№449 10-16-июнь, 2011-жыл
Депутат Ширин Айтматованын интернет баракчасына жазган ойлорунан бир шиңгил.
– Аял – саясатчы... Ал ким? Ал өзүнүн эркек кесиптештеринен күчтүүрөөк болуусу керек дедик. Сени менен эсептешсин десең, алардан жакшыраак иштөөгө туура келет. Саналуу гана мырза өзүнүн жашоосун саясатчы аял менен өткөрүүнү кааласа керек. Анткени ал парламенттик делегация менен ар кайсы жактарга барып, түнү менен учакта саясатты талкуулап, келери менен Жогорку Кеңештин жыйынына чуркап кетсе, түнгө карай гана үйгө, уктап калган кызынын жанына кайтат эмеспи. Кызым менин үйгө келишимди асмандан конфет жаагандай кубануу менен тосуп алат.
Москвада мен биринчи жолу Келдибековдун ушунчалык чарчаган абалын көрдүм. Буга чейин аны менен тил табыша албай, спикерди душман сыпатында гана көрүп келген болчумун. Москвадан “Шереметьево” аэропортуна депутаттар менен чакан автобуста келе жатканыбызда үч саат бою “аялдын саясатта болушу кандай?” деген кепти талкууладык. Дагы бир жолу, жок, негизи бул көп кайталанат, мен эркектердин чөйрөсүндө жалгыз аял катары көп нерсени айтып бердим. Алар тамашалап, “аял депутаттардын күйөөлөрүнө медаль тапшыруу керек” деп калышты. Кийин сүйлөшүү учурунда аял депутаттардын тең жарымынан көбүнүн ажырашканын же жесир экендигин түшүндүк.
Москвадан таңкы саат алтыда учуп келип, 11лерде парламенттин чоң жыйынына жетип бардым. Таптакыр уктабаган Келдибеков эбак эле кызуу дискуссия жүргүзүп жатыптыр. Ага аябай боорум ачыды. Анткени чынын айтуу керек, чарчагандан менин көздөрүм өзүнөн-өзү жумула баштаган. Мен саясаттын дал ушул жагдайын сыйлайм. Көпчүлүк саясатчынын эрки укмуштай күчтүү. Кыска убакыттын ичинде саясаттын ушул сапатын жактырдым. Англиялык жазуучу жана саясатчы Жефри Арчер айткандай, “саясат мага Оксфорддо окуп жүргөндө эле жакчу, себеби саясат тармагында гана таң эрте да, түнү да дайыма өтө кызыктуу”.
Эльвира Караева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |