ЗОРДУКТАН ТАМГАН КӨЗ ЖАШ

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

Эки буттуу айбандардын зөөкүрдүгүнөн канчалаган жаш секелек кыздардын тагдырына балта чабылып, канча эне көз жаш төгүүдө?! Ошондой эргулдардын курмандыгы бул жолу 18 жаштагы Айпери болуптур. Анын апасы Айнура эже биздин редакцияга келип, төмөндөгүлөрдү баяндады.

“ГРУППАВУХУ ХОТИТЕ, МЫНА, АЛЫП КЕЛДИМ”
– Өзүм шаардагы дүкөн­дөрдүн биринде сатуучу болуп иштейм. Кызым Айпери намаз окуган ыймандуу кыздардан. Үйдө көбүнчөсү жалгыз отурганынан, анын Алиса деген курбу кыз тапканына мейли деп койгом. Бир күнү Алиса үйгө келип, Кара-Балтадагы үйүндө куран окутуп жатканын айтып, ичи-койнума кирип жатып кызымды сурап кетти. Мен ага ишенип, “мейли, барса барып жардамдашып келсин. Бирок Айперини эртең кайра салып жибер” деп айткан элем.
Ошентип, кызым менен Алиса Кара-Балтага жолго чыгышат. Бара жатып Алиса кызымдын уюлдук телефонуна бирдик салып, тааныш балдарына чала баштайт. Кызым “кимге чалып жатасың?” десе, “тааныш балдарга” деп койгон экен. Жолдо баратып эле кызыма ар кайсы суроолорду берип, “сен кызсыңбы? Өгөй атаң сага тийишпейби?” деп сураптыр. Анткени мен экинчи жолдошум менен жашайм. Алиса дагы сыр айтымыш болуп “мени өгөй атам зордуктап салган” деп бир топ нерселерди айтып бериптир. Алисанын ичинде арам ой жатканын, ошол түнү зөөкүрлөргө салып берерин менин баёо кызым байкабаптыр.
Кара-Балтага барышса, Алисанын үйү ээн. Эч кандай куран окутпаптыр. Айпери “мени неге алып келдиң?” десе, “жөн эле, эс алып кетесиң” деп алдаган тура. Бир аз отурушкан соң Айперини “жүрү, Айканыкына барабыз” деп үйүнөн алып чыгып, Алиса жолдон машина тосот. Машинада отургандар Алисанын тааныш балдары экен. Абу, Максат, Каныбек деген балдар, Алиса жана менин кызым болуп Айканын үйүнө жетпей эле, Максат деген баланын үйүнө барышат. Анын үйүндө эч ким жок экен. Тигилер ичип баштап, Айпериге да стакан сунушат. Айпери эч качан колуна ичимдик алып көргөн эмес. Ал “мен үйгө кетким келип жатат. Жүрү, Алиса, кетели” деп жалдыраганына болбой тигилер отура беришет. Акыры кызымды “арак ич” деп кыйнашыптыр. Менин кызыма асылып, “ичпесең жок дегенде суу менен тост айтып кой” деп стаканга суу куюп, кыйнап тост айттырышат. Сууну ичкенден кийин эле Айперинин оозунан оргуштап көбүк чыга баштайт. Буттары калчылдап баса албай, көңүлү айланып кусат. Аны Каныбек “өзүнө келтирем” деп ваннага көтөрүп кирип, биринчи ошол зордуктап салыптыр. Ошол учурда Алиса Максат менен сыртка чыгып, “группавуху хотите, мына, алып келдим” дептир. Аны сот убагында угуп, күйбөгөн жерим күл болду. Акмактар, айбандар!!! Кызымдын ошол абалын элестетсем, жанымды коёрго жер таппай кетем. Бир аздан соң кийинкилери кирип, катарга туруп зордуктап, каалаганын кылышыптыр.

СООЛУГАН ГҮЛ
– Ошентип, таң да атат. Эртеси Максат “азыр эжемдер үйгө келет, кеткиле” деп шаштырыптыр. Кыларын кылып койгон соң аркасын тазалайын дегени да. Байкуш кызым “мен эч жакка кетпейм, эжеңе айтам!” деп көгөрүп туруп алганда Алиса менен Максат үйдөн сүйрөп чыгышат. Айпери курбусу менен таксиге түшкөн соң айдоочуга Алисаны көрсөтүп, “байке, бул кыз жок жерге алып кетиңизчи, суранам” деп ыйлап, жалыныптыр. Баарын түшүнгөн айдоочу Айперини автобекетке чейин алып келип “мени мындай ишке аралаштырбагыла” деп кетип калыптыр. Айдоочунун уюлдук телефонунан мага чалып “апа, мени Алиса сатып кетти” деп айткан боюнча телефонду өчүрүп салды. Ошондо эле жүрөгүм зырылдап, кызым соо болбой калганын түшүндүм. Кечинде жумуштан келсем, төшөктө соолуп ыйлап жатыптыр. Баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Анын жүрөгүн ооруткум келбей, майда-баратына чейин сураганга оозум барбады. “Болду, ыйлаба, эртең сотко арыз менен кайрылабыз” дегеним менен, ичимден кандай сыздаганымды ар бир эне түшүнөр.

ЖАЗАСЫН АЛЫШКАН ЖОК
– 2010-жылдын 5-февраль күнү болгон окуя чоюлуп отуруп, 2011-жылы 4-майда соттун чечими араң чыкты. Азгырып алып барган Алиса менен башкы күнөөкөр Каныбекти эки жылдан гана шарттуу түрдө кесишти. Максатты катуу режимде 5 жыл эркинен ажыратууга өкүм чыгарышты. Ал “баарын өзүм кылгам” деп мойнуна алган экен. Ата-энеси жок баланы милиция кызматкерлери сабап, “жалгыз өзүм кылгам” дедирткени туурабы? Ал эми Адилкасым (Абу) деген жигиттин “психологиялык жактан жабыркаган” деген маалымдама кагазы бар экен. Мени баарынан жаралуу жериме туз сээп, Каныбек Мусаевдин ата-энеси күйгүзүштү. “Сенин башка да кызың бар, ошонун тагдырын ойло” деп шылдың кылып, кызымды жулмалап, урганы жүрүшөт.
Азыр кызымды эшикке чыгарбай кармап отурам. Алиса Ибраимова мурун да кыздарды ушинтип балдарга салып берип жүргөн экен. Ал кыздын колунан баары келе тургандай. Соттун чыгарган өкүмүнө нааразы болуп, кайра апелляциялык арыз менен Чүй облустук сотуна кайрылдым. Эми бул сот процессинен кандай жыйынтык чыгарын күтүп жатам.

“КОММЕНТАРИЙ БЕРЕ АЛБАЙМ”
Бул иш боюнча Кара-Балта шаардык сотунда өкүм чыгарган судья Төлөн Самаков мырзага кайрылдык. Ал төмөндөгүдөй жооп берди:
– Ооба, бул ишти мен карагам. Бирок менин чыгарган өкүмүмө нааразы болуп, ал кыздын апасы кайра Чүй облустук сотуна кайрылган. Азыр мен комментарий бере албайм.

Ушундай окурман, жабыркаган кыздын мындан аркы тагдыры эмне болот? Ушундай шумдук иштерди уюштурган жана жасаган акмактарга кандай жаза берсе жарашат? Дегеле кыздын тагдырын талкалагандар тиешелүү жазасын алышабы?

(Белгилүү себептерден улам каармандардын
аты-жөнү өзгөртүлдү)

Лунара Бекиева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(53)
31.05.2011. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылым сен да бир аз тормз экенсин, биринчиден так окуш керек баарын тушунуп туруп анан комментарий жазыш керек, Ал эми эже сабыр кылыныз кызыныздын конулун которгонго аракет кылыныз жана умутту узбонуз шаардык сот чечпесе областнойго кайрылыныз жана Аллахтан дуба кылып сураныз намазга бекем болунуздар жакшылыкта жамандыкта Аллахтан деп билиниз эгер намаз окубасаныз окуп баштаныз шайтандын балесинен сактанышты сураныз Аллах озу жазалайт куноолулорду!!!
31.05.2011. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андайлар коп болот кызыныздын озундо да блуш керек каршылыке корсотсо ага эч ким тиймек эмес
15.08.2011. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
, емне деп атасын кызыныздын озундо да болсо керек деп,сууга даары салып койгонун тушунгон жоксунбу ,азыркы еркектер еркек емес еле котсунор кыйын екенсинер еркек екенсинер дары бербейле арак ичирип мас кылбайле макулдугун албайсынарбы,албетте андай болбойт ошон учун коттонуп бирдемелердиичирип коесунарда
31.05.2011. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар сындаганда эч кимди алдыбызга чыгарбай сындайбыз да, охооо. Кээ биринер жок дегенде сындай турган макаланы, шашпай толук тушунуп окуп алып, анан пикиринерди жазсанар болбойбу. Баарынын кашасын чыгарыпсынар, акты кара, итти бит деп. Анан дагы мындай нерселерге сын айтуудан мурун жакшылап ойлонуп алгыла, куноосуз бироонун конулун оорутуп койбогула!!!
31.05.2011. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Айпери айткан жок огой атам зордуктаган деп, текстти жакшылап окусанар Алиса озунун сырын айтымыш болуп айткан экен. Ал Алисанын создору, атайын Айпериге чыныгы дос экенин билдируунун ыкмасы болуп жатат.
01.06.2011. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар кырГызча тушунбой калгансынарбы...жакшылап конул болуп окуп туруп анан комментарий жазсанар...
01.06.2011. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныбек Мусаевдин ата энеси сотко акча бергени ачык эле билинип турбайбы. А тиги Максаттын ата-энеси жок турбайбы. Биздин чондор продажный. Акыйкаттык жок. чындыгында групповой болгондо статья каттуу жаза болуш керек болчу.Эми мындай женил жаза болгондон кийин ушундай окуялар кайталана берет.
А кызда куноо жок, намаз окугандардын козу ачык эмес. Кырсык айтып келбейт.
01.06.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menimche kyzda da kichine kunoo bar.uiuno barganda kuran okulbaganyn bilip emnege apasyna chalbait,jurogu bir nerseni sezet da chong ele kyz bolgondon kyiyn.emnege tundo jur barabyz dese barat,barbaim dep otrup alsa kyz menen urushsa dagy tiaka jur dese kete berbei,emi baldarga az srok bergeni da tuura emes birok biz bilbeibiz da okuya chyndygynda kandai bolgon
01.06.2011. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1)Alisa kunoolu jakwynakai jurgon kyzdarybyzdy emnege baldarga salyp beret, muuzdash kerek ushul kyzdy.2)Baldar aiabai kunoolu, birden karmap (bir jerlerin kesish kerek) je az degende 15 jylga ketishsin!!!
01.06.2011. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai korup turat baaryn!!! Jurogunor kantip orubait tash boorlor! mumkun silerda okup jatkan chygarsynar, jakshylyk korboi otosunorgo jana oz bashynarga kairylyp keleri ech unutpagyla!!! Bir kunu kelet sossuz oshondo Aiperinin kandai kyinalganyn silerda sezesiner!!!
01.06.2011. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Газетага келгениңер туура болгон, контролдо болот. Зөөкүрлөрдү болсо кастрировать надо, эртең башка кызды зордуктабайт деп ким кепилдик бере алат. "Ворошиловский стрелок" деген жизненый кино бар. Кастрировать и кастрировать!!!
02.06.2011. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kysyksys Gumaw,oos m-n aytuuga onoy,chyndygynda kanday bolgonun bir Kuday bilet!Asyr eje osu oor abalda tursa sis mynday sos aytkanynys jarabayt!Kuday dep namas okugan adamdarda ushunday okuyalar b-p jatat a tartandap jashoonu oyunchuk korgon naadandarda nege ech nerse bolboyt?!keede jashoonun synoosuna,adiletsisdigine tan kalam jana korkom!!!
02.06.2011. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asboi туура айтат. Мындайларды быча бериш керек четинен Адам олтургондорду ташбаранга алыш керек. Ошондо мындай айбанчылык иштер азаят.
02.06.2011. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айбандар деп туптуура айтыпсыңар! ушундай адамдарды майып кылып койуш керек.... бечаара кыз кантип жүрөт экен?????????????????
02.06.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырза созунузго кошулам Россияда жургон кыздардын журбогон улуту калбады.Видеолор да чыгып жатат...Эн окунучтуусу жигиттерибиздин "авторитетит"тушуруп жатышат.
03.06.2011. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызда куноо болобу болбойбу все равно аны зордукташты.аларды атып салса да аздык кыдат пожизненно камап салыш керек омурунун акыркы кунуно чейин кыйналып кылган иштерине окунуп отушсун.а судьяга соз жок бул жерде только коррупция и коррупция!!!!
03.06.2011. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атып же мууздаса алар оной эле олуп калат, андан коро Лоло айткандай ошол жерин жараксыз кылып коюш керек. К%алганын АЛЛАХ озу жазалайт. Эже сизге дагы кыйын болуптур тилиниз кыска болуп, кайын журтунузга, экинчи куйоонузго инсап берсин эми.
04.06.2011. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuuuy baarynar ne b-p kalgansynar dagy bir okup chygyp anan kommentariy jasgylachy baaryn kasha kylbay!!!Ayperini emeees Alisanyn atasy sorduktagan!!!
04.06.2011. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суд эле куноолу эмес да ,прокурор жакшы далилдей албаган чыгаар ,бирок сот деген эн аз жаза моонот алыптыр ,бул жазага эгерде кылмышкер жабырлануучунун жашы жеткен(совершеннолетная) деп ойлосо анда ушул мооонот менен тартылат,(5жылдан сегизге чейин),менин оюмча прокурордо куноо кобуроок го,ал эми билип туруп жасаса анда 8-15чейин,эгерде жабырлануучу 18жашта жана аны оор натыйжаларга алып келсе 8-15,эгерде 18ге чыгалек болсо + оор натыйжа болсо,анда кылмышкер 20-25чейин же омур бою эркинен ажыра
04.06.2011. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюм прокурордун бети жок деп себеби соттун жумушу бир гана далилдерди карап чыгып,окум чыгаруу
04.06.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактар атуу да аздык кылыт бул шумшукторго
04.06.2011. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
О,КУДАЙ эмне болуп жатабыз
05.06.2011. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куда мир катится???Адамдар АЛЛАНЫН жазасынан коркпой калган корунушот...АЛЛАХдан баарыбызга ЫЙМАН ЫНСАП берсин деп дуба кылышты унутпайлы...
05.06.2011. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зордуктоо деген эмне экенин билип туруп жаш кыздын тагдырынын талкаланганын коруп туруп чыгарган соттун чечими куйбогон жеринди куйдурот ко...
15.08.2011. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dilya85, ообада азыр кимдин акчасы болсо ошонун созун суйлоп атышат.биз жактан бир бала байдын кызын алакачып кеткен учун 15 жылга камап койгон.кызына тийгендамес тиги бала.анан зордуктоого 5 жыл берет
22.06.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай акмактардан аллах озу сактасын
01.07.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сактанганды сактайм деген экен жараткан!бойго жеткен кызды тааныбаган билбеген жерге ЭНЕ жонотбош керек эле!болоору болду бойоосу канды эки буттуу айбандарды кудай озу жазаласын кыздардын убалы тийсин!!!!!!!!!!
15.08.2011. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй эркектер эркек болгулачы эмнеге ушинтип кыздарды бузасынар мен таакыр тушуно албайм.курттап олуп атсанар кочодо туратко сойкулар.озунорго окшоп курттаган барбайсынарбы
29.09.2011. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анысын мунусун кесип эмне табасынар эртен тор темирге тушкон сон оздору кот болуп чыгышат.
02.11.2011. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыйкат качан орнойт озу бизге? Соттор да баарысы акчага сатылган...
16.11.2011. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuugandar kyrgyzstanga olum jazasyn kirgiziw kk anday kylbasa bizde bolo beret mynday nerseler a birok bizdin sottor ak iwtew kk bolboso kunoosuzdor ele olup ketet bizde akchan bolso baardyk jerindi jalap berem dep turat sottorubuz uyalbay akty kara deyt betbaktar
19.11.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылган куноолорун тартыш учун ошол жерлерин бычып салса омур бою ушундай кыздарга зар болуп отмок.жана башкаларга сабак. болмок.олум жазасынан коро тируулой кыйналгандары он го.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо