Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДИ-ДЖЕЙЛЕР «КОЗГОЛОҢУ»

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

Ди-джейлерди эмнеси менен тааныйбыз? Албетте, үнү менен. Булбулдар деле бир бакта отуруп сайрай бербей, улам башка бакка конуп сайрашат. Биздин “булбулдар” да акыркы күндөрү орун алмашуу менен алектенип жатышкансыйт.

Чыңгыз Мырзаевди актёр, ырчы жана ди-джей катары жакшы тааныйбыз. Анын «радиодон кетем» дегенин эфирден уккан элек. Бул сөздөн кийин бизди «Чыңгыз эми кайсы тармакты багындырмакчы?» деген ой кызыктырды.

ЧЫҢГЫЗ «ОБОНДОРУНАН» КЕТТИБИ?
– Чыңгыз мырза, сөздү “радиодон кетем” деген сөзүңдөн баштасак. Башка тармакты мээлеп жатасыңбы?
– “Кыргызстан Обондору” мен үчүн чоң мектеп болду. Бул радионун жалпы жамаатына, жетекчилигине ыраазычылык билдирем. Ошол жерден адам болдум, таанылдым. Мурда “Кыргызстан Обондору” сен үчүн эмне?” деген суроого “бул радио менин келечегимдин ачкычы” деп жооп берчү элем. Эми бир аз эс алууну чечтим. Ата-энем менен чогуу таенемдикине барып келсемби деген пландарым бар. Иштеп жүрүп өзүмдүн жеке иштеримди бүтүрө албай жүргөм. Ошолорду бүтүрөм. Кыскасы, жөн гана эс алууну каалап турам.
– Эс алып жүргөндө башка радио же дагы бир маянасы жогору жумушка чакырып калса...
– Башка радио чакырса барбайм. “Кыргызстан Обондорунан” жогору радио жок. Аны чанып башка радиого барганым, менин алдыга эмес, артка кеткеним болуп калат. Бул менин жеке оюм.
– “Жакында үйлөнөм” деп айт­тың эле, убакыт өтө созулуп кетти окшойт...
– Бул темада сүйлөй берип элди тажатып жибердим окшойт. Эми үйлөнгөн күнү сүйүнчүлөйм.
– Кечээ жакында эле партиялар жарышында активдүү чуркап жүрдүң эле. Саясатты багындыруу оюң барбы?
– Тарыхка кайрылсак, канчалаган хандар, бийлер өткөн. Алардын далайы жакшылыктары менен эл эсинде калышкан. Эми ошолорго жетпесем да, кийинки муун, балдарым “ушул жакшы адам болгон экен” деп эстеп жүрүшсө деген тилегим бар. Ошого аракет кылам.

ЖАРКЫНАЙ «ЖАРК» ДЕП КАЙРА ЖОГОЛДУ
Өткөн аптада Жаркынай Аманованын үнүн «Тумар» радиосунан угуп алып таң калдык. Анткени ал мурда «Кыргызстан Обондору» деген «бакта» «сайрап» жүрчү эмес беле. «Эми Жаркынай «Тумардан» «жарк» этет» деп күтүп сүйүнүп турсак, 2-3 күндөн кийин эле дымы чыкпай кетти. Анын иштебей калганына үй-бүлөлүк шарттары себеп болгон көрүнөт.

АЗАМАТ ТҮРКИЯГА АТТАНДЫ
Эми Азамат Эркинбаевдин да үнүн сагынат окшойбуз. Анткени Азамат Түркияга сапар алып кетти. Сапар алдында байланышка чыкканыбызда: «Түркияда канча убакыт жүрөрүм азырынча белгисиз»,- деди. «Тумар» радиосунун көзгө басар ди-джейи минтип белгисиз убакытка кетип жатканы өкүнүчтүү. Эмнеси болсо да эки жылдан кийинби же андан узак убакыт өтүп кетеби, акыры Ала-Тоону сагынып, айланып кайра келгенде анын булбул үнүн сагынган күйөрмандары кубана күтүп алары талашсыз.
Ии, баса, ди-джей мырза «Тумар» радиосу жана угармандарына терең ыраазычылык билдирип, аларга таазим кыларын кошумчалай кетти.

АРСТАНБЕК КЫЛМЫШ ИЛИКТӨӨЧҮ
“Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дечү беле?.. Кайсы бир радиодо “Ушак” деген темада кызуу талкуу болуп жаткан экен. Анан эле алпаруучулар “кесиптешибиз Арстанбек Абдыманов тапанча менен жүрөт” деп жарыя кылышты.
Бул сөздүн чын-бышыгын билүү максатында Арстанбек мырзага кайрылдык.
«М-м... Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, насип экен, кылмыш иликтөөчү болуп иштеп жатам. Мындан сырткары учурда Улуттук университетти аяктап, Мамлекеттик сынак менен да алышып жүрөм. Буюрса, диплом колго тийсе, анын багыты боюнча бажы кызматында иштеп калышым да мүмкүн»,- деп билдирди.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
30.05.2011. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз жагат...молодец...
30.05.2011. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga da jagat.chingiz baykenin jonokoylugun, adamgerchiligin oto baalaym!!
31.05.2011. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арстан байке эми сизди да сагынат экенбиз да ээ?
05.06.2011. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstan obondorun ayabai sagyndym,uga elegime 4 jyl boldu:((((.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо