ЖАЗГЫ ФЕСТИВАЛЬ КҮЛКҮГӨ МАС КЫЛДЫ

№442 22-28-апрель, 2011-жыл

9-10-апрель күндөрү Спорт Ордосунда белгиленген Жазгы фестиваль ийгиликтүү өттү. «Тамашоуго» Кыргызстандын 7 дубанынан тамашакөй жигиттер биригип, ынтымакта оюн көрсөтүштү. Адатта, жаз кез – махабатка мас кез дейбиз. Буга кошумча бул күндөрү «Тамашоуго» келгендер күлкүгө да мас болуп кайтышты.

7 ДУБАН «ТАМАШОУДО» БИР ТУУГАН
Афишаларда жарнама­лангандай эле Жазгы фестиваль өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген командалардын катышуусунда «7 дубан «Тамашоудо» бир туу­ган» урааны астында өттү. «Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» дегендей, жаш куудулдардын «атасы» Эрмек Нурбаев калыстарды тааныштырып жатып, алардын дарегине тамашадан бир шиңгил ыргытканга үлгүрдү. «Жакшы адам макалчы, Урмат Усенов сакалчы», «Дизайнер, стилист, танкист Замира Молдошева» деген сыяктуу «учкул сөздөрү» залды күлкүгө бөлөдү.
Калыстар тобу Эрнест Абдыжапаров, Токтобек Асаналиев, Жамиля Муратова сыяктуу атактууларыбыз менен толукталыптыр. Анан, албетте, салтка айлангандай «Мыкты оюнчу», «Мыкты тамаша» жана «Мыкты команда» наамдары боюнча күрөш жүрүп, сыйлыктар өз жеңүүчүлөрүн тапты.

КАЗАКТАРДАН «ЭКСКЛЮЗИВ»!
Фестивалда командалар толук жана жарым форматта оюн көрсөтүштү. 9-апрель күнү толук форматты «Достук», «Тергөө», «Саяктар», «Оштук коноктор», «Ак-Өргө city», «Ак кеме», «Юристтер», «Фантастическая четвёрка», «УКГ №5» менен «68» жана Алматыдан келген «Эксклюзив» командалары түзсө, экинчи күнү толук форматта «ЧЕЗ», «IUK» менен «Юрский период», «Жигиттер», «KG 77», «Не дай бох!», «No name», «Азиатский стандарт», «Нарын united», «Тепкичтер», «КГБ», «Тамашарики», «Талас» «Sensation» командалары өз өнөрлөрүн тартуулашты.

9-апрелдеги мыктылар:
Мыкты оюнчу – Азимхан («УКГ №5» жана «68» курама командасы)
Мыкты тамаша – «Депутаттар» («Саяктар»)
Мыкты команда – «Тергөө» (ИИМ академиясы)

10-апрелдеги мыктылар:
Мыкты оюнчу – Мадияр («Sensation» командасы)
Мыкты тамаша – «Толгонайдын монологу» («No name» командасы)
Мыкты команда – «IUK» жана «Юрский период»


МЫКТЫ ТАМАШАЛАР

«Оштук коноктор»
– Кожомкулдун ар жагында балдар ойноп жатышат,
Билеттерин жоготушуп бизден көрүп жатышат.
Аа-аа-аа-ай, эмне, биз оштук болсок эле бизден көрө бересиңерби?!

«Саяктар»
– Кыргыздардын майрамы алгач айтыш менен башталат. Сөгүш менен коштолот. Анан аягында «обязательно» мушташ менен бүтөт.

«Чез»
– Күзгүнүн жанында бир саат турса,
«Тоналка» менен бетин шыбаса,
Достору менен учурашканда өбүшсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын!

«Sensation»
– Сенсация, сенсация! Кыргызстандык окумуштуулар изилдеп чыгышты. Аялдаманы кыргызстандык аял же орусиялык дама ойлоп табыптыр.

«КГБ»
Орус тилин үйрөнөбүз.
– Эй, Мурат, мен орус тилинен аябай кыйналып жатам.
– Анын айласы бар.
– Кандай айласы бар?
– Сен орус кыздар менен көбүрөөк өбүшсөң, тезирээк үйрөнөсүң.
– Анда эмнеге мен тажикчени билбейм?

«Нарын united»
– Сөөлжанга виагра берип койсоң мык болуп калат.

«No name»
Жер эне менен Толгонайдын маеги:
– Саламатсыңбы, Жер эне?
– Эх, Толгонай, саламатчылык.
– Жер эне, мен келдим.
– Эртең келчи, Толгонай!
– А эмнеге, Жер эне?! Менин «проблемаларым» аябай көп да. Укчу, бүгүн укчу.
– Толгонай, бүгүн башым ооруп турат. Анын үстүнө жездең бүгүн «ка-а-айп» келди. Кетчи, башты оорутпай!

Гүлжамал Бөрүкулова
tamasha@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(16)
25.04.2011. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо видеосу болсо,медиа-порталга жуктоп койгулачы сураныч!
25.04.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En jakshy SENSAT!ON
25.04.2011. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No-Name alga azamatsynar mykty tamashalardy atkaryp juro bergile yigilik
25.04.2011. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
медиа-порталга жуктоп коюнуздарчы..плииииииииз
25.04.2011. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name maga ayabai jagat. Alga jigitter!!!
26.04.2011. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер силер суперсинер бирок видеосун жуктогонунордо аябай супер болмоксунар !!! (-_-)
26.04.2011. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name -Азаматсынар!!!
26.04.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
videosun kachan korso bolot?
28.04.2011. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name bar bolgula ,kulkugo bay bolgula!
29.04.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар кулку усталары ...
29.04.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага кичинекей тамашарик камандасы жакты озгочо.
А мурунку ойноп жургон камандаларга жалан гана ийгиликтерди каалайм,кулку куйормандарынар кобойо берсин Эрмек сага ийгилик!!!!!!!!!!!
01.05.2011. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
юрский период алга,азаматтар экен ээ элим-журтум.
24.05.2011. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн мыкты тамашалар.азаматсынар
26.05.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
егер биздин кыргыздыр берилип катышса алар любоюн женет вперед ууууууууууууууууууу
12.09.2011. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nachaar
17.09.2011. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saiaktar azamatsynar, ushul kalybynardan jazbagyla.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо