КАНЫКЕЙ ЖАЛГЫЗ ЭМЕС!

№443 29-апрель - 5-май, 2011-жыл

Кыргыз шоу дүйнөсүнүн горизонтунда өзгөчө стили, үнү бар Каныкей аттуу ырчынын пайда болгонуна көп убакыт боло элек. Мурун аны жеке ырчы катары билсек, эми ал өзүнө таянар тоо таап, төрт жигит менен топ түзүп иштешүүгө киришти.

АЛГАЧКЫ КАДАМДАР...
“Каныкей” долбоору 2006-жылы ишке кирген. Ошол жылы “Смарт медиа групп” компаниясы шоу чөйрөдө кызыктуу долбоорду ишке киргизүүнү пландап, жаштар арасында атайын кастинг жарыялаган. 300дөн ашуун талапкерлердин ичинде азыркы Каныкей да бар болчу. Бирок анда Каныкейдин үнү гана бар эле. Ырчы сүрөттөп бергендей, ал кезде «ботаничкалардай» болуп көз айнек тагынган, такыр косметика колдонбогон 19 жаштагы кыз болчу. Кастингде британиялык поп-ырчы DIDOнун “My lover`s gone” деген ырын аткарып, продюсерлердин назарына түшүп, тандалып алынган.

МУРУНКУ ЖАНА АЗЫРКЫ КАНЫКЕЙ
Каныкей чыгармачылык кадамы тууралуу төмөнкүчө баяндайт:
– Мен өскөн Токмок шаарында элдин жашоо деңгээли төмөн болчу. Чоңойгондо эл катары мугалим болом деп ойлочумун. Азыркыдай чыгармачыл чөйрөгө келип калуу, өсүү-өнүгүү деген үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Чет өлкөгө барып окуйм же саякаттап эл-жер тааныйм деген ой такыр жок болчу. Азыр иштешип жаткан жакын адамдар менен таанышып, аралашкандан кийин менде жаңы чөйрө пайда болду. Мектепте окуп жүргөн кезде эле ыр жазчумун, бирок азыркыдай таанымал Каныкей болом деген ой болгон эмес.
“Каныкей” долбоорунда иштеп жүрүп, мен аябай өзгөрдүм. Мурун өзүм үчүн ыр жазсам, эми ырымды, жан дүйнөмдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, мейли сүйүү, мейли кайгы-муң, толгонуу болсун, баарын элге тартуулап жатам. Бул менин жашоом.

“КАНЫКЕЙ” ДОЛБООРУ ТУУРАЛУУ
Каныкейдин продюсери Мамасадык Багышов долбоор жөнүндө кеп кылат:
– Жаңы бир нерсени чыгарып жатканда эч качан даяр продуктту элестете албайсың. Каныкейдин жаралышы күлдүн ичиндеги күмүштөй эле болду. Күмүш жылтырайт, бирок аны баары көрө албайт. Каныкей кастингге келгенде катардагы эле кыз болчу. Эл арасына кирсе сиңип, аны байкабай деле калмакпыз. Бирок ошол баалуу нерсени татыктуу иштеп чыгуу, өзгөчөлүгүн көрсөтүү, чындыгында, көп эмгекти, убакытты талап кылды. Ошентип отуруп, 2009-жылы Каныкей жаңы образ, стиль менен шоу дүйнөгө кадам таштады.
Мурун Каныкейди жеке ырчы катары таанышса, эми ага профессионал команда кошулду. Команданы аралашма дейбиз. Анткени ар кандай улуттун өкүлдөрү биригип, биздин улуттук колоритти элге таанытууга даяр.

АЛДЫДАГЫ МАКСАТТАР
Бир ырчыга бир продюсер эле жетиштүү деген түшүнүк бизде калыптанып калган эмеспи. “Каныкей” долбоорунун үстүнөн көп адам иштейт. Анын ырлары, стили, баскан-турганы, айтор, ар бир кадамы жетекчилиги тарабынан көзөмөлдөнөт.
Долбоор жетекчилигинин негизги алдыга койгон максаты – Каныкей атын бренд кылып иштеп чыгуу, анын аты менен кыргыз элин, кыргыз тилин дүйнөгө таанытуу. 5 жылдан бери келаткан долбоордун дарагы эми мөмө бере баштады. Каныкей ушул өзгөчөлүгү, таасирдүү ырлары менен “Супер ырчы айым-2010” наамынын ээси болууга жетишти. Ырчы кыздын чыныгы ийгилиги алдыда деп ишенебиз.

Гүлжамал Бөрүкулова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(20)
02.05.2011. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Каныкей же Каыкей Азаматпы))))
02.05.2011. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейдин талантын, озунун жонокойлугун абдан баалайм!!!
02.05.2011. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanykei azamat!!!Talantyn orkundoi bersin!!!
02.05.2011. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик Каныкей))
02.05.2011. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ырчы да,уну озгочо,ырлары да жагымдуу.
03.05.2011. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер!!!
03.05.2011. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanykeige iyigilik! Abdan ele arykgo, koldoru synyp ketchudoi :)
03.05.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей сага ийгилик сенден коп нерсени кутсок болот.Силин озгочо
03.05.2011. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында таланттуу кыз. Бирок ырларынын текстине да конул бурса жакшы болот эле.
03.05.2011. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааа абдан аракетчил,таланттуу жана ар тараптан онуккон кыз...Ар дайым Алга...жана ИЙГИЛИК!!!
04.05.2011. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
темперамент скорпиона. Похвально
06.05.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу,уну озгочо жагымдуу ырчы,бирок стили жагымсыз!
06.05.2011. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчы мага абдан жагат, озгочо стили башка ырчылардай "рядовой" эмес. унун Шакиранын унуно окшош жагы бар.
06.05.2011. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"mafi озгочо стили башка ырчылардай "рядовой" эмес"
кыргыздын Леди Гагасы :)

Бардынарга кошулам
06.05.2011. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
долго работали над ней, сразу же видно поведение, а ведет она ся как надобно вести себя при людях и как сидеть.МММММ думаю таким порядком и правилами поведения должны учится все наши АРТИСТЫ! так что учитесь.А так на 100% уверенна что она представит нашу страну как ПОРЯДОЧНАЯ которая знает слово "ИНТЕЛЛИГЕНТ"
07.05.2011. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat 100%
10.05.2011. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа Каныкей эже вы лучшая
10.05.2011. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыпчыныгы талант!!!Баары озгочо:суйлогону,ырдаганы,кулгону,суйлогону...Мен эн жогорку деген баа берем.Анан да ото ЖОНОКОЙ!Ийгилигин мол болсун,Каныкей!
18.05.2011. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкей азамат, бирок азыркы даяр болуп калган келбетине, угуп жаткан ырлырын, ж.б. бир озу кана кылды десек болбойт, анткени бул чон команданын биргелешип иштешип, коп эмгек, убакыт сарптаган натыйжа. Ошог учун, ушул Каныкейди, ушундай денгээлге жеткизген, талантын туура жакка тартып, озгочо бир "индивидуальность" кылган ар бир профессионалга чон ыраазычылык билдирет элем.
Жалпы кылып жаткан мээнетинер оркундоп, осо берсин!
19.05.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейге чыгарамачылык ийгилик каалайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо