Жазында витаминге бай чөптөрдөн даамдуу тамак жасаганга болорун баары эле билбесе керек. Ырчы Бегимай Эсенгулова беде, алабата (шоро), жалбыз жана ат кулактан жасалуучу даамдуу токочтун рецебин сиздерге тартуулайт.
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
-
Көк чөптөр (беде, ат кулак, жалбыз, шоро, пияз ж.б.)
-
Өсүмдүк майы
-
Ун
-
Туз, калемпир, мурч
ЖАСОО ЫКМАСЫ:
-
Алгач көк шиберден керектүү чөптөрдү таап, терип алуу керек.
-
Терилген көктөр таза жуулуп, майда тууралат.
-
Казанды майлап, кызыгандан кийин тууралган көк чөптөр куурулат.
-
Куурулган көккө май, туз, калемпир, мурч татымына карата кошулуп, аралаштырылат.
-
Камырды жууруп, тындырган соң майда бөлүктөргө бөлүп, ар бирин тегерек кылып жайып алуу керек.
-
Камырдын бир бурчуна даяр болгон азыкты салып, эки четин тегеретип бекитүү абзел.
-
Казанды кызытып, токочтун эки жагын тең кактап бышыруу керек.
-
Токочтун ар бирин бышырууга 2-3 мүнөт гана керектелет.
-
Кооздук үчүн салат жалбырагы, укроп, көк пиязды колдонсо болот. Мына ушундай жол менен биздин токоч да даяр болду.
ЭСКЕРТҮҮ!
ЧӨПТӨРДҮН ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ:
Биз колдонгон көк чөптөр витаминге бай экенин баса белгилөө керек. Мисалы:
-
Бедеде эфир майы, С жана В витаминдери өтө көп. Анын кайнатмасын аллергияга каршы дары катары колдонуп келишет. Андан тышкары беденин гүлдөрүн күйүктө да пайдаланышат.
-
Ат кулак тамак сиңирүүгө пайдалуу жана канды көбөйтүүчү касиетке да ээ. Жаш балдардын боюнун өсүшүнө да жардам берет.
-
Алабата (шоро) белокко бай өсүмдүк болгондуктан, тырмак жана чачтын өсүшүн жакшыртат. Аны кургак нан деп атап коюшат, анткени калориялуу.
-
Жалбыз жүрөк айланган учурда жакшы даба болуп берет. Эт ысыганда, муундар ооруганда жана депрессиядан арылууда колдонулат.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg