«КОШ БОЛГУЛА ЖАНА КЕЧИРГИЛЕ!»

№443 29-апрель - 5-май, 2011-жыл

Аялзатынын назик жүрөгү эбегейсиз оор жүктү көтөрүп жүргөнүн кээде аңдабайбыз. Айрыкча он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кыздар орусиялап, керек болсо бир үй-бүлөнүн жүгүн көтөрүп келет. Төмөнкү окуяны Айжан аттуу кыз «бул курбумдун башынан өткөн» деп телефон аркылуу айтып берди. Салып жиберген күндөлүгүн окуп, биз окуяны каармандын сөзү менен берүүнү туура таптык.

БАКЫТ ИЗДЕП...
– Менин атым Айша. Орто мектепти бүткөн соң атамдын карындашы менен Орусияга жөнөп кеттим. Эл катары мен дагы ата-энеме жардам кылайын деген элем. Андан бери алты жылдын жүзү болуптур. 2190 күн... Бул күндөрдүн арасында көз жаш төгө сүйүнгөн, жүрөк айрыла кубанган күндөр болду. Ата энелер, силер эч качан ишенбегиле, эгерде кызыңар «баары жайында, жыргап күлүп иштеп жүрөм» десе!.. Канча көп акча тапса, ошончолук оор түйшүк тартып жатканы деп билсеңер болот.
Москва чоң шаар болгондуктан, четтен канча адам келбесин, анын баарын сиңирип алганга даяр. Бул жылдар аралыгында үй-бүлөмө жардам бердим. Инимди үйлөнттүм, улуу агама там салып бердим, эжелерим, ата-энеме ай сайын акча которуп турдум. Ооба, бардыгы жакшы көрүшөт, табышкер кыз болуп, айылым мени үлгү кылышат. А бирок бир да адам менин жүрөгүмдө эмне жатканын билбейт. Күнөөлөрүмдүн көптүгүнөн кимден кечирим сураарымды билбейм. Ооба, Жараткан кечиримдүү болот, бирок мен чыккынчылык кылган курбум Айжанчы?.. Ал менин чыккынчылыгымды билсе, бул дүйнөдө эмес, тиги дүйнөдө да кечире албасы анык.

ЫЙЫК КУРБУ
– Айжан менен мен кокусунан таанышып калгам. Татынакай, назик кызды алгач көргөндө анын кантип иштеп жүргөнүнө таң калгам. Көрсө, Айжандын күчү жүрөгүндө экен. Кимге болсо да жардам берүүгө даяр, күйүмдүү кыз менен өтө жакын болуп кеттим. Мага жөлөк болуп, метродо адашып калсам жол көрсөтүп, милицияга түшүп калсам акчасын төлөп алып чыккан камкор, боорукер курбум эң жакын адамыма айланган.
– Айша, сен сүйүп көрдүң беле?- деди ал бир күнү.
– Жок,- дедим чындыкты айтып.
– А мен бир адамды катуу сүйөм. Ал таптакыр башкача. Эч кимге окшошпойт.Азыр башка шаарда иштеп жүрөт. Келсе, тааныштырам,-деди.
Ал кезде тагдырыбыз кандай болорун таптакыр билбеген экем. Көп өтпөй мен башка шаарга кеттим. Ошентип, курбум экөөбүздүн арабыз алыстай түштү.

“АРАМ ЖОЛГО ТҮШТҮМ”
– Жалгыздык оор, өзгөчө бөтөн шаарда жүргөндө. Бир күнү кечинде курбу кыздарым менен бирге түнкү клубдардын бирине эс алууга бардык. Ичип-жеп, бийлеп жаттык. Ошол күнү менден бир топ улуу кыргыз киши менен таанышып калдым. «Кыргыздын сендей сулуу кыздарын сагынганым ай!»- деди ал табышмактуу сүйлөп.
Менде сулуулук бар болсо, анда байлык бар эле... Турмуш мени көп нерсеге, анын ичинде өз пайдамды көздөгөнгө үйрөткөн. Анын капчыгын өзүмдүн кызыкчылыгыма пайдалангым келди. Эртеси атамдай болгон ошол адамдын койнунан ойгондум. Анын жардамы менен жакшы жумушка орноштум. Бирок менин намысымдын баасы ошол гана болгонун кийин түшүндүм. Ал мени менен 3 ай гана жашап, кийин башка “оюнчук” тапты.
Кийин Арстан деген жигит менен таанышып калдым. Ал мага үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгенде башымдан өткөргөн күндөрдү айтып берүүгө туура келди. Мына сага, кечээ эле көзүмдүн кареги менен тең айланып сүйүп жүргөн Арстандын мамилеси 180 градуска бурулду. Ошентип, кийимдерин жыйнап алып, ал дагы баса берди. Менин ишеничим биротоло сынды. Көрсө, эркектер аялды өзүнө көндүрүп, жүрөгүн ачып алган соң түкүрүп басып кетишет тура...
Мындан кийин жашоомдо көп эркектер болду. Арасында улуусу да, сулуусу да, байы да, кедейи да, башка улуттагысы да бар эле.

КЕЧИККЕН МАХАБАТ
– Алмаз менен капысынын жолуктум. Кезектеги көңүл ачуудан соң баары кетип, мен алсыз төшөгүмө куладым. Ошондо бурчта отурган жигит келип менин үстүмдү жаап, бир нерсе деп күңгүрөнүп алды:
– Неге өзүңдү кор тутасың?! Сенин бааң, сенин ордуң таптакыр башка!..
Ошол түнү уктаган жокмун. Жигиттин күңгүрөнүп айласы кеткен, боор тарткан үнү кулагыма жаңыра берди. Ошол бир ооз сөз мени башка жашоого алып келди. Көңүл ачуу, ичмей, чекмей деген нерселерден өзүмдү алыс кармай баштадым. Алмаз ансайын кубанып, мени эркелете карап калат. Көрсө, мен жылуу сөзгө, мээримге зар болуп жүргөн экем да. Мен аны сүйүп калдым. Мындай сүйүү адамдын башына бир гана жолу келсе керек. Бир күнү Алмаз келинчеги төрөгөнүн айтып сүйүнүп келди:
– Сенин келинчегиң барбы?- дедим калтырай.
– Ооба, мына сүрөтү.
Калтыраган колума алган сүрөттө мени жылмая тиктеп Айжан турган эле.
– А менчи?!- деген кеп оозумдан чыгып кетти. Көзүмдөгү жашты аарчыган ал адатынча мээримдүү сүйлөдү:
– Айша, сен менин эң жакын адамымсың. Мен сени карындашымдай көрөм...
Чындыгында, мен өзүмчүл адаммын. Күтүп жүргөн бактым үчүн Айжан менен да күрөшкүм келди. «Айжан мага караганда бактылуу. Анын жок дегенде Алмаздан баласы бар. А Алмаз меники болушу керек!» дедим. Ооба, ошондой деп ойлодум. Бирок тагдыр баары бир өз өкүмүн жүргүзөт экен. Мен ошол күндөрү айыккыс ооруга кабылганымды билдим. Ал оорунун атын айтканга оозум барбайт. Бул абалымды бир туугандарыма да, ата-энеме да айтууну туура көрбөдүм. Менин акыркы күндөрүмдө сырымды жашырган, маңдайымдан сылаган адам Айжан болду. Тагдырдын тамашасын кара, ушул адамдын бактысын тартып алганга аракет кылган өзүмө таң калам. Кээде «Москвага келбей койсом эмне болот эле?..» деп көп сыздадым. Аттиң ай, эмне издеп келдим экен?!
Катардагы кыздардай эле бирөөнүн жароокер жары, балдардын энеси болсом эмне?.. Өлөрүмдө жазган күндөлүгүмдү Айжанга тапшырам. Мейли, менин кандай акмак экенимди билсин. Алмазды, анын Алмазын жанымдан артык сүйөрүмдү билсин. Канчалык сулуу, канчалык тың болсом да, Алмаздын Айжанга мени алмашпасын кеч түшүндүм. Жашоо ушунчалык таттуу болорун эми билдим. Эх, чиркин!.. Азыр үйдөгүлөр эмне кылып жатышты экен? Апам даамдуу нанын жасап, самоорго чай коюп, бейпилдикте кобурашып чай ичип отурушкандыр... А менин таза абадан дем алганга да алым жок. Айжандан менин абалым тууралуу эч кимге айтпашын суранып, өлүгүмдү алып кеткенге каражатын да даярдап койдум. Ата, апа, кызыңар силердин кыйналышыңарды каалабады. Баарыңарга рахмат! Кош болгула, мени кечиргиле!

Лунара Бекиева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
02.05.2011. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жоокк....
02.05.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kiz emes,kizdin ata-enesi kunoolu,uy buloonun chondoru ozumchul bolboy,kizini balapanday kizini kantip chon shaarga jonotushot tushunboym,oylonup oylonup akilim jetbeyt,akirinda kee bir ata enenin ozumchul ekenine ishenem.Bolboso bilbeybi emne degen ukmushtardi teleden,elden,ozunun jashagan shaarinda dele korup ugup jatbaybi.
Aysha,bul senin chin atin bolboso kerek,birok bul jasagan katalarin uchun sen kunoolu emesin,akcha tabuunun jolunu izdedin,akcha tapbay barsan ata-enenin
02.05.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir tuugandarindin saga bolgon mamilesin elestetip jurup bul jolgo tushtun go deym,birok kuchtuu bolup alardi emes ozundu oylop Moskvada ishtegen kiyin bolgondon kiyin ketip kalishin kerek ele....
02.05.2011. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энелер, силер эч качан ишенбегиле, эгерде кызыңар «баары жайында, жыргап күлүп иштеп жүрөм» десе!..-деген сөзү жамммман жинге тийди.Кептин баары өзүндө экен да түнкү клубтарда ичкилик ичип,тамеки тартып жүрсө албетте туш болот да ,бөтөн жер болсо.Кыздардын атына доо кетириптир,эми сыртта жүргөн кыздарды баары ушинтип ойлошот да,ата энелер байкуштарды ого бетер сар санаа кылыптыр.Карын
02.05.2011. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлыкты туура эмес пайдалансан ушул да, адамды жаман жолго айдайт, жашоонду булгайт! Ойлогула, бироонун капчыгын пайдалануу максатында абийирин тогуп, болгондо да атасы менен тен киши экен! Мындай чоон катачылыкты кетиргенин ар бир киши кийин сезип калат! Аягында мына озун-озу жеди, акылдуу болуп, айлана-чойрого коз салып жургондо мынчалык болбойт беле?! Ким билсин, бешене есть бешене, тагдыр да! Кейиштуу окуя экен!
02.05.2011. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аминали эжеге кошулуп кетемин баары эле андай болуп журбойт коп акча тапса да мээнети менен тапкандар да бар
02.05.2011. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай кайгылуу окуя экен .
03.05.2011. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесин ойлоп алыс жерге келди,эми бир жигит үчүн ата энесин унутуп өмүрүн кыям дегени туура эмес да,бүгүн кечке эсимден кетпей жатат ушул кыздын окуясы.
15.08.2011. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aminali, омурун кыям деген жок айыкпас дартка кабылдым деп жатпайбы спид болсо керек
03.05.2011. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aianychtuu okuia eken...Birok,ar kimge Allah yiman bersin.Jaman jolgo tushpoo kerek ele bashtap.Erkin bashkara biluu zaryl...
03.05.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимдин башына тушкон бул жалганда сыноону которо билиш керек...
ар бир кылган нерсеге аркы дуйнодо жооп берет...
03.05.2011. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jyluu mamilege,jakshy sozgo baarybys ele muktajbys. Negizgi katasy "Tunku klub" ichip,cheguu.
Okunuchtuu eken.............
03.05.2011. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба.мен дагы ушул сыяктуу окуялардын кобун уккам.Бу жерде ата-эне куноолу бойго жеткен кызын чет жакка чыгарбай эле койсо болмок. Кунумдук кор турмуштун сокусуна байкуш кыз бырчыланып сынып кеткен экен
03.05.2011. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчиден ата-эне,экинчиден кыз озу куноолуу бирок баары эле моюнуна ала бербейт,атаэнелер ойлонушса жакшы болоор эле
03.05.2011. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен ата-энеси куноолу дегенге кошулбайт элем.Жалгыздыкты куноолоп кафеге барган озундо да бар да.Ата-эне байкуш эгер 10 баласы болсо кайсы бирин окутуп кийинтетТуз келгенден кийин туз эле кетсе болмок экенАта-энеде эч кандай куноо жок.
03.05.2011. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женил ойлуулук кылыптыр бут нерсеге озубуз себепбиз Алла акыл берсин
04.05.2011. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыздын тагдыры аябай эле оор, бирок адашпас туяк болбойт демекчи Алладан кечирим сурап намаз окуп туура жолго тушсо дагы да кэч эмес. Алланын мээрими чексиз дагы да кечирет го аны учун чын дилден намаз окуп сураныш керек. Москвага келген кыздардын баары эле ошондай деген ойдон алысмын. Керек болсо Кыргызстандан чыкпай ата-энесинин койнунда жатып деле ошол ишке баргандар жок эмес, Москваны шылтоо кылган туура эмес деп ойлоймун.
04.05.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын кыздарына айткым келет намысыбызды козубуздун карегиндей
04.05.2011. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dele moskvada iwteimin misaly, anan baardygy ele mintip jurboit. Japjawnakai iwtep jurgondor toltura. Ata-enesin voobwe kunoolu dep eseptebeim. Ar bir adamdyn ozunun akyl-esi boluw kerek. Anan olup kalganda e4 paida bolboi, jawoo ulana beret, ata-enesin a9sa bolmok. Birok okunu4tuu oku9 eken..
04.05.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Окуган адамды мин туркун ойго сала турган окунучтуу окуя экен. Чет жерде жургон балдардын ата-энеси «А менин балам эмне кылып журот болду экен» деп турлуу ойго батты го. «Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу» дегендей. Турмушту жакшы болсо , Мамлекет бай болсо баээни башка олкого кетмек беле. Буга мамлекет да куноолу. Уй-булоосун бага элбаган эркекке окшоп балдары туш-тушка тарап атпайбы.
05.05.2011. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкушум! Жанында болуп калсам эмне? Колумдан келген жардамымды берер элем!! Озу жалгыздык, суйуу эн эле оор нерсе! Озунду кармай блиш керек. Окуп алып коз жашым токтобой жатат...Олумго даяр болсон, сен кучтуу адам экенсин! Демек, баарын жаныдан баштаса болот. Суйуу канчалык таттуу, канчалык азаптуу болбосун, убакыт баарын женет. Кызык, кандай оору болду экен? Айыкпас дарт болбосо, бир акыркы жолу аракет кылсанчы? Ата-энендин жаныга козду жумуп бар! Жок дегенде ошончо азаптын
05.05.2011. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
узуру эмне экенин кор! Сыймыктан! Эми жашоонун башка майда-чуйдо нерселерин да баалаганга аракет кыл! Жайлоого чык! Жаратылыштын кереметине суктан! Тандын атканын, айланадгы нерселердин жанданганын коруп жашагын келет! Жанылбаган адам болбойт! Болоор иш болду! Эми бироону куноологондо эмне? Бир гана нерсе жаныдан жашоо! Жан сеники эле! Башкалар ыйлап, сыздап калышат! Эми озун учун жашоого аракет кыл!
05.05.2011. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорудагы айтылгандарды окуп чыгып,мен дагы оз оюмду жазгым келди.Москва шаарында жургонумо коп жыл болду,мындай корунушторду коп эле кордум,бул жерде кобунчо куноо кыздарда,ата-эне эч качан баласын жаман болсун дебейт,эмне чонойткону учун куноолубу?Баарыбыз жашоо учун иштеп журобуз,жаш кыздардын келип иштегени жакшы эгер оз жолу менен журсо,келип алып колуна кенен акча кармашып жаман жолго барган кыздар аз эмес,бул жерде мен кыздарды гана куноолойм и бул жакка жаш кыздардын келишине каршымын.
05.05.2011. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai baikush kyz, Depresiyaga kabylgan go,jan kerek, olumgo moiun sunba, jash kyz ekensin ali kop jakshylyktar aldyda, bashyndy oido kotorup ishtei ber, jaman jolgo barba, ichpe chekpe,biroonun kapchygyna kyzykpa, al ubaktyluu nerse, jashoo keremet degen deviz menen! jashoonu ulant altyn kyz! ata enem bir tuugandarym degen kyzdar chandaa kezdeshet senin jurogun kenen kolun achyk kyz ekensin, sen ech kachan kor bolboisun!
06.05.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кайгылуу окуя экен бул жерде ата-эне кунолуу эмес жанагы орусун балким айыктырса болмоктур балким бул озунун тагдырыдыр эмнеси болсо да АЛЛАХ кунолорун кечирсин!!!!!!
07.05.2011. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ичкен, чеккен кыргыз кыздарынын саны кобоюп кетти го акыркы кундору Агасын уйлоптур, дагы бирине там салдырыптыр ээми ооруга кабылганда бир туугандары жардам бериш керек. Ошондуктан Айша сен бир тууган эжене баарын айтсан тушунуп жардам берет деп ойлойм.
10.06.2011. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
убагында мен деле орусияда жургом.18,19.20.21 жашымды ошол жактан тоском.ата энемден алыс.жапжакшынакай бп,уйдон-жумушка,жумуштан-уйго келет болчум.ошол убакыттын ичинде,бироо мн бирге болуш эмес,бир жигит мн кол жетелешип кочодо жургон кезим болгон жок.тусум начар,же келбетим сулуу эместиги учун эмес,журогумдо кир нерсе жок,ичип чегиш дегенди ойлоп да коргон эмесмин.тарбиям башкача.ар бир адамдын башы озунун моюнунда,кандай кыйынчылык болбосун,АЛЛАХтан сабыр тилеп,дуба кылып,жакшы ниет кылыш кк
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо