ЖанЭл: «АТАМДЫН КИМ ЭКЕНИН БИЛГИМ КЕЛБЕЙТ»

№442 22-28-апрель, 2011-жыл

«Сенин сүйүүң», «Кайрылбайсың» деген ырлары менен элге таанылып, жагымдуу жүзү менен мырзалардын ичин тызылдаткан чырайлуу ырчы ЖанЭл бүгүн бизде конокто.

Толук аты-жөнү – Урманбетова Асел Темировна
Туулган жылы – 1984-жыл, 16-октябрь
Бою – 169 сантиметр
Салмагы – 55 килограмм
Материалдык байлыгы – Ауди А4 үлгүсүндөгү унаасы
Учурда Бишкек финансы экономикалык академиясынын 4-курсунун студенти, жеке ырчы

– Кош келипсиң, ЖанЭл. Өз убагында келгениңе караганда немистерче так жүрөт окшойсуң...
– Негизи, кечиккенди, бирөөнү күткөндү, күттүргөндү аябай жаман көрөм. Курбуларым көп эле кечигишет. “Ай, кечикпей келсеңер болбойбу” десем, “кыргызбыз да” деп кутулуп кетишет.
– Жакшы сапатың бар экен. Кайсы жердин чүрөгү болосуң?
– Көлдөн болом. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында төрөлүп-өскөм. Дал ушул айылда менин быйтыйган издерим, эркелигим калган. Аябай эрке болсом керек, “5 жашка чыкканыңча колуңдан сүт толтурулган упчусу бар бөтөлкө түшчү эмес” деп калышат. Аным аз келгенсип илгери чоң, бийик коляскалар болчу эле го, “мен баспайм” деп кайда барбайын апамды сүйрөтүп алчу экенмин. Мектепти да ушул айылдан аяктап, кийин Караколдогу техникумга тапшырып ашпоз-кондитер адистигине ээ болгом.
– Кесибиң ашпоз-кондитер болсо, кандайча шоу-бизнес чөйрөсүнө аралашып калдың?
– Бул өнөр апамдан жукса керек. Апам Жыпара Урманбетова Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Улуттук консерваториянын опера бөлүмүн бүтүргөн. Ош филармониясында, Карамолдо Орозов атындагы оркестринде иштеген адам. Иштеп жүргөнүндө кош бойлуу болуп калып, карьерасын таштап, мени тандап алган экен. Ырдагым келип жатканын билген апам “кызым, мен жетпеген нерселерге сен жет” деп ак жол каалаган. Кичинекейимде ырчыларды көрүп, “менин да бир эле ырым болсо” деп Кудайдан тиленчүмүн. “Кудай деген куру калбайт” деген сөз чын окшойт, бир эмес, сегиз ыр жаздырганга жетиштим. Мага бардык нерсени Алла Таалам жөнөтөт. “Сен мени бул дүйнөгө атасыз кылып жараткансың. Андыктан сен менин атамсың” деп бардык нерсени андан сурайм. Анан ал мени жакшы, кең пейил адамдарга жолуктурат. Мына ошолордун жардамы менен минтип сахнага келип калдым.
– Жогоруда апаң тууралуу айтып кеттиң. Атаң, бир туу­гандарың тууралуу эч нерсе айт­пай­сың го...
– Бир үйдүн жалгыз кызы­мын. Атамдын аты Темир экенин билем, андан башка маалыматым жок. Ал тууралуу апам­дан сурап, жүрөгүн ооруткум келбейт. 26 жашка чыкканымча издеп келбеген атанын мага кереги барбы?.. Менин апам да, атам да, бир тууганым да, таянар тоом, жөлөнөр жөлөгүм да – энем. Учурда айылда жалгыз жашайт, 57 жашта. Ал да мага окшоп бир үйдүн жалгыз кызы. Күн сайын телефондон сүйлөшүп турам, ай сайын белек-бечкегимди көтөрүп алып жетип барып калам. Барган сайын “18 жашыңдан бери оорулуу мени багып келе жатасың, ак сүтүмдү актадың” дей берет. Кайдан актамак элем, эненин сүтүн эч убакта актай албайбыз го.
– Сени менен маектешип отуруп ачык, жөнөкөй кыз экениңди байкадым. Кичинеңден эле ушундай­сыңбы?
– Аябай жоош, өзүм менен өзүм болуп жүрө берчүмүн. Мектеп үйүбүздүн жанында болгондуктан, 5 мүнөт кечиксем апам жетип барчу. Курбу күтүп, көчө чаңытып деле жүрбөдүм. Үйдөн такыр чыккым келчү эмес. Азыр деле ошондоймун. Музыка угам, китеп окуйм, бийлейм.
– Анда сенде курбу деле жок турбайбы...
– Курбуларды шаарга келгенден кийин күттүм. Азыр 6 кыз аябай доспуз. Бат-бат чогулуп турабыз. Жакында эле бир курбум турмушка чыгып, баарыбызга ырымдап кийизден жасалган шакек белек кылды. Бешөөбүз жүрөбүз сүйүнүп, “бизге жол ачылды” деп.
– Ырчылардан жакын досторуң болсо керек...
– Ооба, баары менен жакынмын. Батир таппай жүргөн кезде бир күн Кундуздукунда, бир күн Бакты­гүлдүкүндө түнөгөн күндөрүм болгон.
– Шоу-бизнесте дагы канчага чейин жүрөйүн деген оюң бар?
– Ырдоо – менин хоббим. Элге жакын болоюн деп ЖанЭл деген ысымды тандап алдым. Башкаларга окшоп жылдыз болуп деле кетким келбейт. Өздүк архив үчүн эле ырдап келе жатам, кийин балдарыма көрсөтөм да (күлүп). Учурда эки кесибим менен тең иштеп жатпаймынбы. Жайында көл жээгиндеги ресторанда администратор, кышында Төө-Ашуудагы лыжа базасында эсепчи болуп иштейм. Тапканымды чогултуп ыр жаздырам, клип тарттырам, апама жардам берем дегендей.
– Ыр демекчи, улуу муундагы агай-эже­лерибиздин “жаштар жеңил-желпи ырларды ырдашат. Белгилүү акын, композиторлор менен иштешүүдөн качышат” дегендерин угуп калам. Сен кимдер менен иш­тешесиң?
– Алар кымбат сурашат да. Ар ким капчыгына жараша иш кылат. Мисалы, мен ырларымдын сөзүн Алтынбек Алымовго, Кундуз Качкынбаевага, обонун Азамат Такырбашевге жаздырам. “Сенин сүйүүң” деген ырымдын обонун Мирбек Атабеков сөзүнө туруп жазып берген.
– Жакшы экен. Гүл сунуп, сүйүүсүн билдирген кытай жигит кандай жүрөт?
– Кытай жигитпи? Жакшы эле жүрөт. Экөөбүз дос болуп калганбыз. Кыргыздын мыкты жигиттери турганда башка улуттун жигиттерине турмушка чыккым келбейт.
– Жүрөгүң жарымын тапкан го дейм...
– Жок, таба элек. Мени жигиттер көрбөй жатышпайбы. Чын эле, үйдөн чыкпасам мени ким көрмөк эле? Апам да “кызым, жашың 26га келип калды. Качан мага небере жытын жыттатасың?” деп жатат. Алла Тааламдан “мага алдына максат койгон, үй-бүлөгө карамдуу жигит жөнөт” деп суранып жүрөм. Бактымды тапкан күнү сөзсүз сиздерге сүйүнчүлөйм.
– 20 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
– Бактылуу мырзанын жары, көп баланын энеси, анан ресторандын ээси катары көрөм. Өзүм жалгыз болгондуктанбы, көп балалуу болгум келет.
– Ойлогон ой-максаттарыңа жетип, бүгүнкүдөй жаркылдап жүрө бер.


Жылмайып коюңуз!

ЖанЭл үйүндө отурса кытай жигит келип:
– Чоң кыз, сиз көптөн бери ак боз атчан ханзааданы күтүп жүрөсүз, ээ?
– Ооба.
– Мына мен келдим!
– Эң сонун! А ханзааданын өзү кана?- дептир.

Дамира Арстанова
star@super.kg


Маек - ЖанЭл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(46)
26.04.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0


Ayabay jonokoy,achik soyulogon adam eken.baardyk yrchylar uwunday bolso jakwy bolmok.
26.04.2011. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийиз шакекке жыргабай, эрге тий %)
Кыргызда эмне коп? Ырчы коп, плагиат ырлар андан коп...мен бул кыздын бир эле ырын билет экемин, анысы да плагиат...
SUPER.KG видео
26.04.2011. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо сиздерде эмне микрофон деген жашабайбы?Неге запись начар?Шум го?...Экоонун каттуу бакырып суйлошкону аябай начар болуп калыптыр...Как будто шашылып аткансыды мен учун...
SUPER.KG видео
26.04.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MIRDJAMELL ары жакта фонтанды коргон жоксузбу?
SUPER.KG видео
26.04.2011. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле кыргыз байкуш бири-бирибизди сынаганды расса жакшы корбуз да, аракет кылып тартып атышат да алардын микрофонуна чейин биздин кандай иш бар дейм да...
SUPER.KG видео
26.04.2011. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алпаруучу менен Жанэл окшош экен. Жанэл озу алпарганбы депмин, маектин башын коруп.
26.04.2011. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baska uluttun baldary menen siloshpogonu eeeen jakshy :) Baryna oz kuchu menen jetkeni jakshy,dagy arakettensen bary jakshy bolot. Iigilik saga :)))
SUPER.KG видео
26.04.2011. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
респект ...
27.04.2011. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жонокой кыз экен.Жанель Ийгилик сага!
27.04.2011. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мне ее жалко. Симпатичная, но вызывает только жалость.
28.04.2011. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janel iygilik saga... Janel ... ыыыы degen dostorundan juksa kerek eee :) sunuktan bashkasunun baaru jygyshtyy deit go
28.04.2011. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atandy izdep tap balkim al da seni izdep oylop ozun kunooluu sezip jurgondur. sen emi 4on kyzsyn atandy, apandan suray ber seni ayap aytalbay jurgon bolso kerek. anda sen jalgyz emessinda sindi inilerin bar
SUPER.KG видео
29.04.2011. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy kiz eken
SUPER.KG видео
29.04.2011. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кыз экен Шоу Бизге тизеси менен эле кирип кетиптир молодец
SUPER.KG видео
29.04.2011. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык го ,бир эки ыр ырдап чыкса эле ушул денгээлге жеттим дегени кандай?
30.04.2011. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман жаттап алгандай суйлойт го! Аябай шум жерде кыйкырышып суйлоп интервью албай эле койсонор болмок:))
SUPER.KG видео
30.04.2011. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖанЭлдин сөздөрүн угуп отуруп аябай спонсор болгум келип кетти, бирок...
SUPER.KG видео
01.05.2011. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне бирок.
SUPER.KG видео
01.05.2011. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ekooten alparuuchu dagi aybai obshitelnaya, jakshi kizdar eken:))))
SUPER.KG видео
01.05.2011. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маектешкенге мындан тынч жер табылбаптырбы??
SUPER.KG видео
01.05.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lovely: Фонтан бар экенин эми корбодумбу,сиз айтпасаныз тоодо журушобу деп ойломокмун.Сиздин мынчалык байкагыч экенинизди эл журт билип калды эми...Жылдыз оорусу менен ооруп калбаныз!!!
SUPER.KG видео
28.05.2011. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер-Инфонун алпаруучусу "Сен" деп кайрылуу тууралыка жатпайт!!!!Ким болбосун кандай болбосун "Сиз" деп кайрылуу бул этикетке жатат го ...бул менин сунушум сизге...
SUPER.KG видео
28.05.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
такое ощущение как будто на вокзале сидят....
Модератор MiranA түзөттү 30.05.2011 03:40
07.06.2011. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alıp baruuchunun stiline koburook konull buruw kerek eken.anan dagy jurnalisttik jondomduulgu ayabay nachar dep oyloym,
14.06.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmm...:men videosun koro albaitaaam..adobe flash player dep atat go??!!al emnesi??!!
15.06.2011. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynkamikola компьютериңизге Adobe Flash Player Plugin киргизип алышыңыз керек. Муну интернеттен издесеңиз болот, кантип экенин. Ошондо көрө аласыз.
SUPER.KG видео
18.08.2011. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
botokoz сунушунузга мен да кошулат элем! Асельге ийгилик. абдан жонокой жакшы кыз экен!!!
SUPER.KG видео
30.09.2011. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kak kolhoznica razgovarivaet... jakpady
SUPER.KG видео
16.10.2011. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом Сени ЖанЭл
17.10.2011. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaratkan Ala Taalam atam bolot degeni jakkan jok.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо