№450 17-23-июнь, 2011-жыл
Дельфин – сүт эмүүчү жаныбар. Учурда булардын 50дөн ашык түрү кездешет. Дельфиндер сууда жашашса да, 5 метр бийиктикке секирип, аба менен дем алып турушат. Алар 15-40тан болуп үйүр-үйүрү менен жүрүшөт. Башка сүт эмүүчүлөрдөн өзгөчө боорукердиги менен айырмаланышат. Сууга чөккөн адамдарга жардам беришет. Мисалы, эки жагынан жөлөп, тикесинен тургузуп дем алдырышат.
Дельфиндер сууда өтө ыкчам келишет. Күнүнө 30 килограммга жакын балык жеген бул жандыктар 200-300 килограмм салмакка ээ.
Кызыгы, маймыл менен итке салыштырганда дельфиндин бир кыйла акылдуу экени изилдөөлөрдө аныкталган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |