№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл
Мына, эртең 28-майда “Супер-Инфонун” кубогу старт алат. Бул санда калган катышуучу командалардын курамдарын жарыялайбыз. Көпчүлүктүн кызыгуусун суперфутболго алгачкы ирет катышуу тилегин билдирген “Саясатчылардын” курамы туудуруп жаткан чыгар. Бирок алар мелдешке катыша албай турган болушту.
ОЙЛОГОН ОЙДУ КЫСТАГАН ТУРМУШ ЖЕҢЕТ
ЖЕ «САЯСАТЧЫЛАР» КОРКУШТУБУ?
Суперфутболго саналуу күндөр калганда «Саясатчылар» командасынын лагеринен жагымсыз кабар келди. «Саясатчылардын» бириге албашына не себеп болду? Алардын тили эле сайрап, өздөрү чабалбы же бир туу алдында чогулууга ынтымагы жоктугу себеп болдубу, айтор, команда топтой алышпады. Ал эми алардын ордуна бизге мелдешке катышуу өтүнүчү менен кайрылган «Шоро» компаниясынын командасы киргизилди.
КҮРӨШТҮ БАЛБАН МЕНЕН
«СУПЕРДИН» СУЛУУСУ БАШТАП БЕРЕТ
Кайсы салтанат концертсиз өтмөк эле? Андыктан “Супер-Инфонун” кубогу 28-май, ишемби күнү саат 14:30да эстрада жылдыздарынын ыр-бийлери менен ачылат. Бүйүр кызыткан оюндарга кезек берилерден мурда чүчү кулак ташталат. Көк майсаңда ким менен ким топ талашарын “Супер сулуу-2010” сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бактыбек кызы менен атактуу спортчу аныктап берет. Оюндардын жүрүшүндө күйөрмандарга таттуу белектер берилет. Тойдун шаңдуу болуусу алпаруучулардан көз каранды эмеспи. Андай милдетти көп кырдуу талант ээлери болсо да, спорт баяндамачысы болуп көрө элек Чыңгыз Мырзаев менен Нурзат Токтосунова аркалашат. 2-күнү байгелүү орундар үчүн болгон таймаштар учурунда микрофондо жогорудагы алпаруучулар менен бирге өз ишинин чебери, баяндамачы Кубан Атабеков болмокчу.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
“Супер-Инфонун” кубогу калыс жана татыктуу өтүү үчүн төмөнкүдөй эрежелер иштелип чыккан:

P.S. Урматтуу окурмандар, берилген тизмелердеги оюнчулардын аталган компанияга
тиешеси жоктугун билсеңиздер, бизге кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.
Байланыш телефону – 0312 32-33-26, 0555 11-08-85.
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |