№440 8-14-апрель, 2011-жыл
Туңгуюктан жол табылбай калган кезде да бир айла табылат: жылчык издеп, тоннель куруу. Сөз “Ата Мекен” партиясынын лидеринин демилгеси туурасында. Өмүрбек Текебаев азыркы тапта Кытайдан (Кашкар) Өзбекстандын Анжиянына карай темир жол куруу долбоорун ишке ашыруунун зарылдыгын олуттуу түрдө белгилөөдө.
Кашкар-Анжиян жолу жөнүндөгү түшүндүрмө туура эмес, анткени ал жол Кыргызстанды кесип, Өзбекстан аймагына өтө албайт. Темир жол Ош жана Жалал-Абадга чейин чоюлушу туурасындагы маселе турат. Кеп бир гана Фергана тоо кыркалары аркылуу кайсы жерден тоннель чыгаруу арзанга турарында. Бул жолду куруу демилгеси эгемендик алгандан көп өтпөй жаралып, 15 жылдан бери талкууга алынып келет. Бирок иш ордунан козголо элек. Алгач бул иштин бөгөт себептери анык эле – Кытай өз бутактарын Кашкарда 1999-жылы жаңы эле жайып бүткөн. 12 жыл мурун эле андан ары – Кыргызстанга курулушту баштай алмак. Бирок темир жолдун ар башка типтери жана башка бир топ себептер ишти бөгөгөн. Долбоордун маршруту белгиленген постсоветтик алкакта, Кытайга жакын аймактарда бир нече жылдан бери туруксуз жагдай өкүм сүрүүдө.
Алсак, Тажикстан менен Өзбекстан-дын чек арасынан боевиктердин кирип келүү коркунучу, Баткен коогалаңы. Анжиян окуясы жана биздин акыркы жылдардагы эки революция да коңшуларды чочулатпай койбойт. Бирок борбор азиялык биздин үч коңшубуз гана эмес, Түркмөнстан да бул долбоорго кызыкдар. Эгер биз, баарыбыз анын ишке ашуусун кааласак, конфликттик жагдайды жөнгө салуу туурасында олуттуу ой жүгүртүүгө тийишпиз.
Бул долбоордун маңызын түшүнүү үчүн тарыхты эске салуу зарыл. Европанын алыскы четинде жайгашкан Португалияда соода-экономикалык байланыш үчүн ыңгайлуу жол жок, болжол менен 500 жыл бою азыркы биздикиндей көйгөй турган. 15-кылымдын башында жүргүзүлгөн Индияга карай деңиз жолун изилдөө Португалия үчүн чоң мааниге ээ болгон. Башкы соода маршруттарынан чет жайгашкан өлкө дүйнөлүк соода жүргүзүүгө өзү үчүн ири пайда менен катышууга мүмкүндүгү болбогон. Экспорттун көлөмү да жогору эмес, чыгыштан келген баалуу товарларды сатып алуу португалиялыктар үчүн кымбатка түшчү. Ошол тапта баатыр жаралат. Ал – Жуан I падышанын бешинчи уулу Генрих (1394-1460) ханзаада (инфант). Генрих мыкты математиктер жана картографтар билим берчү обсерваторияны негиздейт. Генрих бир экспедициянын артынан экинчисин жабдып отурат. Жыйынтыгында Африканын батыш жээгиндеги бир катар аралдар табылат. Андан ары жылып, ачык жерлерде алар таяныч пункттарын түптөшөт. Инфанттын ушул ишмердиги Португалиянын деңиз жана колониалдык күчүн жаратууга салым кошкон. Генрих өзү бул ишмердигинин натыйжаларын көрбөй кетсе да, анын аракеттери ошол эле Васко да Гамманын саякаттарына негиз болуп берген. Алар орто кылым доору үчүн маанилүү маршруттарды түптөгөн. Натыйжада үчүнчү катардагы өлкө саналган Португалия тез арада эле алдыңкы деңиз державасына айланган.
Инфант Генрих падыша боло албады. Бирок мекендештеринин эсинде ал түбөлүккө деңиз сүзүүчүсү деген ат менен калды. Португалиянын тарыхында нечен падышалар өткөн, бирок алардын көбүн эл эстебейт. Бирок Генрих деңиз сүзүүчүсү тарыхта өчпөс ысым менен калды. Демек, өз элиңе пайда келтирүү үчүн (саясатчылыктын маңызы ушунда эмеспи) сөзсүз падыша болуунун кереги жок. Эгерде кыргыз саясатынын инфанты Өмүрбек Текебаев жол ишин колго алган болсо, демек, бул иштин өлкө үчүн да, ал кишинин өзү үчүн да мааниси зор.
Мурат Сүйүнбаев,
көз карандысыз эксперт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |