Кундуз Канатбек кызы: «ТУУГАНДАРЫМ ТУРМУШКА ЧЫКТЫ ДЕП УГУП, ТААРЫНЫШЫПТЫР»

№449 10-16-июнь, 2011-жыл

Кериле басып, керме кашын серпе ырдаган Кундуз сахнага чыкканда бойдок жигиттер өпкөсүн аябай кыйкырып, алакандар ысыгыча кол чаап калышат. Анткени бул ырчы кыз чырай жүзү менен көп күйөрман топтоп келет.

МЕН ЭҢ БИРИНЧИ ЖОЛУ...

  • ... жасаган тамагым – ширин күрүч. Сүткө дароо эле күрүч салып койгон экенмин, бышпай калган. Негизи, тамактар маанайыма жараша болот.
  • ... сүйүү катын 7-классымда өзүмдөн эки жаш улуу баладан алгам.
  • ... мектепке апам ээрчитип барып, биринчи партага отургузган. Мектепти аяктаганга чейин алдыңкы партада отуруп келдим.
  • ... бала бакчага 3 жашымда баргам. Тарбиячыларга “апам мени доктурга таштап кетти” деп ыйлаганым эсимде. Бирок бала бакча мага дале жомоктогудай сезилет.
  • ... Жаңы жылдык кечеде 1800 сом таап, апамдын колуна карматкам.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

  • Мода куубайм. Көбүнчө соода түйүндөрүнөн жана модельер Мадина Тапаева жана Айпери Обозованын колунан кийинем.
  • Сулуулук салондоруна көп баш бага бербейм. Өзүм чачтарач болгондуктан, чачымды өзүм жасай алам.
  • Диета такыр кармабайм. Болгон тамакты жей берем, өзгөчө таттууну. Болгону, бассейнге барып турам.

– Кундуз, кош келипсиң. Өтө назик жан болгондуктанбы же бойдок жигиттердин көзү тийип кетеби, айтор, көп ооруйсуң...
– Баары жайында эле. Ысык-суукта той-топурда, концерттерде жүрө берип, суук тийип калат окшойт. Анын үстүнө кээде чакыруулар көбөйүп кеткенде жакшы эс ала албай да калам. Ошoлордун баары биригип өз таасирин тийгизди го, бир аз сыркоолоп, санаторийде дарыланып чыктым. Учурда чыгармачылыкка жаңы күч менен кириштим.
– “Бала чагымда уялчаак экенмин” деп айтып калчу элең. Кийин сахнага чыкканда бул нерседен кантип арылдың? Дегеним, сахнада уялчаактыктын кереги жок эмеспи.
– Эстесем, 5-6 жашымда эле ырчы болом деп кыялданчу экенмин. Туугандарым “кана, бизге ырдап берчи” дешсе, уялып качып кетчүмүн. Ошондо апам “сени ырчы кылбайм. Мынчалык уялчаак болсоң кантип ырдайсың?” деп намысыма тийчү. Анын сөзүнө арданчумунбу, дароо көйнөгүмдүн этегин кармап Наташа Королёванын “Маленькая страна” деген ырын созуп калчу элем. Кыскасы, уялчаактыгымды апам жөнгө салды. Кийин мектепте, ЖОЖдо окуп жүргөндө да ар кандай сынактарга катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келдим.
– Ырчы болуп калышыңа апаңдын таасири тийген экен да...
– Ооба, ырчылык өнөр апамдан өтсө керек. Анын баскан-турганын карап, сүйлөгөн сөздөрүн угуп, андан искусствонун бир чебери чыкмак беле деп калам. Аябай жакшы ырдайт. Азыр боёнгонумдан тарта сахнада жүргөнүмө чейин апамдын сынынан өтөм. Сынчым да, сырдашым да – апам. Бир туугандарым менин кесибиме анча кызыга беришпейт. Байкем мамлекеттик кызматта иштейт. Эки эжем үй-бүлөлүү.
– Сахнага чыккандагы алгачкы кадамың эсиңдеби?
– 11-классты аяктап жатканда мектептеги кыздар түзгөн топко кошулуп, шоу-бизнес дүйнөсүнө алгачкы кадамымды таштагам. Ал кезде ырчы болууну самап жүрсөм да, чыгынып ырдап чыга албай жүргөн элем. Эсимде, Спорт Ордосунда чоң концерт болорун угуп, кимден экени эсимде жок “бизди программага кошуп койгулачы” деп суранганбыз. Ошондо чоң сахнага чыкканда сүрдөгөнүмдү айтпаңыз, бутум титиреп, айлана тумандап... Кийинчерээк топто ырдаш кыйынчылык туудуруп, өзүнчө ырдап чыгууну чечтим.
– Эмнеге продюсер менен иштешпейсиң?
– Буга чейин Мурат Жолукеев менен иштешчүмүн. Башында сахнага чыкканга Айя Садырова эже жакшы жардам берди. Антпесе мен жаңы чыгып жатканда Спорт Ордосу менен Актан Исабаевдин студиясын эле билчүмүн. Азыр болсо бардыгын өзүм билип калдым, продюсерсиз эле иштей алам.
– Ыр жаздыруу, клип тарттыруу жагынан ким демөөрчүлүк кылат? Же ырдап тапканың жетеби?
– Апам жардам берет. Анын чакан бизнеси бар. Тойлордо, чоң-чоң компаниялардын концерттеринде тапкан каражат деле мени нааразы кылбайт. Тапканымдын баарын өзүмө, чыгармачылыгыма жумшайм. Акчага сарамжалмын. Жөн салды чачкым келбейт. Тапканымдын баарын апама карматам.
– Сахнада биз назик, созулган Кундузду тааныйбыз. Үйдөгү, достор арасындагы Кундуз кандай болду экен?
– Үйдө деле ушундаймын. Үй жыйнайм, тамак жасайм. Кээде апам “жай кыймылдайсың” дейт. Бир үйдүн кенжеси болгонгобу, апама азыркыга чейин эркелейм. Дайыма эле созулуп жүрө бербейм. Менин деле жиним келген, ачууланган учурларым болот. Ал эми достор арасында тамашакөй жанмын.
– Бай, белгилүү мырзалар арасында эл көзүндө жүргөн жаш, сулуу кыздарды «ээлеп» алмай деген адат көп байкалат. Сага тор жайгандар болду беле?
– Жок, андайлар болгон эмес. Негизи, мен мындай сунуштарга такыр макул эмесмин. Турмушка сүйүү аркылуу гана чыккым келет. Бул сезимди жогору баалайм жана аздектейм.
– Демек, бул сезимиңдин ээси бар деп түшүнсөк болот экен да...
– Азыр сезим жөнүндө сөз кылгым келбей турат. Ар нерсенин өзүнүн айтылчу убагы бар.
– 1-Апрель – Күлкү күнүнө карата “спортчу Данияр Көбөнов Кундузга үйлөнөт” деген тамаша иретинде кабар жазган элек. Кандай кабыл алдың?
– Данияр Көбө­новду мен спортчу катары гана тааныйм, сыйлайм. Мен аны менен сүйлөшмөк түгүл жакындан көргөн эмес элем. Тамаша экенин түшүнбөй калган туугандарым, тааныштарым мага, апама чалып, “эмнеге бизди тойго чакырган жоксуңар?” деп таарынышты. Азыркы убакка чейин куттуктоолор менен чалып жатышат.
– Ырчылардын көпчүлүгү өзүлө­рүн кино тармагында сынап көрүшүүдө. Сени бул тармактан көрө алабызбы?
– Сунуштар болгон эмес дебейм, болгон. Бирок алардын дээрлик бардыгы мүнөзүмө ылайык келбеген ролдор эле. Бир келген өмүрдө киного да тартылсам деген ниетим бар.
– Сен пенcия курагына келип калдың дейли. Ошол учурдун бир күнүн элестетип айтып бере аласыңбы?
– Бул суроо берилгенде эле негедир мотурайган балдар көзүмө элестеп кетти. Мен көп балалуу болгонду кыялдана берем. Анан пенсия курагына келип калганда кетирейген неберелеримди жетелеп сейил багында жүргөнүмдү элестетип кеттим. Анан да менин эң жакын адамдарым – апам жана туугандарым менен чоң дасторкон үстүндө буркурап кайнаган самоордун чайын чогуу ичип отургум келет.
– Сөздү тандап сүйлөйсүңбү же оюңа биринчи эмне келсе айтып алып өкүнгөн учурлар болобу?
– Сөзгө маани берип айтканга аракет кылам. Бирок көпчүлүк учурда оюма биринчи эмне келсе айтып, таарынтып алган убактар көп кездешет. Ушул сапатымдан улам бир жолу жакын курбу кызымды катуу таарынтып алгам.
– Маегибизди сенин акыркы жаңылыктарың менен жыйынтыктасак.
– «Алгачкы сүйүүм» деген ырыма клип тарттырып жатам. Бул чөйрөдө жүргөнүмө 6 жыл болуп калыптыр. Буга чейин мени ким таанымак эле деген ойдо болчум. Акыркы убакта “жеке концертиңди качан бересиң?” дегендер көбөйдү. Буюрса, күзүндө борбор калаабызда жеке концертимди берсемби деп пландап жатам.
– Анда чыгармачылык ийгилик каалайбыз.

Дамира Арстанова
star@super.kg


Маек - Кундуз Канатбек кызы: "Мен үчүн үй-бүлө маанилүү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  31 
Комментарийлер(70)
SUPER.KG видео
17.06.2011. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуштун уну деле жок го ... чырайы эле болбосо...
SUPER.KG видео
17.06.2011. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abdan taınakay kız.ayımdarga bolgoon baardık sapattı kamtıyt
17.06.2011. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УМНИЦА КРАССАВИЦА!!!!!!!!
17.06.2011. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
botokoz, комментарий кошуп жатканда үстүндөгү эрежеге көз чаптырып койсоңуз. жалаң баш тамга менен жазылган комментарийди өчүрүп салабыз. Сизге бул тууралуу купуя кат аркылуу эскертүү да берилген.
SUPER.KG видео
17.06.2011. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз менен суйлошкондо ырахат алчы элем...жакшы, кичи пейил, бойун которбогон кыз...ийгилик сага
SUPER.KG видео
17.06.2011. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Кундуз айым. Сулуулук десе келбетин бар, назиктик десе анын да бар, ыйман десе ал да болсо керек, бирок УН ЖОК!!!!
17.06.2011. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында татынакай, сулуу кыздардын бири. Жеке концерт берсе боло турган эле болуп калды деп ойлойм.Абдан жакшы чыгармалары бар, мага жагат. Азаматсын дайыма алдыга умтула бер.
17.06.2011. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кундуз она красивая но фальш
SUPER.KG видео
17.06.2011. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne adat nikeshakegi tagyla turgan koluna shakek tagynyp alyp, anan jurogumdun eesi jok degen. Baaryle jok joook dep jurup chygyp atyshatgo, uje bir balasy bar je murun ele uilonup,tiyigen degendeilerge tushunboi ketem..........
SUPER.KG видео
18.06.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сен суйомдаоло.
SUPER.KG видео
18.06.2011. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татынкай кыз
SUPER.KG видео
18.06.2011. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан баалайм ушул кыздын ырдаганын,суйлогонун,назиик кыз экен.
18.06.2011. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура сулууну сулуу деш керек хуникти хуник деш керек
18.06.2011. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
макияж менен сулуу))))
18.06.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге андай деп жазасынар чынында биринчи озунорду кузгудон карап анан сындагыла!!!!тобоо ушундай да адамдар бар экен!!!
SUPER.KG видео
20.06.2011. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяяябай назик экен
SUPER.KG видео
21.06.2011. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu kyz eken eee baldar
SUPER.KG видео
24.06.2011. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа, ото эле нежная, даже жасалма деп ойлоп кетесин, кыз деген тын, шыпылдак болуш керек та, оозун ачып жургондой корунот
12.07.2011. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай кыз бирок ырдаган ырлары мага жакпайт
SUPER.KG видео
03.08.2011. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kandai bolso da ishi kylsa maga jagat.
22.09.2011. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу,сулуу жана дагы бир жолу сулуу-бирок бул клипте...ал эми жашоодо,адамдарга мамилеси кандай...сага оор абалда сен учун куйобу?тушуно билеби?Анан Сулуулугун,сууга чылап ичпегенден кийиин, кандай адам болду экен...
SUPER.KG видео
09.10.2011. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавицасын алгаааааааааа
SUPER.KG видео
09.10.2011. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жана акылдуусун
20.11.2011. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундузка бакытын ачылсын. Коз тийбей эле журобер. Оомат сага. Аза
SUPER.KG видео
27.02.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элиза Кененбаева!!
SUPER.KG видео
06.04.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой, ыймандуу, суйкумдуу кыз экен. мага абдан жагат, кайсы бешенеси ачык жигит алат болду экен
SUPER.KG видео
06.04.2012. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуз сени эч нерсеге карабастан дагы деле суйом сен учун баарына дайармын
SUPER.KG видео
01.06.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карабалтанын келини го!
SUPER.KG видео
01.06.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо бир жолку санынарда Данияр Кобонов менен уйлонду деп бакыт каалабадынар беле анан эле эмне болуп кеткен, чындыкты жазыш керек да,ай супер инфо супер инфо,а так Кундузга ийгилик
SUPER.KG видео
14.06.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызмдын чыныгы ыймандуу сулуу периси, бактылуу болунуз!!!
SUPER.KG видео
07.02.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына кыргызымдын таттыбубусу ийгилик
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо