№442 22-28-апрель, 2011-жыл
Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.
Эл катары орун-очок күтүп, 2 балалуу болуп жакшы жашап жатканыбызда бизди кырсык басты. Жолдошум шаарда машинасы менен баратып автокырсыктан каза болуп калды. Ошентип, күлгүндөй кезимде эки кичине баламды боорума басып, жесир калдым.
Күйөөмдү сүзүп кеткен машинанын ээси келип, кайын журтумдан кечирим сурап, кыргызчылык кылып сотко бербешибизди өтүндү. Акыркы жайга узатуу, аш берүүнү моюнуна ала турганын, мени менен эки балама каралашарын айтып сыздады. Кайын журтум алгач “кылмышы үчүн камалсын” дешкени менен, акыры туугандарынын сөзүнө көнүп, кечиришмек болушту. Жигит менен туугандары бизден жардамын аябасын айтышты.
Мен “ушул кантип болсун, сүзгөн киши камалышы керек. Силер акчага сатылып жатасыңар” деп ботодой боздодум. Бирок менин сөзүмдү угушкан жок. Ошентип, күйөөмдү жайына тапшырдык.
Ошондон кийин тигил жигит үйгө бат-бат келип, азык-түлүк, балдарга оюнчук алып келип таштап кетип жүрдү. Алгачкы учурларда ал келгенде үйгө киргизбей кууп жиберчү элем. Кийин үйгө көп келгендиктенби, негедир балдарым ага көнүп калышты. Ал келсе балдарды эркелетип, ою менен болот. Жылуу мамиле жасап, эмне кем-карчыбыз бар экенин сурап турат. Ушулардан уламбы, билинбей мен да ага көнүп баратканымды ичимден сезчү болдум. Кээде аны жол карап күтүп калабыз. Бирок ал келген сайын күйөөмдүн арбагы мени үстүдөн карап тургандай болуп уялам. Анын үстүнө канчалык жакшы адам болгону менен, жүрөгүмдүн түбүндө күйөөмдүн өлүмүнө себепкер деген ой турат.
Бир күнү ал аялы менен ажырашып, мага үйлөнгүсү келерин айтты. Айтымында, аялы төрөбөйт экен. Ал “сенин алдыңда көп күнөөм бар. Балдарыңды багып, чоңойтууга жардам берем” дейт. Ошондон бери мени ой басууда. Эмне кылсам болот? Тагдырдан эмнени күтөрүмдү билбей чайналдым...
Элвира, 29 жашта, Кара-Балта шаары.
– Адатта, мындай кырдаалда кыргыздар “эл эмне дейт?” деген намыс менен эсептешет. Анткени биздин баалуулукка ориентациябыз сырткы чөйрөгө багытталган.
Жазганыңызга караганда сизде “эл эмне дейт?” деген суроо жок. “Күйөөмдүн арбагы көрүп тургансып жаман болом” деген гана кооптонуу жан дүйнөңүздү кыйнап жатат.
Орой айтылса да кыргыздарда “өлгөндүн өз шору, тирүү күнүн көрө берет” делет. Бул чындык. Жолдошуңуздун өлүмү менен жашоо токтоп калган жок да. Өмүр көчү уланууда.
Биз, адамдар жамандыкты күтүп алууга даяр болуп, коргоо механизмдерин иштеп чыгарып турабыз. Жакшылыкты күтүп алууга да ар бир адамда ички психологиялык даярдык болуусу керек.
Сиз өзүңүздү сүйө билип, жан дүйнөңүз менен эсептешиңиз. Ойлорго чайналгандан көрө өзүңүзгө: “Эмне үчүн тигил эркек сөзсүз түрдө аялы менен ажырашуусу керек? Ажырашпай эле эки үй-бүлөгө камкордук көрүүнү колуна алса болбойбу?” деген суроо берип көрүңүзчү. Дал мына ушундай суроого баш катырсаңыз, турмушка реалдуу карайт белеңиз?..
МЕН ЖОКТО АЯЛЫМ БАШКА МЕНЕН ЖАШАП АЛЫПТЫР
– Мен Орусияда иштеп, акча таап жүрөм. Аялым 2 балам менен Бишкекте турат. Досторумдун айтымында, аялым башка бирөөнү киргизип алып жашап жатыптыр. Аялыма телефон чалып сурасам, “карандай калп” деп актанып койду. Ошондон тарта ичим муздап, телефон чалбай койдум. Жакында Бишкекке келем. Аялым менен мындан ары чогуу жашаарымды элестете албайм. Бирок эки баламды кыя албайм. Эмне кылсам болот?
Марат, 32 жашта.
– Чечим кабыл алуу өз колуңда.“Ар бир адам жаңылганга укуктуу, андыктан кечирүүгө болот” десеңиз да, же “башымды аттаганын кечире албайм” деп турмушту жаңы барактан баштайм десеңиз да өз эркиңиз. Сиз ачык жооп таба албай, чечим кабыл ала албай жатканыңыздын өзүндө аялыңыз менен байланыштырып, үзүлө албай турган сезим кылдары бар (балдарды шылтоологондо да). Андыктан жети өлчөп, бир кесиңиз.
Кыргыз эли “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген кечиримдүү эл. Кечирүүгө бел байласаңыз, анда окуяны жүрөгүңүздөн унутуп жашоого бел байлооңуз керек. Эгер балдарды кыйбай, бирок аялыңыздын күнөөсүн кечире албай жашасаңыз, анда жашооңуз тозокко айланарын да эске алыңыз.
Сиздердин сурооңуздарга психолог,
Жусуп Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Наралиева Бермет Каратаевна
жооп берди.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
бул жалганда сыноо...
Эх турмуш...
Мен бул психологтун жообун кабыл ала алган жокмун. Оор кырдаалда отурган адам онолойун дебей эле артка кетиши мумкун деп айта алам.
Озунор ошол психологчо кенеш бере албайсынар, анан туура эмес деп сынайсынар...
Же экинчи окуядагы Мараттын достору калп айтканын коруп-билип келдинерби?!!
2 окуя боюнча да психолог туура эле кенеш берген...
Россиядагы Марат эч кимге кабарын айтпай, аялына чалбай туруп самолетко билет алып, уйуно сюрприз кылып барып, кептин чын-тогунуно жетиши керек эле, эми да кеч эмес. Ан
Эми тиги жигит баларына кам корсо, озун жакшы корсо, келин аны кечире алса, ага турмушка чыга берсин, бирок бир шарт менен. Жигитке токол болуп тийсин, анын биринчи аялынын турмушун бузбасын.