Мирлан Абдулаев: «КЫЙЫНСЫНГАН КЫЗДАРДАН КАЧАМ»

№442 22-28-апрель, 2011-жыл

Кийинки кезде тасма горизонтунда пайда болуп, активдүү эмгектенип келе жаткан актёр Мирлан Абдулаевди «Уурунун махабаты», «Стоп-трафик», «Чыңгызхандын ак булуту», «Аят» тасмаларынан көргөнсүз. Сырдуу жигит, жакшы актёр, апасынын мээримдүү баласы, кыскасы, «красавчик» Мирлан өзү тууралуу баяндайт.

Туулган жылы – 1983-жыл, 6-октябрь.
Жактырган машинасы – Спорттук машиналарды жакшы көрөт, өзү Лексус айдайт.
Билими – Юрист. Мурун адвокат болуп иштеп жүрүп, азыр баш-оту менен актёрлукка берилип кеткен.
Жакшы көргөн жаныбары – Ит, бирок коңшусу итин ууландырып салган соң ит баккысы келбей калган.
Кыялы – Мээримдүү ата, мыкты күйөө болуу.

– Мирлан, балалыгыңдын элеси кайда калган?
Токмок шаарында. Үй-бүлөдө жалгыз бала болгондуктан, эрке өстүм. Бирок кичирээк кезимде менден да эрке бир баланы көрүп, мага ушунчалык жаман таасир калтырган. Ошондон баштап эрке болбойм деп өзүмө-өзүм сөз берип, жакшы балага айлангам.
– Актёрлук сага кимден жуккан?
Мен бул жаатта үй-бүлөдө биринчи карлыгачмын. Ата-энем, туугандарым искусстводон алыс адамдар. Атам менен апам мен кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Мен апам менен таенемдин колумда өстүм. Атам менен жолугуп турганым менен, анчалык деле жакын эмесмин. Азыр анын өзүнүн үй-бүлөсү бар.
– Анда «баары эмнеден башталды?» деген суроо менен кайрылгым келип турат...
– Менин досум – Адил Кайыпов деген жигит, фокусчу, тааныйт чыгарсыз... Аны менен жүрүп бул чөйрөгө туш болдум. Бир күнү экөөбүз Мырза Айдаралиевге жолугуп калдык. Ал «Стоп-трафик» деген тасманы тартып баштаган экен. Мен күн ысып кеткендиктен чачымды кырдырып жүргөн элем. Ал мени карап туруп: «Сен сакал өстүрө аласыңбы?»- деди. Мен «өстүрө алам» дедим. Ошондон баштап чачы кырылган, сакалчан бандит жигиттин образы мага жабышты да калды. Кийин «Уурунун махабаты» тасмасында кастингге катышкам. Негедир мага көңүл бурбай калыштыбы, андан өтпөй калгам.
Бир күнү досум Азамат Арыков экөөбүз жолугуп калдык. Ал Эрнест Абдыжапаров ооруп калганын, ооруканага тамак алып баратканын айтты. Мен ээрчип алгам. Эрнест байке менен таанышып отуруп, ал мага «тасмага тартыласыңбы?» деп калды. Мен кастингден өтпөй калганымды айтсам, таң калып: «Сен турган турушуң менен мен элестеткен бандитке окшош экенсиң. Кантип байкабай калдым?»- деди. Экинчи роль ошентип колума тийген. Эң чоң роль катары орустар тарткан «Чыңгызхандын ак булуту» тасмасында Эрдененин ролун ойногонум болду.
– Тасмада дайым бандиттин ролун аткарган жигит жашоодо кандай адам?
– Өтө мээримдүү, жумшак адаммын. Болгону, тасмага өзгөчө мамиле кылып, образга кирип кеткендиктен катаал көрүнсөм керек. Мисалы, азыр бир тасмага даярданып жатам. Анда врачтын ролун аткарам. Ошол ролду ийне-жибине чейин үйрөнүш үчүн врачтар менен сүйлөшүп, бул кесипти түшүнгүм келип жатат. Бандиттин ролун ойноо үчүн да көп изденгем. Баатырдын, кыялкеч жигиттин да ролун аткаргам. Азырынча аткара элегим – комедиялык роль.
– Кыздарга кызыктуу болгон суроону бербей койсом болбостур, жүрөгүңдүн ээси барбы?
– Жок, сулуулар ушунчалык көп, арасынан тандай албай жатам. Мен элдей болуп «мага бою узун, сулуу, модель кыздар жагат, ошолорду гана сүйөм» деп айта албайм. Бир күнү издегениме жолугарыма ишенем. Көргөндө жүрөгүм «тыз» деп, «ах, мына, мен сени издеп жүргөм» деп эле колдон алам да, анан...
– Демек, жүрөгүң буга чейин бир да жолу “тыз” дей элек...
– Ха-ха-ха... «Тыз» деген, бир-эки жолу. Бирок «не в ту сторону» болуп калган...
– Актёр бардык эпизодго даяр болуш керек эмеспи... Эротикалык эпизоддорго тартылууга туура келсе кандай кыласың?
– Биздин режиссёрлор андай ачык тасма тартышпайт деп толук ишенем. Төшөк жаатындагы эпизоддорду тартса да, ушунчалык сезимталдык менен аярлап бериши мүмкүн. Эгерде мага жакпаган эпизод болсо, албетте, баш тартам.
– Режиссёрлук иш менен да алек болуп жатыптырсың...
– «ГМу Чжун Пёго кантип турмушка чыгуу керек?» деген тасмада экинчи режиссёрлук милдетти аткарып жатам. Мен Кореяда бир аз жашап келгем. Биздин кыздар чет жерге барышса же чет элдик бирөөгө турмушка чыкса эле бактылуу болуп кетебиз деп ойлошот. Бирок андай эмес. Кыздар көздөрүн жакшы ачып карашса, бактысы жанында эле. Ушул максатта биз бул тасманы тарттык. Жакынкы арада көрсөтүлөт деп турабыз.

АДАШТЫРГАН АЛТЫ СУРОО

Өзүңдү “красавчик” деп ойлойсуңбу?

А) Албетте
Б) Жок, таптакыр сулуу эмесмин +
В) Сулуу окшойм, кыздар кылчайып калышат

Өзүнүн комментарийи
– Көрүп турасыз го, сулуу эмесмин. Бирок мени менен баарлашкан кыздарга негедир жагып калам. Ушундай жаман адатым бар.

Эң жаман адатың?

А) Фаст-фуд жемей +
Б) Сөгүнүү
В) Сагыз чайноо

Өзүнүн комментарийи
– Иш кычаган маалда гамбургер, самса жеп курсак тойгузгандан башка айла жок. Ашказан байкуш катуу эле кыйналат.

Кайсы режиссёр менен иштесем деп кыялданасың?

А) Эрнест Абдыжапаров
Б) Нурбек Эген
В) Жеймс Кэмерон

Өзүнүн комментарийи
– Мындай кыялым жок. Мыкты режиссёр менен иштешүүнү кааласам керек. Бирок кыялданбайм.

Сен кандай кыздан алты метр алыс качасың?

А) Уялчаак кыздан
Б) Тамеки чеккен кыздан
В) Өзүнө өтө ишенимдүү, кыйынсынган кыздан +

Өзүнүн комментарийи
– Кыйынсынып, өзүн ааламдын ханышасы сезген кыз менен таптакыр мамиле курбайт элем.

Сен кимдин кеңешин дайым угасың?

А) Ата-энемдин
Б) Досторумдун
В) Жүрөгүмдүн +

Өзүнүн комментарийи
– Жакындардан, достордон көп кеңеш угам. Бирок өзүмдүн оюмдагыны кылам. Жүрөгүм мага мыкты кеңешчи.

Ишенбейсиңер, бирок Мирлан өзү бул иштерди жасайт:

А) Өз колу менен лагман чоёт +
Б) Күндө гүлдөргө суу куюп турат
В) Базарга барып өзү азык-түлүк алып келет

Өзүнүн комментарийи
– Мурун чоюп көргөм. Бирок баары бир аялзатынын колунан сапаттуу чыгат.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


Маек - Мирлан Абдулаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
25.04.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крассавчик!!! Аябай жакшы бала!!! Жакшы адам!!! Ийгилик сага Мика!!!
25.04.2011. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантетт...кыргыз болгон сон кыргызча суйлош керек да....окунтотт...кыргызча суйлой албайм дегени...
25.04.2011. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммммммммммм...просто крассавчик...:))))
26.04.2011. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мне кажется он нечистокровный кыргыз...
26.04.2011. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кыргызча суйлогондо анадан да сулуу болмок! Мага мунусу жакпады! Так что учись!
26.04.2011. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akter degen oz tilin nukura taza bilip,suilosh kerekda. Kesibin suisoo,chyn jurogunon akter bolgondu kaalasa uironup ketet kyrgyzchany birok jon ele elge taanylunun araketin kylsa ospoit :(
SUPER.KG видео
27.04.2011. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурунун махабатын кайдан корсо болот? Айтып койгулачы сураныч!
SUPER.KG видео
27.04.2011. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токмоктук бала да!!! Красавчик!
SUPER.KG видео
28.04.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан байке адамгерчиликтуу токтоо жигит
SUPER.KG видео
28.04.2011. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lapochka =)
29.04.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Artistter,irchilar j.b. madaniyat adamdari kirgiz degen uluttu,tildi urmattap,aga eelik kilip,duynogo taanita turgan silersiner.Anan ozun korsotup,bashka tilde suylogon belgiluu adamdardi elini siylabagan,ozumchul adam dep oyloym.Kırgız tilin bilbegen talanti tash jarsa da jaman akter,bunu akilinin bir burchuna tuyup al Mirlan mirza.
Alip baruuchular, komenteriy arasinda kancha til bilesiz dep surap koygulachi,bolboso bolboy ele b.a. uyalbay ele,bashka tilde joop bere berishet.
29.04.2011. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chet eldin akterlorunda koment bergende ene tili menen emes,bashka til menen gazeta jurnaldarga joop bergen belgiluu adam kordunorbu? bir bizdin Kirgiz soroy chigaandaribiz ushunday kilishat.Bul jaattan biz rekorddo chiksak bolot.
29.04.2011. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироо башын которуп чыкса эле жамандап эле кире баштайсынар да! бир жок нерсеге асыла бересинер. жакпаса, киносун корбой эле койгула
SUPER.KG видео
30.04.2011. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!! Жакшы, жакшы, ишине ийгилик!!
SUPER.KG видео
01.05.2011. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирлан адамгерчиликтуу экени билинип турат!Азамат!Чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
14.06.2011. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzcha bilbegeni jaman eken...uyatko!
SUPER.KG видео
30.09.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм красавец
SUPER.KG видео
14.01.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
конечно ему стыдно, если говорит с акцентом! поэтому не заставте его! удачи вам, вам идет такие бандитские роли!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо