СУПЕР СУЛУУЛАР СЫР БӨЛҮШӨТ

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

“Супер-Инфо” гезити жыл сайын чырай жүздүү, кымча бел кыздарга “Супер сулуу” сынагын жарыялап, жеңүүчүлөрдү кыштын ызгаарында жылуу, тропикалык өлкөлөргө эс алууга жөнөтүүдө. Кезектеги сынактын алдынан буга чейинки жеңүүчүлөр менен ой бөлүштүк.

«СУПЕР СУЛУУ-2007»
Кубанычбек кызы Айгерим
Анталия
нын керемет табиятына күбө болуп келген.

– Сынакка кантип катышып калдың?
– Алгач “Супер-Инфо” гезитинде фотороманга тартылгам. Кийинчерээк сулууларга сынак жүрүп жатканын угуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим.
– Жеңишке канча пайыз ишеним болду?
– Чынын айтсам, акча берип анан өтсө керек деп ойлочумун. Бирок жеңүүчү болгондо гана ан­­дай эмес экенине ишендим.


«СУПЕР СУЛУУ-2008»
Чинара Керимкулова
Дүйнөдөгү экзотикалык өлкөлөрдүн бири – Малайзияда эс алган.

– Сулуулукту далилдеш үчүн сөз­сүз бирөөлөр менен сынашыш керекпи?
– Менимче, сулуу болуш үчүн сөзсүз сынак­ка катышыш керек эме­с. Негизгиси, жакын адам­да­рың үчүн ар дайым су­луу­­суң да.
– «Супер сулуу - 2011» сынагынын катышуучуларына кеңешиң...
– Мен, негизи, бир девиз менен жашайм. «Эгер корксоң, ишти баштабай эле кой. Эгер баштап алсаң, аягына чейин чык» деген. Ошондой эле кыздарга кеңешим –сынакка катышууну чечтиңерби, анда аягына чейин ишеним менен баргыла! Ошондо сөзсүз түрдө жеңиш силерде болот.


«СУПЕР СУЛУУ-2009»
7 кереметтин бири – Мисирдеги Пирамидаларга күбө болуп келишкен.
Бегайым Алисопиева

– Бегайым, аялзаты үчүн биринчи орунда карьера болуш керекпи же үй-бүлөбү?
– Эгер аялзаты акылдуу болсо, бири-экинчиси деп бөлбөй эле, экөөнү тең бирге алып кетсе болот. Анткени экөө тең абдан керектүү нерсе.
– Чыныгы сулуу кыз кандай болушу керек?
– Кыздар канчалык ажарлуу болсо да, жүрүм-туруму жакшы болбосо, бардык жакшы жактарын жууп кетет. Өзгөчө тонналап макияж сүйкөп жүргөн кыздарды жактыра бербейм. Кудай аялзатынын баарын татынакай кылып жараткан, ошол сулуулукту ар ким туура пайдалана билсе жакшы болмок.

БАКЫТ кызы ЖАМИЛЯ
– Жамиля, сынакты жең­генден кийин жашооңдо өзгө­рүү­­лөр болдубу?
– Ооба, өзгөрүүлөр болду. Эң негизгиси, өзүмө жаңы ачылыштарды жасадым. Жашоого көз карашым өстү. Жер көрүп, эл көрүп, өзүмө көп нерсе алдым. Көчө-жакадан да айрымдар таанып калышат.
– “Сулуунун болбойт жүрө­гү...” дешет...
– Өзүмдү аябай деле сулуу сезбесем да, суроо берилип калыптыр, жооп берейин. Бул сөзгө мен кошулбайм. Сулуу деле адам да. Аларда деле элдикиндей жүрөк болот.


«Супер сулуу-2010»
Бактыбек
кызы Бурул
Кызыктарга бай Таиландга барып эс алуу Бурулга буюрган.

– Сулуу болуш үчүн акылдуу болуш керекпи же сулуулук жетиштүүбү?
– Менимче, сулуу болуш үчүн келишимдүү келбет жетиштүү эмес. Көрүп эле жүрөбүз, айрым сулуу кыздардын кылгандарын. Эгер мага сулуулук же акылдын бирин танда дешсе, мен акылдуулукту тандамакмын.
– Сынактын катышуучуларына кандай кеңеш бересиң?
– Эң негизгиси, ар ким өзүнө ишениши керек. Анан, албетте, колдон келген аракетти жумшоо зарыл. Ошондо гана сөзсүз жеңишке жетишет.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(9)
14.06.2011. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз, неге мынча татына жаралгансын!? Жигиттерди кыйноо учунбу? А мен суктанып суротунду карап коюп олтурам
14.06.2011. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кимисине арналган, бул создор?
14.06.2011. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ктышып корууну чечтим,Бирок тиги кийим,макияждарды алар жасашавы же жасанып даярданып барып суротко тушуу керекпи?Ошол жонундо маалымат берип коесторбу?сураныч..
16.06.2011. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча, озунуз жасанып, суротко тушуп, жиберишинмз керек!
15.06.2011. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2011 супер сулуу кайсы жака жолдомо алат ошону айтып койгулачы
17.06.2011. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сынактын аягында жеңүүчү кайда жолдомо алышы айтылат.
15.06.2011. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн акыркы конкурстун женуучусунон башкасы сулуу кыздар!
15.06.2011. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
poslednya finalistka voobshe ne krasivaya!
17.06.2011. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи кыз кантип уткан? Коркутат...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо