МУХТАРБЕК ӨМҮРАКУНОВ

№444 6-12-май, 2011-жыл

“Замандаш” партиясынын лидери, кыргыздын белдүү азаматы Мухтарбек Өмүракунов мезгилсиз дүйнө салды. Ат-Башынын айтылуу уулун ажал алып кеткени менен, артында анын жолун улачу уул-кызы, шакирттери калды.

КОШ, КЫРГЫЗ КУЛУНУ!
25-апрелде Кубага эс алууга аттанган коомдук ишмер Мухтарбек Өмүракунов Варадеро курорттук аймагында жайгашкан “Салеман” отелине токтоп, эс алып жүргөн. 30-апрель күнү бийиктиги 3 метрлик океан толкуну жээктеги адамдарды сууга алып кирип кетиптир. Арасында Мухтарбек Өмүракунов да болгон. 30-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 17:30да анын сөөгү океандын жээгинен табылыптыр. Сөөгү 4-май күнү Кыргызстанга алынып келип, 5-май күнү акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Ал эми 6-май күнү кичи мекени Ат-Башыга коюлат. 46 жашында дүйнө салган коомдук ишмердин артында 7 баласы калды. Маркумдун жакындарына, балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

АТ-БАШЫДА ӨТКӨН БАЛАЛЫК
Мухтарбек Өмүракунов 1965-жылы Ат-Башыда жарык дүйнөгө келген. Апасы кош бойлуу кезинде Мухтар Ауэзовдун чыгармаларын таасирленип окугандыктан, уулуна Мухтар деген ысымды ыйгарган. Балалыгы кадимки элеттик балдар көргөн турмуш менен өткөн. Жазында чүкө ойноп, жайында чөпкө барып дегендей.
Апам Жумабүбү быйыл 70ке чыкты, дале жаны тынбайт. Жаш кезинен эле энергиясы ашып-ташкан кайраттуу аял. Өмүр бою айылдагы тигүүчү ишкананын башчысы болуп иштеди. Бизди уктатып коюп, тикмечилигин улантчу. Ошондо “кайсы маалда уктайт болду экен?деп таң калчумун”,- деп апасы тууралуу төгүлүп айтып бергени бар эле.

ЖЫЛДЫЗДУУ СТУДЕНТТЕР
Мухтарбек Өмүракунов 1989-жылы Фрунзе Политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. “Ал кез кайра куруу мезгили. Окуу жагынанбы, спорт жагынанбы, дайыма биринчиликти алчубуз. Гүлнара Тойгонбаева, Мухтар Атаналиев, Бек Борбиевдер менен чогуу окудум. “Антибригада” деген чакан театрыбыз менен Казанга, Кубага чейин барып келгенбиз”,- деген эле. Студент кезинде Кубага барып, ал өлкө өзүнө тартканбы, санаалаш агаларынын бири: “Аттиң, Кубага барып, ал жактын өнүккөнүн көрүп, “биздин өлкөбүз кудум Кубадай өнүксө болмок” деп келген эле, кийинки жолку сапары кырсык менен аяктаарын ким билиптир”,- деп муңканды.

МИГРАНТ БОЛУП ЖҮРҮП БУТУНА ТУРГАН
Биздин каарман чаар баштык көтөрүп, Орусияга каттап жүрүп бутуна турган адам эле. Кичинекей чүрпөсү менен үйү жок, батирден батирге көчкөн, ылай тебелеп үй тургузган, Орусиянын ызгаардуу суугундагы мээнеттүү күндөрүн мындайча баяндачу: “Менин ошондогу тагдырым бүгүнкү күндө миңдеген кыргыздардын башынан өтүүдө. Чет жерде жүргөн күндөрдү эстесем, азыр да көзүмдөн жаш тегеренип кетет. 1993-жылы Орусиянын Новокузнецк шаарына барып, ишим жүрбөй көрбөгөн азапты көрдүм. Милиция, рэкет, айтор, канча кемсинтүүдөн өттүм”. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн.

“МЕН ҮЧҮН МЕКЕНИМ КЫМБАТ”
Башынан кыйынчылыкты өткөргөн адам көп нерсени аңдап-билип калат эмеспи. Сыртта жүрүп эл-жерди сагынып, бир ууч топурагына, бир ууртам суусуна зар болуп, көөдөнгө куса батпай “качан биз өз мекенибизди башыбызга көтөрүп жүрөбүз?” деп ыйлаган күндөрүн бизге берген маегинде айткан эле.
“Тапканым – кыргыз элинин ишеничи, сырттагы мигранттардын үнү. Жоготконум – жаш өткөн сайын дос азаят экен. Мен байлыкка, бийликке карап дос болгондордон алысмын” деп Мухтар мырза бекер эле кайгырыптыр. Себеби 5-майда акыркы сапарга узатууда аттуу-баштуу адамдардан баштап, бир кезде көмөгүн көргөн Орусия, Казакстандагы мекендештери келип, көзүнөн жашын агыза коштошуп турушту.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
09.05.2011. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Угуп алып бир нече кун кызыктай абалда журдум. Бугун бар да эртен жок деген ушул экен. Коптогон мыкты жана так максаттары бар, шайдоот адам эле.
09.05.2011. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arty kairyluu bolsun. Jakshy adamdar erte ketet degen chyn okshoit.
09.05.2011. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мухтар байке аябай жакшы киши эле. Мен аны жакшы таанычумун. Ушундай ак конул,эн жонокой киши эле. Угуп алып ишенген жокмун. Аябай жаман болуп журдум. Ушундай натыйжалуу жана кыска суйлочу. Ал соз менен эмес иш жузундо корсотчу. Жакшы адамдарды кудай эрте алып кетет тура. Менин азыркыга чейин ичим сыздап журот. Жаткан жери жайлуу болсун. Арбагы колдосун!!!
10.05.2011. 07:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун .
10.05.2011. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мухтар байкенин кутуусуздон каза болгонун угуп, аябай жаман болдук . Сиз, жалгыз эле Ат-Башынын эмес бутундой Кыргызстандын козго басаар, камчыга сап болоор уулдарынын бири эмес белениз. Миграция министрлиги жасабаган канчалаган иштерди жасап, канчалаган адамдарга жардам берип, канча соопчулук иштерди жасамак элениз? Сизден коп нерселерди кутуп, Сизге ишенип, умуттонуп жашап келе жатпадык беле. Аттин, жакшы адамдардын омуру кыска болот деген чын турбайбы. Сиз жасаган копт
10.05.2011. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо ушундай экен да....заматта эле жакшы адамыбыздан айрылып кадык...
10.05.2011. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажал кайда болбо жанында журот..
Жаткан жери жайлуу топурагы торколу болсун...
олтуруп койдубу деген ой келген мага биринчи...
10.05.2011. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Мухтар байкени таанычу эмесмин,бирок менин оз эжем (архитектор-дизайнер) Мухтар байкенин уйун офисин куруп иштешип калган,жана азыркы кунго чейин аялы Айжан менен дос мамиледе...Мухтар байкенин кабарын угуп эжем аябай ыйлады,ал эмес мамам да абдан капа болду...Эжем айтчу Мухтар байке жашоодо (суроттко караганда)абдан суйкумдуу,жылдыйздуу жана жонокой адам экен деп! мен да кошулам,ал адам айтканын кылып корунуктуу иш жазачуу...!!!
10.05.2011. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чет олкодо журган коп адамдар Мухтар байкени оз агасына же инисине ишенгендей,ишенишчуу...канчалаган биздин мекендештерге жардам берди,когда алардын умуту узулгондо,бул кеп жон эле уккан кеп эмес,биздин да алыс туугандарга абдан жардам берген!!!эх,эмне кыл дейсин...жакшы адамды кудау ушинтип арабызга калтырбай экен...ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ,ТОПУРАГЫ ТОРКОЛУУ БОЛСУН!!!сиздин кылган жакшылыгынызды билген,ар бирибиздин эсинде,журогунда ар дайм жашайсыз!!!
10.05.2011. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен угуп алып абдан жаман болдум. дагы деле ишенбей жатам. мухтар байкенин замандаш партиясында иштегем. аябай жакшы киши болчу. озунун байлыгын озу эч кимден уурдабастан курган адам эле. колунда бар болсо да бой которбочу.жонокойлугу менен айырмаланчу. жаткан жери жайлуу болсун. аллахым жаннаттан жай берсин
10.05.2011. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан окунучтуу...Ыйманы Саламат Болсун!!! ушундай коомго керектуу жана кыйын адамдар эрте дуйно салып кеткени абдан кейиштуу...
10.05.2011. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торкоо болсун. Жакшы киши эле. Эл учун иштеген. Аябай окунучтуу.
10.05.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mendagy algach azatyktan ykkanymda ishenbedim...Kadimkydey byr kyn kechke jaman boldym.ychym kyidy,kyrgyzymdyn chynygy kairatty myrzalaryn kydaiym arabyzdan alip ketip kalganyna.Jatkan jeri jailyy bolsun.
Aijan Akilbekovaga da kairatty bolup.Yshynday jyrok jarylchy kara kyndordy jenyp baldary,ely, chygarmachylygy ychyn ozyn kolgo alsa eken.Attin omyryn kiska ekenyn kim biliptyr.
11.05.2011. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай окунучтуу окуя! Биз билебиз, Сиз олбой турганда Кыргызстандын онугушуно коп салым кошмоксуз. Айла жок бул да Алланын окуму, балким Сиздин баркынызды билсин деп эрте алып кеткендир. Ишенебиз сиз жасаган соопчулук иштер менен туз эле бейишке киресиз. Арты кайрылуу болсун Айжан Акылбековга терен кайгыруу менен конул айтабыз! Кайрат кыл, балдарынды жакшы тарбияла Силерди бут эл карап турат, сынап эмне болушаар экен деп, Белди бекем бууп алдыга карай,балдарын учун эмгек кыл
11.05.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ушундай экен. Бирде болот, бирде жок болот. Сабыр кылгыла Мухтар байкенин туугандары.
11.05.2011. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык Замандаштагыларга көңүл айтам.Белди бек бууп, Мухтар жетпей калган бийиктиктерди биз багынталык. Мухтар элдин уулу элең, жаткан жериң жайлуу болсун!
11.05.2011. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeriniz jayluu bolsun
11.05.2011. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!Жаннатка кирсин ылайым!Дуба кылайлы туугандар!
12.05.2011. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.билип,билбей кетирген куноолорун кудайым озу кечирсин.калган жашын балдарына берсин.
12.05.2011. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жериниз жайлуу болсун!!!
12.05.2011. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жигит эле. Жаткан жери жайлуу болсун
12.05.2011. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым билип билбей жасаган куноолорун кечирсин бейиштен орун берсин
13.05.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин,кыргыз элим дагы бир чыгаан уулубуздан айрылдык!Жакшы адамдардын омуру неге мынча кыска болот десен!Муктар байке жаткан жерин жайлуу,топурагын торко болсун!
13.05.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан Жери жайлуу Болсун!!!
14.05.2011. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
Аябай жаман болгом, угуп алып!
Уй булосуно, туугандарына терен конул айтам!
14.05.2011. 05:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх кайран,гана жаштык..арты кайрылуу болсун,жаны жаннатан жай таап,алла ,,кетирген куноолорун кечирсин.жакшы адам эле..!!!
14.05.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Мен акыркы шайлоодо Мухтар байкенин шаардык координатору болгом. Кыргызым деген адам эле. Арты кайрылуу болсун. Жазы буйрук.
26.05.2011. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исчезнет все, что суще на земле;Навек останется лишь Божий лик –Благочестив, и щедр, и величен! ( Сура «Всемилостивый», аяты26-27). Бир кун келет баарыбыз кайтабыз.
26.05.2011. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Каждая душа вкусит смерть, но только в День воскресения вы получите вашу плату сполна. Кто будет удален от Огня и введен в Рай, тот обретет успех, а земная жизнь – всего лишь наслаждение обольщением» (Коран, 3: 185).
11.08.2011. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо