«ИЮНЬ ОКУЯСЫН КАЙТАЛООГО ЖОЛ БЕРБЕЙБИЗ»

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

Түштүк аймагы боюнча Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун азыркы кырдаал боюнча кыска маегин сунуштайбыз.

– Сиз бул кызматка келгенге чейин депутат болуп турдуңуз. Июнь окуясынын күбөсү катарында экс-кесиптештериңиздин изилдөөсүнө кандай комментарий бересиз?
– Бир топ комиссиялар Ош коо­га­ла­ңына байланыштуу өз жыйынтыгын чыгарып жатышат. Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссия, андан кийин Киммо Кильюнендин эл аралык комиссиясы өз жыйынтыгы менен тааныштырды. Анан депутаттар. Бирок элдин күткөнү ар кандай жыйынтыктар эмес, туруктуулук менен тынчтык.
Депутаттардын комиссиясы жалпы жыйынтык чыгарбай, Токон Мамытов, Жылдыз Жолдошева жана Исмаил Исаков өз жыйынтыктарын элге айтып беришти. Бекеринен “талаштан чындык жаралат” дешпейт. Парламенттин расмий жыйынтыгы да жакын арада чыгып калса керек. Азыр мамлекеттик кызматта тургандыгыма байланыштуу мурунку кесиптештеримдин жыйынтыгына комментарий бере албайм. Бирок алардын акыйкат чечим чыгарарына толук ишенем. Мен депутат болуп турганда да парламенттин Июнь окуясына баа берүүсүн колдогом. Мамлекеттин бүтүндүгү жана калктын келечеги үчүн да бул окуяга чекит коюлушу зарыл.
Баса белгилей кетейин, эл ансыз деле баарын билет жана жакшы түшүнөт. Эл, болгону, чыдамсыздык менен үч-төрт суроого жооп берүүчү билдирүүнү күтүп жатат.
– Июнь окуясынын бир жылдыгына карата коопсуздук чаралар жетиштүүбү?
– Жылдык жакындаган сайын тынчтыкты каалабаган кайсы бир күчтөр бар экени көрүнүүдө. «Ош коогалаңы кайталанат» деген ушактардын жайылышы жана “Чөөлөрдүн сааты” деген китеп менен дисктердин чыгып кетиши бекеринен эмес. Мындан улам кооптонуу пайда болуп жатат. Мен кызматка келгенден бери ар бир райондун эли менен жолуктум. Саясий коомдук абал туруктуу. Былтыркы жылы күч түзүмдөрүнүн көптөгөн кемчиликтери даана байкалган. Анткени чогуу иш алып баруу кыйла аксаган эле. Мындан сырткары Июнь окуясын уюштурган сепаратисттер менен максатына толук жетпей калгандар ар кандай акция уюштурушу мүмкүн. Бизде “башка өлкөдөн келген чоочун адамдар террордук акт жасашы ыктымал” деген маалыматтар бар. Ал боюнча күнү-түнү оперативдик кызмат иштеп жатат. Иштин жаңы планын иштеп чыктык. Биз Июнь окуясын кайталоого жол бербейбиз деп ишенимдүү айта алам.
– Күч органдарында иштеген кызматкерлердин курал жана техникалык жабдуусу кандай? Былтыр милиция кызматкерлеринин “бир дубинка менен жүргөнбүз” дешкени эстен чыга элек.
– Ал эле эмес, бронежилет да жок болчу. Азыр милициянын атайын даярдалган бөлүмүнүн (СОБР) саны эки эсеге жогорулаган, алардын бронежилети, каскасы жана курал-жарактары жетиштүү. Кээ бир кемчиликтердин болгонуна карабастан, парламент да, президент да колдоп жатат. Бийликтин коопсуздук үчүн түштүккө чоң көңүл бөлүп жатканы чындык.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
13.06.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5
14.06.2011. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садагам оштой жерим тынч эле болсунчу учунчу кучторду изинен тушуп кармап омурунун акырына чейин эркинен ажыратыш керек.Элим жерим деген ПАТРИОТтор кобойо берсин.
16.06.2011. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
+10000
15.06.2011. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nea negizi ele uzbekterge bawtgydai erkindik jana mumkun4uluk berboo kerek alar adamdyn kylganyn biliwpeit eger kolumdan kelse baaryn olkodon chygarmakmyn je olturmokmun bashka olkolor emne dese dei berishsin bizge KYRGYZ mamleketi butun jana tynch boluusu kerek.
16.06.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗЫМДАН айлансын озбектер,Кудайга мин жолу Шугур КЫРГЫЗ болуп жаралганыма,менин да колумдан келсе,баардыгын топтоп алып,олтуруп чыкмакмын,но не стоит об них руку пачкать,Кудайга салыш керек,бир гана Кудайым жазалайт...
18.06.2011. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН КЫРГЫЗМЫН...... ОШОЛ МЕНЕ СЫЙМЫКТАНАМ!!!
озбектерге ишенбеш керек алар двуличный народ- это точно
18.06.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курсан братан нак эркексизда сиз.Сизге Оштон чоон салам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо