынарго. Эн биринчи башынардагы чырмоокту алып салсанар, айлана тегере айдай жаркырай тушот.
05.04.2011. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга бир кана Ийгилик!!!
05.04.2011. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamattin balasi jana ayali bolso al Begimay menen emnege jurot? Begimay Suluu kiz ekensin ubakitiindi otkorboy eki jagindi jakshilap kara.
SUPER.KG видео
05.04.2011. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи Азаматка мен Иссыкульский беш бармактан баа бергем. аябай жакшы аткарат экен. суйлогондору манералары баары естественно. ошо кинодогу азаматтын главары болуп аткаргандын суйлогонучу жасалма, жарашпайт. итиркейин келет
SUPER.KG видео
05.04.2011. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азамат негизи озу да абдан жакшы адам сыяктуу корунот
SUPER.KG видео
05.04.2011. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ууф,кыздын суйлогонунон журогум сыгылып кетти,эзилет боткодой болуп
SUPER.KG видео
06.04.2011. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyz myncha choylat go, tars-tars suylop ele tyn joop berbeybi...
SUPER.KG видео
06.04.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kiz vopshele blondinkaken. mindailar dele kerek kinogo, suluu birok muzdaktai.
SUPER.KG видео
06.04.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimaidin kuiosunon bir kizi bar. eshe ajiraship ketken dep "Asman Press"ten okusam kerek, anan kandai bolup kalat tushunbodum...
06.04.2011. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы жакшынакай кылып жаратыптыр кудай ... сопсонун экоо тен...кыз уян, чоюлуп назиктенгени туптура...бактылуу болсун, иштерине ийгилик..
SUPER.KG видео
20.04.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айланаааайыыыын тобооо кылдым ушундай да эзилеби суроого эптеп жооп бере албайт го, менин сага советим Бегимай дебат клубдарга катыш барып ошондо онолуп кетесин. Колдук кыздардай эммесин го? Азаматка келсек ал менин Азаматыма окшош экен. Эмне баардык Азаматтар окшош болушабы?)))))))
SUPER.KG видео
29.04.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Булардын экоонун мамилесинин эмне кереги бар бизге туугандар. Булар кимдер озу? Бир эле киного тартылса эле жылдыз болуп калабы. Буларга эскертуу катары айтып кетем, силер башка олкого барып атайын професионалдуу актерлука окуп келишинер керек. Силерге берген баам 2
SUPER.KG видео
04.06.2011. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
exxx, Begimai,men sizdi kelbetine t8p keliwken akylduu,achyk,waiyr,oozunan chan chykkan biykech eken dep iwenip kelgem. Birok,bul interv'yunuzdan kiyin,menin iwenichimdi aktabadynyz...(((
SUPER.KG видео
04.06.2011. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
al emi Azamat baike,chyndygynda abdan wayir,j8n8k8i jana chynchyl ekensiz! sizge baardyk jakwylyktardy chyn dilimden kaalaim! "odnaklassniki"ge bat-battan kirip turunuz,koment.tolup ketiptir 8))) teren urmatym menen asyla P.S.Begimai eje,albette aktrissa boluw onoi emes,sizdin talantynyz zor,negizi surdonboguz,baary jaiynda=)))
16.09.2011. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay tatyna kyz eken!
16.09.2011. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birok ekoonun ten kel beti kyrgyzdykynan ayirmalanyp turat eken.
SUPER.KG видео
17.09.2011. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ayabay soozulgan kyz go, kiynalip kettim suylop butkucho, suluulugu ele bolboso, jyldyzduu dele emes eken bul kyz. chachtary dagy saksayat ko aylanayin judoboy tarap albayby.
23.10.2011. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимай мен издеп жургон кыздын озу экен. Жактырып калдым аябай. Таанышып албайлыбы, мен Караколдон болом, кошуна экенбиз почти)))) Мага СМС жонотуп койчу тартынбасан. (Азырынча Кыргызстанда эмесмин, бирок коп коп келип турам) +971 55 6798820 Кутом.
SUPER.KG видео
27.10.2011. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз интервью бербей эле койсо болмок жоош экен.Суйлой албаса озун алакачса болот да,келип чойулуп отура бербей отурушу да жаккан жок.Ал эми Азамат АЗАМАТ жигит мен анын актерлук талантын баалайм.ИЙГИЛИК каалайм.
10.07.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Азамат акенин Аят 2си жакты
SUPER.KG видео
05.11.2012. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыз турмушка чыккангоо
SUPER.KG видео
17.07.2013. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Бегимай Азаматты жакшы коргондой сезилип жатат, сурдогону суйлой албай жатканы ошондон болсо керек а негизи экоондо тен талант бар. Бегимай аябай жылдыздуу татынакай кыз. Назиктиги жооштугу бул негизи кызга таандык муноз. Кыскасы Бегимай Туратбекова менин жакшы коргон актрисам
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо