Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ВАНГАнын ОРДУН БАСУУЧУ КЫЗ ФРАНЦИЯДА ЖАШАЙБЫ?

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

Болгариялык көзү ачык Ванга тууралуу ар бир адамдын маалыматы бар. Ал сокур болгону менен, келечекте боло турган олуттуу окуялардан тартып жөнөкөй окуяларга чейин айта билгендиги менен даңкталган. Ал көзү тирүүсүндө эле ордун Францияда туула турган кыз баса тургандыгын айткан. Ошол айтканы туура келдиби? Болсо, ал кыз ким?

СЕНСАЦИЯЛУУ БЕРҮҮ
2011-жылдын апрель айынын башында Орусиянын НТВ телеканалы “Ванга кайтып келет” деген темадагы көрсөтүүнү эфирге алып чыккан. Бул көрсөтүү сенсациялуу болгондуктан, көгүлтүр экран алдына көп миңдеген адамдарды чогулткан. Сенсациялуу дегенибиз, берүүгө Ванганын ордун басат деген кызды катыштырганы эле. Берүүнүн алпаруучусу Андрей Куницындын айтуусу боюнча, ал атайын топ менен Францияга барып, кызды тапкан. Жана анын ата-энесин макулдатып, Орусияга алып келип, берүүгө катыштырган. Ал тургай эл алдында бир нече суроолорго жооп бердирүү менен көзү ачыктыгын далилдетүүгө жетишкен.
Куницын:“Ванганын айтканы боюнча, анын ордун басуучу ушул кыз – Каедэ”,- деп сөзүн далилдөө үчүн фактыларды келтирген. Фактыда 7 жаштагы Каедэнин көрүүсү улам начарлап баратканы жана көзү ачыктык касиетке ээ экендиги камтылган.
Ванганын өзүнүн айтканына келсек, өмүрүнүн акыркы жылдарында: “Эгер менин ордумду басуучу адам чыкса, анда ал Францияда жашаган көзү азиз кыз болот. Ал адамдарды таң калтыруучу өзгөчө күчкө жана касиетке ээ. Адамдар ал кызды таап, жогорку күчкө ээ жөндөмдүүлүгүн ачууга жардам берүүлөрү кажет”,- деп айткан.

КАЕДЭ КИМ?
Медиктердин маалыматы боюнча, Каедэ тукум куучу оорунун айынан майыптарга тиешелүү белгилер менен төрөлгөн. Ал өзү теңдүүлөргө салыштырмалуу бардык жагынан кеч өсүп-чоңоюуда жана көрүүсү улам начарлап барат. Болжолго караганда, ал жакынкы жылдары толук сокур болуп калышы мүмкүн. 7 жаш курагында тамгаларды таанып, жазып калмак түгүл, тегеректин сүрөтүн жөндөп тарта албайт. Бирок Каедэ жакындарын көзүн ачып отурган кезине караганда, көзүн жумган учурда жакшы көрө ала тургандыгын айтып, ишендирип келет.
Алдын ала айтуучулугу кыздын 5 жашында башталган. Мисалы, ал агасына абайлабаса бутун кокустатып аларын эскерткен. Айткандай эле агасы ошол күнү томугун чыгарып алган. Апасына чоң энесинин жакында ооруп каларын, таежесинин убагынан эрте көз жарарын айтканы да туура келген. Булар эле эмес, чакырылбаган коноктордун кайсы күнү келе тургандыгын, футболдук таймаштар кандайча аяктаарын, аба ырайынын кандай болорун алдын ала айтып турган. Алгач ата-энеси кызынын көзү ачыктыгына ишене беришпеген. Бирок анын айткандары дал чыга бергендиктен, ишенбеске аргалары жок калган. Ата-энеси булар тууралуу кандайча билип коёрун сурашканда ал: “Ар түнү кызыктай адамдар келип (кээ бир маалыматтарда арбактар) алдыда эмне боло тургандыгын айтып турушат. Мен алардан корком”,- деп жооп берген. Кыздын өзүнүн айтуусу боюнча, Ванганын ким экендигин билбейт, бирок “ал мага бат-бат келип турат” деп ишендирет.
Каедэнин жакындары кыздын феномендүү жөндөмдүүлүгүн жашырып келишкен. Анткени кокус билип калышса, үйдүн алдында эл үзүлбөй калып, бирөө жарым кызга зыян келтирет деп чочулашкан. Бирок Орусиянын НТВ каналынын кызматкерлери барып абдан суранышканда гана кыздын касиети тууралуу ачык айтып, телеберүүгө катыштырууга макул болушкан. Ошондон кийин кыз азыр дүйнөгө белгилүү болуп отурат. Бирок Ванга айткан адам ошол кыз экенине күмөн санагандар көп.

АЛ ЧЫН ЭЛЕ ЖАҢЫ ВАНГАБЫ ЖЕ...
НТВнын берүүсүндө Каедэ көзү ачыктыгын көрсөтүү үчүн бир нече сынактардан өтүшү керек эле.

  • Бир нече сүрөттөрдү көргөзүп, “Жакынкы Чыгыштагы окуялар кандайча өнүгөт?” деп сурашканда, “согуш жакында аяктайт” деген.
  • Ядролук жардыруунун сүрөтүн көрсөтүшкөндө, “бул окуя 2012-жылы болуп өтөт” деп жооп берген.
  • Берүүгө Орусиянын Ростов облусунан келген Татьяна Дружинина катыштырылган. Ал аялдын кичинекей кызы жоголуп кеткен. Каедэден анын кызы тууралуу билип берүүнү суранышканда, ал кыздын сүрөтүн узакка карап: “Аны чачы сары адам уурдап, алыска алып кеткен. Анын жашоосу коркунучта эмес, бирок башка жакта өзүн жаман сезүүдө. Эми эне кызын эч качан көрө да, жолуга да албайт”,- деген. Бирок берүү эфирге чыккандан көп өтпөй, Каедэнин жаңылганы билинген. Анткени Татьянанын жоголгон кызынын сөөгү өздөрү жашаган жерден 50 чакырым алыстан табылган. Ушундан улам көпчүлүк “бул Ванга айткан кыз эмес окшойт” дешсе, айрымдары “бул азыр жаш, мүмкүн, касиети акырындап ачылып отуруп, анан толук көзү ачыкка айланар” деп айтышууда.

Ошентип, Каедэ Ванга айткан кыздын өзү же башка экендиги азырынча табышмак бойдон калууда.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(17)
13.06.2011. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men ushul peredachany kordum.menimche gon ele show!
13.06.2011. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да дүйнөдө тынчтык болсун.
14.06.2011. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ene-bala ekinchi korusho alyshbait degeni tuurago menimche jakyndashyp aitkanda. Kyzdyn soogu tabylsa t.e olso,boldu emi korushboitda. Azyr otole kichine 7 jash kyz, kantip aityshdy da bilbese kerek ........
15.06.2011. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу достор! Мындай нерселерге ишенбегиле! Жалгыз Алла гана чечет баарын!
15.06.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Алла чечет! А бирок ушулардын алдын ала айтканы болуп жатпайбы жана бул касиетти буларга Алладан башка ким берет дейсин? муну канда
15.06.2011. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дай тушунсо болот?
16.06.2011. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2012жылда боло турган кыямат кайым канча жылдан бери айтылып келаткан имиш да
16.06.2011. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козу ачык бул шайтандын иши...
Бир Тенир бар андан башка эч ким билбейт...
10.08.2011. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arlekino, Тенир эмес Аллах Таола деп айт, тенирчилик тоо-ташка сыйынуу болуп калат.
18.06.2011. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык.... дуйнодо эмнелер гана болбойт э!!?
19.06.2011. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматтуу мусулман калкым бир жараткан тенирге ишенели !!!
19.06.2011. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan kiziktuu bolgon
20.06.2011. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вaaв биз учун 2012жылы коркунуч бaр турбaйбы
09.07.2011. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах бизди ушинтип сыноо учун жаратканда ошол учун бир гана Аллах таалага ишенип,Аллахтын сыноосу деп чын журогубуздон ишенсек эле болду, оо Кудайым Бизди жанылгандан сактаса экен.
05.11.2011. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaiaktagy bir waytan!!!!!!!
05.11.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kap etpegile kyrgyzdar ALLAHtyn jazganyn korobuz:)
11.10.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз Аллахга гана ишенуу керек!!!Ал эми муну окуп коюу ашыкча эмес го!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо