Гүлнур Асанова: «ҮЙДҮ НАРИМАН ТҮЛЕЕВ АЛЫП БЕРГЕН ЭМЕС»

№444 6-12-май, 2011-жыл

“Туңгуюк” тасмасындагы торпок жетелеген Алтынайды баарыбыз эле таанысак керек. Ошол болтойгон кыз бүгүн керилген сулуу болуп, кыргыздын салттуу музыкаcын таанытып келет. Анда азыркынын Мыскалы атыккан Гүлнур Асанованын жан дүйнөсүнө чогуу саякатка баралы.

МЕН ЖӨНҮНДӨ...

  • Туулган жылым – 1988-жыл, 20-январь
  • Туулган жерим – Аксы району, Кербен шаарчасы
  • Боюм – 168 сантиметр
  • Салмагым – 50 килограмм
  • Параметрим – 82-60-90
  • Тажабай көргөн тасмаларым – “Ак кеме” жана “Уркуя”
  • Кумирим – Таттыбүбү Турсунбаева
  • Баалаган саясатчым – Мелис Эшимканов
  • Жетишкендиктерим – «Улуу Жибек Жолу» (2008), «Нооруз-2010», «Нооруз-2011» эл аралык фестивалдарынын лауреаты, Маданияттын мыкты кызматкери (2009) жана башка сыйлыктар.

– Гүлнур, кош келипсиң. Кепти сенин секелек кезиңден баштасак...
– Балалыгым Аксы районунун Кербен шаарчасында өткөн. Кийин жашоо шартыбызга карап Таш-Көмүр шаарына көчүп келип, ошол жерден мектеп босогосун аттадым. Апам “кичинеңде аябай тентек болчусуң. Эшиктен боз ала чаң болуп жетип келчүсүң” деп жоруктарымды айтып күлүп калат. Чындыгында, кыздай болуп куурчакты алдейлеп ойногонум эсимде жок. Үйдүн астына төгүлгөн бир машина топурак бар болчу, балдарга кошулуп машина ойногон күндөрүм азыр да көз алдыма тартылат. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Менден улуу байкем жана эжем бар. Эжем мамлекеттик кызматта иштейт. Байкем чакан бизнеси менен алектенет. Апам небере эркелетип үйдө. Атамдын башка үй-бүлөсү бар. Бизден кабар алып турат.
– Билишимче, элге алгач Гүлнур эмес, Алтынай деген ысым менен таанылдың...
– Туура. Негизи, мен кино дүйнөсүндө 6 жашымдан бери жашап келем. Алгач таякем Темираалы Маймашевдин “Карагул ботом” тасмасында Карагулдун, 5-классымда болсо “Туңгуюк”, андан кийин “Күзгү жалбырак” тасмаларында Алтынайдын образдарын жараткам. Таякеме абдан ыраазымын. Көрөгөчтүк менен талантымды байкап, эл алдына алып чыгып тааныта алды.
– Көп адамдардан “тасмада Гүлнур өз жашоосун ойногон” деп угуп калам...
– Жок, андай эмес. Жашоомдо өзүмдү бактылуумун деп эсептейм, жакындарым жанымда. Элден кем калбай да, ашпай да жетиштүү жашоодо жашап келем. Кудай ушунумду кут кылсын. Чынында, Алтынайдын образын ийине жеткире аткаруу үчүн аябай аракеттенгем. Ошондон уламбы, азыркыга чейин трагедиялуу ролдорго сунуштар көп түшөт. Кээде кебетем кайгылуу образга жарашат окшойт деп ойлонуп кетем. Мындай ролдорду аткаруу мен үчүн кыйын деле эмес. Болгону, ошол кыздын оор тагдырын, башынан кандай кыйынчылык өтүп жатканын элестетип, образга кирип кетем. “Туңгуюкта” ыйлаган жерим бар го, ошол жерине келгенде тартуучу топ толтура пиязды аарчып даярдап алышыптыр. Анысы жок эле аткарсам, аябай таң калышкан.
– Акыркы убакта комузда кол ойнотуп, кашты серпип ырдай да баштадың...
– Элден «эмнеге актриса болуп туруп театралдык факультетке эмес, салттуу музыкага тапшырдың?» деген суроону көп угам. Ырчылыкты тандап алышыма апам менен устатым Роза Аманова түрткү болгон. Апамдын жашында ырчы болом деген тилеги орундалбай калган экен. Мектепте окуп жүргөнүмдө «кызым, комузда кол ойнотуп ырдасаң жакшы болот эле» деп көп айтып, комуз да сатып берген. Анысын бир-эки жолу кылдыратып таштап койгон элем. Кийин Курманбек баатырдын 500 жылдыгында ошол комузумду чертип дастан айтып, 2-орунду алгам. Ошондон кийин комуз менен ырдоого ыктап, Мыскал Өмүрканова, Каныкей Эралиевадай ырчы болсом деп кыялдана баштадым. Мектепти аяктагандан кийин Искусство институтунун театралдык бөлүмүнө тапшырганы баргам. Коридордон Сагынаалы Субаналиевич агай, азыркы ректорубуз капысынан жолугуп, “ырдайсыңбы?” деп калды. Ошондо апамдын сунушу эсиме келип, “ооба” деп токтолбостон жооп бердим. Ошентип, агай мени Роза Аманованын колуна тапшырды. Роза эженин салттуу музыканы терең түшүндүрүүсүнөн болсо керек, музыкага болгон кызыгуум ого бетер артты. Бул кесипти тандап алганыма өкүнбөйм.
– Жакында эле океандын ары жагына барып кыргыздын салттуу музыкасын таанытып келдиң. Чет жерде жүрүп эмнеге сүйүндүң да, эмнеге өкүндүң?
– Түркиянын “Түрксой” коомунун чакыруусу менен Стамбул, Анкара шаарларында өткөн “Нооруз-2011” эл аралык фестивалына Роза Аманова, Дилшат Кангелдиева эжелер жана “Арууке” бий тобу, “Акак” комузчулар ансамбли катышып келдик. Фестивалдын гала-концерти АКШнын Нью-Йорк шаарында болду. Андан кийин Бостондо, Вашингтондо да өнөрлөрүбүздү тартууладык. Кичинемден бери эңсеген Ниагара шаркыратмасында болдум, сүрөткө түштүм дегендей. Ал эми өкүнгөнүм, бара жатканыбызда демөөрчү издеп канча жерге кайрылып, оңдуу жооп ала алган жокпуз. Дагы жакшы, салттуу музыканы түшүнгөн инсандардан уучубуз куру эмес экен. Мелис Эшимканов, Алтынбек Сулайманов, Нурлан Сулайманов сыяктуу саясатчыларыбыздын көмөгү менен бардык. Учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдирип кетким келет. Дагы бир өкүнгөнүм, мына-мына сахнага чыгам деп турганымда Роза эже экөөбүздүн ортобузду кара мышык аралап, түшүнбөстүктөр болуп кетти. Анын баарын айтуунун кажети деле жок болсо керек. Эже жаныбызда жүргөн адамдардын сөзүнө ишенип жаман сөздөрдү айтып, жүрөгүмдү оорутту. Убакыт баарын дарылайт. Бүгүн болбосо эртең Роза эже кимдин кандай экенин билет деп ойлойм. Келгенден бери сүйлөшө да элекпиз.
– Жаш, сулуу селкилерге кимдер гана кызыкпайт, кимдер гана көз артпайт?! Акыркы убакта сени мансаптуу чиновниктер менен байланыштырып жүрүшөт...
– Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Мен чет жерде жүргөнүмдө “Курманбек Бакиев менен жакшы экен. Анын арты менен жер кыдырып келген” деген ушак-кептер тарап кетиптир. “Кулак укса, курсак кайнайт” дегендей, угуп алып аябай жүрөгүм ооруду. “Душманыңды алыстан издебе” деген кеп бар эмеспи. Ушакты эл чыгарбайт. Бул жанымда жүргөн эле адамдардын токуган жомогу. Ким чыгарганын да билем. Чындыгында, Курманбек Салиевич акыркы жылдары жаш таланттарга, спортчуларга, ардагерлерге, опера ырчыларына колдоо көрсөтүп, ал тургай квартира берип келгени баарыбызга эле маалым. Саясий ишмердигинен жаңылса жаңылгандыр, бирок жасаган жакшы иштерин да унутпасак. Ал улуттук да, классикалык да музыканы уга алган адам болчу. Кайсы өлкө болбосун мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга салттуу музыкасын алып чыгат эмеспи. Андан да кызыгы, эжем экөөбүздүн маңдай терибиз менен алган үйдү, машинаны Нариман Түлеев алып берген деп жазышты. Ушунун баарын угуп жаман болдум. Анан өзүмө-өзүм “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деп кеңеш берип, ушунун негизинде жашап келе жатам.
– Балким, турмушка чыгып кетсең бул ушактардын арты тыйылар. Качан турмуш жолуна аттанайын деп турасың?
– Турмушкабы? Аябай арзышкан, ушуга сөзсүз турмушка чыгам деген адамым деле жок. Жылуу мамиледе, кандай десем, жакын дос болуп жүргөн адамым бар. Негизинен, мага айылдык болобу, шаардык болобу чечкиндүү жигиттер жагат.
– “Турсунбай Бакир уулу Гүлнурду жетелеп жүрөт, жээнине алып берет экен” деп жүрүштү эле...
– Ооба, Турсунбай агайдын жээни менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Агай да келин балам деп көп айтчу. Кызганычтан улам жээни экөөбүз таарынышып кеттик. Азыр ал бир үй-бүлөнүн кожоюну. Мыкты жигит. Ага үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Турсунбай агай азыркы тапта деле мени колдоочу жерден колдоп келет. Кээде чогуу бильярд ойноп калабыз.
– Азыркы ырчылар эки ыр ырдап чыгып эле жеке концертин берип жатышпайбы. Сен качан коёсуң?
– Мага азырынча эрте. Дагы 2-3 жылдан кийин, репертуарымды кеңейтип алып койсом деген ойдомун. Жакында 20дан ашык ыр камтылган жыйнагымды чыгардым. Анда обону да, сөзү да өзүмө таандык бир ырым бар.
– Элибиздин жан дүйнөсүн музыка менен байытып жүрө бер.


Жылмайып коюңуз!

Роза Амановага шакирттеринин бири чуркап келип:
– Эже, эртеңки концертти сөзсүз башка күнгө жылдырышыбыз керек!..
– Анчалык эмне болуп кетти?!
– Гүлнур ооруп калса керек. Күзгүгө каранып алып “мен жылдызмын, мен Мыскал Өмүркановамын” деп сүйлөнүп жатат го,- дептир.

Дамира Арстанова
star@super.kg


Маек - Гүлнур Асанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(58)
12.05.2011. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиев экинчи президенттик шайлоого аттанып жатканда агитация учурунда жанынан чыкпай эле ырдап журчу мандай тери аккыча ырдады да Азамат !
12.05.2011. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сырткы менен ички сулуулугу топ келет, создору да ордунда... Бир гана ийгилик каалайм...
Буйруса концертине созсуз барабыз...

12.05.2011. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага дагы бул актриса абдан жагат.ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
12.05.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jerdeshim chigarmachiligina iygilik!!!
aaa Roza ejebizdin sozdorun kulaktan
aari irgitip jiber.

Модератор MiranA түзөттү 12.05.2011 11:33
SUPER.KG видео
12.05.2011. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчыбыз озуно ото ишенген кыздардан экен... Кыйын кыз окшойт...
Ал эми журналист башында "сиз" деп, анан "сенге" отуп кетиптир.
13.05.2011. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыргызбайыбызды кылабызда которулуп бараткан кишини бутуна тартып тушуробуз.Коруп билбегенден кийн антип айтпагылада, ким билет озу иштеп тапкандыр.Гулнур сага чыгармачылык ийгилик каалайм.Туура кыласын эчкимдин ушагын конул бурбай"Ит уро берет,кербен журо берет"деп журо бер.
13.05.2011. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жаш туруп ушунча ийгиликтерге жетишип,эч кандай ушак айын кептерге карабай алга гана умтула бер,озу жей албай,жегенди коро албагандар мына биз кыргыздарбыз.
SUPER.KG видео
13.05.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Гулнур сиздин талантынызга баа берем. Бирок Роза эженин даражасына жетуу сен учун кыйын эле го. Ал адамга каяша кылгандан коро алдына барып кечирим сурап койсон сен утмаксын.
13.05.2011. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiiyyyyy da Tursunbay Bakir uulu jash kyzdar menen bilyard oynoyt beken.Etot 4elovek s kajdym dnem vse bolwe i bolwe udivlyaet menya....
SUPER.KG видео
13.05.2011. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эч кандай таланты жок бул кыздын. уну жагымсыз, кинодогу ролдору 2 деген баага татыктуу.
13.05.2011. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дядясы менен бильярд ойноп жургон кызды жигит ала беле?! (((((((((( Конечно, башкага уйлонот!А чего она еще хотела?!
SUPER.KG видео
13.05.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Чондорго" таянып жатканы байкалат экен, бирдеме мамилеси бар да... Эмнеси болсо да, аны да билген адам кылыш керек.
SUPER.KG видео
13.05.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurnalist kyzdyn alyp bargany jakkan jok!!!
SUPER.KG видео
13.05.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу озун тим эле укмуш алып барып жатам деп ойлойт окшойт.Самореклама
SUPER.KG видео
13.05.2011. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт. Роза эжесинин айтканына эч ойлонуп деле койбойт го.Озу деле айтып жатпайбы Турсунбай Бакир уулу чыгармачылыгымды колдоп журот деп. Ал жон эле колдомок беле,эч уялбайт, тимеле с гордостью айтып жатат.Элдин баары тушунду кандай штучка экенинди.Сендейлердин айынан коп ырчы кыздардын намысына шек келип жатат.Уят, Уят и ещё раз Уят!
SUPER.KG видео
13.05.2011. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турсунбай Бакир уулу дагы молодец экен..молдонун айтканын кыл кылганын кылба деген ушул турбайбы,ммммммм..
14.05.2011. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын жердеш! мен дагы Аксынын Кербен шаарынан болом :)
14.05.2011. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Гульнура, биз Таш-Комурлуктор сени менен сыймыктанабыз, эч кимдин созуно конул бурба, только вперёд...
14.05.2011. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стилист жалдап жасанып журсо тим эле куйормандары кобойот ,1-суротудо сулуу жылдыздуу тушуптур ,кичикейиндеги роза гул мен тушкон суротудо индианкага окшоп калыптыр, болоор бала жашынан дегендей Тунгуюкта кыйын аткарган ,эми ыйлай бербей ,шайыр ,бактылуу адамдын ролун жаратышын кутот элем ийгилик
15.05.2011. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип уялбай озунун чон атасындай киши м-н бильярд ойнойм деп айткан .Анын аялы,бала чакасы укса эмне дейт болду экен.На первый взгляд она белая и пушистая,а так бети ачылып эч нерседен уялбай эле суйлоп жатат.
16.05.2011. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа, я тоже 100% согласенс вами KSB, уялсачы бир аз, дешевая штучка эле экен...
31.05.2011. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бекос кайдагыны айтпачы Ташкомурлуктор аны менен эч качан сыймыктанбайт. Мектепте жаман кыз болчу бир убакта эле 2 дос менен журуп уруштурган(Ильяз менен Чынгызды) анан эн жакын досу Мээримден(бул деле начар кыз) Ильязды тартып алган.Акем бизнесмен дегенине кулкум келди кудай дечи айланайын. Темир байке тайкеси эмей огой атасы. Кайдагы Таттуубубу капкара эле бир кыз.
31.05.2011. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээримдин мамасы деле айтат го машинаны озу алган эмес деп,бул чындык.
SUPER.KG видео
08.06.2011. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эжекеси менен АКШга барганда урушушту деп жатышпайбы. Ошол гастролдо бийчи Асел жана Элина болуп кошулуп алышып ото жаман жоруктарды жасап, Туркиянын министрине кыска шортычан киришти дейт. Угуп алып иренжидим.
SUPER.KG видео
08.06.2011. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза эжекесинин "жон журбойсунорбу, уят кылбай" деп урушканынча эле болгон корунот. Акыркы кундору ушул кыз тууралуу создорду уга берип тажадым. Жапжаш туруп копту коргон кыз корунот. Анысы оз жашоосу дечи, бирок ырдаганы, уну жагат!
10.06.2011. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнурдун ырларын аябай кызыгуу менен угамын бирок, эн кызыгы жердешим экенин билбепмин окуп аябай кубандым. ийгилик сага Гулнур!
SUPER.KG видео
16.06.2011. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой,бул кыз чындыгында арзаааан,томонку денгеелдеги кинолорго тартылып,арзаааан клип тартып,ырдап жургонун билчумун.жакшы дагы Роза эженин жардамы мн ушунча которулуптур.
SUPER.KG видео
05.07.2011. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойногон кинолору мага жакпайт денгээли ото томон.ошол кинолорго тартылып аброюн тушурбой эле койсо болмок.ал эми жеке жашоосун озу билет,бирок Бакир уулу менен бильярдка барыш уят ко деп ойлойм.ал эми ырдаганы жагат.
SUPER.KG видео
16.07.2011. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу форумчулар,менин силердин ар ким менен журдуруп,жаткыра бергенинерге такыр тушунбойм,мейли биз ар кимдин жеке жашоосуна асылууга эч кандай акыбыз жок!! Бул жаш кыздарды бузуп жаткан ошол чиновникетерде уят жок да,уккам жакшынакай эле бир ырчы кыздарды коруп калышса эле ТВ дан ,чакырта беришет экен деп,анан эмне кылышат,Тв дан ырларынды алдырам,экинчи чыкпай каласын деп коркутуп уркутуп жатышса...Билбейсинер да шоу бизнес кандай кир нерсе экенин...айтпаса деле тушунуктуу
18.10.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bu kizdin bashka bir intervyusunda ayabay maktanganin ukkam, " menin jan duynom kop nersege bay, alardin 2-3 sun ele aytip keteyin dep":)))) emi jan duyno degen yrdap anan biylep , kinogo tartilip koysole bayip kalbaytta anan ushintip suylogonunonle janduynosu kanday ekenin bilse bolot dep oyloym da!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо