Гүланда: «КАЙНЕНЕМДИ ТААНЫБАЙМ»

№444 6-12-май, 2011-жыл

Шоу-бизнестин кош жылдыздары Айбек Карымов менен Гүланда чыгармачылыкта бири-бирине өбөк болуп келишет. Учурда Раяна аттуу 9 айлык кызынын таттуу кылыктарына мас болуп жүргөн эки ырчы бүгүн бизде конокто. Бул маек экөөнөн эки башка алынганын эске сала кетели.

РАЯНА
Жашы – 9 ай
Учурда – Каз-каз турат
Жакшы көргөн тамагы – Ботко, банан
Салмагы – 12 кг
Жакшы көргөн оюнчугу – Апасынын чөнтөк телефону.
Мындан сырткары атасы менен жашынмак ойногонду жакшы көрөт.

КОШ ЖЫЛДЫЗ ТУУРАЛУУ
Айбек 42 жашта,
Гүланда 27де.
Таанышкандарына 6 жыл,
түтүн булаткандарына бир жарым жыл болду.

– Кантип таанышып калгансыздар?
Айбек: – Алгач Гүланданын кафелердин биринде ырдап жүргөнүн көргөм. Кийин Опера-балет театрынан жолуктуруп, тобума ырчы болуусун сунуштагам.
Гүланда: – Айбекти мурун сыналгыдан гана көрүп жүрчүмүн. Мен күндүз окуп, кечкисин кафеде ырдачумун. Биринчи жолу ошол кафеде болгон тойдон таанышканбыз.
– Үйдө ким башкаруучу?
А.: – Албетте, мен. Бирок “бир баш жакшы, эки баш андан жакшы” демекчи, Гүкүш менен дайыма кеңешип турам.
Г.: – Айбек – башкаруучу, а мен аткаруучумун дебейминби, ха-ха-ха... Мындай да, мен моюну болсом, Айбек – башы. Моюн каякка бурулса, баш ошол жакка бурулат да, туурабы?
– Түгөйүңүздүн сизге жаккан жана жакпаган жагы?
А.: – Гүланданы эрте турганга эч көндүрө албай койдум. Мага аял кишинин эртең менен туруп короону шыпырып, күйөөсүнө чай даярдаганы аябай жагат да. Жакшы жагы – тырышчаактыгы, үйгө карамдуулугу.
Г.: – Ишенчээк, чектен ашкан ак көңүл. Жаккан жагы – кичине бирдеме болсо деле мага чалып, “эмне кылсак?” деп сурап турганы. Муну анын менден корккондугу эмес, мени сыйлаганы деп түшүнөм.
– Кызганычтар болуп турабы?
А.: – Кээде болуп калат. Гүланда мени көбүрөөк кызганат. Телефонума бирөө коңгуроо кылып калса, “ал ким?” деп сурай бермей адаты бар.
Г.: – Албетте, сүйүү бар жерде кызганыч болот да. Айбектин кызганганын тойлорго барганда байкап калам. Ал мени көбүрөөк кызганат.
– Таарынычыңарды кантип жазасыңар?
А.: – Эми баары сыяктуу эле кучактап, көтөрүп чаап, көккө ыргытып дегендей... (күлүп). Албетте, жылуу сөздөр менен таарынычын жазабыз да.
Г.: – Айбек таарынбайт деле. Таарынса да бат эле жазылат.
– Сиздердин бактыңыздарга көз арткан адамдар барбы?
А.: – Экөөбүздүн ортобуздагы урмат-сыйды көрө албагандар бар, анча-мынча. Акыркы күндөрү андайларга маани деле бербей калдым.
Г.: – Толтура. Эл алдында жүргөндө сөзсүз сөз болот экенсиң. Ошондой кишилерге таң калам. Каяктагы суроолорду бере беришет.
– Сиздер баш кошуп жатканда апаңыздар каршы болду эле. Азыр мамилеңиздер кандай?
А.: – Ал менин апам эмес, менин апам башка. Ал жөн гана мени төрөп таштап кеткен адам! Аны менен мамилем жок жана такыр катташпайм.
Г.: – Мен ал кайненемди тааныбайм, сүйлөшүп да көргөн эмесмин.
– Ачууланганда кайсы сөздү көп колдоносуз?
А.: – Биз, токтогулдуктар, баштаганда эле “энеңден” баштайт эмеспизби. Менде деле бул адат сакталып калган.
Г.: – Бир нерсеге жиним келгенде “ээ” деп баштаган менчик сөзүм бар.
– Үйдө ким уйкучу да, ким сергек?
А.: – Уйку керек болсо Гүландадан карызга сурап турсаң болот, уйкуга бай (күлүп).
Г.: – Мен уйкучумун, Айбек сергек.
– Бири-бириңерди эмне деп эркелетесиздер?
А.: – Эр Гүкүш деп коём.
Г.: – Мм-м... билбейм, мен эркелеткенге караганда көбүрөөк эркелейт болушум керек.
– Кайсы суроону бири-бириңерге көп бересиңер?
А.:“Эмне кылып жатасың? Кызым кандай?” деп көп коңгуроо кылам.
Г.: – “Каяктасың?” деген дежур суроом болсо керек.
– Раяна ширин кыз болуп чоңоюп жатыптыр. Кызыңыздардын ким болушун каалаар элеңиз?
А.: – Самара Токтакуновадай комузчу болсо дейм.
Г.: – Балерина кылгым келет.
– Мурунку үй-бүлө менен мамилеңиздер кандай?
А.: – Балдарыма каралашып, колдоо көрсөтүп турам. Биринчи турмушумдан бир уулум, ал эми экинчисинен эки кызым бар. Уулум быйыл 9-класста окуйт.
Г.: – Айбектин мурунку үй-бүлөсү, балдары менен катташпайм. Ар ким өз жолу менен дегендей...
– Сиздерди таң калтырган нерсе...
А.: – Саясатчылардын бири чалынган жерге экинчиси кайрадан чалынып жатканы.
Г.: – Бала менен алек болуп, таң калууга деле убактым жок.
– Эмнеден уяласыздар?
А.:“Тиги саясатчы кетсин” деп жетимиши чыкса, “ал саясатчы калсын” деп жети жүз адам чыккан пикетчилерден уялам.
Г.: – Кыргыздын атын уят кылгандардын баарынан уялам.
– Сын-пикирлерден сынасызбы же чыңаласызбы?
А.:“Ушул туура айтып жатабы же жөн эле көрө албастык кылып жатабы?” деп көп талдайм.
Г.: – Мурун ызылдап ийчүмүн, азыр көнүп деле калдым. Же ызылдагандан тажап калдымбы билбейм.
– Азыр эмнени ойлонуп жатасыз?
А.: – Азыр мени өнөктөштөрүм чакырып жатышкан болчу. Сизден кантип кутулуп, ошол жакка эртерээк жетсем экен деп ойлонуп жаткам (күлүп).
Г.: – Атабыз шашылып кетип калды. Эми кызым экөөбүз үйгө кантип жетсек деп ойлонуп турам.
– Күндүн ысыгына карабай жаш бала менен келип кызыктуу маек куруп бергениңиздерге рахмат!

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(43)
10.05.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гуландага эле боорум ооруйт...Айбек байкеге мындан кийин суйуу келбесин деп тилек кылалы!
10.05.2011. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЙбек балдарындын улалыны калба.каарыганда кар болуп каласын.Гуландан эркен бир бай чыкса сени таштап кетип калат.Кайсы аялындын колун карайсын.Чанган аялдарындын аркасынан эрчип калба.
10.05.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dujnonu akcha bashkararyn korup ele jurobuz go....
10.05.2011. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Aibek Karymov al menin apam emes jon gana torop tashtap ketken degenin kandai???? Ozunuz dele 1 bala 2 kyzdy torotup turup tashtap ketiptirsiz uiatta oshentip aitkan. Kelme kezek, terme tezek!!!
10.05.2011. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен да lolo га кошулам Айбек байке сыймыктанган адамдарыбыз ушул созду суйлосо калганы эмне болот.
10.05.2011. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмнси болсо да ар кимдмн оз жашоосу дечи бирок... экоонун тен берген жооптору аябай пафосно.....омур бою эле ушинтип калабыз деп атышат го...жашоо бат эле окутуп койот...кичине араактан берээк дегендей...
10.05.2011. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bakit Bakit jana Bakit!
Aitayin desem sozym jok.
Aibek degy erkekby?Akily tayky myrza okshoit syilogonyno karaganda.
Ar kimdyn ozynyn tyz nasiby bar emespy tiryylykto. Aibek Karimovdyn shamaldagany jakpait da ayaly ychoo bolso kalgany 30 bolso kerek kyzdar kyzdar mynday jigytty syiyydon saktanaly.Gulanda kantyp jashap jyrot boldu eken.menyn jyrogym ailanat da ailanat ar kaysy ayal menen jashagan erkektyn emnesy jakshy oo kuday.Bilbesem byr jon bilip tyryp kantip..kantip..
11.05.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болгондо да бул мандайына жазганы болуп атат эч ким таразалаганга акысы жок. Бирок Айбек байкеге айтарым, ал менин апам эмес мени тороп таштап кеткен аял дегни туура эмес. Кандай болгон кундо да тогуз ай курсагында азап тозоко чыдап которуп журуп тородуго жана ал апа торобогондо алдырып салганда азыр Айбек дегенди эч ким таанымак эмес. Беиш эне таман астыда деген да соз бар ошону да эске алсаныз Айбек байке.
11.05.2011. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул 42 жаштагы Айбек дагыле эс акылы жайында эмеско дейм..Жаман болсо да апан,сени торогон,торобой койсо эмне кылмаксын:)))).Лучше торобойле койсо болмок)))
11.05.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиммм эле жаш балдардай экен экоо тен.Акылдарына тан калып жатам.Ар бир адамдыр ар кандай ойлору болот эмспи,меники терс ойлор кетти.

А.:–Ал менин апам эмес, менин апам башка. Ал жөн гана мени төрөп таштап кеткен адам! Аны менен мамилем жок жана такыр катташпайм.
Г.:–Мен ал кайненемди тааныбайм, сүйлөшүп да көргөн эмесмин. --Амиииий уйялып да коюшпат экен.
11.05.2011. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гуланда бироонун бактысын бузуп эч качан бактылуу боло албайсын! Айбегин 3 аял алган 4чусун да алат.Азырынча жыргап тур.сен да коз жашыны колдотосун али.Кыскасы экоонун тен уяты жок экен.Балдарынан уялбадынбы кыркка чыкканда уйлонуп.Эненин кадырына жетпеген аялдын кадырына эч качан жетпейт!!!
11.05.2011. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен айбек байкенин чыгармачылыгын абдан сыйлачумун, озу да жакшы адам болсо керек деп ойлочумун, бирок бул создорду окугандан кийин менде башка ойлор кетти.Апасы жонундо мындай создорду айткан туура эмес, кантсе да апасы аны тогуз ай боюна которду да, ушул дуйного алып келгени учун гана рахмат дебейби! Гуландага менде соз да жок, жакшы аял деген тескерисинче куйосунун туугандары менен жакшы мамиле тузот да, кайра Айбек байкеге кошулуп алып суйлогону эмне? Озунун апасы кандай абалда болду экен?
12.05.2011. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болор иш болду дда эми бактылуу жашашсын дейм. жакшыныкай кызы турганда. жашоодо бардыгы болот да, адамдар кечиримдуу болушу керек. бактылуу болушсун.
13.05.2011. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Emneden uyalasiz dese piketchilerden deit. joob bererden aldin bir az oylonso bolmok. adam ozunon ozu uyalbasa bashka ech kimden u9lbait. baska adamdi siylai da albait.
13.05.2011. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айбек байке азаматсын сизди токтогулдуктар баарыбыз сыйлайбыз онорун оркундой берсин!
13.05.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айбекти карагыла. Э, тамтайган бетин менен жерге кир!
КАТЫНПОЗДОРДУН СИМВОЛУНДАЙ БОЛГОН СЕНИ ....
14.05.2011. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гуланда мне вообще не нравится!Но пусть будут счастливы! Дочка прелесть!
14.05.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айбек Карымовдун ырларын жыргап угам(о.эБек Борбиев,Сыймык Бейшекээв)ал эми жеке турмушуна кийлигишке эч кимибиздин акыбыз жок.Иштеринерге ийгилик,эч бир созго конул бурбагыла.Кайратынардан жазбай,наристенерди оорутпай,бактылуу жашагыла,кылган куноонор учун кудайдан кечирим сурап намаз окусанар,ал кечирет.
14.05.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарыбыз адамбыз ката кылабыз ,коп сындасак оз башыбыз га да келиши мумкун ,бирок биронун катасын коруп жашап уйронобуз ,мырза сиз болсо 1эмес эки жолу ката кылдыныз .апаныздан да сабак алсаныз болмок ,.Озу" жетим "деген соз Ала-тоодон ары кетсин деген ыр саптарын таштап кеткен энесине арнаган ,ата-энесинен мээрим корбогон адамдар балдарына мээримдуу болушат,тескериго ,энесин мамилеси таасир калтырбаптыр да ,же энесин же балдарын тушунбогон акмак ,озуго окшогон мээрими жок муун кобойтуп жатыпт
14.05.2011. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыр ,бирок бул биздин башыбызга келбесин Кудай бетин ары кылсын,канчалык жардам,колдоо корсотпосун ,аларга ата керек, кылыктарыга жоопкерчилиги жок адам ,менин атам болгонузда оч алмакмын чонойгондо ,Кудайга шугур менин атам эмессиз,
14.05.2011. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катынпоз кыйын болсонунуз жаман болсо балдарыныз учун 3 менен тен жашабайсызбы ,катын устуго катын алуу оной ,аларды жана балдарды тен багуу башка кеп ,Слабо да
15.05.2011. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aaii dostor emne myn4a asylgansynar,ar kim ozu u4un joop beret da emne kylsa dagy...men aybek baykenin talantyn baalaim!!!
15.05.2011. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы, сындар жакшы айтылган, бирок сындаганга озум татыктуумунбу деп ойлонуш керек, эгер татыктуу болсо анда жакшы. А озунун башындагы тоону корбой бироонун башындагы чопту коро бергендер болсо кичине тобо жагына коз салып коюш керек. Негизи, сени жарыкчылыкты корсоткон адамдарга омур бою ыраазы болуш керек.
15.05.2011. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin ugushumcha Gulanda dele bir kuiyogo tiyip chykkan, birinchiden. Ekinchiden Aibektin aitkanyna koshulbaim ( Ал менин апам эмес, менин апам башка. Ал жөн гана мени төрөп таштап кеткен адам!) Ozu dele baldaryn tashtap ketbedibi, any emnege oiloboit? Ozu apasynan eki ese ashyp tushkon kata ketirip atkany menen ishi jok, apasyn syndap koiyot..................
15.05.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын атын уят кылгандардан уялам дейт. ииий бетим, сен уят кылып жатасын да бизди.... Айбек байке, андан башка нерселерге уялбайсызбы?
15.05.2011. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бетиниз жок экен! сизди коргон жерден бетинизге тукурбосомбу! Апам жок ал мени просто торогон киши деп кантип айтып жатасыз?! бир бала тороп корбойсузбу? кантип жон эле торойт экенсиз? балдарыныздан ушундай созду угуп калуудан коркпойсузбу?
19.05.2011. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек Карымов биринчи чыкканда аябай сыйлачумун!!1Ал эми качан Гуландага уйлонду деп укандан кийин бул адамга болгон оюм бузулган эле мына азыр бул айткандарын окугандан кийин адам эмес эле айбан дагы оз баласын таштабайт бул бир тугонгон жан экен Ата деген озунуну жеке кызыкчылыгын ойлобой балдарынын келечегин ойлоосу керек кунумдук нерсеге кызыгып балдарын бактысыз кылды атанын орду башка Гуланданы суййполуп барайтса да бала учун озун курман кылуусу керек эле бул каарыган чал адам эмес экен
18.06.2011. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нече жыл илгери, Айбек байке районго концерт коюп келгенде, экоонvн дуэтинен кийин "Что та хочет, но явно не хлеба"-ойлоп кvлгонvм эсимде... :) Кыргыз байыса катын алат болгонго:) но для меня это мерзость бросать детей и за какими то, каким бы она не была!
16.01.2012. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwul dengelge jetken u4un torogon enesine min ese rahmat aityw kerek. Toroboi koiso emne kylmak ele?
30.11.2012. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеден уяласыз десе,пикетчилерден дептир.Ал эми кыргыз эли сендей болгон энесин сыйлабаган,балдарын таштап кеткен ырчыдан уялат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо