Мирбек Иманбеков: «ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ КОЛУН СУРАГАМ»

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

«Эзилет жүрөгүм, түн чүрөгүм...» деп кыздардын жүрөгүн эзген Мирбек Иманбеков учурда Бурул аттуу сулуунун сүйүктүү жолдошу, Арууке деген ширин кыздын атасы. Бири-бирин жылмая тиктеп, кызын эркелеткен жан шериктер биздин төрүбүздө.

– Мирбек, бизге берген алгачкы интервьюларыңда “Сүйгөн кызың барбы?” деген сурообузга “мен кыз жандап жүрүүгө анча деле кызыкпайм. Убагында элден калбайын деп мен деле кыз менен жүргөм. Азыр аны “тоок сүйүү" болгон экен деп ойлоп коём” деп жооп бериптирсиң. Сурайын дегеним, Бурул чыныгы сүйүүңбү? Ага кантип жолугуп калдың?
– Чыныгы сүйүүмө 2006-жылы Искусство институтунда окуп жүргөндө жолуктум. Анда ырчы катары мени эч ким деле таанычу эмес. Институттагы бир майрамда ырдап жатып, элдин арасындагы бир сулууга көзүм түштү. Ошол кыз көз алдыман кетпей туруп алды. Аны кийин деле көп жолу көрүп жүрдүм, бирок даап барып тааныша албай койгом.
– Бурул, ошол күнү же андан кийин деле Мирбектин сага көзү түшүп жүргөнүн байкадың беле?
– Мирбекти алгачкы жолу сахнадан көргөндө көздөрү абдан жаккан. Негедир көздөрүнө көңүл буруптурмун. Бирок таанышып, анан келинчеги болуп калам деген ой келген эмес. Ошол концерттен бир ай өткөн соң тааныштык. Сүйлөгөнү, өзүн алып жүргөнү, көз карашы менин кыялымдагыдай экен.
– Мирбек, анан кантип тааныштың?
– Жүрөгүмдү козгогон сулуунун курбу кызы менин курсташым болуп чыкты. Анан “тааныштырбасаң болбой калды” деп ал кыздын кулак-мээсин жеп жатып, бир күнү тааныштык. Аты Бурул экен. Таанышкан соң жүрөгүм Бурулга бурулганын анык туйдум. Башында бири-бирибизди сынай сүйлөшүп жүрдүк. Анан мен Ошко концерт бергени кетип калдым. Алыска чыкканда аны ойлоп, куса боло баштадым. Ойлонуп отуруп баш кошуу тууралуу сунуш киргизүүнү чечтим. 500 бирдик жүктөп туруп айтчу сөздөрүмдү даярдап, терең дем алдым да, телефон аркылуу эле сунушумду айтып салдым. Айтсам, Бурул кыз кылыгын кылып «ойлонуп көрөйүнчү, сен келгенден кийин жооп берейин» деп кыйылат. А мен концертимди шылтоолоп «ооба деп койчу, мен сахнада эч нерсени ойлобой шаңдуу ырдайын» деп 500 бирдик бүткүчө сурана бердим. Көгөрүп жатып акыры макулдугун алдым. Ошол күн мен үчүн майрам болду. Чынында эле өзгөчө эргүү менен ырдаганым өзүмө да сезилип турду.
Кийин Бишкекке келип, жатаканадан чыгып келе жатсам, Бурул биздин короодо курбу кыздары менен туруптур. Анан түз эле мага карай басып келип, «кандайсың?» деп бетимден өөп учурашып жатпайбы. Бүт денем ток ургандай зыркырап кеткенин айтпа. Сүйүү ушундай тура.
– Бурул, силер кыз-жигит болуп жүргөн кезде Мирбек жаңыдан жанып келаткан жылдыз болсо, кийин күйөрмандары көбөйдү, чөйрөсү өзгөрдү дегендей. Бул нерсе аны өзгөртүп жиберген жокпу?
– Жок, өзгөрткөн деле жок. Мен таанышканда Мирбектин жан дүйнөсү кандай болсо, азыр деле ошондой. Болгону, ырлары популярдуу боло баштады. Бирок Мирбек Бишкекте биринчи концертин бергенде аны ызылдап уюлдук телефондоруна тартып жаткан кыздарды көрүп, менде «не дай, Бог, потерять» деген коркунуч, кызганыч сезим пайда болду.
– Ошол күндөн баштап сүйгөнүңдү “кайда жүрөсүң?” деген суроо менен тынчын ала баштадың?..
– Кайра-кайра чалып, такып сурап деле тажатчу эмесмин. «Ии, кайда жүрөсүң?» десем, Мирбек бир эле жооп берчү. Чынын айтчубу же калппы, билбейм.
– Ыя, Мирбек, Бурул “чынбы, калппы, билбейм” деп тайсалдап калды го...
– Чынын эле айтчумун. Эми көңүлүн калтырбаш үчүн башкачараак жооп берип койгон учурлар болгон. Бирок көбүнчө туурасын эле айтчумун.
– Бурул, Мирбектин сага жаккан жана жакпаган сапаттары...
– Тазалыгы жагат. Мисалы, канчалык концерттен чарчап келсе да, кийимдерин ыргытып жибербей иреттеп коёт. Ал эми жакпаган сапаты – киного же дагы бир берүүлөргө кызыгып кетсе, сыналгынын ичине кирип кетчүдөй болуп отура бергени. Айрыкча футбол көргөндө ачка болсо да ордунан турбайт. Бул учурда кызым экөөбүз алдына тамак алып келип беребиз.
– Мирбек, сага Бурулдун жакпаган сапаттары...
– Бурулдун мага жакпаган сапаты жок. Тамакты көп жасап салганы эле болбосо. Кичине үнөмдөп, аздан жаса десем деле болбой көп жасайт.
Бурул:
– Мен жумушка кеткенде курсагың ачка калбасын деп ойлоп, көп жасап коём да.
– Бурул, Мирбек кандай белектерди көп берет?
– Көбүнчө гүл, анан жумшак оюнчуктарды берет. Азыр ошол оюнчуктар менен кызым ойноп жатат. Ал эми бир жолу Жаңы жылда ушунчалык сонун каалоо айтып туруп алтын чынжырча белек кылган. Ошол мага өзгөчө белек болгон.
– Мирбек, Бурул сага кандай белектерди тартуулайт?
– Мага Бурулдун кийим сатып бергени жагат. Анткени табити жакшы.
– Жанатан бери ортоңордо ойноп жаткан кичкинтайды көрүп “Мирбек кандай ата болду экен?” деген суроо туулду.
– Мен алгач Арууке төрөлгөндө «чындап эле ата болдумбу?» деп ишенбей жүрдүм. Качан гана кызымдын тили чыгып, «ата» дегенде чын эле ата болгонумду сездим. Аруукенин тили да «мама» дебей «ата» деп чыкты, мамасынын ичин күйгүзүп. Азыр кызым менин ырларымдын баарын билет.
– Бурул, эгерде Мирбек көзүңө чөп салса кечире алат белең?
– Кудай сактасын. Андай болбойт деп ойлойм. Мирбек андай кадамга барбайт болуш керек. Биринчиден, мен өзүмдү сыйлаган адаммын. Экинчиден, биздин ортобузда Арууке бар. Бирок жашоодо ар кандай нерселер болот эмеспи, кокус шайтан азгырса да Мирбектин акылы, эрки жол бербейт деп ойлойм.
– Ал эми сенчи, Мирбек...
– Тфү-тфү... Мындай суроого жооп да бергим келбейт.
– Кер-мур айтышып кеткен учурлар болобу?
Бурул:
– Катуу деле урушуп көрө элекпиз. Талашып кеткен учурлар болот. Көбүнчө кроссворд толтуруп жатканда. Анда жинимди Мирбектен эмес, ашканадан чыгарам. Барып эле газды жышып жууй баштайм.
Мирбек:
– Мен орусчаны жакшы билбейм. Аялым кыйын билет. Анан сөздөргө келгенде эле талашып жатып калабыз. Бурул ашканадан чыгарса, мен жинимди сыналгыдан чыгарам. Кээде туура айтып жатканын билип турсам деле кыжырын кайнатыш үчүн талаша берем.
– Үй-бүлөнү башкаруу кимдин колунда?
Бурул:
– Ашкана жагын өзүм тейлейм. Мирбек алдыга койгон максатын көп айта бербейт. Кээде айтпай туруп эле шок кылып коёт. Мисалы, көп суммадагы акча алып келип же дагы бир пландарын ишке ашырып дегендей. Ал эми чоң маселе жаралып калганда экөөлөп чечебиз.
– Мирбек, үй-бүлөң менен чыгармачылыгыңды таразага койсо, ташы кайда оомокчу?
– Азыр тараза ташы үй-бүлөм жакка оойт.
– Маегиңерге чоң рахмат. Түбөлүк жан шериктерден болгула.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Маек - Мирбек Иманбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(60)
SUPER.KG видео
13.06.2011. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык, кызыны эмне деп эркелетет болду экен. Кызынан "айтып кой"-деп сураса айтпай койду го...ширин болуп)))
13.06.2011. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kelinchegi imanduu,akylduu kyzdardan eken. Baktyluu uibuloolordu koboitup,toluktai bergile!
SUPER.KG видео
13.06.2011. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akbar baike,Sultan baike debei sovremennyi ele suiloso bolmok.Mirbek nedavno ele uilondu ele go je ushuncha 3 jil bat otup kettibi ㅠㅠ
SUPER.KG видео
13.06.2011. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
BiLLy Beck а ты вообще заткнись
14.06.2011. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyn ele Baktyluu bolushsa eken!kelinchegi nasik,suluu e-n,birok Mirbek bir ubakta jyldys oorusu m-n oorugany chyn ee,esimde bir jolu bisdin aiylga (Talaska)koncert koyup baryp,klubdun aldynan bir bala surotko tushup koyolu dese turtup jibergeni,bul jakta karap turup jinim kelgen.Birok aytat emespi adamdy situatciya jaman korsotup koyot dep,oshondoy bolso kerek oshol uchurda.Kysynar akylduu bolup chonoyo bersin,BAKTYLUU BOLGULAAA!!!
SUPER.KG видео
14.06.2011. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
перегрызитесь все !!! ва-ха-ха. А насчет МИрбека - 500 бридик тыгып дейт, как будто с ошского рынка привезли. Ужаааасссс!!! фууу
SUPER.KG видео
14.06.2011. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жинди экенсин Мирбек бетине эле айтайын. Аялы молочина экен ушунун баарын которгон.
SUPER.KG видео
14.06.2011. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булардын жазуусун окуп башкача ойдо элем, эми видеону коруп такыр башкача ойдомун ... неге биздин ырчылар суйлой алышпайт ...???
14.06.2011. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызынар сонун кыз экен,акылдуу сиздер сыймыктанган кыздардан болсун.Озунор кармашкан колунар узулбой бактылуу болгула
14.06.2011. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар!
SUPER.KG видео
15.06.2011. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 бирдикти айтбай эле койсо болмок ха-ха.
SUPER.KG видео
15.06.2011. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинчегине рахмат чыдаганына! Бирок уй-булосун жашыргандан кийин Мирбекке ишеним очкон.
15.06.2011. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 бирдикти тыкпайт а салат же жуктойт!!!
15.06.2011. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!!!!
15.06.2011. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги татынакай экен,экоон тен бири-биринерден отуп сулуусунар! Бактылуу жубайлардан болгула!
SUPER.KG видео
15.06.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islambayishov 10 гулундун бир гулун ачыла элек 18ге чыгып алып озундон чон адамга акыл уйротпогун!Манка десе!
16.06.2011. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уй-було. тфу-тфу коз тийбесин.
16.06.2011. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии кызы татынакай го тимеле
17.06.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиздин ырларыныз мага аябай жагат бактылуу болгула
SUPER.KG видео
20.06.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишинизге ийгилик уй-булоолук бакыт каалайм
SUPER.KG видео
05.07.2011. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikasik:seni mirbek ishendirip,ishenichingdi aktabai koidu bele?
SUPER.KG видео
05.07.2011. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamalenok:sen shaardyk bolup shaaryna baryp atpasan da, korup atabyz suilogon dengeelindi.i voobshe saga jumush jokpu kechke ar kimdin artynan suilogondon bashka.
SUPER.KG видео
13.08.2011. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх.........аяаяаяай......беш жуз бирдик ха ха ха ........бактылуу болсонор болду..........
SUPER.KG видео
22.09.2011. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saxnada kebetesi takir bawka go,janinan korson suluu emes eken .
SUPER.KG видео
16.10.2011. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай коп бирдик тыгыптырда.....
SUPER.KG видео
20.11.2011. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula!Iigilik!!!!
SUPER.KG видео
26.11.2011. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushu yrchylar, kop kop kitepterden okup, kichine suiulogondu uironculochu, el kozunde jurgondon kuiun,
Модератор info түзөттү 27.11.2011 13:01
SUPER.KG видео
30.11.2011. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshynykai ele turat Mirbek baikenin yrlary jakshy maanisi bar men sizdin yrlarynysty syilap ugam dagy jakshy yrlardy jarata berinis talantynyska taazim
20.12.2011. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сен учун эн жакын курбун ооруп азыр дабасы жок деп чыгарып салды бактынды тилеп кана жатат тошокто!!
09.11.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
терпеть не могу Мирбекти,аялы акылдуу экен,сага чыдаган жубайына рахмат
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо