№449 10-16-июнь, 2011-жыл
Чыгыштан батышка жөнөтүлгөн товарлар тогуз жолдун тоомунда жайгашкан Кыргызстан жолдору аркылуу да өтөт эмеспи. Мына ушул жолдордо адамзаттын эң коркунучтуу душманы болгон баңгизаты да ташылары сыр эмес. Чоң бизнеске айланган бул иштин кожоюну аталган Камчы Көлбаев дүйнөдөгү «баңгизат падышаларынын» катарына киргизилди.
БАҢГИЗАТ БИЗНЕСИ
Өткөн аптада АКШнын президенти Барак Обама дүйнөдөгү эң кооптуу делген «баңгизат падышаларынын» тизмесине 7 адамды кошту. Алардын катарында Кыргызстандын жараны, учурда издөөдө жүргөн “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаев да жүрөт. Калган алтоонун экөө Мексиканын, экөө Кениянын, бирөө Ооганстандын, дагы бирөө Колумбиянын жараны. Кыргыз баласынын мындай тизмеге биринчи кириши. Дегеле мурунку советтик өлкөлөрдүн ичинен Камчы Көлбаев бул “кара тизмеге” кирген алгачкы адам болду. Ооганстандан тонналап батыш өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн баңгизат бизнесин мурдагы бийликтин тушунда экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси Жаныш Бакиев, Камчы Көлбаев жана кылмыш чөйрөсүндөгү таасирдүү адамдардын бири Алманбет Анапияев көзөмөлдөп турганы маалым.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып 7-апрелден кийин Жаныш Бакиев Тажикстандагы «баңгизат падышаларынын» биринин үйүндө жашырынып, өлкөбүздөгү саясий кырдаалга таасирин тийгизгенге аракет кылганын билдирди.
Маң заттары боюнча эксперттердин айтымында, 1 килограмм таза героиндин орточо баасы Ооганстанда 600 доллар турат. Тажикстанда анын баасы 2000 долларга чыкса, Ошко келгенде 4000 долларга жетет. Ошол эле 1 килограмм героин Бишкекте 8000-10 000 доллар болсо, Москвага жеткенде анын баасы 50 миң долларга чыгат.
ЧЕТ ӨЛКӨДӨ БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ
Ушундай эле баңгизатын сатуу жана жайылтуу кылмыш иштери менен Кытай, Орусия жана Казакстанда 200дөн ашуун Кыргызстандын жарандары камакта. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Айдит Эркин билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы Орусияда 159 жана Казакстанда 34 жараныбыз мыйзам чегинде жазага тартылган. Ушул жылдын алгачкы беш айында коңшу казактар дагы 8 жараныбызды кармашкан. Ал эми Кытайда бүгүнкү күндө ушундай эле кылмыш иши боюнча 10 адамдын күнөөсү аныкталып, ал жактагы абактарда отурушат. Мындан башка дагы бир кызыбыз Жибек Сакеева былтыркы жылы Индонезияда баңгизат менен кармалып, жакында 10 жылга эркинен ажыратылды.
КАМЧЫНЫН ОРДУН КИМ ЭЭЛЕЙТ?
Акыркы күндөрү эл арасында кара-балталык Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү, түбү таластык, “Сакал” деген каймана атка конгон У.Токтосуновду Дубайда жашырынып жүргөн Көлбаевдин ордуна отургузууга аракеттер болуп жаткандыгы айтылууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Текебаевке каршы соз жазганым учун дагы бандап саласынарго! Свобода слова деген нерсе баркен Кыргызстанда!
Наркобарондорду кармоо бул мамлекеттер учун, жада калса биздин мамлекет учун деле иттен оной. Бирок, алар эмне учун дале болсо эркиндикте журоору айкын корунуп турат.