СЕНИБИ, ШАШПА!

№262 9-15-ноябрь, 2007-ж.

Ажырагыс жуп: бейбаш Карышкыр менен амалкөй Коён­дун аягы жок мышык-чычкан оюну тууралуу тартылган көп сериялуу мультипликациялык фильм менен бирге бир нече муун чоңойду. Совет мезгилинин эң популярдуу мультфильми жана каармандары бүгүнкү күнгө чейин чоңдордун жана бөбөктөрдүн сүймөнчүгү болуп жакшы маанай тартуулап келет.

Режиссёру – Вячеслав Котёночкин
Сценарийин жазгандар – Феликс Камов,
Аркадий Хайт, Александр Курляндский
Продюсерлери – П.Бабаханян, А.Лебедев
Композитору – Виктор Бабушкин
Үндөрүн коштогондор – Клара Румянова (Коён), Анатолий Папанов (Карышкыр), ошондой эле Генадий Хазанов, Владимир Сошальский жана башкалар.

0-БӨЛҮМ
1968-жылы “№1-көңүлдүү карусель” деп аталган мультфильмдер тобу жарык көргөн. Анда Карышкыр менен Коён жөнүндө чакан сюжеттүү фильм тартылган эле. Дал ошол каармандар кийин популярдуу сериалдын башкаармандарына айланган. Бүгүнкү күнгө чейин мультфильмдин жаратуучулары ошол алгачкы сюжетти чыныгы “Сениби, шашпа!” тасмасынын 0-сериясы деп эсептешет.

1-БӨЛҮМ
“Союзмультфильм” жараткан сериалдын эң биринчи бөлүгү 1968-жылы 1-январда эфирге чыккан. Мультфильмдин мазмуну өтө эле жеңил ойлуу көрүн­гөндүктөн, аны тартып чыгарууга Вячеслав Котёночкинден башка бир да режиссёр чыгынган эмес. “Мындай күлкүлүү фамилиям менен мен баарыбир саясатчы же ишкер болууга жарабайт болчумун,- деп айтып калчу экен Котёночкин, - Фамилияма жараша мультфильм жаратуу – эң туура иш!”

1-16-БӨЛҮМДӨР
Мыкты мультфильм жаратуу үчүн мыкты топ түзүү керек эле. Режиссёр ошол кездеги кыйын деген сценаристтердин арасынан Аркадий Хайт менен Александр Курляндскийди тандаган. Топко Папанов менен Румянова кошулган соң алгачкы кадамдар жасала баштайт.
Кулагыбызга сиңип калган мультфильмдин музыкасын эч кимге таанылбаган венгриялык композитор Томаш Дик жазган. Продюсерлер тасмага татыктуу саундтрек издеп жүрүп, капилет ушул композицияга туш болушат. Ал кезде автордук акы деген болбогондуктан, композитордун уруксаты жок эле дал ошол музыканы колдоно башташат. Бирок, Томаш Диктин ысымы мультфильмдин артынан таанымал болгону талашсыз.
Ошентип, тартуучу топ ишке киришет да, 1969-1986-жылдар аралыгында мультфильмдин 1-16-бөлүмдөрү тартылат.

17-18-БӨЛҮМДӨР
Папановдун өлүмүнөн кийин мультфильмди тартууну токтотууну чечишкен. Себеби, Карышкырдын кайталангыс образын ал адамдан башка эч ким жарата албайт эле. Бирок, үн жазуучу студиянын архивинде Папановдун үнү жазылып калган экен. Монтаждын жардамы менен сөздөрдөн сүйлөм курап отуруп дагы эки бөлүм тартууга мүмкүнчүлүк пайда болгон. Акыры, 1994-жылы 17-бөлүм, 1995-жылы 18-бөлүм жарык көргөн.

19-20-БӨЛҮМДӨР
Акыркы 19-20-бө­лүм­дөрдү жаратуу да планда болбогон иш эле. 2005-жылы режиссёр Вячеслав Котёночкиндин уулу Алексей “Кристмас Филмз” компаниясынын жардамы менен популярдуу мультсериалдын уландысын тартууну чечкен. Мында Карышкырдын үнү менен белгилүү пародист Игорь Христенко сүйлөсө, Коёнду Ольга Зверева аткарган.

ЗАМАНБАП «СЕНИБИ, ШАШПА!»
Режиссёр Алексей Котёночкиндин айтуусуна караганда, совет мезгилинде жаралган образдар учурда актуалдуулугун жоготуп баратат. “Битлз” тобун кумир туткан Карышкыр менен чыныгы совет адамынын үлгүсү болгон Коён ХХI кылымда жашай алышпайт. Ошондуктан, келечекте “Сениби, шашпа!” жаңы түрдө, заманбап Карышкыр менен Коён жөнүндө чыгышы мүмкүн. Заманбап “Сениби, шашпа!” компьютердик анимациянын жардамы менен тартылган толук метраждуу мультфильм болуп чыгаары талкууланууда. Атүгүл бул долбоор чет өлкөлүк инвесторлордун каржылоосу менен ишке ашуусу ыктымал.

КААРМАНДАР
Клёш шымчан, тамекиси оозунан түшпөгөн ээнбаш Карышкыр мыйзамды бузуу жана алсыздарга кыр көрсөтүп таарынтуудан башка эч нерсе билбейт. Ал эми Коён оң каарман болсо да, ага экран убактысынын 30 пайызы гана берилет. Акылдуулугу жана тапкычтыгы менен качан болсо Карышкырдан кутулуп кетет. Эмнеси болсо да Вячеслав Котёночкин айткандай, “Сениби, шашпа!” америкалык “Том менен Жерриден” кыйла өйдө тураары жана көрүүчүлөрдүн элесинде көпкө чейин сакталаары талашсыз.

Даярдаган Бегайым Мусакеева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо