КЫРГЫЗ КЫЗЫ ТҮРК ЖИГИТИНЕН КОРДУК КӨРҮҮДӨ

№448 3-9-июнь, 2011-жыл

Редакциябызга акыйкат издеп, жардам сурап келген окурмандар көп. Бүгүн түрк жигитинен запкы жеген Чолпон Орузбаева аттуу кыргыз кызынын башынан өткөн жагымсыз окуя тууралуу кеп козгомокчубуз. “Бизде качан адилеттик орнойт? Канчага чейин башка улуттун өкүлдөрү кыргыз кыздарын кордоп жүрө беришет?”- деп кеп баштады ал.

“ЛИФТТЕ ЗОРДУКТАМАКЧЫ БОЛДУ”
– Мен Бишкек шаарындагы Абдрахманов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Вефа” соода борборунун 1-кабатындагы “Бета-Сторес-3” дүкөнүнүн кондитердик бөлүмүндө иштейм. 2011-жылдын 16-апрелинде таңкы саат сегиздерде жумушта иштеп жатсам, ушул эле жерде технолог болуп иштеген Гюнеш Йылмаз (36 жашта, Түркиянын жараны) аттуу жигит келип урушуп кирди. Анын ою боюнча, мен эскирип кеткен баклаваны (кондитердик азык) сатышым керек экен.
“Эски товарларды сата албасаң, жогол бул жерден” деп коркута баштады. Мен “кетпейм, кетсем, директор келгенде гана аны менен сүйлөшүп, анан кетем. Маркеттин директору жаңы товарларды гана саткыла деп айткан” деген жооп кайтардым. “Эмнеге менин сөзүмдү укпайсың?! Сен эскини да сатышың керек!” деп айтып, жаак талаштыра чаап жиберди. Мен түшүнбөй эле калдым, “эмнеге мени чабасың?!” дегиче эле дагы бир жолу чаап жиберди. Колумду толгоп, ичке тепти. Анан лифтти көздөй сүйрөп, ал жактан күч колдонуп зордуктоого аракет жасады. Мен андан араң качып кутулдум да, коопсуздук кызматкерлерине арыздандым. Алар ортобузга түшүп арачалап калышты.
Андан кийин маркетинг боюнча директор Өзгүр, коопсуздук кызматынын башчысы Саид келип, болгон окуяны уккандан кийин да Гюнеш Йылмазга карата эч кандай чара көрбөй, кабинеттерине кирип кетишти. Бир гана коопсуздук кызматынын башчысы келип, “ордуңа барып иштей бер” деди.

“ООРУКАНАГА БАРБАЙ ЭЛЕ АСПИРИН ИЧИП АЛ”
– Жаным кашайып, ошол жерден милицияга телефон чалдым, алар 10-15 мүнөттөн кийин жетип келишти. Милиция кызматкерлери Гюнеш экөөбүздү Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык бөлүмүнө алып барышты. Ал жерден мени кантип сабагандыгы тууралуу арыз жазып бердим. Гюнеш Йылмаз “Бета-Сторес” соода тармагынын башкы директорунун орун басары Салих Ердогдурга телефон чалды.
Бир аз убакыттан кийин жетип келген орун басар №7-шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан деген менен мурунтан тааныш экен, экөө кучакташып учурашты. Нурлан “бул ишти мен өзүм карайм” деп жазган арызды алды да, экөө кабинетине кирип сүйлөшүп чыгышты. Мени да кабинетине чакырып: “Чолпон, бетиңдин шишигени эле болбосо, жараатың жеңил эле көрүнөт. Зордуктабаптыр деле, андан көрө кечиришип, ордуңа барып иштей бербейсиңби? Азыр биздин жумуш аябай көп. Бул ишти караганга башкалардын убакыты жок. Башка бөлүмгө кайрылсаң, сенин ишиңди эч ким карабайт”,- деди.
Ошентип, айласыздан арызымды кайра алдым да, жумуш ордума жөнөдүм. Жумушка барсам, түрктөр “сен эмнеге милицияга бардың? Бизди уят кылдың, эми бул жерде иштебейсиң” деп коркута башташты. Директор болсо “азырынча иштеп тур, анан көрөбүз” деп койду. Бир убакта дене табым көтөрүлүп, башым айланып, өзүмдү жаман сезе баштадым. Анан директорго кайрылып, “ооруканага барышым керек” десем, ал “үйүңө эле барып жат. Анальгин, аспирин ичсең, жакшы болуп кетесиң. Ооруканага барбай эле кой. Бүгүн эс ала бер, жумушка эртең келсең болот” деп уруксат берди.
Мен ошол эле №7-шаардык милиция бөлүмүнө барып кайра арыз жаздым да, үйгө кеттим. Кечки саат алтылардан өтүп калганда ичим аябай ооруп, тура албай калдым. Эжеме телефон чалсам, ал мени Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борборго алып барды.

“БАШТЫ ООРУТПАЙ ЧЫГЫП КЕТ!”
– Ал жактан дарыгерлер текшерип көрүшүп, “ичегиң айрылып, ичиңе кан уюп калыптыр” деген диагноз кошту. Көрсө, Гюнеш ичегимди жара тепкен экен, дароо эле операция жасашты. Ооруканада 17 күн дарыланып жаттым. Бул арада түрктөр да, тергөөчү да бир жолу келип, абалымды сураганга жарашпады. Биринчи Май райондук соту тергөө бүткүчө Гюнешти эки айга СИЗОдо камап турууга чечим чыгарыптыр. Бирок мен ооруканадан чыккандан үч күн мурун аны Бишкек шаардык соту бошотуп жиберген экен. Ооруканада жаткандагы кагазымды да делого тиркебептир.
Тимур Маржанов деген тер­гөөчүдөн эч кандай тергөө жүргүзбөй туруп эмнеге аны чыгарып жибергенин сурасам, “мен билбейм, барып прокуратурадан сурап ал” деп койду. Прокуратурадан райондук сотко, райондук соттон шаардык сотко жиберишти. Шаардык соттогу Нарымбаева деген судьяга жолуксам, “сен эмнеге келдиң? Сенин ишиң качан эле жабылган. Бар, башымды оорутпай чыгып кет” деди. Мага соттун кандай өткөндүгүн да айтпай койду. Ал жактан чыккандан кийин кимге барарымды да билбей калдым.

“МУРУН ДА БИР НЕЧЕ ЖОЛУ МЕЙМАНКАНАГА ЧАКЫРГАН”
Чолпон кебинин аягында Гюнеш ага башынан эле тийишип келгенин, андан башка дагы далай кыздар кыйналып жүргөнүн кейип айтып отурду.
– Гюнештин мага көңүлү мурун эле бузулуп жүргөн. Бир нече жолу мени кафеге, мейманканага чакырган. Мен аны кагып койгонмун. Жашырганда эмне, алар менден башка кыздарга да тийишип, кор кылышат. Арасында зордукталгандары да бар, алар кимге арызданышты да билишпейт. Мүмкүн, “арыздансам, жумушумдан куру калам же ден соолугума коркунуч келет” деп коркушат чыгар.
Кыргыз кыздарынын Кыргызстанда жашаган түрктөрдөн көргөн кордуктары адам эмес, ат көтөрө алгыс болуп калды. Бийликтегилер качан намысына келишет? Чыркырап чыкканы мен, а дагы деле кордук көрүп жүргөндөрү канча? Эртеңки күнү эле чоңдордун кыздары, жээн-карындаштары мендей болуп чет элдиктерден запкы жеши мүмкүн. Пулуң болсо, кулуңмун болбогула. Биздин мыйзам бизге каршы иштесе, анда илгеркидей сот кылышыбыз керекпи, таш бараңга алып? Муну күйгөнүмдөн айтып жатам.
Кайдигерликке салып, мени кордогон адамды коё беришсе, башкалары “боло берет турбайбы” деп ачык эле мууздап коюудан баш тартышпайт. Булар күнөө кылып коюп, аны намаз окуп жууп коёбуз деп ойлошсо керек.

«ЙЫЛМАЗ АЗЫР ИШТЕБЕЙ КАЛГАН»
Гүнеш Йылмаздын өзүнө жолугуп, анын пикирин угуу үчүн “Бета-Сторес-3” дүкөнүнө бардык. Дүкөндүн кондитердик бөлүмүнүн башчысы Эля аттуу кыз чыгып: “Ошол окуядан кийин жетекчилик «биздин атыбызды булгап койдуң» деп Йылмазды иштен кетирип жиберишкен. Азыр анын кай жакта экенин билбейбиз”,- деп жооп берди.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Окуянын чоо-жайын билүү үчүн Бишкек шаардык сотунун судьясы Нарымбаева Людмила Петровнага кайрылдык. Ал курамында болгон үч судья коллегиялык сот өткөрүп, Гюнеш Йылмазды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алышкан экен. Сот процесси бүтө электигине байланыштуу Людмила айым комментарий берүүдөн баш тартты.
Мына, окурман, Чолпондун айтып бергендери, чынында, намыска тиет. Бул жерде бир эмес, бүтүндөй кыргыз кыздарынын укугу жана намысы тебеленип жатат. Кыргызстандын укук коргоо, сот системалары качанкыга чейин кыргыздардын укугун башка өлкөнүн жарандарына тебелетет?!

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(141)
10.06.2011. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akuperi,снова тушунбой калып,менин адресиме озундун оюнду жазып убара болуп журбо! Так,что мен сага КРча тушундуруп коеюн.Мен бул жерде силерге кайрылып жатам,"Чолпонго керектуу кенеш берип койгула,чем элди вефаны талкалаш керек деп угуттобой"деп. Мындай учурда бир Гунез Йылмаз учун ошол жерде иштеген озубуздун эле кыргыздарыбыз жумушсуз калат!И жат эл жеринде иштеген мекендештерибизге таасири тийбей койбойт!Бизде ызы-чуу болду,казактарга кудай берет,КРга покой жок,документ текшермей башталат!
10.06.2011. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түрк эмес ал Күрт болуш керек деп ойлоп жатам.
11.06.2011. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akuperi,сен тоо десе бээ дебей,1чи тушунуп,анан мага кайрылсан болмок!"МЫ бы посмотрели бы на тебя"деп.Во первых ты за себя только говори,понятно?Здесь кажется одна ТЫ не соображаешь,о чем я!"Она обращается за помощью"деп.Ну и помоги ей!Можно подумать я это не поняла.И еще"Попробуй поставить себя на ее место"деп тим эле жазыпсынго,кыйын киши болуп.Анын бетин ары кылсын деп,бирок туура айтасын,умница.Если мен анын ордунда болсом,ошол жерден к...н туйрумокмун ошол турктун!Поверь мне!
11.06.2011. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааа как всегда слово за слово и ругаемся между собой,не ругайтесь пожалуйста, но очень хорошо и патриотично когда вот так вот отзываешься, советуешь быть терпеливым и не сдаваться никогда согласен со всеми и выражаю боль нашей девушке я тож советую что она должна не сдаваться и идти дальше вышестояшие инстанции правосудия. а этому кобелю надо дать поучительные уроки по мужски а потом уже судить или наоборот. желаю удачи тебе Чолпон искренне, чтобы тебя услышали власти КР.
11.06.2011. 04:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daa ayabai kop komentaryi jazylyptyr, jarymynan kobu negativnyi i bul CHolpondun bashynan otkon okuyaga tieshesi jok dep oilop kaldym, oilonup tuura komentaryi berip jursok bul da bolso KGdyn kelechegine bolgon zor jetishkendik bolmok demekmin. Emmi okuyany okup oturup CHolpondun ukugu tepselenip atkanyn baikadym, buga kim kunooluu albette Okmot!! eger Okmot Karupsiyaga karshy ish jurguzur baardyk taraptan Reformalashtyrganda, myna ushuntip adam ukugu tepselenmek emes!
11.06.2011. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
CHolpongo aitaarym Akyikatchylardan jardam surap kairyluu kerek, KGdagy forumchular saga jardamdashat degen umuttomun!
11.06.2011. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iskenchic айткандай Бета Сторестин туркторго тиешеси жок. Куруучулары, башкаруучулары жада калса майда жумушчулары баары курттор, учурдагы директорунун урук туугандары.
12.06.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында эле дене бойум дуркуроп кетти КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИ ОЙГОНОЛУ.
12.06.2011. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз жигиттери ойгонолу
12.06.2011. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз кыздарды кордогуча ошол атка минерлер жашабай койгонунар дуруско дейм.
16.06.2011. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда туруп алып, ушундай, атадан көрбогөн кордукту, каяктагы бир селсаяктан көрөт деген эмне? Көөп кетишти негизи чет элдиктер, биздин мекенге келип алышып эле...
16.06.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен өзүм "Манас" Университетинде окугам кээ бир түрктөргө сөз жок. Чолпон эже азаматсыз жумушсуз калам деп кээ бир жеңил ойлуу кыздардай ойлонбоптурсуз. РОВДдагы түрктөрдүн аз акчасына алданып өзүнүн мекендешин карындашынын укугун тепсегендерди Кудай озү жазаласын. Батыраак айыгып кетиңиз! Вефада толтура эле кыргыз бала бар ошолор ошол жерден түркту сабап салышса болмок.
16.06.2011. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир кыздар жөнүндө да жазбаса болбойт ошол түрктор ага үйлөнө калчудай болуп аны менен кобүнчо түркчо сүйлөшүп өзүлөрүн кыйын сезишет. Алар Кыргызстанда жүргөн мезгилде эле керексиңер кобүнчосүнө. Анан балким бир аз орусча үйронүш үчүн жүрүшот. Канча тааныган кыздарым бар түрктөр колдонуп туруп таштап кеткен.
16.06.2011. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жаман улут болбойт, ошол улуттан жаман адамдар болот" дегендей эле беш кол тең эмес, жетишпеген үй-бүлөлөргө жардамын берип келген түрктөр да жок эмес.
06.07.2011. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле ким жергиликтуу ким конок? же ошол тергеп соттоп аткандар дагы конокпу?
07.07.2011. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир уйдун муйузу сынса жуз уйдун муйузу зыркырайт бир айгыр бир уйур жылкыны кайтарат намысту жигиттер эркектер канга кан жанга жан
19.08.2011. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын ак конулдугунон башка улуттар пайдаланып атышат да. катуурак турчу кез келди кыргызлар!!!
30.09.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Betanin direktoru Kurt! ozubuzdun militsya bizdi korgoboy atsa kobot da oshol it kurttor,Jamanindi bilip aldim kirmanina kirip aldim degen soz tuura aytilgan.
27.10.2011. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanga baraiyn 4ekeden kyram,owol turktordu.
27.10.2011. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ainura eje,yilabanyz,men kyrgyzmyn,menin da karyndaw-ejelerim bar, MENDE NAMYS BAR.olturom...
29.10.2011. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кызга айабай боорум ачып жатат раз укук органдары жардам бербедиби сагатааныш балдарынды алып барып сабап салбатып салбай сынбы мен Оштомун болбосо сага жардам бермекмин Бишкектеги балдар тжардам бергиле кыргыздар кор болбош керек кор кылгыла туркторду кордош керек балдар наамысынар болсо кызга жардам бергиле ичинде дак калбасын баалдар суранам силерден 0778798687
29.10.2011. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге жардам бербеген укук органдарын кудайга салыныз
30.10.2011. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туркторду, башка улуттарды гой, озубуздун кыргыз жигиттери кыргыз кыздарын сыйлабай калган. нагыз эркектик намысы бар жигиттер дээрлик жокко эсе. болсо да 10 пайыз. жаман айгыр уйуруно тап дегендей, эркектер эптеп эле туш келген келин-кыздын этегин ачып, ойногонду самашат. Же калп айтамбы?
07.11.2011. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikesha!сенин созун туура эмес
16.01.2012. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salamatsyzdarby,abdan okunu4tuu okuya eken,e4kimge myndaidy kaalabas elem,kudaiym saktasyn,bilesizderbi,munun baaryna ozubuz,tee bawta turgandar kunooluu,baaryn ak4a menen gana buturgondu bilebiz"KORRUPCIYA" degen katuu ku4odu,men azyrky u4urda Gemanyadamyn,bul jerde Turk ulutu abdan kop,birok alar myndai okuyadan alys jawaawat,antkeni bul jakta PRAVITEL"STVO I ZAKON ayabagandai katuu,elderi da 4yn keliwet,bizdei(kyrgyzdardai)bolup ak4a alyy degen jok,baary korkuwat zakondon.....vse po zakonu
16.01.2012. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
egerde uwul okuya Germaniyada bolgondo,e4ak nemister any jep jok kylywmak,a biz naoborot ozubuzgo duwman 4ygyp oz tuuganybyzdy ak4aga satyp je jumuw oordun jogotuudan korkup,jardam beruudon baw tartuudabyz,kantip uwundai bolsun,i4im kyiot uwuga,turk ele emes bardyk Inostranecterdin myndai jolgo barbwy u4un,biz ozubuz da katuurak boluwubuz kerek,ak konul degen alarga jarawpait,osobenno Turk kalky baikawyma karaganda "Hitryi narod" keliwet",abailanyzdar degele,kyrgyz elim aman bolsun...
16.01.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cholpon eje men tek oz oyumdu aita keteiyn,egerde men sizdin oordunuzda bolsom,anyn betinen kudaiym saktasyn,oomiin,men baardyk Beta zdanielerin kaitaryp kaisyl jakta ekenin taap turup uwundai bir o4umdu almakmyn,ozum ele emes,dos baldarymdy jardamga 4akyrmakmyn,izdep taap,bawyna mewok kiygizip meni taanybagydai kylyp,talaaga alyp baryp,sizge kandai katuu sokku berse men da owondoi sokku berip,kaira ke4kirgen ubakta e4kim jokto bir jerge tawpat ketmekmin....
16.01.2012. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
al turk kaida ketmek ele laira ele owol bir jerge ornowtu da,jakwylap izdep karap jurunuz,akyry tabylat,ar kaisy sotko bara berbeniz emi,kudai bilet alardyn sizge jardam bereri,andan koro ozunuzdu kolunuzga alynyz da,buturunuz,jon oturup kalbanyz,uda4i vam,jakwy aiygyp ketiniz...
21.01.2012. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыгыз кыздарына ишенбейм баарына эмес айрыма оздору журуп алышат запкы жешет андайдан коп эле болуп атат жондон жон урбайта кантип эле кафе барса керек журушкондурда
20.01.2014. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НАРЫМБАЕВАга соз жок экен! БАЛЫК БАШЫНАН САСЫЙТ болуптур! УЯТ УЯТ ОЛГОНУ ЖАКШЫ ОШОЛ АДАМДАР!
20.04.2014. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alibekova94, 500g et berip koiso kerek da bilbeisinbi bizdin esheke itterdi bilbeisinbi
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: