Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТӨӨ ЭМНЕГЕ АРТЫН КАРАЙТ?

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

Жомоктор дүйнөсүндө

Илгери-илгери өткөн заманда төө абдан сулуу жаныбар болгон экен. Анын чоң жана кооз мүйүзү, барпайган узун куйругу болгон дешет. Күндөрдүн бир күнүндө төө адатынча суу ичкени жээкке келиптир. Өзүнүн сулуулугуна тамшана куйругун ары-бери серпип, суу ичип турса, жанына бугу келип:
– Досум, мен бүгүн конокко бармак элем, мага кооз мүйүзүңдү бир күнгө бере турчу?!- деп суранып калат.
Төө абдан берешен болгондуктан, бугуга мүйүзүн бере салат. Ошол учурда жээкте жылкы да суу ичип турган. Анда жылкынын куйругу жок болгон экен. Төөнүн берешендигин көргөн жылкы жакын келип:
– Мага да бир күнгө узун куйру­гуң­ду бере турасыңбы? Эртең ушул маалда суу ичкени келгенде куйругуңду кайтарып берем,- деп куйругуна көз артат. Ак көңүл төө эч жамандык ойлобостон, жылкынын сөзүнө ишенип, куйругун берип коёт.
Арадан айлар, жылдар өтөт, ал эми баягы бугу менен жылкыдан дайын жок. Төө болсо дагы эле үмүтүн үзбөй, досторун күтө берет экен. Анын куйругун алган жылкы ошол күндөн тартып сулуу жаныбарга айланып, бугу болсо кооз мүйүзү менен даңазаланып калыптыр.
Төө азыркы күнгө чейин суу ичер алдында артына кылчак карай берип, ал көрүнүш адатка айланып калган дешет.

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
30.05.2011. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toonun bawyna bugunun muyuzun jana artyna jylkynyn kuyrugun koyup korgulo. Kanday ujas janybar payda bolot(kichinekey bawka muyuz, art jagyna barpyragan kuyruk) jarawmak bele. Aytat dese ayta beripsinerda ordoktordu bawsyz uchurup. Boboktor da iwenbeit buga. Andan koro kichine chyndyk jonundo paydaluu bilimderdi jazsanar baldardyn akyly ossun. Kachanga cheyin jalgan nerseler mn baldardyn akylyn aldap kelesiner?
30.05.2011. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jomok bolsodagy too bayikush dese boorun ooruyitko
01.06.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жаныбар тууралуу мен бир укмуш ангеме билем, бирок кичине уятуу жерлери бар ошондуктан дострого гана айтып берип бир кулуп черимди чыгарып алам.
01.06.2011. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төө тууралуу уламыш, легенда десек болчудай. Демек, легенде, уламыш далилденген эмес, бирок эл оозунда айтылып келген кептер. Балким чын эле ошондой болгондур...
04.06.2011. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikush too, ak konvl, mvnozv jumshak adamdarga salyshtyrgan
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо