Улан Барпиев: «АТААНДАШТЫК ЖИГИТТИ КУРЧУТАТ»

№441 15-21-апрель, 2011-жыл

Биздин каарман КВНчи болгону менен, чыныгы жашоосунда өтө олуттуу жигит. Жоопкерчилиги ушунчалык десеңиз, эртеңки ишин ойлогондо күнү кечке күтүп жаткан футбол оюнун көрүүдөн да баш тартат. Анткени аны эртең менен өзү сүйгөн жумушу күтүп турат. Мурунку “тамашоучу”, азыркы пиарчы Улан Барпиев биздин төрүбүздө.

УЛАН МЫРЗА ТУУРАЛУУ...

  • 1984-жылы 6-мартта Таластын даңазалуу Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.
  • Акыркы жолу кайсы китепти окуганы эсинде жок. Бирок баары Алиппеден башталганы эсинде.
  • Спорт менен тыгыз машыгып турганга аракет кылат. Жумасына 2 жолу футбол ойнойт. “Барселонанын” күйөрманы.
  • “Мегаком” компаниясынын концерт-кечелеринин уюштуруучусу да, алып баруучусу да өзү. Кээде кассири да боло калган учурлар кездешет.
  • Нукура кыргызга таандык болгон ат чабуу, кой союу, устукан тартуу сыяктуу иштерди “заочно” билет. Эгерде зарыл болсо, колунан ал иштерди деле келтирип коё алат.
  • Жакында ата болот. Туну уул болоруна ишенип турган кези, бирок кыз болсо деле капа болбойт.

– «Мекен эмнеден башталат?» дегендей, Уландын балалыгы тууралуу билгибиз келет...
– Алдыңызда отурган Улан бир кезде томпойгон, токтоо бала болчу. Жети жашка чейин чоң апамдын колунда чоңойдум. Кийин өз ата-энемдин колуна келип, үлгүлүү, мыкты окуган, спортсмен бала болуп калгам.
– Томпойгон, токтоо жигит эл алдына кантип чыгып калды экен?
– Бардыгы университетте окуп жүргөндө башталды дебейимби. Менин уюштуруучулук, алып баруучулук жөндөмүм, башкача айтканда, “второе дыхание” ушул кезде ачылды. Университетте өзүнчө активист болуп жүрүп эле КВНге катышып калдым. Ошентип, мага КВН деген дүйнө ачылды.
– КВН деген дүйнөнү түшүндүрүп бер­сең...
– Бул – жаштыктын, жигердин, энергиянын, күлкүнүн дүйнөсү. Өтө мактап ийдим окшойт, ээ? Бирок ошондой. Албетте, атаандаштык да бар, бирок ал жигитти курчутат. КВНде ойноп жүрүп, өзүмө болгон ишеним күч алды. Эл алдына чыгууну, сүйлөөнү, эркин болууну, уюштургуч болууну үйрөтүп чыгара турган турмуштук мектеп.
– Азыркы ийгиликтериңдин пайдубалы КВН дечи...
– Ошондой десе да болот. Окуумду бүткөн соң Казакстанда иштеп жүрдүм. Кийин бул жакка келип, интернеттен “Мегаком” компания­сынын жарнамасын окуп калып, резюмемди жөнөтүп жибергем. Тандоого көп адам катышыптыр. Сүйлөшүү бүткөн соң “өзүбүз чалабыз” деп жөнөтүп жиберишти. Мен болсо Таласка тойго барышым керек эле. Ал жакта билесиз, телефон жакшы тартпайт. Тойдон сыртка чыгып, машинамды от алдырып жылытып отурсам, телефон чалып калышты. Алар мени кабыл алышканын айтып, эртеси бул жакта болушум керек экенин түшүндүрүштү. Анткени бир аз убакытка бизди окутуш керек экен. Мен келе албайт элем да. Ошентип, сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мен кийинки күнү келип, атаандаштарымды кууп жетип, бул ишке илинип калгам.
– “Мегаком” компаниясында кайсы милдеттер сага жүктөл­гөн?
– 2010-жыл биздин компания үчүн аябай жемиштүү болду. «Мегаком» компаниясынын филиалдары Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында ачылды. Жөн эле ачылган жок, Кыргызстанда болуп көрбөгөндөй мегаконцерттер менен коштолуп жатты. Концерттердин сценарийин түзүү, уюштуруу, алып баруу, тактап айтканда, эки тизгин, бир чылбыр колумда болду. Азыр “Мегаком” компаниясынын 5 жылдык юбилейи, май майрамдарына карата кайрымдуулук концерттери алдыбызда. Эми алардын сценарийин түзүү, Кыргызстанда боло элек мегашоу уюштуруу максатында иштеп жатам.
– Бир адамга мынча көп иш жүктөлгөн оор болсо керек...
– Эгерде өз ишиңди өтө сүйсөң, иш столуңа сүйүнүү менен келсең, сага ал түйшүк деле сезилбей калат. Негизи, иштеп жүрүп эс алууну деле унутуп калган экем. Мага компания Сочиге барып келүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берди. Кыргызстандагы таланттуу, тамашакөй жигиттер менен Сочиге да бардык. Мусулман Меккеге барууну кыялданса, КВНчи Сочиге барууну кыялданат эмеспи. Кыялыбыз ишке ашып келе жатып, бир катар кызыктарга да туш болдук. Мисалы, «Домодедово» аэропортуна учуп келип, 2 мүнөт мурун жардыруу болгонун уктук. Демек, насибибиз бар экен...
– “Алма сабагынан алыс түш­пөйт” дешет. Атаңыз айтылуу тамада Эшенкул Барпиевдин да таасири тийгендир?..
– Макал туура айтылса керек. Атамдын айрым жөндөмү чындыгында эле мага өткөн. Эң негизги мага берген тарбиясы – өз алдынча болгонго үйрөттү. Бул – жигит үчүн эң керектүү сапат.
– Келинчегиңиз тууралуу кеп салсаңыз...
– Ириде мага жөнөкөй, токтоо, эркекти түшүнө билген, ички дүйнөсү сулуу кыз керек болчу. Издеп жүрүп дал ошондой кызды таап алдым. Келинчегим экөөбүздүн тең жылдыз белгибиз – балык. Кызыгы, ал агым менен жүргөн, мен агымга каршы жүргөн балыкпыз. Ошон үчүн тил табышуу оңой болду окшойт. Мурун кесиби менен иштечү. Азыр үй кожойкеси деген кызматка отургузуп койгом.
– Канча төлөйсүз анан?
– Ишине карап төлөйм... Тамаша! Кээ бирөө «алганга чейин алтыным, алгандан кийин...» дешет го. Меники тойго чейин да, тойдон кийин да алтыным болот деп ойлойм.

Нуржамал Жийдебаева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
16.04.2011. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тууру айтат атаандаштык жигитти курчутат азаматсын бирок силердин квн де аткарганынарды кайсыл жерден тапса бодот екен..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо