Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛ-БАЛАКАЙ

№442 22-28-апрель, 2011-жыл

Фотосынак

НУРСУЛТАН СЕМЕТЕЕВ
Калпак кийип көчөдө,
Кыргызмын деп мактанам.
Суктандырып элдерди,
Ал ансайын шаттанам.

Сурап-билүү телефону: 32-33-26
Урматтуу ата-энелер! «Супер-Инфо» гезити балдардын эң кызыктуу сүрөттөрүнө сынак жарыялайт. Беш жашка чейинки балдарыңыздардын күлкүлүү, кызыктуу сүрөттөрүн кат ар­­кылуу бизге жибериңиздер. Сынактын жыйынтыгын эки айда бир жолу чыгарып турабыз. Жеңүүчүнү белектер күтөт.
Эскертүү: Сапатсыз жана кызыксыз сүрөттөр жарыяланбайт.


Силер билесиңерби?

ПЛАСТИЛИН
Пластилин – балдардын аң-сезимин өөрчүтүүчү нерсе. Аны менен ойногондо манжалардын кыймылы да жакшырат. Алгач пластилинди обоидеги такты кетирүүчү каражат катары колдонушкан. Бир күнү бала бакча кызматкери аны балдарга көрсөтөт. Пластилинден ар кандай фигуралар жасалып, кайра калыбына келе каларын билип калган балдардын кызыгуусу арта баштайт. Ошондон тарта пластилин балдар арасында көп колдонулуп калган. Башында ал бир гана боз түстө болчу. Кийинчерээк ар кандай түстөрдө чыга баштады.
Пластилин азыркы күндө кичинекей бөбөктөрүбүздүн эң сүйүктүү оюнчугуна айланган.


ЖАҢЫЛМАЧТАР

Топоздор токтоп турушабы?
Топоздор топтоп турушабы?
Топоздор оттоп турушабы?
Топоздор топозго окшоп турушабы?

ххх

Жыйырмага чыгып кой картаябы?
Картайган койду,
Тартайган койчу кайтарабы?

ххх

Бек-Тоо, Бекем-Тоо.
Бер жагы Бермет-Зоо.
Бермет-Зоо берметин,
Берери бекер го.


УЧКУЛ СӨЗДӨР

  • Адептүү киши – азаптан алыс.
  • Бай жарды болсо үч жылы, Байлыгын коё бербейт.Жарды бай болсо үч жылы, Жардылыгын коё бербейт.
  • Жаман жигит жан сактайт, Жакшы жигит эл сактайт.
  • Жалгыз дарак токой болбойт.
  • Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул. Жаман жигит үйдө мырза, сыртта кул.
  • Бирди аяган миңден куру калат.
  • Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатыңды сактаганың.


ЖАШ CҮРӨТЧҮ
Урматтуу ата-энелер, 7 жашка чейинки балдарыңыздардын өз колу менен тарткан сүрөттөрүн кат же balakai@super.kg электрондук почтасы аркылуу бизге салып жибериңиздер. Кызыктуу сүрөттөр гезит бетине жарыяланып, 2 ай ичинде жеңүүчү аныкталат. Аныкталган жеңүүчүлөр 1-Июнь – Балдар күнүнө карата атайын уюшулган финалдык сынакка катышып, өз өнөрүн көрсөтөт. Эң мыкты деп табылган жаш сүрөтчүнү белек күтөт.


ЭКИ СҮРӨТТӨН 6 ОКШОШТУКТУ ТАП

Жомоктор дүйнөсүндө

АЙДАГЫ КЫЗ

Бар экен, жок экен, илгери өткөн заманда бир жетим кыз жашаптыр. Ал ата-энесинен эрте айрылып, короосундагы ботолуу жалгыз төөсү менен калат. Кыз башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрүп, ачкачылыктын азабын тартат. Аргасы түгөнгөн кыз жегенге ботосун соёт да, төөсүн сатып кийим алат. Арадан айлар өтүп, алган кийиминин тамтыгы кетип, эти да түгөнөт. Кайрадан башына ачарчылыктын азабы түшөт. Азап тартып жүргөн күндөрүнүн биринде башка айылдагы алыскы тууганын эстейт. Элден сураштырып отуруп анын атагы чыккан бай экенин угуп, жардам суроого жөнөйт.
Бай менен аялы кызга боору ооругандын ордуна «муну малай кылып алалы» деген жаман ой менен алып калышат. Байкуш жетим кыз алардын оту менен кирип, күлү менен чыгып, бардык жумуштарын баш көтөрбөй аткара берет. Ошондо да жеңеси анын кылган ишинен кыйкым таап, сабаганын токтотпойт. Кыз бугун көз жашынан гана чыгарып жүрө берет.
Бир күнү кышкы ызгаарда жетим кыз сууга барат. Тоңуп калган калың музду араң талкалап, эки чака суусун баканга асып алып үйүнө жөнөйт. Сууктан кыздын буттары шилтенбей, колдору тоңуп калат. Ал аябай чарчаганбы, айтор, келе жатып бир нерсеге чалынат да, суусун төгүп алат.
«Үйгө барсам жеңем мени дагы сабайт» деп заарканган кыз ошол жерде көпкө ыйлап отурат. Кыздын көз жашы жерге тып-тып тамып, мончок сымал муз болуп тоңо берет. Жетим кыз эне мээримин эңсеп, бугун чыгаргысы келет. Бирок анын арманын угар айланасында эч бир жан жок эле. Бир гана сырдашары өзү сымал түнкү асмандагы жалгыз Ай болчу...
Айды көрүп, кыз бир тууган жакын адамын көргөндөй боздоп ыйлап кирет:
– Жок дегенде сенин мага бооруң ачысынчы?! Ата-энемдин көзү өткөндөн баштап бир да жакшы сөз уга элекмин. Жеңем да мага күн көрсөтпөй койду. Эч ким мени жакшы көрбөйт, аябайт! Бай тууганым да каралашмак түгүл ишинин баарын мага жасатат.
Жетим кыздын муң-зарын уккан соң Ай ылдыйлап, кыздын бутуна жакын келип тү­шөт.
Алыстан баарын байкап турган Күн да акырын жылып кыздын жанына келе калат. Кыздын чырайы ааламда жок эле. Күндүн кызга назары түшүп, ашыктыгы арта баштайт. Жетим кыздын ажары Күн менен Айды тең арбап, ашык кылды. Ошентип, Күн менен Айдын ортосунда кызды талашуудан улам чыр чыгат. Күн кызды Айга бергиси келбей, кызгана баштайт. Калыс чечим болушу үчүн экөө күч сынашып, жеңгени кызды алмай болушат. Кантсе да Күн чоң жана күчтүү эмеспи, акыры жеңишке жетишет. Ай жеңилгенине кайгырып, мындай дейт:
– Урматтуу Күнүм, сен бардык жандыктарга жашоо тартуулап келесиң. Мен болсо сенин алдыңда алсыз, күчсүзмүн. Жандыктардын баары жагымдуу, жылуу нуруңа бөлөнүп, сенин колуңда. Мен байкуш кышкы түндө көктө жалгыз өзүм гана сызып жүрөм. Кыздын да багар-көрөрү жок экен. Макул болсоң, кызды мен алайын. Жок дегенде бул кыз мени менен бирге болсун.
Күн кечке ойлонот. Акыры Айга боору ооруп, жетим кызды берүүгө макул болот. Кубанычы коюнуна батпай сүйүнгөн Ай ыраазы экенин билдирип, экөө достошуп калышат.
Ошентип, кызды кучагына алган Ай асманды карай бет алат. Алыс-алыс учкан Ай акыры өз ордуна келип, кызды кучагында сактап келет.
Эгер кыштын айлуу түнүндө Айды жакшылап байкасаңыз, бакан көтөргөн кыздын элесин көрөсүз. Жетим кыз Айга байланып, Ай болсо кызды жакшы көрүп калган дешет. Ошондон бери Ай асманда сызып жүргөндө аны менен ар дайым кыз жүрөт. Кээде гана Ай кызын жоготуп, капага батканда караңгылай түшөт. Аны бизде эл “Ай тутулду” деп айтат. Бирок кайра эле ал өз сүйгөнүн таап, мурункудан да жарык болуп жаркырап калат.

Гүлжамал Бөрүкулова, Салтанат Мукасова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
25.04.2011. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kichinekei baldar uchun bir az kaigyluu emesbi jomok?
Jakshy konkurs eken, Superinfo siler supersiner :)
25.04.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmattuu Super info balanyn surotun dele elektronduk pochtanarga balakai.super.kg ge jonotkongo mumkunchuluk jokpu
26.04.2011. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adiiiiiiiiiii, balakai.super.kg электрондук дарек аркылуу да кабыл алабыз. Жөнөтө берсеңиз болот.
26.04.2011. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага мисалы жомок жакты, апам кичинемде айтып жүргөн жомок экен.
27.04.2011. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da apam kichinekey kezimde aydagy kyz dep kundo aytyp berchu, men tajabay ele aytyp berinizchi, dep surap, kayra-kayra ayttyra berchumun, andan da men aydagy kyzdy kordum dep maktanyp apama kalp aytyp kelchumun. Ech, balalykty bir estep da aldym, rahmat Superler!!!
29.04.2011. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga da jakty chon enem aityp berchu maga jomoktordu ex chon ene sizdi sagyndym birok siz jurogumdo gana jashaisyz.Super info raxmat silerge balalyk kezimdi estep kettim jomoktu okup.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо