Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖҮРӨККӨ КАРА ТАК КАЛТЫРГАН СОГУШ

№445 13-19-май, 2011-жыл

Жаш муундарга сабак болсун деген максатта Чодобаев Бакир атага кайрылып, согушта башынан өткөргөн азаптуу, оор күндөрү жөнүндө маек курдук. “Силерге мактангандай болбоюн, бирок немистер деле коркушат экен” деп сөзүн баштаган ардагер буларды айтып берди...

«НЕМИСТЕР ДЕЛЕ КУУРАГАН БИР БАЙКУШТАР ЭКЕН»
– 1942-жылы 19 жашымда согушка аттандым. Алгач Волков фронтунда Ленинградды немистердин курчоосунан бошотууга катыштым. Адеп согушка баратканда немистер тууралуу “тим эле баатыр экен” деген сөздөрдү угуп, кадимкидей коркком. Бардык. Атышуулар башталды. Карасак, баягы “баатырдын даңкын алыстан ук, жанына барсаң бир киши” дегендей, немистер деле куураган бир байкуштар экен. Үстүлөрүндө жайкы жука кийим, курсактары ач. Бизде болсо кышкы кийим, курсагыбыз ток эле да. Немистер качып жүрүшөт, биз кубалап жүрөбүз. Ошентип жүрүп шаарды душмандардын колунан бошоттук.
Андан кийин Псков шаарын бошотууда бутумдан жарадар болуп, ооруканага жатып калдым. Эки айдан кийин жараатым айыгып тыңыганда, кайрадан Новгород жана Нарва шаарларындагы согушка катыштым. Өзгөчө Нарваны бошотууда кыйынчылыктар көп болду. Шаардын сыртындагы туурасы 200 метр болгон Нарва дарыясынан кайыктар менен сүзүп өтүп, немистерге кол салмай болдук. Мына ошондо кызыл кыргын болду. Жамгырдай жааган октор. Жээкке жетпей канчасы кырылды. Суунун үстү кызыл жаян канга боёлуп чыкты.
Бакир ата жүрөгүнө кара так калтырган кандуу согуш жөнүндө кебин улай албай, үнү каргылдана көзүнөн жаш тегеренип кетти.

СОГУШ ОЮН ЭМЕС...
Ал эми азыркы муун согушту оюн, жомок сыяктуу элестетип, ардагерлерге болгон мамилебиз көңүл жылытарлык эмес экенин өкүнүү менен айтар элем. Жашы 87ге келсе да, Бакир ата элим үчүн деп өзүнүн топтогон көп жылдык тажрыйбасына таянып, бийлик башындагыларга кеңешин айтып, өлкөнүн өнүгүшүнө аракетин жумшоодо.
Бакир ата азыркы тапта элибизде биримдиктин жоктугун, башкаруучулар байлык менен бийликтин кулуна айланып калганын терең кайгыруу менен белгилеп, жаш муундун өкүлдөрү биримдикке жана эмгекке умтулуусу керектигин кошумчалады. “Биримдик менен эмгектенүү болгондо гана өлкө өнүгөт”,- дейт Бакир ата.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

  • Бакир Чодобаев 1924-жылы Тоң районуна караштуу Четинди айылында туулган.
  • Согушта бутунан жана далысынан оор жаракат алган, 2-топтогу майып.
  • Көрсөткөн эрдиктери үчүн орден, медалдар менен сыйланган.
  • Согуш бүткөндөн кийин Орусиядан геология тармагы боюнча билим алып, азыркы Кумтөр менен Жер-Үй алтын кендерин ачкан. Ошондой эле Бишкек шаарындагы үйлөргө суу киргизүү долбоорунун башында турган.
  • Кыргызстандын бир катар Мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты, СССРдин Эмгек сиңирген геологу, III даражадагы Манас орденинин ээси.
  • Учурда Улуу Ата Мекендик согуштун жана тылда иштеген ардагерлердин Республикалык бирикмесинин төрагасынын кызматын аркалап келет.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
17.05.2011. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bar bolynyz ata sizge taasim etebiz. Jashynyz echak paigambar jashynan otso dagy yido otyryp albai emgektenip jyrgonynyzgo tam berdim.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо