Сайкал Cадыбакасова: «ЖЫЛДЫЗДУУ ЖИГИТТЕРГЕ ГАНА НОМЕРИМДИ БЕРЕМ»

№440 8-14-апрель, 2011-жыл

“Жүрөгүмдү багынта алган мырзага бүт өмүрүмдү арноого даярмын”,- дейт бүгүнкү биздин каарман. Жалындаган жаштыгы менен таланты айкалыша сахна көркү болгон Сайкал Садыбакасова бул жолу “Бойдоктор бурчунда” конокто.

Туулган жылы – 1992-жыл, 10-декабрь
Бою – 167см, салмагы – 56 кг
Жылдыз белгиси – Жаачы
Учурда – Ош юридикалык академиясынын 3-курсунун студенти
Материалдык байлыгы – Апасы белек кылган Мерседес 280 жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалары, ошондой эле Ош шаарындагы чакан сулуулук салону

“Жолукканда жалт карайсың, жалжалым, сүйлөй албай сүрдөп кетем ансайын” дегендей, сүрдөп, сүйгөн мырзаң барбы?
– Ачыгын айтыш керек, азырынча жүрөгүмдү эч ким багынта элек. Бирок мени жалжал тутуп, сөз айткандар көп. Алардын бирин да тандай элекмин.
Актанганың менен, бойго жеткен кызда сезимдер ойгонот эмеспи...
(Каткырып) Керек болсо 3-классымда эле алгачкы сезимдерге кабылгам. Алмаз аттуу классташымды жакшы көрүп, Сүйүшкөндөр күнүндө атымды жашырып кат жазгам. Учурда ошол балалык сүйүүм менен досмун.
Ырчы кыздын жүрөгү кандай жигиттерге жибийт болду экен?
– Негизи, кыздардын жүрөгүн жибитиш кыйын. Жеке мага эрктүү, акылдуу, спортко жакын, бою узун мырзалар абдан жагат. Келечектеги жолдошумду да ушундай элестетем. Турмуш-тиричиликке тың, боорукер, бардык маселелерди мени менен кеңешип чечкен адам болсо жакшы да.
Дал ушундай сапаттарга ээ болгон мырзаны жолуктуруп калдың дейли. Анан “Кыз-Бурактын” “23 жашка чейин турмушка чыгууга болбойт” деген мыйзамын буза аласыңбы?
– Бул мыйзамды буза албайм. Канчалык сүйүп-күйүшпөйлү, бир пикирге келебиз деп ойлойм. Эгер ал жигит мени сүйсө, канча жыл болсо да күтөт деп эсептейм.
Макул, ал күтүп жүрүп сага үйлөндү. Үйлөнгөндөн кийин “болду эми, чыгармачылыгыңды ташта” десечи...
– Апам дайыма турмушка чыккан эжелериме “жолдошуңдун шартына көн” деп айтып келет. Бул сөздөр мага да тиешелүү. Бирок азыр “сүйүктүүм үчүн чыгармачылыгымдан кол үзбөйм” деп так айта албайм. Ал деле менин жан дүйнөмдү түшүнөт чыгар.
Ичтеги сыр тышка чыкса, жүрөккө жеңил эмеспи. Ким менен сырдашасың?
– Мурун апамдан сырларымды жашырчумун. Урушат деп коркчу белем, айтор, кооптонуп турчумун. Бара-бара апам жан курбума айланды. Азыр жан дүйнөмдө болуп жаткан абалдарды билип турган сырдашым – апам.
Кээде кыздар көп иштерден чарчагандабы, айтор, “өх, эртерээк турмушка чыгып кетсем кутулат элем” деп калышат. Сенде да ушундай учур болобу?
– “Бир түйшүктөн кутулсаң, экинчи түйшүккө тутуласың” деген сөз бар го, анын сыңарындай, турмушка чыгып кеткенде деле андан эки эсе көп иштерге кабылып калышың мүмкүн. Мага андай ой келе элек. Чарчаганда болгон күчүмдү музыкадан чыгарып, ыр менен гана алаксыйм.
Телефон номериңди сураган жигиттерге берген жообуң...
– Бардыгына бере бербейм. Бирок шыңга бойлуу, келбеттүү жигит менен таанышып, номеримди сураса жок дебейм. Бир көргөндө деле адамдын көзүн карап көп нерсени билип койсо болот. Ошондуктан жылдыздуу көрүнсө бере берем.
Мырзаларга бир көргөндө кайсы жерим жагат деп ойлойсуң?
(Ойлонуп) Күлгөндө эки уячам көздөрүнө урунат болуш керек.

Мына ушундай, жигиттер, ачык-айрым Сайкал сиз менен да баарлашуудан качпайт. “Кыз-Бурактын” 200дөн ашуун күйөө балдарынын катарын толуктайм же жөн гана бул сулуу менен дос болом десеңиз, анда www.super.kg cайтындагы "Атактуулар Супер-Форумда" бөлүмүнө баш багыңыз.



Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(51)
10.04.2011. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик болсун!
10.04.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vulgarno boenot eken
10.04.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун чачы жакшы жасалып озуно да жакшы жарашыптыр, бирок артындагы асылып турган сары чачын тим эле койбоптур да!!! Ким мага кошулат...???
10.04.2011. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле озунун чачы жетишпей аткансып сары чачты да улап алыптыр го :)) 92 жылкы болгону менен аябай эле эрте жетилиптир озунун жашынан улуу корунот экен.
10.04.2011. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azyraak byljyragylachy kyrgyz elim,Bygynky kyndyn rezultaty uwul,biz biri biribizdi koldoboibuz,ownu4un mamleketibiz da kedei. Syn aitkandar aman ele bolgulachy.
11.04.2011. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз Бурактын нормальный кызы Сайкал эле, жакшы кыздардын баары кетип калышты.Мага жагат Сайкал, семиз деп Чолпонайды айтат, а так Сайкалдын фигурасы сонун эле болуп турат! Удачи во всем Сайкал!!! Молодец
11.04.2011. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызды ким ойлойт 1992-жылкы деп,мен даже 1982-да бермек эмесмин,кечиресиздер катуу тийсе.
11.04.2011. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Сайкалга 34 жаш деп бермекмин.
11.04.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарда бироо которулуп баратса аны артка тартта баштайт, сайкал ырларын жакшы, бирок оз жашын дай бир аз корунсон жакшы болор эле.
11.04.2011. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наверное,она избалованная девушка.
12.04.2011. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сын айткан жакшы да,ошого карап адам онолот.мен Сайкалга айта турган кенешим:арыктоо оной нерсе арыктап,анан кыргыздын кийимдерин жаштарга ылайыктуу кылып тиктирип,жакшыы ыймандуу ырдаса сонун жарашып калат,урмат-сыйга ээ болот жанан апасы Гулшайыр эжеге да жакшы создор айтылмак.Баштагы бетте котун ачып тушкон суроту жаккан жок!Татынакай эле болуп тушсо болот эле,анча боенуп,ачылып-чачылбай!
12.04.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин оюумча Сайкал семиз эмес просто сооктору жоон кыз жакшы да бизге окшоп кывырабай
12.04.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dieta tut nomerlerindi bergenden koro!
12.04.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттогу кошулган сары чачы мага да жаккан жок.
13.04.2011. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал сн жаман улуу корунот экенсин, 30-40 жаштагы аялдардай
13.04.2011. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кооп оштуктарга шек келтире бербегилечи кана бишкектен бир кызынар нормально уну жок ырдай алышпайт дагын семиз деп коет уну бар а семиз болсо эмне болуптур силер багып кыйналып атасынарбы?
13.04.2011. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jildizina ele karay berbey,Iymanina da karap koy Saykal.
14.04.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын биринчи беттеги суротун коруп озум жаман болуп кеттим, качан кыргыздын кыздары санын коргозчу эле. Ачынбай аржак бержагын жаап тушсо элге кобуроок жакмак деп ойлойм адамды иренжитпей. Гулшайыр эже Сайкалдын кийингенине конул бурбайт окшойт. Боенгону да жаккан жок, озунун сулуулугу эле жетиштуу го.
14.04.2011. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakaika акылын томон адам экенин корунуп эле турат, жазган комментинден. Ош Бишкек деп. Фууу :(
14.04.2011. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал, сен бираз башкачараак тушчу суротко, мындай лицо кылып алсан стерва аялдарга окшоп корунот экенсин. Озун бир татынакай кызсын го?
14.04.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал таланттуу кыз кыздардын башын бириктирип топ жетектеш коп эле адамдын колунан келе бербейт.жана да сураныч окурмандар бутун болгулачы бул жерде сиздердин жеке оюнуздар
15.04.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже кыздарым талтайбайт этпейт деп чычалады эле бир жолу үналгыдан, Сайкал бул сүрөтүндө эмне болуп талтайып калды? Көк көйнөкчөн сүрөтүндө кандай гана ажардуу, этеги кымырылып дегеле көздү кубантат
17.04.2011. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janusya?,сен "Сайкалдын биринчи беттеги суротун коруп озум жаман болуп кеттим, качан кыргыздын кыздары санын коргозчу эле?" деп жазыпсын,а мен бул кыздын санын ачып тушкон суротун коро алган жокмун.Ты не путаешь ее с Асемой?
17.04.2011. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элдер,мындай темп менен биз эч качан алдыга жылбайбыз.бизге бироону эле сындатып,кемчилигин таптырып койсо эле болгондой сезилет.ушундай лидер кыздар коп болсо!и вообще,занимайтесь своим делом!
23.04.2011. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЭХХ, КЫРГЫЗЫМ КЫРГЫЗЫМ!!! качан ушинтип коро албастыкты калтырабыз!!! ушинтип сынагандан коро озунорду билсенер,Мышык майга жетпей сасык деген экен. А САЙКАЛ тебе хочу сказать ты СУПППЕРР!!! и не слушай что другие говорят. Будь выше их!!! Ты самммая красивая из певиц КЫРГЫЗСТАНА!!! а КОДОЛЕКТЕР пусть отдыхают ДОМА!!! не пазоря КЫРГЫЗСКИЙ народ!!!
03.05.2011. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga nomerini je menin loginimdi aftor.jonotso goooo menin log.um 94-tolik.mail.ru
17.10.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kiygen koynogu jaksi eken abdan jakty, anan arkasinan chach ulap algani ancha jakshy bolboy kaliptir:)
28.10.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачын жагат
28.10.2011. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага
29.10.2011. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4e vy tak detal'no obsujdaete?!!!Saikal,ona tvorcheskaya persona!!!Eto ee rabota!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо