Канат Маматов: «БОМБАРДИР БОЛУП, АРГЫМАККА АРЗЫДЫМ»

№448 3-9-июнь, 2011-жыл

24-28-май күндөрү кыргыз туусу эл аралык аренада дагы бир ирет даңазаланды. Калмак Республикасынын баш калаасы Элистада өткөн мини-футбол боюнча көчмөн элдердин кубогунда кыргызстандык “Топ-Юнайтед” байгелүү 3-орунду ээледи. Мындан тышкары команда өкүлү Канат Маматов “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты бомбардир” болуп табылды. Кезинде «Алай», «Жаштык-Ак-Алтын» клубдарынын курамында КРнын Жогорку Лигасында ойногон, Элистада өнөктөштөрүн ийгиликке шыктандырган “бомбардир” агабыз менен маек курдук.

– Саламатсызбы, алгач ийгилигиңиздер менен куттуктап алалы. Айтсаңыз, мелдешке кандайча катышып калдыңыздар?
– Рахмат. Бул саамалык көчмөн элдеринин достугун чыңдоо максатында 1-жолу уюштурулду. Калмак туугандарыбыз биздин Футбол федерацияга 1 командага чакыруу жөнөткөн. Катышуу тилеги менен жолдогон арызыбызды федерациядан колдоп, “SELA” корпорациясынын демөөрчүлүгү астында катышып келдик. Жан үрөп аракеттенгенибизге карабай үчүнчү орунду ээлеп калдык. Натыйжа жаман эмес деген ойдомун.
– Абройлуу “Мыкты оюнчу” жана “Мыкты бомбардир” наамдарына ээ болуптурсуз. Бул үчүн атайын сыйлык ыйгарылса керек...
– Мелдеште 5 оюнда өз эсебиме 10 гол жаза алдым. Уюштуруучулар ийгилигим үчүн көчмөндөрдүн негизги унаасы болгон асыл тукум аргымак ыйгарышты. Бул, албетте, кезектеги бийиктиктерге шыктандырып, тепкич болуп берет. Баса, аталган мелдеш мындан ары жыл сайын өтүп турмай болду.
– Мелдештин катышуучулары жана саамалыктын жүрүшү боюнча айта кетсеңиз?..
– Мелдеште жалпысынан 8 команда (4 чет элдик жана 4 жергиликтүү) эки тайпага бөлүнүп күрөш жүргүздү. Биз өз тайпабыздагы алгачкы оюнда жергиликтүү клуб “Уралан” менен 2:2 эсебинде тең чыктык. Андан соң “Кирсан” (Калмак Республикасы) командасы 6:0 жана “Эдиге” (Дагестан) 6:2 эсебинде биздин курмандыгыбыз болду. Өз тайпабыздан биринчи болуп чыккан соң жарым финалда үй ээси “Белый Лотос” командасына 2:1 эсебинде жеңилип калдык. Антсе да, үчүнчү орун үчүн болгон оюнда тайпадан чогуу чыккан “Ураланды” 4:3 эсебинде жеңип алдык. Ал эми бизди жеңген “Белый Лотос” жыйынтыгында чемпион аталды.
– Рахмат маегиңизге. Кезектеги же­ңиш­терде кезиккенче.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
07.06.2011. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyke Kanatti gezitke chigariptir, meni kachan chigaraar eken?:)))
Kanat, iygiliging menen kuttuktaim!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо