ОМАР АСКЕР КЫЗМАТЫНДА

№445 13-19-май, 2011-жыл

Азыр жаштар аскерге баруудан качышат. Бирок Омар андайлардан эмес. Ал аскер жашоосунун тузун татып көрүүнү чечти. Муну Омардын жаңы клибинен көрө аласыздар. Элге келерки жумада тартуулануучу клип тууралуу ырчы жигитибиз кеп салып берди.

Клиптин аталышы – “Энекем”
Ырдын автору – Анатай Өмүрканов
Композитору – Асанкалый Керимбаев
Режиссёру – Марат Султанбаев
Сценарийин жазган – Омар
Башкы каармандын ролунда – Омар, эненин ролунда – ырчынын апасы Жылдыз эже
Тартылган жери – Кыргызстан, “Кой-Таш” аскердик бөлүгү
Тартылуу убактысы – 3 күн

“ТУРНИККЕ ТАРТЫЛАМ ДЕП КОЛУМ ЖООРУДУ”
– Мен бала чагымдан эле аскердик жашоого аябай кызыкчумун. Атамдын аскерден түшкөн сүрөттөрүн көрүп, “мен да барсам” деп кыялданар элем. Ошол кыялым жүз пайыз аткарылбаса да, казармада клип тартуу менен аскердик жашоонун даамын татып, катардагы аскерге айландым. Анткени алар аткарган тапшырмалардын баарын аткардым.
Чынын айтыш керек, ырчы болуп жүрүп ак кол болуп калыптырмын. Жоокерлерге уят болбоо үчүн алардан кем калышпай турникке тартылам деп колум жооруп кетти. Биринчи күнү кыйналганым менен, экинчи күнү кадимкидей көнө түштүм. Буюрса, бир айга болсо да жигиттик милдетимди аткарсам деген тилектемин.

“КЛИПТИН МАҢЫЗЫ”
– Клиптин негизги сюжетин аскердик жашоо түзөт. Жоокердин жүрөгүндө бөпөлөп баккан энесине, туулган жерине болгон сагыныч жашайт эмеспи. Мына ушул жан дүйнөдө болгон толгонуу кенен чагылдырылды. Клипте өтө курч окуя жок болгондуктан, кээ бир көрөрмандарга супсак сезилиши мүмкүн. Жеке менин оюм боюнча, аскердик кызмат өтөп келген агалар, аталар үчүн жагымдуу көз ирмемдерди тартуулайт. Ал эми энеге болгон сагыныч – бүтпөс жана тажатпас тема.
Клипте уулун аскерге узатып, анан аны “качан келет?” деп саргая күткөн эненин образы жылуу сезимдерди жаратпай койбойт. Апам биринчи жолу камера алдына чыккандыктан, улам эле күлүп жиберет. А мен ролго аябай берилип, токтоно албай калып жаттым. Ошентип, тартуучу топко эне-бала жакшы эле күлкү тартууладык окшойт.

“БУТУМДУ ТАК КӨТӨРҮП ЧУРКАЙ АЛБАЙ ЖҮДӨДҮМ”
– Темирдей тартип биринчи орунда турган аскердик жайдан каалаган учуруңда каалагандай клип тарта бербейсиң да. Бул жагынан бизге Асел Турдалиева эжекебиз көмөк көрсөттү. Аскердик кийимдер да ошол жактан берилди. Өтүгүм өз өлчөмүмдөн бир топ чоң болгондуктан, бутумду так көтөрүп чуркай албай жүдөдүм. Анан да эч кандай грим жасабай тартылдым. Дагы бир нерсе, талаанын тамагы таттуу деген чын экен. Аскердик ашкананын тамактарын тамшанып жедим.

“ЧӨНТӨК МАСЕЛЕСИ”
– Чынын айтсам, капчыкты каң­таргандай каражат деле сарптаган жокмун. Анын үстүнө “мынча-тигинче” деп айткандан уялам. Бул клип режиссёр Марат Султанбаевдин дебюттук иштеринин бири болгондуктанбы, олчойгон гонорар деле талап кылган жок. Бирок мага режиссёрдун креативдүү идеялары жакты. Мисалы, эски ырчыларыбыздын клиптерин карап отурсак, жөн эле кооз жерлерге туруп ырдап салышкан. Ал эми бул клипте ошол эле кооз жерлер башкача ракурс менен берилгенде ого бетер көз жоосун алат экен.

(Бул клипти сайтыбыздын Медиа-портал бөлүмүнөн көрө аласыздар)

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
16.05.2011. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар сага ийгиик. Кыргызстандын жузу болуп журо бер. Алга Омар
16.05.2011. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizdin jigiti !!!az bolsoda askerdik jachoonu koryp oz mildetin atkardin desek bolot....
16.05.2011. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krasava omar kantseda talastykta
17.05.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsiz,Omar bayke!:)))
17.05.2011. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аскерде отодум деп 1,5 жыл жургондон кийин айтсан болот
17.05.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар биздин сыймыгыбыз!азаматсын.
18.05.2011. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
usu talastik oshtuk chuyduk degendi toktotkulaci tuugandar, kicinekey jerde 80 jerge bolboy, kirgizstandik omar ))
19.05.2011. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сени абдан сыйлаймын, эгерде аскер кызматтын отосон абдан дагы каттуу сыйлай баштаймын! Таланттын ташкындап осо берсин Омарчик.
20.05.2011. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч кундо аскерге айланганы жакшы го. хех
Колум жооруду деп... Эркектей эле болбойбу!
Турнике кантип кол жоорусун? Кармаганды деле билбейт го...
20.05.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отугун которо албаган эркек эркекпи? Башын которуп жургонго суйунсун
20.05.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat Omar az ubakit bolsoda askerdik kizimatti otop jurosun, bul ozun uchun imitatsya.
22.05.2011. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
клип элеби!?? а мен болсо чын эле кеткен экен деп жатпаймынбы! чынында барып келгендер да мынчалык опкосун чопко илбейт болуш керек
23.05.2011. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клипте апасы баласын аскерге узатып жаткан жери тушунуксуз болуп калган. Же эмкилер аскерге форманы уйдон кийип барып калганбы.
23.05.2011. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чампалап клип кылса болду да. Буларды ким контроль кылып жатат?
17.07.2011. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikluha, мынча асылдыныз клипке, Омарга? Менимче, эн жакшы тартылган и Омар энталанттуу жигит!!!
07.06.2011. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Omar, iwterine ygilik)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо