КОЛ ЖАЗМАҢ АЙТЫП ТУРАТ МҮНӨЗҮҢДҮ

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

Адамдын чыныгы кулк-мүнөзүн ата-энеси, бир туугандары, өмүрлүк түгөйү, балдары гана билишсе керек. Биз графологиялык тесттин жардамы менен айрым эл көзүндө жүргөн адамдардын мүнөзүн ачып берүүгө аракеттендик.

Жаным Айзат, ырчы
Адистин пикири: – Айзаттын жазган тамгалары чоң, формасы тоголок экен. Мындай кол жазма ээсинин мүнөзүнүн жумшактыгынан, мээримдүүлүгүнөн кабар берип турат. Булар жашоодо көп нерсеге көтөрүмдүү болуп, кыйынчылыктарды жеңүүгө эптүү болушат. Кемчилиги – кекчил келип, бир көңүлү калган адамдан алыс жүрүүнү каалашат.
Айзаттын ою: – Толугу менен кошулам. Кыйынчылыктарды жылмаюу менен жеңгенге аракеттенем. Таарынган адамыма бир топто барып жазылмай адатым бар.

Дайыр Исмадияров, ырчы
Адистин пикири: – Дайыр тамгаларды тик, анан арасын үзүп жазат экен. Тик жазган адамдар башкалардан калыстыгы, кең пейилдиги, психикасынын күчтүүлүгү, туруктуулугу менен айырмаланат. Ар дайым идеяларга бай, чечкиндүү, тапкыч, баамчыл болушат. Ал эми үзүк-үзүк жазганы адамдарга тегиз эмес, бөлүп мамиле жасаганынан кабар берет.
Дайырдын ою: – Мындай тесттерди окуп үйрөнгөм. Мүнөзүм туура ачылыптыр. Сологой экеним билинген жокпу?..

Элиза Кененбаева, ди-джей
Адистин пикири: – Элиза оң жакка ыктап жазат экен. Оң жакка кыйшайтып жазган кол жазманын ээлери табиятынан сырдуу, бир калыпта жүрүшөт. Тымпыйып ичине көп сыр батырып, сактай алгандан тышкары бирөө жарымга да оңой менен айтып, ич күптүсүн бөлүшө бербейт. Кандай оор кырдаалга туш келбесин, эмоциясын ичине кармап, сабырдуу келишет. Бир кемчилиги – чечкинсиз, эт менен челдин ортосунда жүрө бермей адаттары бар.
Элизанын ою: – Чечкинсиз дегенге кошулам. Көп жерден маселелерди чече албай буйдалып калмайым бар. Эми ар кимдин айтыла турган, айтпай турган сыры болот да. Менде деле андай сырлар жок эмес.

Асел Абдыбекова, бийчи
Адистин пикири: – Аселдин тамгалары ачык жазылып, окууга эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Сөздөрү даана окулат. Мындай кол жазма оюнда арамдыгы жок, ак көңүл жана ачык-айрым адамдарга тиешелүү. Алар бирөөлөр менен бат эле тил табышып, бир нерсеге бат берилишет. Булардын кемчилиги катары – болбогон нерсеге эле ишене бергенин айтса болот. Мындай кол жазманын ээлери үй-бүлөсүнө карамдуу келишет.
Аселдин ою: – Ишенчээктигимдин запкысын көп тартам. Жакындагы эле окуяны айтайын. Бирөө мага чалып “Назик эжең айтты, сен мага репетитор болот экенсиң. Батыраак келип кал” деп жатпайбы. Сабактан суранып айтылган дарекке барсам, эки шар көтөргөн жигит турат. Ошондо билдим, алданганымды.

Мирлан Баеков, ырчы
Адистин пикири: – Мирландын тамгалары майда жазылган. Мындай типтеги адамдар өз күчүнө ишенишет. Ошол эле учурда мындай кол жазма адамдын сарамжалдуулугунан, чечкиндүүлүгүнөн кабар берет. Ачуусу чукул жандар, болор-болбос нерсеге жинденип, көп учурда ызы-чуу жаратканга эптүү келишет. Өзүн аябай жакшы көрүп, кам көргөнү менен, акча жаатында бир топ эле сараң болушат.
Мирландын ою: – Ооба, жиним бат келет да, бирок бат эле жазылып кетет. Акчага сараң бекенмин? М-мм, анысы деле туура, жөнү жок, пайдасыз нерселерге акча короткум келбейт.

Зияш, “тамашоучу”
Адистин пикири: – Зияштын ар бир тамганы кооздоп жазганы көрүнүп турат. Минтип жазгандар көпчүлүк учурда мактанганды жакшы көрүшөт. Фантазиясы күчтүү өнүгүп, дайым жаңы идеяларды жаратууга жөндөмдүү болушат. Бир кемчилиги – өз катасын таптакыр моюнга алганды билишпейт. Басым менен жазган адамдар табиятынан темирдей бекем тартипти, жоопкерчиликти баалашкандар. Бийлик, адамдарга үстөмдүк кылуу алардын хоббилеринин катарын толуктайт. Ал эми бул топтогу адамдардын айкөлдүгү менен гумандуулугун ар бир эле адамдан кезиктирүүгө мүмкүн эмес.
Зияштын ою: – Мактанчаак деле эмес болчумун. Балким, өзүмө билинбейттир. Айкөл, гумандуу экендигим чын. Толтура адамдарды “Тамашоуго” бекер киргизгендигим буга мисал боло алат. Бекер киргендер буга күбө болот деп ишенем. Бийликтегилерге тамашаларым менен эле үстөмдүк кылбасам...

Бегимай Бекбоева, ырчы
Адистин пикири: – Бегимай барактын так ортосунан баштап жазганы көрүнүп турат. Бул анын боорукерлигин билдирет. Анан да түз, сулуу, билинер-билинбес басым менен жазылган. Бул анын ачык-айрым, беттегенинен кайтпаган өжөр, ойлогонун бетке айткан, чечкиндүү адам экендигинен кабар берет.
Бегимайдын ою: – Ачык-айрымдыгымды кесиптештерим жакшы билсе керек, ойду-тоону сүйлөп деп. Ал эми бетке айтмай адатымдын айынан көп досторумдан кол жуугам. Бирөө кайгысын айтса, ошол чечилмейин мен да кайгырып жүрө берем.

Дамира Арстанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(11)
16.04.2011. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
между прочим Зияш эмес Айзат кооздоп жазат экен, И кээбир жазгандарынар туура эмес,почти баарынын эле муноздору окшош эле болуп, омоним,синонимдерди колдонупсунар. Кээде кызыгы жок эле нерселерди жаза бересинер....
16.04.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирландын кол жазмасы меникиндей экен,мунозу да.
16.04.2011. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элиза Кененбаеванын колу меникиндей экен,бирок адистин пикири туура эле айтылган!
17.04.2011. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын баары сулуу,айрыкча Асел, Бекбоеванын колу жакшы экен баарынан.
17.04.2011. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baaryn ele maktap koyuptur goi
18.04.2011. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salam
18.04.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kenenbaeva mendei jazat eken .
19.04.2011. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошулам. булар коп жылдан берки тажрыйбадан келип чыккан результаттар да.
19.04.2011. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммдддааа мен саранга кирип каламбы хе-хе.......ызы чуу ...дегени деле туура эмес го....
23.04.2011. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
меникине жетпейт бироонуку да ))
24.04.2011. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okshosh ele munozdomo berilip kalyptyr baardygyna.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо