Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЕЛИНДЕРДЕН ЭКИ ООЗ КЕП

№440 8-14-апрель, 2011-жыл

Тагдыр ташы ооп, түшкөн жеринде келиндик доорду сүрүп, кызмат кылып жатышкан биздин белгилүү жылдыздардын сүйүктүүлөрүнөн кабар алып койгубуз келди. Эмесе, бүгүн конокто төрт сулуу келинчек.

Султан Садыралиевдин сүйүктүүсү Асел Раяпова:
«ТЕСКЕРИСИНЧЕ, СУЛТАН МЕНИ КЫЗГАНАТ»

Үйдүн кичүү келини, 22 жашта
Жердиги – Талас

– Кыргыз кызы казак жергесинде кандай келин болуп жатат?
– Бардык эле келиндердей жаңы барганда аябай сүрдөдүм, жаңы жашоо башталганын сездим. Аларда жүгүнүү анча деле роль ойнобойт экен. Бирок мен өз салтыбызды кармап жүгүнүп жүрдүм. Таң калганым, мени көрүп келген элден жеңелеримдин көрүндүк алышы болду. Мындай нерсени мурда көрмөк тургай, уккан да эмес элем. Анан да көшөгөдө отурганымда кайнежемдин кичинекей кызынын мага “киши, киши” деп кайрылганы болду.
– Султан "келинчегим досторума жакпайт" деди эле. Эмнеге жакпайсың?
– Айрым достору ичкиликке жакын, жүрүш-турушу начар жигиттер. Мен жолдошумдун алар менен жүрүшүн каалабайм. Ошондуктан мени жактырышпаса керек.
– Кайсы иш колуңдан келбей жүдө­дүң?
– Казакстанда беш күн гана турдук. Жүдөгөнгө жетишпей деле калдым. Келип-кеткен коноктор көп болгондуктан, күндүн кандай өткөнүн, кантип Бишкекке келип калганыбызды да байкабай калдым. Негизи, ашканаларыбыз деле бирдей экен. Турмушка чыкканга чейин жасап эле жүргөн иштерим десем болчудай.
– Султан “мага улуу эжелер көп телефон чалышат” деген эле. Күйөр­мандарынан кызганбай элесиңби?
– Тескерисинче, Султан мени көп кызганып жиберет. Иштер менен жүрсөм да, 2 мүнөт сайын “каяктасың?” деп чалып турат. Мен болсо кесибине түшүнүү менен мамиле жасайм. Ооба, ага чалгандар көп, бирок Султанды сыйлаган күйөрмандарынан обу жок кызганбайм.


Ирлан Таалайбековдун аяры Аида Шакралиева:
«КАЙЫН СИҢДИМ МЕНИ БАШКАРГАНГА ЖАРАЙТ»

Үйдүн улуу келини, 19 жашта
Жердиги – Чүй

– Жаңы барганда кандай сындарга кабылгансың?
– Экөөбүз баш кошконго чейин эле Ирлан мени кайненем менен тааныштырып койгон. Кыз кезимде эле кайненем менен жакшы тил табышып, чачтарачканаларга бирге барып, дүкөндөрдү чогуу кыдырып калчубуз. Ошондуктанбы, сын деле уккан жокмун.
– Кайсы ишти туура эмес жасап алып бетиң кызарган?
– Таласта бир жума гана келиндик кызматымды аткаргангабы, туура эмес жасаганга жетишкен жокмун. Болгону, үйдөгүлөрдөн кеч ойгонуп калып, ыңгайсыз абалда калган учурлар болду. Бир жолу тогуз жарымга чейин уктап калыпмын. Анан кайын сиңдим ойготуп “үйдөгүлөргө чай бересизби?” дегенде бетим кызарган.
– Кайын сиңдилериң менен мамилең кандай?
– Кайын сиңдиге баймын. Үч кайын сиңдим бар. Улуусу биз менен жашайт, экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы. Ал эми ортончусу бышыгыраак, мени башкарганга да жарайт.
– “Келиндин төрөгөндөн кийин тили чыга баштайт” деп коюшат го...
– Балким, ошондойдур. Төрөгөнүмө төрт эле ай болду. Муну жакындарымдан сураш керек. Бирок болушунча өзгөрбөгөнгө аракет кылам.
– Ирлан ырчылыгын таштап чабан болом десе, айылда жашоого ма­кулсуңбу?
– Чабан болуп кетсе деле ырчылыгын таштабайт го. Айылдагы той-топурларга болсо да ырдап акча таап бага алат деп ишенем. Айылдын жашоосунан качпайм, убакыт келсе жашайт болушум керек.


Темир Назаровдун келинчеги Мунара Калдарова:
«ИЧЕГИ-КАРЫН АРТКАНДЫ КАЙНЕНЕМДЕН ҮЙРӨНДҮМ»

Бир үйдүн жалгыз келини, 24 жашта
Жердиги – Ош

– Мунара, баш кошконуңардан кийин Темирдин сага болгон мамилеси өзгөргөн жокпу?
– Өзгөрдү. Болгондо да жакшы жакка. Экөөбүз 3-класстан бери чогуу окуганбыз. Кошуна болгондуктан, бирге да ойночубуз. Ошондуктан бири-бирибизди бир туугандай эле жакшы көрчүбүз. Убакыт өтүп ал сезимдер сүйүүгө айланып, баш кошкондон кийин андан да жакын болуп калдык.
– Келиндик доордун эмнеси сүрдүү да, эмнеси жагымдуу экен?
– Темир менен кошуна болсом деле баары бир жаңы барганда аябай сүрдөгөм. Айрыкча кайнатанын сүрү башкача болот экен. Жагымдуусу, атам менен апамдын “кызым” деп өз кызындай көрүп, мени бат эле өздөрүнө имерип алышканы болду. Чогуу тургандыктан, билбегенимди үйрөтүп, кеп-кеңештерин айтып келишет. Мисалы, ичеги-карын артканды билчү эмесмин, кайненемден үйрөндүм.
– “Үйлөнгөндөн кийин Темирдин кү­йөр­­мандары азайып кетти” дегенге ко­шуласыңбы?
– Жок, буга кошулбайм. Темирдин талантын баалагандар анын үй-бүлөлүк абалына карабайт деп ойлойм. Баса, кызык окуя эсиме түшүп кетти. Биз жаңы үйлөнгөн кезде мага бир кыз чалып “билесиңби, Темир сени эмес, мени сүйөт. Азыр менин жанымда, ваннага кирип кетти” деп жатпайбы. Анда жолдошум “жаныңда отурганым жакшы болгон тура. Антпесе мага ишенмек эмессиң” деп баш чайкаган. Ашынган күйөрмандардын бул жоругу мени таң калтырган.


Азамат Болгонбаевдин жароокери Жайнагүл Тулелиева:
«КАЙЫН АТАМДЫ АТЫНАН АЙТЫП...»

Үйдүн улуу келини, 25 жашта
Жердиги – Чүй

– Жүгүнүүнүн ролу канчалык деп ойлойсуң?
– Күндө таң эрте үйдөгүлөр менен учурашкандан көрө, жүгүнүп койгон жакшы деп айтышат. Жүгүнүү ар жердин салтына да жараша болот эмеспи. Бизде, Чүйдө жаңы келгенде 3 күн эле жүгүнүшөт.
– Абысындардын арасында сага тың­сынгандары барбы?
– Алысыраак абысындарым менен жакшы эле катышам. Азырынча тыңсынгандарын деле байкай элекмин. Бирок жаңы келген келинге улуулары тыңсынышат деп угуп калам.
– Камырды итке ыргыткан учурлар боло элекпи?
– Кудай сактасын, болбой эле койсун. Кайненемдин колуна келгенден бери ар бир иштин майын чыгара жасаганга үйрөндүм. Мен андан үйрөнгөн да, үйрөнө элек да көп нерселер бар. Туура эмес иш жасап алсам да, ар дайым мага үйрүлүп түшүп, акыл-насаатын айтып турат.
– Турмуш кургандын эмнеси кыйын болду?
– Кыйынчылык эмес, тескерисинче, үй-бүлө куруп, балалуу болуу бакыт деп эсептейм. Мен жат үйгө келсем да, бат аралашып кеткениме кубанам.
– Кайын журттун алдында ыңгайсыз абалда калган күндөр болобу?
– Кайнатамдын жакында эле көзү өтүп кетти. Туугандарыбыздын көзүнчө көп учурда атамдын атын атап алып жаман абалда калып жүрдүм. Ошондон кийин ар бир сөзүмдү ойлонуп сүйлөп калдым.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(21)
08.04.2011. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиндин келгендегиси эстен кетпейт, деген жакшы кеп бар кыргызда.Эч кимисин сындабай эле коеюн.Келин болуу баарыбыздын башыбызда.Жашоо кызык, негизи.
08.04.2011. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темирдин жубайын биринчи жолу көрүп жатам.
09.04.2011. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Temir bir karaganda Mikaelge okshop ketet eken, tan kalyp koiyom. Baary jakshy, aman bolgula, ui-buloluk bakyt kaalaim!!!
09.04.2011. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ирлан толуп болуп калыптыр. Келиндер баарынар бактылуу болгула.
09.04.2011. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыныздарга уй-булолук бакыт каалайм,бактылуу болунуздар!
09.04.2011. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир аялы экоо пара эмес экен!Аялы аябай чон корунот экен.эмнеси болсо да баары бактылуу болушсун!
10.04.2011. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaldarynyn bary fotogenichnaya emespi?..ili ozdorunun uje tashtap koiushkanby?kuiolorunon uluu da korunushot eken.
10.04.2011. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялдары улуу жана чон корунгон себеби торогондон кийин толуп кетишсе керек да, Темир Назаров жаны чыкканда аябай жакшынакай корунуп суйгону кандай болду экен деп ойлоп койдум эле.Бактылуу болушсун!
11.04.2011. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темирдин аялы Гулнара Калдарованын синдисиго, Гулнара айтып журбоду беле Темирди менин синдиме кудалап коюшкан деп,ошол чынго дейм. Окоо пара эмес экен, аялынын прическасы кантет, кичинекей кыздай болуп чачына эмне тагып алган.
11.04.2011. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсо да окоо бактылуу болушсун!
11.04.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ошо Темирдин аялы эле жакты!
11.04.2011. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Султандын аялы жакты!!!
Экоо бири-бирине аябай жарашышат экен!!!
Бактылуу болуп кармашкан колунар эч качан узулбосун!!!
12.04.2011. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темирдин мурда Мунара деген апапакай ,аябай сулуу кызы бар экен деп уккам,ушул кыз экен да,бактылуу болушсун!
12.04.2011. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ирлан аябай чон киши болуп калыптыр))))
12.04.2011. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеп сулуулукта деле эмес да. эмнеси болсо да бактылуу болушсун! мага Султандын аялы симпатия жаратты
13.04.2011. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Irlandy voobwe taanygan jokmun.Baarynar baktyluu bolgula.
13.04.2011. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Качан кыргыз, айрыкча супер инфо,кыргыздын жер тубун жазганды токтотот! Ушинтип,тундук туштукко болунуп, онукпойбуз!
13.04.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан менен Асел пара экен. Баарынар бактылуу болгула!
23.04.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кто бы что бы не говорил У Темира жена красивая!!! чем у остальных!!! Темир МОЛОДЕЦ!!! ты захапал КРАСАВИЦУ!!! И жена Султана тоже ничешка
23.04.2011. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жена Темира наверно не знает что такое фото шоп!!! у нее естественная красота без краски и без шпаклевки!!! а другим женам СЛАБО??? так с фоткаться???
28.05.2011. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozunordu kuzgudon karap alyp synabaisynarby tuugandar. 5 kol ten emes ar kim ozu tandait.Temirdin aialy bir jakwyna ele bolup turat. Baktyluu bolgula baarinar!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо