Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бураш: «СЫРЛАРЫМДЫ АТАМ МЕНЕН БӨЛҮШӨМ»

№447 27-май - 2-июнь, 2011-жыл

Акыркы үч жылдан бери кыргыз шоу дүйнөсүндө, ал тургай казак жергесинде Бураш деген ысым байма-бай айтылып келет. Бул кара тору сулуу кичинесинде президент болууну самачу экен. Анан кандайча каалоо-тилектери өзгөрүп кетти? Төмөнкү макалада Бураштын чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу сөз болмокчу.

КААРМАН ТУУРАЛУУ...

  • Сахнадагы ысымы – Бураш.
  • Өзүнө көздөрү жагат.
  • Интернет менен дос.
  • Калпычы, үй-бүлөлүү мырзалар менен мамиле түзүүнү каалабайт.
  • Узун бойлуу, тамашакөй, музыканы сүйгөн жигиттерди баалайт.
  • Көбүнчө casual стилинде кийинет.
  • Апасынын “Эч качан багынба!” деген кеңешин ураан тутат.
  • Бир жума мурун айдоочулук күбөлүгүн колуна алды. Буюрса, жакын арада тулпарлуу болом деп турат.
  • Ырчылардан Гүлнур Сатылганованы, жездеси Максат Бегалиевди, Омарды баалайт.

– Бураш, көптөн бери сахнадан көрүнбөй кеттиң. Эмне менен алектенип жүрөсүң?
– «Окуу, окуу жана окуу» деген сөздү туу тутуп, Кыргыз-Орус Славян университетинин 1-курсун аяктап жатам. Сабактардан такыр колум бошобойт. Окууларым жакшы. Мындан сырткары жездем Максат Бегалиев экөөбүз жаңы клип тартып жатабыз. Буюрса, ушул жуманын аягында толугу менен тартылып бүтөт.
– Мектепте эле ушундай тырышчаак белең?
– Ийгиликтүү аяктагам десем болот. Окуучулук кез десе эле классыбыз менен сабактан качканыбыз эсиме түшө берет. Ошондо сөгүш угуп, сынак тапшырган элек.
– Күйөрмандарыңдын көбүнө атың кызык угулат, «Бураш эмнени түшүндүрөт?» деп сурап калышат...
– Кичинекейимден эле Бураш деген ат мени ээрчип келет. Группалаштарым да Бураш дешет. Көнүп калгам, ошон үчүн сахнага ушул ат менен чыгууну туура көргөм.
– А жашыңды эмнеге жашы­расың? Же жигитиң сенден кичүү­бү?
– Жок, жигитим деле жок. Кыздын сырдуу болгону жакшы эмеспи.
– Бир үйдүн кенжеси болсоң ата-энеңе, бир туугандарыңа жакшы эле эркелесең керек?
– Эркелейм, бирок чеги менен. Чынында, үйдөгү жакшы нерсенин баары меники, мага тиет. Эки эжем тең турмушка чыгып, балалуу болуп, үй-бүлө очогун тутантып жүрүшөт. Азыр үйдө өзүм кожойкемин. Буга чейин үй жумуштарынын баарын эжелерим жасап, жаман көнүпмүн. Таластыктар камыр тамакты жакшы көрөт эмеспизби, тегиз кылып камыр жайганды үйрөнүп калдым. Бир нерсени билбей калсам эле эжелериме чалам. Кээде өздөрү келип «сестрёнка эмне кылып жатты болду экен?» деп текшерип кетишет.
– Эл апаң Токтайым Үмө­та­лиеваны коомдук ишмер катары тааныйт. Атаң тууралуу да айта кетсең...
– Биздин үй-бүлөнү “жалаң кыздар жана мен” командасы деп койсок болот. Апамды кошкондо төрт кызбыз, атам жалгыз. Ал жеке ишкер. Токтоо киши. Атам менен досмун. Сырларымды аны менен бөлүшөм.Капа тартып турганымда атама айтып, бугумду чыгарып алам. Кээде аны кучактап-кучактап алсам, кайгы-капанын баары унутулуп калат.
– Кайсы жерде митинг болбосун элдин таламын талашып, Токтайым эженин жүргөнүн көрөбүз. Апаңдын жолун улап, укук коргоочу болгуң келбейби?
– Чынында, мага апамдын жумушу кызык сезилет. Эл аралап жүрөт, элдин укугун коргойт дегендей. Жашымдан эле анын жумушуна барып, жанында көп жүрдүм. Балким, юристтик кесипти тандап алышыма апамдын таасири тийгендир. Башка энелерден телевизорго көп чыкканы менен айырмаланбаса, үйдө кадимкидей мээримдүү эне. Эжелерим келгенде неберелерин жыттап, берерге ашын таппай, төгүлүп-чачылып калат. Байкаганым, күйөө балдарын төргө отургузуп, аябай сыйлайт.
– Шоу-бизнеске өз күчүң менен келдиңби же апаңдын, жездең Максаттын жардамына муктаж болдуңбу?
– Өз күчүм деп айтуудан алысмын. Кичинемден эле үйдө ары басып, бери басып деле кыңылдап ырдап жүрө берчүмүн. Мунумду байкаган апам Талгар Жакшылыковдон вокалдан сабак алуумду сунуштап, ага ээрчитип барган. Ага чейин өзүмдү ар тараптан сынап көргөн элем. Балет бийчиси болом деп эки жыл сабак алдым. Сүрөтчү, спортчу болом деп ээлигип, ал тармактарга да баш баккам. Азыр деле бир нерсеге токтолдум деп айта албайм. Ар дайым изденүү үстүндө жүрүү мага жагат. Ал эми шоу-бизнеске аралашышыма жездемдин жардамы тийди. Ал кайсы жерде, кандай маселе болбосун мени колдоп жүрөт. Аны жезде катары да, ырчы катары да сыйлайм. Мындан сырткары аранжировкачы Азамат Такырбашев, клиптеримдин режиссёру Александр Белов сыяктуу чыгармачыл чөйрөдөгү агаларымдын жардамы чоң.
– Кичинеңде ырчы болом деп кыялданчу белең?
– Жок. Үйдөгүлөр «президент болом, саясатчы болом» дей берчүсүң» деп калышат. Азыр жашмын, убакыт алдыда дегендей, балким, бул кыялдарым ишке ашып калар.
– Казактын “Алл Давай” тобун чакырып, жеке концертиңди бергениңден кийин “Бураштын апасы аларга ири суммадагы акча берип чакырыптыр” деген кептер тарады эле...
– Алар менен мен сахнага чыга электе эле тааныш болчумун. Ка­закстан­дагы туугандарыбыз аркылуу таанышып, жакшы достордон болуп кеткенбиз. Алар эч кандай акча албай эле дос катары мени колдоп ырдап берип кетишкен. Көпчүлүк аларды «бой көтөргөн балдар» деп ойлошот экен. Чынында, алар жөпжөнөкөй жигиттер. Азыр да алар менен байланышып, кеп-кеңештерди алып турам. Мен барсам алар, алар келсе мен жылуу тосуп алабыз.
– Ырларыңдын басымдуу бөлүгү орус тилинде. Кыргызча ырларыңдын санын көбөйтөйүн деген оюң барбы?
– Буюрса, төртүнчү кыргызча ырымды жаздырып жатам. Орусча ырларга басым жасаганымдын себеби кыргызча эркин сүйлөй албайм. Өзүңүз деле байкасаңыз керек, кирип келгенде эле айтпадымбы, кыргызчадан кыйналам деп. Себеби орус мектепте окудум, досторумдун баары орусча сүйлөшөт. Үйдө да орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөйбүз. “Болсоңчу мага табылга” деген алгачкы кыргызча ырым ыраматылык таенемдин калемине таандык. Апам үйдө көп болбогондуктан, таенем биздин жаныбызда көп болор эле. Мен жаңыдан ырдап чыга баштаганда кулагыма шыбырап жатпайбы, “менин бир ырым бар, ошону ырдабайсыңбы” деп. Көрсө, ал ыр жазарын эч кимге айтпаптыр. Аны жаттап ырдап чыккам.
– Сени орус ырчысы Максимди туурайт дешет. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Максимди туурабайм деле. Мен көбүнчө батыштын музыкаларын угам. Алардан эч нерсе албайм деп калп айта албайм. Алам, бирок өзүмө жаккан жактарын гана. Эми ар ким өз оюн айта берет да.
– Сырдуу көрүнгүсү келген кызга кандай жигиттер жагат болду экен?
– Мага атама окшош чеч­кин­дүү, олуттуу, тама­шакөй жигиттер жагат. Жигит менен таанышсам, сөзсүз анын атама окшош жактарын издейм.
– Жолуктурдуңбу анан издеген адамыңды?
– Азырынча жок.
– Бош убактыңды кантип өткө­рөсүң?
– Курбулар чогулуп жигиттерди сөз кылып, кулактарын кызытабыз. Кээде клубдарга барабыз, сейилдейбиз.
– Кызыктуу маегиңе рахмат. Ар дайым чыгармачылык ийгилик үстүндө жүрө бер.


Жылмайып коюңуз!

Бир күнү Бураш айылдардын бирине концерт коюп барып калат. “Мени Кыргызстандын баары тааныйт” деп билеттин баасын да кымбаттатып салат. Кечинде концертине 10 эле адам келет. Таң калган администратор:
– Бураш, «мени Кыргызстандын баары тааныйт» дебедиң беле? Эл кана?
– Ооба, баары тааныйт. Бул он киши эле тааныбайт, ошон үчүн келишпедиби,- деп абалдан чыгыптыр.

Дамира Арстанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(63)
04.06.2011. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kommentariy jasyp ubara bolboy ele koygula al baarybir okubayt dele kyrgyscha tushunboyt eken da
04.06.2011. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ещё как окуп жатышат! Токтайым Умоталиева баш болуп, Максат Бегалиев тош болуп.
04.06.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча жакшы билбей анан сахнага Бураш болуп чыкканы кулкулуу:) мен учун Айпарча,Айшакан дегендейле угулуп кетти:)))
04.06.2011. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗДЫН "кыздары" ЗАВИДУЙТЕ молча!!!!
04.06.2011. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toga, МЕН сени менен толук кошулам!!! Азыр ЭЛДИН баары депутаттарды жамандап жатышат. АЛ депутаттарды КИМ ШАЙЛАП АЛДЫ??!! ЭЛ!
04.06.2011. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БУРАШТЫН уну жакпаса, ыры жакпаса УКПАГЫЛА!!!
БУЛ кызга ар бир ырдаган ырына АКЧА берип жаткансып!!!
КОРО албаган кыздар коп да КРда.
04.06.2011. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МээримКа, молодец НАК кыргыз экенсин!!! СЕН 3-чу класска чейин кыргыз тилин уйрондунда!!! А бул кыз торолгондон бери эле орусча суйлогон коомдо жашап калган. А бул ЭКИ башка нерсе.
04.06.2011. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamira, сенин комментинги окуп МЕН аябай жаман болдум. КЫргызда ушундай кыздар бар экенда деп!! Ушул кыргыз болбой эле башка улуттагы кыз болсон экен....
04.06.2011. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamira, жазган комментин ОЗУНДУН билим-денгээлин канчалык томон экенин коргозуп койду!!!
04.06.2011. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз деген энеси менен сыр болушот,канчалык атасына жакын болсо да. А Бураш мен атам менен сыр болушом деп,- энесинин тарбиясын корсотуп жатпайбы? Ошон учун кыргызда бекеринен айткан эмес " эшигин коруп торуно от, энесин коруп кызын Ал деп", - бул болсо кочо таптаган энесинин балага берген практикалык тарбиясы да...?
Башында айтып кеткендей биз озубуздун сын пикирибизди айтып жатабыз. Zamira туура айтат, бул жерде кошоматтык, мактоо деген жок. Озунун ой пикири.
28.10.2011. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyUSA,
энесинин кызына убакыты жок болсо, ал атасына барат да.
бураш - эрке кыз экен, а кыздын эркеси - биттин сиркеси.
04.06.2011. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgbala менин денгээлимди коюп, озундун денгээлинди билип алчы! Мы с тобой небо и земля! Сага аябай боорум ооруп чыкты. Эркек башын м/н ушунчалык ПАС болбочу! Кошоматка кой союп. Эмне тушунбой жатасынбы бул жерге ар ким оз оюн таштайт!
04.06.2011. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КГбала!!! Аииии байке сиздин ущунча жининиз келди да :)
Кыргызстанда кыргыздар эмес, орустар кыргызча билишет го!
Туура айтасыз, ооба мен 3чу класска чеин кыргызча окугам, орус мектепте да окусам - бизге кыргыз тилин берчу! Же менин мектебимде эле ушундай программа бар беле?!
04.06.2011. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgbala,Это ты Бураш наверное? Всю глотку себе рвешь из-за нее или из-за себя!
Если она кыргызский не знает(в ее случае - "киргизский" будет правильнее) то это вина ее родителей и больше ничья.
Так умеют петь пол страны. деньги деньги все решают у нас.
04.06.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бураш! Эгер эстуу кыз болсон,бул жердеги комментарийлерге эч терикпе. Керек болсо тескерисинче чыйралып,чынал! Оркундо,ос! Артка кетпей алдыга жыл! Адам ушинтип жаман-жакшы соз угуп,урунуп-беринип жакшы адам болуп такшалат. Чыгармачылык жолунда ийгиликтер боло берсин! Университетти да ийгиликтуу бутуп,келечекте КЫРГЫЗСТАНДЫН керегине жараган залкар адам болушуна тилектешмин! Созсуз кыргыз тилин уйрон, тилди суй.Бул жакшы коргон тайнендин,ата-энендин тили! Кийин балдарына да уйротосун.
05.06.2011. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган тарбиясы ушул болсо, келечеги деле ошондой болот! Кыйын чыкса чыгаттыр акчанын кучу менен, энесинин аты менен . Башка эл ырчыларындай боло албайт Бураш, убакыт отсо да эл суйуп ырын уга тургандай.
05.06.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммда....замиранын акыркы комментини окуп, бураштын крышасы коркутуп койгон гооо, деген ой келди))) Бирок Бураш молодец, келечеги бар деп ойлойм)))
05.06.2011. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aykani журогум ооруп аяп кеттим. Бечера кызды аябай тоо бастыга алдыкко жакшы эле.Осуп келе жаткан жаш чырпыкка жакшы соз айтып суугарып да коюш керек кээде. Адам болгондон кийин.
05.06.2011. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буткон ишке сынчы коп дегендей абдан жакшы сындар айтылыптыр. Бураш жакшы ырдайт, бирок эне тилин билбеген элин суйуп жарытпайт дейт кыргызымда. Менин кенешим эн биринчи эне тилинди тагыраак айтканда кыргыз тилин уйрон. Анан ырчы бол.
05.06.2011. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamira, МЕН ойлоп жаткан оюмду СЕН толук аныктап койдун!!! Мен сенин денгээлине тушуп бул жерден айтышпай эле коёюн!!!
05.06.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nebad, ты права лишь в одном! Деньги решают ВСЕ!!!
05.06.2011. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МээримКа, Менин жиним келген жок. АЛ кыз кыргыз тилин жакшы билбейт болушу керек.
05.06.2011. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamira, не обращай внимания на мои комменты!
05.06.2011. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kgbala,сен точно Бурашсын!
05.06.2011. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынакай комментарий берген татынакай кыздарга кыжынган адамдарды эмне деш керек? Ич тарлыктан башка себеп корунбойт бул жерде. Кайран тил, силерге короп, курмоого келип ушундай кир ойлорду айтып жургон. Айпериге болушсам Айпери, Анжеликага болушсам Анжелика болуп калчу элем, эми Бурашка болушсам Бураш дешет, дей беришсин. Бураш, жакшыга соз жабышат, жаманга чоп жабышат деген, сен жакшы болгондуктан айтып жатышат. Эч терикпей осо бер! Азаматсын!
05.06.2011. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам мен бул кызды тааныбайт экенмин,бирок коро албастардын комменттарийлерине аябай ачуум келип жатат.Мына ушул учун кыргыздар онукпойбуз да оспойбуз.
05.06.2011. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АИДА, Мен бул кыздын 1-2 гана ырын уккам, МЕНДа бул комментерди окуп алып кыргыздын сулуу кыздарынын дэнгээлине ЖАМАН болдум. Коро албастык, бут тосуу кыргыздын канында болушу керек!!!
05.06.2011. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZAMIRA, хахаххавхха, сенин козун ачык экен!!! Ош базарга барып коз ачык болуп иштебейсинби! АР бир келген клиентти " СЕН БУРАШСЫН" деп!!! хахаххахахах
06.06.2011. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А дейбиз, Бу дейбиз " бала уйундо коргонун кылат",- дегендей дээринде эч нерсе жок болсо мойнуна чынжыр байлап суйромок беленер жердештер Бураш оссун деп,.........???
06.06.2011. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даже Бурашка нравится "ОМАР"!!!!
16.06.2011. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу кулмундогон,жылдыздуу кыз экен! Ийгилик сага!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо