Мерген Турган: «ӨМҮР КЕЧИ» ГЕЙЛЕРДИН ГИМНИ ДЕГЕНГЕ КОШУЛБАЙМ»

№440 8-14-апрель, 2011-жыл

Мерген Турган деген ысым эл оозуна кандай бат алынса, анын "Өмүр кечи" аттуу ыры да жарыкка чыгары менен калың элди каптап кеткен. Ырдын жаралыш тарыхы тууралуу автор өзү мындайча баяндап берди.

– Бул ырым 1994-жылы үч күн ичинде жаралган. Биз, адамдар бардык нерсени өз учурунда баалабайт эмеспизби. Качан гана убакыт өтүп кеткенде өкүнүп калабыз. Ушундай өкүнүч, ажал, сүйүү, айтор, бүт өмүрдү камтыган музыкалык чыгарма десем болот. Өзөгү өзүмдүн жашоомдон алынган.
"Тамчы урган терезеде жашыдым түндө,
Унута албайт окшойм, ойлойм сен жөнүндө.
Тагдырымды талдай сындырып, кайрылбадың,
Мени оюнчуктай ойнодуң неге?"
деген саптар бар эмеспи, жаш кезимде сүйгөн кызым менен таарыныша кетип, жүрөгүм ыйлаган. Сүйгөн адамың менен тагдырлаш болбой калсаң жаман экен да. Кадимкидей ошол кезде өзүмдү таштап салган элем. Керек болсо бул жашоодон кетким келип, жаман абалда жүргөнүмдө ошол ыр жаралган.
Чыгарма 2000-2005-жылдары абдан популярдуу болду. Радиолордон тынбай жаңырып, угармандар сурап угушчу. Кийин “мен ырдайын” деп келген дагы ырчылар болду. Бирок эмне себептен ырдабай калышты билбейм. "Өмүр кечин" уккан кээ бир адамдар өлүмдөн да калышкан. Телефон чалып, “ушул ырды уккандан кийин жашагым келип калды, сизге рахмат” дегендер кездешкен. Андыктан мен ойлойм, жашоодон үмүтү үзүлүп бараткан адамдардын үмүт отун кайра жандандыруучу ыр болду деп.
Бир жолу ырды эжем угуп алып “көңүлдүү ырларды ырдачу элең, сага эмне болду, өлгүң келип жатабы, коштошуп жаткандай ырдаптырсың?..” деп ыйлап келгени эсимде. Ыр бат эле эл оозуна алынып кетти. Андан кийин деле көп ырларды ырдап чыктым, бирок бири дагы “Өмүр кечине” жеткен жок. Бийчи Бакыт Байсариевге жолуккан сайын “баягы ырыңызды ырдап бериңизчи?” деп суранып калат.
Кызыгы, "Суранам, өмүрүмдү кайрадан берчи,
Жартылай мүнөзүмдү толуктап берчи.
Кыйналдым бул дүйнөдө сүйүүмө жетпей,
Мен үчүн батып кеткен өмүр кечи" деген саптардан уламбы, айтор, бул ырымды гейлердин гимни деп айтышат экен. Буга такыр кошулбайм. Бул көрө албастардын айткандары. Сүйгөнүнөн айрылган адам жарты болбой эмне болот?! "Өмүр кечин" замандаштарым үчүн чыгаргам.
Байкалбастан өмүр өтөт көз ирмемимде,
Кай жаккадыр кетет шашыла, күндөн күнгө.
А биз келген бул дүйнөгө мейман, конокпуз,
Мөөнөтүбүз бүтсө, кайтарбыз үйгө...
Чындыгында, өмүр аз, өмүр кыска, андыктан баалап-барктап жашай билели деген ойду ыр аркылуу айткым келген.

Бул ырды Медиа-порталдан уга аласыздар.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
08.04.2011. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл гей гимн кыла койду тың болуп,сонун эле болуп турат сөздөрү да маанилиүү,ушул ыр жагат мага.
08.04.2011. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гей кыла коюшат, ээ? Аха-ха,сопсонун эле ыр.
09.04.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en maaniluu yr.bar bolunuz mergen aka
09.04.2011. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфонун мурунку номерлеринде бир бала арманын айтып чыкпады беле Нурик деген суйгонум бар деп ошол ачык айтты го омур кечи гейлердин гимни маяк деген гейлердин клубу бар дегенин окуганмын архивден окусанар болот.
09.04.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын Валерий Леонтьеви. Мага "Ак бантик" деген ыры жакчу.
09.04.2011. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akterluk talantynys dagy mykty Mergen baike, ushakdarga konul burbanys, jakshy yrlardy jaratyp, el-jerinis, semyanys menen aman bolunus!!!!
09.04.2011. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ндяя..коро албастары коп гоо..мумкун гейлер чын ле гимн кылып алышкандырр...
10.04.2011. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун ыр , Мерген озуда сонун ырдаган. ким гейлердин гимни десе ошол озу гей
11.04.2011. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janagi Baktigul Badievani tuurap,shildindap irdagan chin ele mergen turganbi je kim aitip koisonor bilgender!? jata berem taltaiyp, junumdu saksaitip hahahahahahah.yat ele da baike ozu keleer jashka kelip alip oshentip publikasya kilganiniz:(
11.04.2011. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок ушул адамды жанынан корсон чындан эле гейби деген ой келет ... былтыр бир кафенин "БОМдун ичинен" жанынан коруп эми кыпкыска ак шорты кийип алганын коруп иренжигем...
эркек адамга санын корсотуп кийип алганы эле уже туура эмес го...анан конечно ырын деле ойлоп каласын.
12.04.2011. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гей-гимн бул деген популярдуулуктун белгиси да, актанбай эле коюш керек. эскилерден глория гейнордун "ай вил сурвайвы" менен жанылардан Гаганын "Ай воз борн зис вей" - накта гей-гимн деп саналат)) http://ru.wikipedia.org/wiki/Гей-гимн
13.04.2011. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prenses мен да сага кошулам Мергендин ошол Бадыеваны туураганын коргондон кийин такыр жактырбай калгам.Эркектин иши эмес да ал кылыгы.
14.04.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Артис да, ошонусу менен! Мага лично "Алтынай"ы жагат!
14.04.2011. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билип-билбей, адамдын ар-намысына шек келтирген билдируулорду жазбагыла да, кармап алгансып, урматтуу колдонуучулар!
17.04.2013. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу акебизди колдоп кйбойсунарбы кайра
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо