КЫРГЫЗДЫН ЖИБЕГИН КИМ САТТЫ?

№444 6-12-май, 2011-жыл

Өткөн жылдын 28-октябрында Индонезиядагы аэропорттордун биринен 21 жаштагы Жибек аттуу мекендешибиз баңгизат менен кармалган. Бул тууралуу жакында гана маалым болуп, айыпталуучунун өзү курмандыкка айланганын айтууда. Учурда он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыргыз кызын оор жазадан алып калуу айласы көрүлүп жатат.

АЛГАЧ ЖУРНАЛИСТТЕР КАБАРЛАШТЫ
Үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү индонезиялык журналист Закы Ямани Индонезиянын Бадунг шаарындагы түрмөгө иш боюнча барып, ал жерден кыргыз кызына жолугуп калган. Журналист Кыргызстандагы кесиптештерине кабарлап, аны “Азаттык” биринчи обого алып чыккан.
Жибек тууралуу айта кетсек, ал Бишкек гуманитардык университетинин кытай тили багыты боюнча 5-курста окуп жаткан. Анан кандайча Индонезиянын абагына түшүп калганы тууралуу КРнын Малайзиядагы элчилигинин кызматкерлерине төмөнкүчө маалымат берген.

2000 ДОЛЛАРЛЫК АЗГЫРЫК
Жибек Бишкекте Бен аттуу африкалык мырза менен таанышып калат. Бен ага Кыргызстандан Малайзияга баштыктардын үлгүлөрүн жеткирип берүүнү сунуштап, акысына 2000 доллар бермек болгон. Макул болгон Жибек 2010-жылдын октябрь айында Малайзиянын борбору – Куала-Лумпур шаарын көздөй учат. Айтылган жерге жеткенден кийин Бен баштыктардын үлгүлөрүн Индонезиянын борбор шаары – Жакартадагы өнөктөштөрүнө алып барышы керектигин айтат. Белгиленген шаарга баратканында Бадунг шаарынын аэропортунда текшерүү учурунда жүгүнүн ичинен 1 килограмм героин табылат.
Камакка алынган Жибек сурак учурунда жүгүнүн арасына баңгизат жашырылганын билбегендигин айтып, Индонезиянын полициясы менен иштешүүгө макул болот. Жибек Жакартанын полиция кызматкерлери менен андан баштыктарды алып кетүүчүлөргө чыгууга аракет кылат. Бирок 3 күн ичинде ага эч ким байланышка чыкпайт. Ошентип, Жибек ортодо курмандыкка айланат. Индонезияда баңгизатка байланыштуу кылмыштарга катуу жаза (анын ичинде өлүм жазасы да бар) чектелсе да, айыптоочулар Жибектин тергөөгө көмөк көрсөтүүгө макул болгондугун эске алып, аны 17 жыл түрмөгө кесүүнү суранышууда.

АКЫЙКАТЧЫ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Окуя тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жибекке биздин бере турган жардамыбыз – иштебей жаткан Тышкы иштер министрлиги башында турган мамлекеттик органдарга коңгуроо кагып, иштетүү. ТИМ бул окуяны жарым жылдан бери билсе да, же бизге, же башка органдарга айтпай отура бергени туура эмес. Тилекке каршы, буга чейин 3-4 соттун жыйыны болуптур. Өкүм чыгарып коюу коркунучу бар. Ал жакта баңгизат менен кармалгандарга көбүнчө атууга өкүм чыгарылат.
6 айдан бери унчукпай, иштиктүү жардам бербей, туугандарына кабар бербей, кат жөнөтүп коюп гана отурушкан ТИМди, ИИМди, прокуратураны ызылдатып баштадык. Биз коомчулукка жарыя кылгандан кийин президент баш болуп “жардам беребиз” дешип билдирүү жасай башташты. Азамат Кайбалиев деген Малайзиядагы кыргыз элчилигинин үчүнчү катчысы Бадунг шаарына учуп кетти. Аны Индонезиянын ТИМинин кызматкерлери тосуп алып, керектүү жардамдарды бергенге аракет кылышат. Мындан сырткары ал жактын акыйкатчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Алар Жибектин түрмөдөгү абалы, кыйноо көргөн жокпу, тамак-ашы кандай, ушул сыяктууларга жардам берип, бизден барган ТИМдин кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышмакчы.
Бен дегени Бишкекте жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн Түштүк Африка Республикасынын жараны болуп чыкты. Бен Жибекти алдап, «болсо болду, болбосо...» деп садага чапкан окшойт. Жибек акчага азгырылып, алданып калган шекилдүү. Өкүндүргөнү, Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда укуктук көмөктөшүү тууралуу келишим жок. Андыктан Жибекти Кыргызстанга кайра алып келүү оор, ал тургай мүмкүн эмес. Бен учурда издөөдө. Башкы прокуратура анын үстүнөн иш козгогон.

“АТАМ ТААНЫБАГАН КОТОРМОЧУ ЖАРДАМ БЕРИП ЖАТАТ”
Жибек Сакееванын үй-бүлөсү тууралуу айтсак, атасы кайтыш болгон. Апасы Орусияда иштеп жүрөт. Апасынын мындай окуядан али кабары жок. Экинчи агасы Туратбек карындашына колдон келген жардамын берүү үчүн аракет кылууда.
– Карындашым бейчеки баспаган, беш убак намаз окуган кыз эле. Анын баңгизат ташышы мүмкүн эмес болчу. Бен жана Диалетта дегендерге алданып калган болуш керек. Жибектин кармалып жаткандыгын агам экөөбүздөн башка эч ким билбейт. Сарсанаа болбосун деп апабызга да айткан эмеспиз. Бул убакка чейин тууган-уруктарыбыз да билбейт эле, эми ММКлар аркылуу угуп-билип калышса керек. Былтыр ноябрда милиция кызматкерлери агама Жибектин түрмөгө түшүп калганын кабарлашыптыр. Анан агам мага айткан. Ошондон бери барбаган жерим калган жок. Баары эле бири-бирине жөнөтүшөт. Бен менен Диалетта дегендер мурун да ушундай жол менен Кыргызстандын эки жаранын карматышкан экен. Алардын бири Кытайдын түрмөлөрүнүн биринде отурат деп уктум.

“АБАКТА ЖИБЕККЕ ЖАКШЫ МАМИЛЕ КЫЛЫШАТ ЭКЕН”
– Индонезияда Мики Салман деген котормочу мени карындашым менен байланыштырып, ага моралдык да, акчалай да жардам берип жатат. Бул жактын тийиштүү органдары кылбаган ишти атам тааныбаган котормочу жасап жатат. Мен да анча-мынча тыйын-тыпыр жөнөтүүдөмүн. Жибекке ал жактын түрмөсүндө жакшы эле мамиле кылышат экен. Тил үйрөтүүчү курстарга барып араб жана жергиликтүү тилдерди үйрөнүп жатыптыр. Жакартадан жактоочу келип, карындашымдын ишин эч кандай акы албай кароодо.
Жибектин тагдыры ММКларга чыгып, акыйкатчы көмөктөшө баштагандан кийин гана тийиштүү органдар аракет кыла башташты. Азыр укук коргоо кызматкерлери Жибекти “подстава” кылды деп шектелген Бенди жана Түркмөнстандын жараны болгон Диалетта аттуу айымды издебей эле, мен өзүм аракет кылып жатам. Карындашымдын Альбина аттуу курбусу анча-мынча нерселерди билет экен. Анын билгендери жөнүндө укук коргоо кызматкерлерине айтсам, алар аракет кылышпады. Альбина азыркы тапта Жибекке жардам берүү үчүн банктан атайын эсеп ачууга аракет кылып жүрөт. Эгер жардам берүүчүлөр табылып эсепке акча которулса, карындашымдын керегине жарап кетет беле.

ЖИБЕКТИН ТАГДЫРЫН МИНИСТРЛЕР ЧЕЧЕБИ?
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Индонезияда баңгизат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакееванын тагдыры май айынын акырында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланат. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-майда Жакартага сапар алганы турат. Анда Индонезиянын министри менен эки өлкө ортосундагы кызматташтык менен катар, абакта отурган кыргыз кызынын абалы тууралуу сүйлөшүүлөр болмокчу.
Алдамчылардын тузагына илинип, оор күнгө туш болгон мекендешибиздин бул балээден аман чыгышын тилейли.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(50)
10.05.2011. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да соз жок. Жибек акталып кетишин каалайт элем.
10.05.2011. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул дагы бир жашоодогу чон жанылыштык, кырсык...кудай озу сактасын...жогоруда коммент бергендер асмандан тушконсубой алды артынрды карап жазсанар тобо кылып дегедей...ТИМ дин кызматкерлри ооздорун ачпай эртерээк суйлошуулорду жургузуп кызга жардам беруу керек....
10.05.2011. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алданган болсо, тигилерди кудай жазалайт, а эгер озу билип жазаса, анда кудайдан кечирим сурап жаткандыр. Эмнеси болсо да, мекенине аман эсен кайтып келишин тилейм. Анан элдер, кичине кайрымдуурак бололучу, озубуздун эле кыз го, озунордун жакындырынар ушундай болсо, тытынып жардам сурамаксынар, канчалык жаман ишке барса да. Акыркы кундору, адамдардын баарында журогу жок болуп баратышат...
10.05.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tyygandar bul da bolso kyrsyk da jashoonyn aylasyn izdep kanday gana jolgo barbaybyz.
Aman esen eli-jeryne kelishyn tilek kilaly!
Baarynan da byr tyygan agalary kyiyn kyndy bashynan otkordy go.
Prezydentybyzden ymyt kilaly...
Jibek myndan ary jety olchop byr kes..aidagan jaka kete berbey.adamdyn jany chymyndykynan ayirmasy jok..tyrmodogy jaman adamdar kol salsa emne kilmak elen.Sak bol!
11.05.2011. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meni tan kaldyrgan suroo- Kyrgyzstandan(aeroportton) al bangizat m-n kantip 4ygaryp jiberishken...Bashka olkodo taba algandy bizdikiler taba albayby???Oi toboo...
11.05.2011. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ketirilgen echbir kata olum menen jazalanbash kerek!
11.05.2011. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuday ozu saktasyn! Jaman boluptur! 1kg geroin menen kantip bizdin aeroportton ottu? Men dagy eki jaka kop ucham, bizdin aeroportton kop jolu teksherilip otosun! Anan kandaycha bul kyz otup ketti, men u4un chon tabyshmak??? Emnesi bolso da, aman esen kaityp kelsin oz jerine!
11.05.2011. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштыгын карап койсо болмок экен
11.05.2011. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий аябай окунучтуу окуя экен. байкуш кыз кандай гана кундор-тундорду башынан откоруп жатат. Супер-инфо жамааты кийинки сандарыныздарда ушул окуянын уландысын жазуунуздарды суранабыз.
11.05.2011. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз! биздин бийлик караганга кучу жетпесе кетишсин. Ушактарга караганда атууга окум чыккан имишго ким биледи?
11.05.2011. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жардам берсе экен эми... Озу кунолуубу кунолуу эмеспи баарибир закон чечет, менимче баарыбир кунолуу болуп чыгат,анкени акча алып откоруп баратса,жок дегенде сезсе керек( а тагырак билсе керек) ичинде бир нерсе бар экенин(наркотические психотропные вещества)!!!
Элдер эч убакытта бироонун посылкасын,чочун бироонун грузун таможенный постон откорбой жургуло(чемоданы,вещи и т п)Тем более акчага...!
11.05.2011. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бен бул озу ким экен кыргызстанга келип алдаган адамдарды андайга жол койбош керек достор озуно карап иш кылгыла достор
12.05.2011. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан окунучтуу! Кырсык деген каш- кабактын ортосунда, байкуш кыз билбесе керек мындай болуп кетээрин. Менимче жанагы Бен деген негр Жибектин абдан ишеничине кирип алган, коптон бери тааныса керек. Жибек ишенчээк, ичинде кири жоктой корунот, ошону учун аны алдап коюш онойго турду да.Бул иш баарыбыз учун сабак болду, Жибектин акталып, аман-эсен Кыргызстанга кайтып келишин каалайм.
12.05.2011. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бедная девочка! Чала сага деп зачем айтасынар, алданды да, жаш турбайбы... Кантсе да бир боорубуз да, ал билип барганына мен ишенбейм...
Батыраак чечилип, аман-эсен мекенине келип алсан экен.
12.05.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз дагы бир акмактын курмандыгы болгон.Кыргыз эли ак конул,ишенчээк, жаман жагы кайдыгер калк болот экенбиз. Баардык нерсеге ишенип кайдыгер караганыбыздан канча мекендештерибиз чет жерге барып кулчулукка сатылып жатышат. Окунучту. Азыр ар бир адам озуно сак болбосо бийликтегилер эл кырылып жатса деле тоготушпайт. Жибекти жараткан колдоп, аман мекенине кайтып келсин жана бул окуя баардык кыздарга сабак болсун.
12.05.2011. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алардын паспорттору туура болсо биздин милиция эмне кылмак эле дейсинерби?? паспорттору туура болгон менен ошол баштык биринчи негреде жургон да кыргызстанда, ошол учурда кармаш керек. экинчиден биздин аэропорт..ушерден колго түшсө болмок экен..бирок биерден колго түшүрбөй учурушкан да, менин оюмда кыз эмне алып баратканын билген, бирок Индонезияны жакшы билген эмес..кыргызстандан өткөндөй аерден да өтүп кетем десе керек. үчү
12.05.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
үчүнчудөн баштыктардын үлгүлөрү деген эмне??? кичинекей баштыктарбы??
13.05.2011. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ras boluptur suyiloshkulo dagy bolok uluttar menen
13.05.2011. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч киминер билбей эле жаза бересинерби??? жон эле күнөөгө батып.... Балким ал кыз чынында эле жаман кишилердин курчоосуна кабылып калгандыр... кыргыз мекендешибизге жардам бериштин оордуна аны бул жакта жамандап отурабыз...Дикуся айткандай кыргыз эли чын эле аябай ишенчээк калк келебиз.. Сырттан конок келсе тим эле башка планетадан келгенсип төргө өткөрүп , тамагыбызды оозуна салып бере салабыз...Ошондуктан кыргыз эли биримбикте болуп , бир
13.05.2011. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тан калыштуу, макул Бишкектин аэропортунан эптеп отту дейли бирок Бишкектен туз учкан рэйс жок го ал жака, через Ташкент же Стамбул же Алмата аркылуу учат, транзит болуп кеткен кундо да текшерилет да башка аэропорттон, анан кантип билинбей ошол жерге барганы кызык болуп жатат...
Жибекти кудайдын озу колдосун! балким билип баргандыр оной акча тапканды каалап, балким чын эле алдангандыр, коруп билбеген сон калп эле бир нерсени айтып бодурай берген туура эмес....
14.05.2011. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Думала, что такое только в кино возможно. Искренни ее жаль, просто попалась на удочку! надеюсь все образуется и Жибек вернется на Родину!
14.05.2011. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар озунор кунолуусунор биринчиден!Каяктагы негрлер, Коейстерге жармашасынар!Кыргыздын мырзалары мин эсе жакшыраак, тазараак!Жибек Кудай буйруса албетте кайтып келесмн озз мекенине!Ак жол !!!
16.05.2011. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir ele kyrgyz kyz bolgonu uchun Jibekke kaalarym baardyk jakshiliktardi. Ayabai tataal okuya, birok chindikti Jibekten bashka echkim aita albait. Kairan duino, dollar dep kanchalar mayip boldu, ech kim Jibekti kunooloi albait,bir kana kudai. Eger schet achilsa,kancha koldon kelse jardam bersek, a kunooloshtun keregi jok, Isa paigambar aitkan:" Kiminerdin kunoonor jok bolso birinchi tash yrgytsin" dep. Karyndashty koldop koiolu ailanain kyrgyzyzym!!!
18.05.2011. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bagdat sen iwtep jursoh dagy ele iwtep juro ber anda! Bir kunu sen tuwosuh owondo korosuh kandai boloorun! Tailandda dagy eki kyrgyz karmaldy narkotik menen! Kudai saktasyn seni JIBEK. Bugun senin akyrky okumuh chygat! Aktalyp KYRGYZSTANGA kaityp kel!
21.05.2011. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okum emne bolup chykty eken? bilgender bar bolso..
08.07.2011. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батыштын кооздугуна долларына кызыкпай Каабанын (кыбыланын) сообуна караса кызыкса боло!!!
29.10.2011. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жибек уйунун эн улуусу болчу байкуш кыз,атасы казаа тапкан,энесин,синдисин караган ушул жалгыз озу,биз угуп алып жаман болдук аяш эжем мындай кыз эмес эле деп,апасы куну-туну ыйлап журот,азыр сот журуп жатыптыр,Шамалды-Сайга батыраак эсен0аман келип алын эми,сизди кутобуз,туйшугунуз женилдесин!!!!!
21.06.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кыз боло туруп узак жолго?билбейм эмне дешти акча деген курусун ушуну деп кыргызым кай жерлерде кор болуп журобуз.Боорум ооруду байкуш жогоркуларга ынсап берип жардам кылышсын да.Каабаны караш учун да ушул доллар керекпи?
27.06.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактай кор озун.доллар алам деп эми азабын тартасын.чындыгында кыздын озундо ал акчага азгырылган.билбей калгыдай жаш эмес экен.эми кантсе да акталып кет
19.02.2014. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу супер инфо жибек сакеева жонундо маалымыат болсо жазып койсонуздар сураныч!!!!!!!!!!!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо