БАБАНОВ ЖАНА БАЙБОЛОВ ТИРЕШИ. БИРИ КАЙТСА, ЭКИНЧИСИ КАМАЛАБЫ?

№446 20-26-май, 2011-жыл

Бул аптанын башында биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов бир айлык эмгек өргүүсүнөн кийин кызматына киришти. Ал эми аны айыптап чыккан экс-баш прокурор Кубатбек Байболовду «жалган дооматтары үчүн жоопкерчиликке тартуу керек» дегендер чыгууда.

Кыскача эске салсак, кызматтан бошотулган Кубатбек Байболов парламентке келип, чуулгандуу иштердин башын ачып, “компроматтардын автору” атыгып кеткен. Байболов айткан былыктардын ичинде Бабановдун “быкыйлары” көп болчу. Мындай ызы-чуунун айынан Өмүрбек мырза «бир айга эс алууга чыкты» деген айла таап, кызматтан четтеген эле.
Биринчи вице-премьердин тегерегиндеги сөздөрдүн чындыгын аныктоо үчүн түзүлгөн комиссиянын бири бул аптада өз жыйынтыгын чыгарды. Коалициялык көпчүлүккө кирүүчү депутаттардан турган комиссия “өз кишисин сатпайт” деген принцип менен изилдөөсүн жүргүзгөн чыгар, кыска-нуска “Бабанов акталсын, Байболовду жоопкерчиликке тартуу керек” деген бүтүмүн жарыялады.
Ал эми оппозициячыл маанайдагы депутаттардан куралган комиссия азырынча тыянагын айта элек. Бирок комиссиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков: «Биз Өмүрбек Бабановдун чындап эле Казакстандын паспортун алганын жана ага тиешелүү компаниялардын салык төлөбөгөндүгүн тактадык»,- деп айтты.
Балким, Башкы прокуратура Байболовго каршы кылмыш ишин козгошу мүмкүн. Анткени ал президенттик шайлоого катышуучу бараандуу талапкер катары азыркы бийликтегилердин баш оорусуна айланганы анык. Ошондой эле көшөгө артында Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановго каршы саясий күчтөр Байболовдун тегерегине чогуларын айтышууда. Ал эми айрым серепчилер болсо эми трибунада сүйлөө кезеги биринчи вице-премьерге келди деп жатышат. Өмүрбек мырза бир кадам артка таштады, эми алга карай эки кадам таштоочу күндөр да бул адам үчүн жакындап калган өңдөнөт...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
23.05.2011. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бийликтеги адамдардын бири да таза эмес.
23.05.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байболов молодец киши экен эч нерседен коркпой баарына каршы чыккан, мындай адамга баа бериш керек, Байболов акылдуу киши, жондон жон эле Бабановду айыптабаса керек, бийликтеги адамдардын бири да таза эмес, азыркы заманда уурдабаган киши байыбайт, бироонун заказы боюнча Бабанов акталып чыкты, карга карганын козун чукубайт деген чын, азыр Бабанов кунолуу болуп чыкса, калгандарынын арты ачылат. Эл азыр баарын эле билип калды, ким ким экенин.
23.05.2011. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ биздин саясатчылар саясат эмне экенин түшүнбөйт. Бабановбу, Байболовбу же дагы башкасы айтор кыскасын айтканда акча менен бийликтин кулуна айланышкан. Ушулар жөнүндө сөз кылуудан да жийиркенип кетесиң да чиркин.
23.05.2011. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов иликтей турган комиссиянын барын сатып алыптыр деп уктум. Комиссиянын торагасы биринчи куноолуу деп жургон эми тап таза деп калыптыр Бабановду. Тушунсо болот сатылып кеткенин. Элди ойлобойт Байбловда и Бабановда. Кыскасы бул поколения кетмеинче KG алдыга жылыш кичине кыйынга турат. Жаштар келиш керек Президент баш болуп
23.05.2011. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын чыры каза берсе тугонгус бир казына. Эл алдында кадырын кетирбей оздорунчо чечишип алса болмок. Калп эле эл дегени менен атынд башка проблемалар жекече.
23.05.2011. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Байболов шек деле жоктой...балеенин баары Бабановдо го...
саясат кир...
26.05.2011. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар эсинерге келсенер боло!!! деги кайсы убакка чейин бири бирибиздин "быкыйларыбызды" чукушуп журобуз!!! ал жакшы, бул жаман дебей эле Кыргызстан учун иштей тургандар барбы?
26.05.2011. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да их всех давно к стенке
26.05.2011. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди келтиргени Байболов кызматынан алынаарда баарын айтып чыкканы болуп атпайбы. Андан мурун эмнеге айтпайт?
Оз кызыкчылыгын баарынан ойдо короору айдан ачык! Анан ушул киши президенттикке талапкер болобу? Козду чонураак ачалы кыргыздар!
27.05.2011. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biri ilup,biri kalsun. ekoo ten adam emes. ekoo ele emes biyliktegilerdin baaru adam emes.
27.05.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликте баягы эле эски Бакиевчилер.Жаны бийлик дегенибиз менен баягы эле жеп ичкендер.Мисалы Кыргызстанда эмнебиз озгорду,эч нерсе!!!Булар эл менен кызыкпайт,только бийлик.Бийликтин артында эмне бар конечно акча.Эх,эмнени айтабыз.
28.05.2011. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жаралганда кудай анын колуна таяк берген деген анекдот туура экен.Кой кайтарганча биринди-бирин чукуйсун деп.Миллионер,депутат болгону менен, баары бир кыргыз да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо