Алина Жетигенова: «КӨӨП БАРАТКАНДА КҮЙӨӨМ ОРДУМА КОЮП КОЁТ»

№450 17-23-июнь, 2011-жыл

Ар дайым жаш, назик бойдон жүргөн Алина Жетигенованын сахна босогосун аттаганына быйыл 30 жыл толду. Ушунча убакыттан бери, албетте, көптөгөн күйөрман, жетишерлик аброй топтой алды.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ

  • Туулган жылы – 1964-жыл, 6-ноябрь.
  • Ырчынын эч кимге айтпаган сырларын ырдаган ырларынан издеп табууга болот.
  • Чочуганда “акай” деп айтып алмайы жашынан бар. Кийин “Акаев” деп калган. Ошондуктан достору Алинаны Акаев деп да коюшат.
  • Абдан унутчаак. Мектепте окуп жүргөндө эле кээде доскага чыкканда “математика” деп жазчы десе, “м” тамгасын унутуп жаза албай калган учурлары болгон.
  • “Эч качан мен жасадым деп төш какпагыла, сен жасадың деп эл айтсын” деген насаатын балдарына дайым айтат.
  • Эч бир ырчы менен атаандашпайт.
  • Ырчылардын арасында бир дагы душманы жок.

– Саламатсызбы, Алина эже, сахнада жүргөнүңүзгө 30 жыл болуптур, чарчаган жоксузбу?
– Жок, тескерисинче, убакыт өткөн сайын өзгөчө эргүү жаралат экен. Сахна менин өмүрүмдүн бир бөлүгү болуп калбадыбы.
– Дагы канча жыл ырдайм деп ойлойсуз?
– Негедир мен кичине кезимден бери Тина Тёрнерди кумир тутуп, “мен дагы туптуура 63 жашка чейин сахнадан кетпейм. Келбетимди, үнүмдү сакташым керек” дей берчүмүн. Бул оюмдан дагы деле кайтпай келем. Анткен менен Кудайдын буйругу болот да.
– Ырдабай калсаңыз эмне менен алектенер элеңиз?
– Менимче, чачтарач болмокмун. Кичинемден бери эле чач жасалгалоого шыгым бар. Мен, негизи, атамдын эрке кызы болчумун. Ал мени 3-класска чейин мойнуна көтөрүп, мектепке алпарып-апкелип жүрдү. “Чачыңыз өсүп кетиптир” деп бат-баттан эле устара менен кыра берчүмүн. Балким, бул жааттагы кызыгуум ошондон калгандыр. Сиңдилеримдин чачын эч кимден сурабай эле каалагандай жасалгалап таштачумун. Бир жолу Назиранын кулагын кесип алып, ага “мамамдарга айтпачы?..” деп жалдыраганым эсимде. Чыңырып ыйлап жатса да “сен эркекче жүрөсүң да, жигиттер ыйлабайт” десем, “ооба” деп алданып калчу.
– Дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?
– Балдарым кичине кезинде кийим тикчүмүн, бирок өздөштүрүп кете алган жокмун. Ал эми токуган жагын катырам. Балдарыма жылуу, кооз кылып кийимдерди токуп берем. Сүрөтүн кызым Азель тартат, анан мен ага окшоштуруп токуйм. Андан тышкары шырдак шырыганды, сайма сайганды жакшы билем. Аялзаты катары тамактарды даамдуу жасай алам, өзгөчө Таластын гүлчөтайын. Кайындарыма барган күнү сөзсүз ушул тамакты бышырып берем.
– Кайындарыңыздын сүйүктүү келини болсоңуз керек?
– Алар абдан интеллигент­түү кишилер. Анткен менен жамандык-жакшылыктарда салтты абдан катуу кармашат. Жаңы келин болуп барганымда жоолукту жакшы салына албагандыктан, улуулар тышка чыгып кетсе эле ала салчумун. Ошентип, далай жолу чоң кайнатам кирип келип, ашканадан башыма майлык салына качкан учурларым көп болгон. Ошентсе да менин сахна адамы экенимди жакшы түшүнүштү. Кайненем “Алина, сага деп жылтырак көрсөм кыя өтпөй калдым” деп көтөрүнүп келет.
– Сизди дайым мак­тап турушабы же сын айткандар да бар­бы?
– Албетте, сын да айтышат. Эң биринчи сынчым – жолдошум. “Сен таластыгыңа салып мактанып кетесиң” деп көп айтат. Андан тышкары “абайла, көөп баратасың” деп ордума коюп койгон учурлары болгон.
– Канча жашы­ңыз­да турмуш жолу­на аттанды­ңыз эле?
– 19 жашымда мени ала качып кетишкен. Ал убакта ата-эненин сөзүн эки кылуу деген жок болчу. “Отурасың” дешти, отуруп, турмуш курдум. Азиз аттуу уулдуу болдум, бирок ал никем сакталбай, кийин ажырашып кеттик. Азыр эки уул, бир кызым, сүйүктүү жолдошум бар, Кудайга ыраазымын. Өткөн күндөрдү көп эстегим келбейт. Ал күндөр жабылган барак сымал артта калды. Жоготкон бир туугандарым менен мурунку турмушумду эстегенди таптакыр жактырбайм, жүрөгүм ооруйт.
– Келбетиңиздей эле жан дүйнөңүз да назикпи же турмуштун сыноолоруна бекем турган күчтүү адамсызбы?
– Күчтүү болуп, кандай гана маселе жаралбасын жеке өзүм көтөргөнгө аракеттенем. Таптакыр болбой калганда гана ыйлап, курбуларыма чалып бугумду айтып алганым болбосо. А бирок кандай болбосун эч качан эч кимге каяша айтып урушпайм. Ошондо да кээде бир нерселерди айтып калсам жолдошум “аялдын тили узун болот деген чын экен” деп калат. “Сүйлөбөгөн менин тилим сен үчүн узун болсо, анда биротоло дудук аял алсаң болмок” деп күлөм. Негизи, ачуулуу адам эмесмин. Балдарымды бир жолу да чаап же катуу кыйкырып урушкан күндөрүм болгон эмес. Кээде катуу эскертүү айтып алып, кийин “туура эмес кылдым” деп өкүнүп калам. Мисалы, кечээ эле жардамчым афишага Мерген Турганды киргизбей койгон экен, урушуп койсом ыйлап калды. Кайра катуу өкүндүм.
– Мерген Турган менен жакшы дос экениңизден кабарыбыз бар...
– Дос эле эмес, бир тууганым катары жакшы көрөм. Балдар кичине чакта абдан эле кыйналат экенсиң, ошол учурда чогуу жашап, Азиз менен Азелди чоңойтконго чоң жардам кылды. Аларды көтөрүп, жуунтуп дегендей.
1991-жылы жалаң ырчылар ашар деп акча чогултуп, кезектешип үй алчубуз. Ошондо биринчи мага алып беришкен. Үйлүү болгондон кийин батирден кыйналган сахналаштарымдын баарын чакырып, үйгө киргизип алгам. Үч үй-бүлө чогуу турчубуз. Мерген “мен силердин комендантыңармын” деп үйдөгү чарба иштердин баарын өзү уюштуруп турчу. Кыскасы, Мергенди мен абдан сыйлайм.
– Балдарыңыздын жаш кезин эстеп кет­ти­ңиз, тарбия бе­рүү жаатында кандай сырла­ры­ңыз бар?
– Эң негизгиси, балам канча жашта болсо, ошончо жаштагы курбусу катары тарбия берип келем. Кичүүбүз Алтынбекти кичине кезинде тили кыргызча чыксын деп кайнатамдар алып кетишкен. Анан жаңы басканда эле “ассалому алейкум”, “урууң ким?”, “7 атаңды билесиңби?” деп чыкпадыбы. Өзү памперс кийип жүрөт да, үйгө келген кишилерден “аксакал, кайсы уруудан болосуз?” деп сурай берчү. “Бул бала эмей эле лилипут турбайбы” деп күлүп калышар эле. Анан бизге акыл айтчу. “Күн жаабайт, жамгыр жаайт, күн тиет да” деп. Эми минтип эр жетип, быйыл студент болуп калды. Азиз болсо үй-бүлө курууга даяр жигит болду, кызым дагы.
– Кайнене болгонго моралдык жактан даярсызбы?
– Учуру келгенде өзүң эле даяр болуп калат экенсиң. Бирок Азизден сүйлөшкөн кыздары тууралуу сурагандан уялам. Балким, сүйлөшкөнү бардыр, бирок мени тааныштыра элек. Мен балама айтып эле келем, сен үйлөнгөндөн кийин мага таарынбайсың, кандай жагдай болбосун, мен келин тарапта болом” деп. Анткени мен келинди эне катары жана аялзаты катары жакшы түшүнө алам деп ойлойм.
– Турмушта же­тиш­ке­ни­ңиз жана өкүнгөнүңүз...
– Канча деген бут тосууларга туруштук берип, сахнадан өз ордумду тапканымды жетишкендик деп эсептейм. Ал эми өкүнгөнүм – убакыт тез өтүп, бүтүрө элек иштеримдин күн санап көбөйүп жаткандыгы.
– Жай да келди. Негизи, кайсы өлкөлөрдү кыдыра эс алдыңыз эле?
– Жо-ок ай, кайдагы өлкөлөр? Жыл сайын өзүбүздүн көлдө эле эс алабыз. Чет өлкөдө эс алуу деген азырынча оюбузда гана.
– Ырчылык жаатында өл­көнүн атынан чет жерлерге барып келди дегенди укпайбыз да...
– Союз учурунда бизди мамлекет өзү жиберчү. Союздун курамындагы 15 мамлекетке баргам, андан тышкары бүткүл Союз боюнча жаш таланттар арасындагы "Юрмала-89" сынагына катышкам. Бирок ал учурда азыркыдай жарыя деле кылчу эмеспиз. Азыр өз күчү менен барып келгендер көбөйбөдүбү.
– Ырчылыктын эмнеси жакшы, эмнеси жаман?
– Талантың аркылуу элге кызмат кылганың – жакшы. Артыңдан ээрчиген ушактардын аягы жок экендиги – жаман. Андай калп сөздөрдү эстегим да келбейт, чынында.
– Өзүңүздү кандай ырчымын деп эсептейсиз?
– Кудайга тобо, ырларымды сүйүп уккан күйөрмандарым бар. Негизи, эстрададан тышкары жаз стилинде да жакшы ырдайм. Эми элдик ырлардан ырдасамбы деп жүрөм.
– Алина эже, кызыктуу маеги­ңиз­ге чоң рахмат, концертиңиз ийгиликтүү өтсүн.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Маек - Алина Жетигенова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
17.06.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nostayashaya prekrasnaya pevisa ona bila takkih netu seichas ya bi hotela eio klipi s udovolstviyam smotrela bi,i wish you happiness with your family
SUPER.KG видео
17.06.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча анча суйлой албайткен.
SUPER.KG видео
18.06.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен ))
SUPER.KG видео
19.06.2011. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ностальгия эх менин балалык кездерим ай
20.06.2011. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы негизинен Алина эжени сыйлайм, жана жакшы кором
20.06.2011. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш корунот, озун алып журот ...молодец айым..
ырлары аздай..
артист ушундай озун алып журуш керек семирип кетпей...
20.06.2011. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина эже ак-көңүл экендиги билинип турат
20.06.2011. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина эженин аябай сыйлайм. ийгилик жана бакыт сизге.
20.06.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай назик жан экен
20.06.2011. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина эжебиздин чыгармачылык жашоосуна 30жыл болгону менен ошонун 15жылын сахнадан коргон жокмун.Катуу эс алууда журуп,эми жанданып жатат окшойт. Дагы бир тан калганым,ушул жашка келип тузуктоп маектешкенди билбейт экен. Берген интервьюсу баштан-аяк обу жогураак. Бул чон уят!!! Озунуздун созго мокок экенинизди жакшы билгенден кийин кичине даярданып койсонуз болмок.
20.06.2011. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ajabai nazik,agarluu ege eken.uibuloluk bakyt,uuldarynyzdyn urmatyn,kyzdarynyzdyn kyzmatyn korun.
20.06.2011. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Искусствонун адмы болгондон кийин суйлогонду да билсе абдан жакшы болмок...
20.06.2011. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вы супер
20.06.2011. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылыгыз оркундой берсин демекчимин,жана оз аты Алмакан деп окуп калдым эле,чынбы?
21.06.2011. 05:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
negizi ele JETIGENOVALARDYN uibulosu jagat, bulardyn koncertinen bir tuugandary menen yrdaganyn korgom, baardygy jakshynakai ordu menen suilogon adamdar....
21.06.2011. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз Алина эже!
21.06.2011. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilbegem eken Alina ejenin tushunuktuu ayiym ekenin menin kayinenem ushundayi bolso kana men tarap bolup.Bar bolunuz
21.06.2011. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alina ejeni syilaym
22.06.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина эже алга сизди сыйлайм ырларыныз абдан жагат
22.06.2011. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концертинизге бара албай калганыма озумо озум капамын.
22.06.2011. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз менин суйуктуу Алина эжем
22.06.2011. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель эжекеси, сиз кайда болдунуз бул убака чейин? Көрө албадык сизди сахалардан. Туура, талантыңыз бар, бирок элди калтырып кетиштин керекги бар беле. Ийне менен чогулткан баркыңызды бир заматта фургондоп чачып коюптурсуз. Эмне дейбиз, бар болуңуз!
22.06.2011. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
что то Азалия кызы корунбойт ко шоу бизде?))))))
23.06.2011. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aziz chyn ele ayabay sylyy jigit..
24.06.2011. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан да жашарып журо берин! Ийгилик!
26.06.2011. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
особенно кичинекей баласінін учурашкані жакті!
09.08.2011. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уважаю респект
09.08.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamira че считаешь себя умной
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо